Halloween party ideas 2015

 

🖋Илимди алуудан максат: ар бир абалда Аллахтын өкүмүн тааный билүү. Б.а. ар бир абалда Аллах Таала эмнени кааласа ошону аткаруу. Ар бир мусулман үчүн дин илимин үйрөнүү – парз. Дин илимин алуу- 6 сыпаттын бири. Биз дин илимин алууга тырышуубуз кажет. Анткени, Аллах Тааланын өкүмдөрүн Мухаммад (с.а.у.) көрсөткөн жол менен, Аллах Тааланын Улуу Кудуретинен түздөн түз пайдалануу үчүн, бул же башка жагдайда Аллах Таала бизден эмнени талап кылып жаткандыгын даана аңдап билүү үчүн диний илим алуу кажет. Илим- сиздин жашооңузду жарык кылчу шам чырак! “Билимдүүгө дүйнө жарык”- дегендей, сиз канчалык илим алган сайын көзүңүз ачылат. Кенен түшүнүктө болосуз, дин илимин алуу менен Аллахты тааный аласыз, Пайгамбарыбыз (с.а.у) тууралуу билген соң, ага болгон сүйүүңүз арта баштайт. Элдин алдында да өз оюңузду кенен билдире аласыз. Илимдүүлүк кандай бакыт! Илим- сырлардын ачкычы, жоголгонду табуучу жана жаңы ачылыштарды жасайт. А адам баласы ар дайым жаңы нерселерди, ачылыштарды көрүп билгиси келет (Бул үчүн да илим-билим талап кылынат). Жана сиз илим ала берген сайын даражаңыз көтөрүлөт, адамдар арасында да кадыр-баркка ээ болосуз. Ал эми Акыретте бийик-бийик даражаларга көтөрүлөсүз. Бул тууралуу Аллах Таала Кураанда айтат:

“Аллах Таала айтат: “Эй, ыймандуулар! Качан силерге: “Жыйналышта орун бергиле”- делинсе, орун бергиле, Аллах силерге (Бейиштен орун) берет. Ал эми качан: “Тургула!”- деп айтылса, тургула! (Ошентип өкүмдү аткарасыңар) Аллах силердин араңардагы ыймандуулардын жана илим берилгендердин даражаларын көтөрөт. Аллах силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар”. (Мужаадала: 11)

Жана Аллах Таала:

“Аллах Таала айтат: “(Эй, Мухаммад!) Аларга: “Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?”- деп айт”. (Зумар:9)*

Маанайды көтөрүп, кең пейил кылуучу нерсе: көптү билүү, илимдүүлүк, маданияттуулук, терең ой жүгүртүү, узаакты көрө билүү, түшүнүктүүлүк. Мунун баары көп изденүүдөн келип чыгаарын унутпаңыз. Кыргыз элибизде да жакшы бир макал бар: “Илим алуу- ийне менен кудук казгандай”.
А бирок биздин азыркы учур бул нерсеге толугу менен дал келбейт. Анткени, азыркы мезгилде телефон колдон түшпөй калды. Алдына китеп коюп берсең да окугусу келбейт. Окуса да эч нерсени түшүнө албайт. Ою башка нерседе болот. Туура, китеп менен достошкон туугандарыбызда аз эмес. Алар убакыттарын үнөмдүү колдоно билишет. Бир убактысын Кураанга, бир убактысын ибаадатка , бирин жумушка, бирин китеп окууга, дагы бирин башка нерсеге. А сиз менен бизчи? Илимди издеп, бир нерсе билүүгө тырышып жатабызбы? Илим издемек турсун, аракет кылып, ойлонуп да көрө элекпиз. Адамдарга айтсаң: “Убактысы келсин”- дешет. Эй тууганым! Эсиңе келчи! Сенин акылың толукпу?! Убакыт келет дейсиң, бирок, убакыт өтүп жатат. Эми гана сен илим жөнүндө ойлонуп жатканда өлүм келип калса эмне кыласың?! Биз менен Акыретте илимибиз, кылган жакшы амалдарыбыз гана бирге болуп, бизге коргоочу болоорун билесиңби?! Илимиң болбосо диндеги амалдарды кантип аткарасың? Намазды кантип окуйсуң? Ойлонуш керек.
Качан бизде бир аз болсо да илим болгондо амалдарды, ибаадаттарды туура жана өзүнүн эрежеси менен аткара алабыз. Кимде-ким илим жолун тандаса ага дин жеңил болот. Аллах ошол инсанга хидаят эшиктерир ачып, ибаадаттарын жеңилдетип коёт. Хадисте келет:

_”Илим жолуна түшкөн адамга Аллах Таала Бейишке баруу жолун жеңилдетет”. (Муслим)_

_”Илим издеп үйүнөн чыккан ким болбосун, периштелер анын кылганына ыраазычылыгын билдирип, ага канааттарын төшөшөт. (Тирмизи, Ибн Маажа)_

Бул хадистер аркылуу биз илим алууда кандай жетишкендиктер болоору жөнүндө да бир аз түшүнсөк болот. Тууганым, илим бул жашоодо да сизге шам чырак. Билбегенди үйрөткөн, бактылуу жашоонун эрежесин үйрөнүүгө карай багыт көрсөткөн, пайдалуу иштерге керек болгон нерсе.
Башында айтып өткөндөй илим сиздин даражаңызды көтөрөт. Сиз бир аз гана илим ээси болсоңуз, ошол илимиңизге амал кыла билибиз. Ал анткени Аллах Таала Кыямат Күнү сиздин ошол илимиңиз тууралуу сурайт. Аллахтан ар дайым дуба кылып сураңыз. Пайдасыз илимден сактоосун сураңыз. Кээ бир адамдар бар, окуйт десе эле кайдагы бир нерселерди окуп киришет. Же болбосо окуган, билген нерсесин кайта-кайта окуй беришет. Алар убакыттан уттуруп жатышканын аңдай беришпейт.
Ар дайым илим алууда бардык нерсеге кошо маани бериңиз. Жана да алган илиңизди жашоодо колдоно билиңиз. Илим алууга максат койгонуңузда анын пайдаларын кошо эстей жүрүңүз. Мен бир икаяны айтайын:

📝 Бир атеист (Кудайга ишенбеген адам) христиан өлкөдөн мусулман өлкөгө келет. Барган жеринде пикир тартыштарында алдына чыккандын баарын жеңип жүрөт. “Сага Ислам аалымдары гана жооп бере алышы мүмкүн”- дешет. Ошентип, мусулман жергеси болгон Басра шаарына келет.
“Мага жооп бере ала турган бир да киши таба албадым”- дейт. Анда Хазрети Хаммад:
“Сен биринчи биздин балдар менен талашып көр, керек болсо аалымдар менен дагы көрүшөөрсүң”- деп, анын алдына ошол кезде жаш бала болгон Нуман бин Сабитти (Имам Азамды) чыгарат.
Атеист ачууланым минбарга чыгат да: “Аалымдарыңар кайда? Мага ошол аалым дегендерди чакыргыла!”- дейт. Жаш Нуман бин Сабит: *Эмне болду? Менден корктуңузбу?*- дегенде, атеист чыдай албай биринчи суроосун узатат:
-Бир нерсенин башы менен акыры болбоосу мүмкүнбү?
-Албетте мүмкүн.
-Кандайча?
-Санаганды билесизби? Бирдин алдында кандай сан бар?
-Эч бир сан жок.
-Ушул жалгандуу бирдин алдында эч бир сан жок болсо, чыныгы бирдин алдында кантип бир бар болсун?!

Атеист бул жооптун алдында өзүн жоготуп шашкалактап калат, кийин минтип суроо сурайт:
-Бардык нерсенин бир багыты болот, сен айткан чыныгы бирдин жүү кай жакты карап турат?
-Шамды күйгүзгөндө жарыгы кайсы тарапка түшүп турат?
-Белгилүү бир тарапка деп айтууга болбойт.
-Бул жалгандуу жарыктын багытын таппаган болсоң, түбөлүктүү болгон Жарыктын багытын кайдан таппамакчысың?

Атеист дагы бир суроо сурайт:
-Бар болгон нерсенин бир орду болуусу керек эмеспи?
-Ооба, жаратылгандар ошондой.
– Анда чыныгы бар деген Кудайдын орду каерде? Эмне үчүн аны көрбөйбүз?
-Жараткан менен жаратылгандарды салыштырып болбойт. Бирок мына бул сүттө майды көрүп турасыңбы?
-Жок.
-Бар экенин билсең да көрбөй турам деп жокко чыгара аласыңбы? Сенин акылың барбы?
-Албетте бар.
-Бар болсо көрсөкпүз дейсиң, акылың болсо көрсөтчү кана?!
-Макул, бар болгон Кудай азыркы тапта эмне кылып жатат?
-Сен мага бардык суроодоруңду минбарга чыгып алып сурадың, эми сен ошол жерден түшүп менин ордума кел,мен минбарга чыгайын, сага ошол жерден жооп беремин.
Атеист минбардан түшүп жатканда жаш Нуман бин Сабит: “Аллах Таала сен сыяктуу Бир атеист (Кудайга ишенбеген адам) христиан өлкөдөн мусулман өлкөгө келет. Барган жеринде пикир тартыштарында алдына чыккандын баарын жеңип жүрөт. “Сага Ислам аалымдары гана жооп бере алышы мүмкүн”- дешет. Ошентип, мусулман жергеси болгон Басра шаарына келет.
“Мага жооп бере ала турган бир да киши таба албадым”- дейт. Анда Хазрети Хаммад:
“Сен биринчи биздин балдар менен талашып көр, керек болсо аалымдар менен дагы көрүшөөрсүң”- деп, анын алдына ошол кезде жаш бала болгон Нуман бин Сабитти (Имам Азамды) чыгарат.
Атеист ачууланым минбарга чыгат да: “Аалымдарыңар кайда? Мага ошол аалым дегендерди чакыргыла!”- дейт. Жаш Нуман бин Сабит: Эмне болду? Менден корктуңузбу?- дегенде, атеист чыдай албай биринчи суроосун узатат:
-Бир нерсенин башы менен акыры болбоосу мүмкүнбү?
-Албетте мүмкүн.
-Кандайча?
-Санаганды билесизби? Бирдин алдында кандай сан бар?
-Эч бир сан жок.
-Ушул жалгандуу бирдин алдында эч бир сан жок болсо, чыныгы бирдин алдында кантип бир бар болсун?!

Атеист бул жооптун алдында өзүн жоготуп шашкалактап калат, кийин минтип суроо сурайт:
-Бардык нерсенин бир багыты болот, сен айткан чыныгы бирдин жүү кай жакты карап турат?
-Шамды күйгүзгөндө жарыгы кайсы тарапка түшүп турат?
-Белгилүү бир тарапка деп айтууга болбойт.
-Бул жалгандуу жарыктын багытын таппаган болсоң, түбөлүктүү болгон Жарыктын багытын кайдан таппамакчысың?

Атеист дагы бир суроо сурайт:
-Бар болгон нерсенин бир орду болуусу керек эмеспи?
-Ооба, жаратылгандар ошондой.
– Анда чыныгы бар деген Кудайдын орду каерде? Эмне үчүн аны көрбөйбүз?
-Жараткан менен жаратылгандарды салыштырып болбойт. Бирок мына бул сүттө майды көрүп турасыңбы?
-Жок.
-Бар экенин билсең да көрбөй турам деп жокко чыгара аласыңбы? Сенин акылың барбы?
-Албетте бар.
-Бар болсо көрсөкпүз дейсиң, акылың болсо көрсөтчү кана?!
-Макул, бар болгон Кудай азыркы тапта эмне кылып жатат?
-Сен мага бардык суроодоруңду минбарга чыгып алып сурадың, эми сен ошол жерден түшүп менин ордума кел,мен минбарга чыгайын, сага ошол жерден жооп беремин.
Атеист минбардан түшүп жатканда жаш Нуман бин Сабит: Аллах Таала сен сыяктууну минбардан түшүрүп, мен сыяктуу ыймандууну минбарга чагарды, Анын азыркы иши ушул.
Кийин Рохмаан сүрөөсүнүн: “Андай болсо Роббиңдин кайсы ниматтарын жокко чыгара аласың?”- деген 28-аятын окуду. Бул жагдайдан кийин атеист айтууга сөз таппай жеңилип, маскара болгон абалда ал жерден алыстап кетти.
Мынакей тууганым! Илимдин жемиши. Бул икаяда (окуя) каандай гана чоң үлгү, терең маани жатат. Жаш кезинде эч ким тең келе албаган адамды илими себептүү жеңди. Бүгүнтөн баштап, азыркы минуталардан баштап илим алууга аракет кылайлы. Илим болгон сезимди ойготолу. Аллах байлыкты сүйгөн пендесине да сүйбөгөн пендесине да берет. Ал эми динди өзү сүйгөн пендесине гана берет. Кел, тууган! Биз да Аллахтын сүйүктүү пендеси болууга аракет кылайлы. Анан да эскерте кетчү нерсе: илим алууда туура ниет коёлу! Амалдар ниетке жараша болот. Ниетибиз түз болсун, рия үчүн эмес, атак-даңк үчүн эмес! Балким: “Эми илим алып жатканда түз эле ниет болот да”- деп жаткандырсыз, бирок, бул нерсе болуп да калышы мүмкүн. Бул тууралуу хадистерде келет:

_”Пайгамбарыбыз) с.а.у.) айтат: “Илимди, аалымдардан жогору болуу үчүн, акылсыздар менен талашып-тартышуу үчүн, элдерди таң калтыруу үчүн албагыла! Ким ушул максаттарда алса, ал үчүн от жана от болсун”. (Ибн Маажа)_

Бирок мен ишенем, бизди окуп жаткан, илим алууга ниеттенип жаткан мусулман бир туугандарым Аллах ыраазычылыгынан башка ниетте болбойт деп)) (Ин шаа Аллах)

Илим тууралуу айта берсек сөз түгөнбөйт…

Аллах Таалам ар бирибизге бекем ыйман, пайдалуу илим, жашообузга бактылуулук берген болсун. Жана ар дайым:

“Оо, Эгем! Менин илимди көбөйт!”-дегин! (Тоха:114)*

Нуриза Кармышкова.

👨👩👧👦 Бактылуулук формуласы

Запись ИЛИМ ДЕҢИЗ СЫЯКТУУ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.