Halloween party ideas 2015

 

_🌿Ар бир нерсенин өзүнүн максаты болот. Адам баласынын жаралуу максаты да бар. Аллахты таанып, ага ибаадат кылуу. А бирок, бул негизги жаралуудагы максатыбыз болсо, жашоодо туура жашап, ийгиликке жетүү үчүн да максаты болот. Ал максатты ишке ашырууда албетте аракет керек болот. Ар бир адам эң алгач жакшы адам болууну биринчи максатка койсо. Жакшы адам болуу үчүн жакшы кулк-мүнөздүн ээси болуусу керек. Албетте, эң жакшы кулк-мүнөздүн ээси- Пайгамбарыбыз (с.а.у)! Абу Хурайра (р.а.) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.у.): *”Мен жакшы кулк-мүнөздөрдү жогорку даражага жеткирүү үчүн жиберилгенмин”.* Биз Пайгамбарыбыз (с.а.у.)ды өзүбүздүн жашообузда үлгү тутуп жашообуз керек. Бул тууралуу Аллах Таала мындай дейт:_

*_”Чындыгында Аллахтын Элчисинде сонун үлгүлөр бар”. (Ахзаб:21)_*

_Мусулман ар дайым жакшы кулк-мүнөздө болуусу керек. Анткени, Доктор Абдулхалим Махмуд мындай дейт: “Ислам дининде адеп-ахлак өзгөчө мааниге ээ. Анткени, ал Улуу Аллах Тааладан ыйык вахий аркылуу келген жеке адамдын жана коомдун дүйнөлүк жана диний максаттарын ишке ашыруучу жүрүм-турум”- деп айткан. Биз ушундай ишениидеги адамдардын оюн бекемдөө үчүн жана Ислам дининин кандай экенин (сулуу кылып) көрсөтүү үчүн!_

_Адамдар максат коюуда сөзсүз тескери жагында ойлойбуз. “Мындай болуп калсачы? Ишке ашпай калсачы?”- деген сыяктуу ойлордун пайда болушу менен көңүлдөн аракет кылбай коюбузда анык. Адам максат коюуда чоң кадамды коркпостон таштоосу керек. Мисалы, эки чака суу көтөрүп келе жатасыз дейли. 10 кадамдан соң дем алам десеңиз, 10-кадамда чарчап, дем аласыз. Ал эми башында 20кадамдан соң дем алам деген болсоңуз, 10кадамга жетүү сиз үчүн оңой эле болуп калат жана ал жерге жеткенде чарчабайсыз. Адам баласынын максаты да ушул сыяктуу. Канчалык чоң максат койсоңуз, жолдун башындагы тоскоолдуктар эч нерсеге арзыбай калат. Максатка жетүүдө аракет, кызыгуу керек. Соң ийгиликке жетесиз._

_Максат коюуда кандай максат коюп жатканыңызга маани бериңиз. Анткени “Менюдан тамакты канчалык тез тандаган адам, жашоодо да ошончолук тез максатка жетет. Себеби ал өзү эмне жей турганын “ТАК” билет”. Максаттын ишке ашыуусу үчүн айланаңыздагы адамдарга да маани бериңиз. Анткени, алардын таасири чоң болот. Сиздин жаныңызда колдоп, ийгиликке жетээриңизге ишенген адамдар болуусу кажет. Ал эми, жаныңыздагы кээ бир адамдар сизге терс таасирин тийгизиши мүмкүн. “Койчу, колуңдан келген ишти кылсаң! Бул нерсеге сен бекер убара болуп жатасың. Мени бир айтты де!”- ушул сыяктуу сөздөр сизге болгон алгачкы кичи тоскоолдуктар болуп саналат._

_🔷Кыштын бир күндөрүндө эки кичинекей балдар муз тээп, муз үстүндө ойноп жатышкан эле. Муз бардык жерде бир калыпта эмес эле. Кокустан балдардын бирөөсү муздун жукараак жерине барганда, муз жарылып, түшүп кетет. Анын досу жээктен чоң таш алып келип, муздун жарыгын чоңойтуп, баланы куткарып алат. Кийин элдер чуркап келишип, кичинекей баланын бул ишине аябай таң калып: “Сен муну кантип жасадың?’- дегенде, бир карыя келип: “Анын кантип досун куткарып калганын мен билем. Ал бул ишти кылаарда, жанында: “Сенин колуңдан келбейт, сен муну жасай албайсың!”- деген эч ким болгон эмес”- деп жооп берген экен. Мына, тууганым! Бул икая сизге да бизге да чоң үлгү болчу окуя. Биздин жашообузда да ушундай нерселердин жок болуусу максатка жетүүгө жеңилдик болот. Ийгиликке жетүү – агып жаткан дарыяга каршы сүзүүгө окшош. Аракет кылбасаңыз, артка кетесиз. Кээ бир адамдар бар, аракетти эми баштаганда эле бир тоскоолдук болсо : “Бул менин колумдан келбейт!”- деп чечим чыгарып алышат. Бул нерсе да туура эмес. Сизге дагы бир икаяны айтып берейин:_
_📜Кайсы бир доордо улуу аалым болгон экен. Ошол доордун адамдары максаттарын ишке ашыруудан коркушчу эле. Анткени, алар эми аракет баштаганда тоскоолдуктарга кабылып, коркуп калышкан эле. Ошол адамдар бир күнү аалымга келишип, өз көйгөйлөрүн айтышат. Ошондо аалым бир күлкүлүү окуя айтып берет. Угуп отургандар аябай күлүшөт. Кийин ошол эле окуяны дагы айтат, бул жолу анча күлүшпөйт. Кийинки жолкусунда жөн гана жылмайып коюшат. Андан кийин дагы айтканда эч ким күлбөй коёт. Ошондо аалым: “Көрдүңөрбү? Мен биринчи бул окуяны айтканда аябай күлдүңөр эле. Кийин барып-барып бириң да күлгөн жоксуңар. Жашоо да ушул сыяктуу! Биринчи кыйынчылык болот. Кийинки жолу жөн гана кадимки көрүнүш болуп калат”. Мына, тууганым! Сиз да максат коюуда алдыга гана умтулуңуз. Ар бир максаттын арты ийгилик менен аякташын каалайбыз. А ийгилик сөздүктө (словарь) гана эмгектен мурда келерин унутпаныз. Ошол себептүү алдын аракет кылыңыз. Тоодой иш кылуу үчүн, кумурскадай аракет кылыңыз. Жашооңузду максат коюу менен өзгөртүңүз!))_

👤Нуриза Кармышакова

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Запись Жашооңду өзгөрт да максат менен жаша впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.