Halloween party ideas 2015

Бисмиллаахир рохмаанир рохийм .
Ва заккир фа инназ-зикроо танфаъул муьминийн.
Содаколлоохул ъазийм!
Ва содако росуулухун-набиййул Карийм .
Ва нахну ъалаа заалика минаш-шаахидийн ,
аммаа-баъд . Ассалааму алайкум
ва рохматуллоохи ва барокатух .

Урматтуу агалар, бир туугандар, достор .
Жашоодо диндин орду ушунчалык чоң,
эң зарыл нерсе .

Ыйман ушунчалык зарыл,
ой бооой* – бул аалам ыймандын себебинен сакталып, ыймандын себебинен
адам баласы
адам катары өмүр кечирип келе жатат .
Эгер жер бетинде бир да адам бири-бирине жакшылык кылууну билбесе, жакшы сүйлөшпөсө,
адилеттүү болбосо, баардыгы мыкаачы болсо,
ата-энени урматтоону, кечирим сурап кечиргенди билбесе кандай жашоо болот эле?
Ааламдагы баардык жакшы сапаттар,
ар бир адамда болгон жакшы сыпаттар дагы динде бар, ыймандын берекетинен,
ааламда тынчтык болуп турат.
Эгер дин болбосо
бул нерселерди инсан билмек эмес !

Адам баласы шашылчаак жаратылган.
Көпчүлүк адамдарда бир оору бар,
караап олтурсаң ар бир адам өзүнүн каалосу сөзсүз болуусун каалайт .
Бир адам басып баратса андай эмес тез-тез басуусун, бирөө тезирээк басса
астараак басчы шашпастан дейт.
Бирөө күлсө күлгөнүн жактырбай мындай күлчү!
Цветафордо туруп сары жанып турган учуру,
бирок жашыл жана электе эле
астында турган машинага ачуусу менен
сигнал басып, тезирээк айдоосун каалайт
туурабы туура эмеспи ?

Кыскасы айлана-чөйрөсүндөгү окуялар, адамдар, иш аракеттер көңүлүндөгүдөй болуусун каалайт .
Ушул оорусун айыктырбаса
жашоодогу жеңилчиликти
адам өзү жоготуп алат ..
Адам эч качан бирөөнү өзү каалагандай башкара албайт.
Өзү каалагандай түз жолго да сала албайт.
“Сен өзүң каалаган адамды түз жолго баштай албайсың, Туура жолду Мен беремин !”-деген
аятта айтылатго .
Анда эмне кылабыз ?

Кантип тарбия кылып, кантип башкалардын да өзүбүз каалагандай болуусун көрө алабыз ?
Адам биринчи кезекте өзүн тарбият кылуусу керек . Өзү оңолсо башка адамдар да оңолот.
Үй бүлөөдө эркек өз ордун, үй бүлөөсүндөгү милдетин, аялына, балдарына, туугандарына болгон акысын мыкты билсе анда
аялы да өз орду менен жашайт .
Аял киши анан өзүнүн милдеттерин
аткарып күйөөнү урматтайт .
Ата оңолсо, ата ыймандуу болсо, ата бакубат болсо анын балдары ошондой болот .
Бала дүйнөнү тааный баштаганда
атасын анан апасын көрүп жашоону үйрөнөт .
Көзүн ачса атасы түтөп тамеки тартып олтурганын, апасы кечке сериал көрүп олтурганын көрсө жашоо ушул экен деп ойлойт да ошону жашоо деп кийин ошондой өмүр кечирип өтөт .
Кээде ата-энелер өз балдарына капа болот .
Эмне үчүн ?
Баласы айтканын аткарбайт, сөз укпайт,
өзүнүн билгенин жасайт.
Бул нерсеге билиңиз ата эне түздөн түз күнөөлүү, өзү жакшылап тарбия бере алган эмес. Анан баладан башкача
кыялындагы мамилени күтөт .
Сиз эң жакшы, эң мыкты тарбияны бериңиз
сиз анын үзүрүн анан көрөсүз !
Диндин тарбиясын бериңиз,
эки дүйнөнүн бакытына кол сунасыз тууганым.
Сиз эң жаман урукту жерге олтургузсаңыз эң мыкты гүл чыгып калбайтго.
Роза гүлдүн уругун олтургузсаңыз
роза гүлдүн жытын жыттайсыз ..

Ааламдын оңолуусу да мусулмандын оңолуусунан башталат !
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү мусулмандарды мыкаачы, террорист деп атай баштады .
Туурабы туура эмеспи ?
Ошолор туптуура айтып жатат )))
Анткени чындыгында эле террористтер ата энесин сыйлабайт, аялына жакшы мамиле жасабайт, мыкаачылар сылык сүйлөй албайт,
бирөөнү сыйлоону билбейт да .
Бүгүн мусулман өзүн өзү оңдоону унутуп салгандыктан Аллах Таалам ошолордун оозунан ушул сөздөрдү айттырып, сиз бизге уктуруп койду сиз биз бул нерсеге капа болбойлу !

Эмне үчүн дүйнөдө жамгыр жаабай жатат .
Аллахтын казынасында жамгырдын тапчылары түгөп калдыбы ?
Эмнеге ичээрге жарактуу көлдөр соолуп баратат? Эмнеге тынч жаткан жер силкинип жатат ? Эмнеге бак дарактарда мөмө
алуу азайып баратат ?
Аллахтын казынасында
мөмө-жемиш түгөп калдыбы ?
Хадисте маанисинде келет :
Аллахтан оюңуздагы нерсенин баарын,
жер асмандагынын баарын
өмүрүңүздүн акырына чейин дуба кылып суранып өтсөңүз ,
Аллах Таала ошол нерсенин баарын сизге берсе,
Аллахтын казынасы кыпынча да азайбайт,
кандай эле океанга ийнени салып аны алганда
ийнеге жуккан суудай да азайбайт !

Бүгүн мусулмандар
Аллахтын айткандарынан алыстап баратканынан, Аллага баш ийүүнү унуткандыктан дүйнө мусулманга баш ийбей жатат . Ким Аллага баш ийсе,
дүйнө ал адамга баш ийет эле. .

Бүгүнкү күндө бир мээнет, иш жүрүп жатат
ал ишти кылган адам биринчи өзү оңолот!
Бүгүнкү күндө баардык адамдар
бирөөлөрдү оңдоонун аракетинде жүрөт,
бирок бир гана даават бул ишти кылуучулар
жалгыз өздөрүн оңдоонун максатында жүргөн
жападан жалгыз бактылуу инсандар !
Азыркы күндө ааламда интернет өчүп калса
баардык топ-топ болуп бөлүнгөн жамааттардын иши токтойт, бирок дааватчынын иши кыямат болгонго чейин улана берет.
Дааватчы ар бир үйгө барып эскертет да.

Эхххх….
Инсан эч качан өзүнө жакшылык тилөөдөн чарчабайт . Дуба кылганда башкаларга караганда өзүнө көбүрөөк жакшылык тилейт .
Бул дүйнөнү, өлүм келгенде бул дүйнөдө калып кетүүчү нерселерди сурайт, ден соолук шыпаа сурайт, тынчтык сурайт, намаз окуган адам болсо акыретти каалайт, Бейишти тилейт,
кабырдын жашоосунан сактанууну каалайт.
Адам эч качан өзүнө жакшылык тилөөдөн чарчабайт .
Фуссилат сүрөөсүнүн 49 аятында айтылгандай да : Инсан өзүнө жакшылык суроодон тажабайт.

Бирок мусулман адам кандай ?
Өзүнө да жакшылык каалайт, башка бирөөгө дагы өзүнө каалаган жакшылыкты тилеп жүрөт.

Бала мектепте окуп жүргөндө атасы:
Оку балам ! Окуп алгын, илим үйрөн, тил үйрөн !-десе укпайт .
Эжекеси : Окуп ал, жазууну үйрөн десе тоготпойт . Эртерээк чоңоюп, эртерээк студент болууну каалайт .
Адамдын ырыскысы анын жакшы окушу,
2 ге же 5 ке окушуна көз каранды эмес .
Тамга тааныбай жүрүп мектепти бүткөн адам да турмушунда элде жок үйгө, машинеге,
эл жебеген тамак-ашка жетишип калуусу мүмкүн . Эң жакшы окуган окуучу,
кээде жашоодо кыйналып калуусу деле мүмкүн,
айтайын дегеним ырыскы тагдырга жазылган !
Өлүм кандай акыйкат болсо,
анын ырыскысы да жазылган, ал да акыйкат .
Сиз чуркасаңыз ырыскыңыз көбөйүп калбайт,
таштасаңыз азайып калбайт.
Сиз өзүңүздүн милдетиңизди кыла бериңиз ..
Пайгамбарыбыз эмне кылган ?
Кербен менен сапарга чыгат эле,
соода кылып бизнес кылганго .
Кой багып, төө саткан учурлары болду элего.
Ырыскы өзү келет деп жатып алган эмес .
Аллах Таала берет деген ишеним менен
биз пенделик милдетибизди аткара берейли.

Ошентип, мектепти бүтүп студент болот
же бир жерге жумушка кирет .
Бирок артын караса окуучулук күндөрү жакшы экенин, ошол убактагы эжелердин айтканын угуп окуп алганымда деп өкүнөт .
Бирок өмүр бир келет, мүмкүнчүлүк кайтпайт,
кеткен кайра кайтып келбейт ..
Түшүнүктүү болуп жатабы?

Адамдын акылы көп нерсеге жетпейт, алсыз.
Кээ бир иштин зыян экенине ушул сыяктуу
ошол иш аяктап
качаан зыян тарткандан,
зыянды көрүп туруп кийин ишенет .
Зыян, чыныгы зулумдук бул – акыретти билип туруп, ага даярданбай коюу .
Күнөөкөр ыймансыз адам кабырга киргенде,
кабырда азап чеккенде,
мункар накир периштени көргөндө
анан өкүнөт бул жашоодо эле жашай берсем,
кана эле кайтканымда:
Эй Аллах !? Мени дүйнөгө кайтаргын,
мен дүйнөдө жакшы амалдарды жасап келейин,
күнөөлөрүмө тообо кылып,
намаз менен кабырымы нурлантып,
астыма бир төшөнчү алып келейин деп
өкүнөт, бирок жаштык учур бир ирет берилгендей, окуучулук күндөрү кайтып келбегендей ага кайтууга жол жок болот.

Айтайын дегеним урматтуу мусулман бир туугандар сиз бизге берилген убакытты
акыретибизге пайдалуу пайдаланайлы.
Аллах Таалам Куранда :
Тозоктун өтө жаман жер экенин бир нече ирет кайталап айтат .
Тамак-аш жебей койсоңуз энеңиз какшап кететго кайра-кайра кайталап, балам же , ыссык бир нерсе же, жеп алгын балам, жеп алчы ! -деп ..

Биз Аллахты тааныйлы туугандар !
Тууганым билесиңби ?

Бул дүйнөгө жаралган ар бир жандын,
ар бир нерсенин, ар бир буюмдун
өзүнүн жаралуудан максаты бар .
Алыска барбай, өзүңүздүн үйүңүздүн
айланасына эле көз чаптырыңызчы ..
Эшиктерине караңыз ..
Эмне максаты бар анын ?
Албетте сууктан тосуп,
жылуукту чыгарбастан өз кызматын аткарат ..

Терезелерге караңыз ..
(жөн эле окуп койбой караңыз !)
Эмне кызмат аткарып жатат ??

Албетте үйгө жарыктык берет !
Үйдүн ичинде салынып турган
килем-төшөктөр
эмне кызмат аткарып жатат ?
Албетте адамдар олтуруп,
жатып эс алуу үчүн жасалган !
Өз максатын толлук аткарып жатат !

Караңыз электр ысыткычтары эмне кызмат аткарып жатат !?
Анын жаралгандан бир эле максаты бар !
Ал үйгө жылуулук берип турат,
өз максатын жансыз темир болсо дагы
толлугу менен аткарып жатат !
Туурабы туура эмеспи ?

Айланаңызды караңыз ..
Бир дагы максатсыз,
максаты жок эле жасалган,
максаты жок эле
жаралган нерсени таап бериңизчи !
Андай нерсе жок ..

Анан кантип
эң акылдуу эсептелген
«Адаам баласынын»
жаралган максаты жок болсун !?
«Мен бул дүйнөдө
эмне кылып жүрөмүн?» – деген суроону
өзүңүзгө берип көрдүңүз беле ?
«Кайда барамын ?» – депчи …
«Каяктан келдим ?»- депчи . .

Адам кээде,
өзүнүн кылган ишине,
тапкан акчасына,
жүрүм турумуна таң калып:
«Мунун баарына мен өзүм жетиштим !
Мен акылдуумун !»- деген ойлорго оролуп, жүрүм-туруму өзгөрүп калат ..

Тууганым ?!
Мен сенден бир нерсе сурайын ..
Ушул суроого жооп берчи
«Аллахты эстөөдөн
сени эмне тосуп турат ?»

Өзүңө суроо берчи ..
“Аллахты эстешиңе
тоскоолдук берип жаткан нерсе эмне ?”
Мен ушул эле суроону берейин .

…… Ойлончу тууганым ?
Аллах Таалам
сизди бир секунд дагы
унутуп, таштап койгон жокко !
Аллах Таалам Куранда
сиз менен бизге ушундай кайрылат :
«Йааа аййухал инсаану
маа горрока бироббикал кариийм !»
Ээй инсаан !
Сени Улуу Роббиң тууралуу эстөөгө
тоскоол болуп,
эмне нерсе сени алдап
(алаксытып) койду !?»

Куранда башка бир аяттын маанисинде
Аллах Таалам айтат :
«Эй инсаан !
Акыры сен бир убакта
бул дүйнөдө жок элең го ?»
Сиз бул дүйнөдө жок элеңиз !
Эненин ичинде да жок элеңиз ,
сизди эч ким тааныбайт эле !
Сизди төрөлөт деп эч ким ойлобойт эле!

«¹Чындыгында инсандын үстүнө
замандан ал тилге алаарлык бир нерсе
болбогон убакыт – мезгил да келген !
²Чындыгында, инсанды
(бойго жеткенден кийин шарият буйруктары менен) сыноо максатында
(аталык жана энелик сууларынан)
аралаш болгон
бир нутфадан – уруктан жараттык !»
(Инсаан сүрөөсү 1-2 аят..)

Бүгүнкү күндө
адамдардын колун акча тийип
калса башкаларды көзгө илбей калат .
Эй досум !
Кайсыл жерден чыкканыңды унуттуңбу ?
Сени Жаратуучу бир тамчы сассык
нитфа уруктук суудан жаратты элего ?

Сен өзүңдү алдаба !
Менин чөнтөгүмдө акча бар,
астымда кымбат унаам бар ! – деп…

«Инсанды бир нитфа
сассык суудан жараттык !»
Сизди бир уруктук
сассык суудан жараткан !

Муну жүрөгүндө кибир,
башкаларды өзүнөн төмөн көргөн
текебер, кекирейип
басып жүргөндөр окусун муну !
Баардык күч-кубатка,
баардык ийгиликке,
баардык нерсеге өзүм жетиштим,
Менин Аллахка убакытым жок
деген инсандар уксун муну !
Сени – мени сассык бир суудан жаратты !
Кечиргиле
мындай сөздөрдү айтканым үчүн !
Бирок акыйкатты айтпасам,
бул жерде олтурганымдан эмне пайда?

Сиз бир сассык суу элеңиз !
Ошол нерсе жерде жатса,
бирөө акча берем карма десе,
жийиркенип кармай албайт элеңиз !
Жагабы жакпайбы бул акыйкат !
(Катасы болсо айткыла)!

Үлкөн аалым Ибну Таймия ушунчалык жүрөккө жетүүчү бир сөз айткан:
«Нажас чыкчуу жерден
бир эмес эки жолу чыгып дагы
жүрөгүндө кибири бар адамдарга
таң калам !»- деген ..

Сиз сийдик өткөн жерден
бир эмес эки ирет өткөнсүз ,
анан кантип ушул инсандын жүрөгүндө
текебердик болсун ? ??
Аллах Таала сени
эненин ичине жайгаштырып,
бир үзүм коюу кан, бир үзүм эт кылып,
андан соң сөөктөрдү берип,
Көрүү үчүн көздү берип,
угуу үчүн кулакты берип,
сүйлөшүң үчүн тилди берип,
кыймылдап басып жүрүүң үчүн
кол менен бутуңду жаратып бербедиби?

Ошол кезде
каякта эле сенин байлыгың ?
Каякта эле сенин мансабың !
Каякта эле сенин күч – кубатың !
Интернет, одноклассник
ватсапп, Фейзбугуң кайда эле ?
Мал мүлкүң кайда эле ?
Сени жаратып жатканда
ушул нерселер каякта эле ?
Бүгүн сен ушул нерселерди деп
Роббиңден алыстап баратасың ?

Сулуулугуң кайда эле ?
Сенин сүйүктүүң кайда эле ?
Бир кызды жактырсаңыз,
бир жигитти жактырсаңыз
түндөсү үчтө туруп телефон менен
кел десе, суукка карабай жуунуп,
атыр себинип пешком жөнөйсүң !
Капа кылып алуудан коркосуң !
Сага өмүр берип жаткан,
ден – соолугуңду берген
Аллах Таалага чакырып
Багымдат намазына азан айтылса
жуунуп – таранып Роббиң тарапка
басуудан тартынасыңбы ?
Өз Роббиңе мамилең ушулбу ?

Тогуз ай энеңдин ичинде ким бакты эле?
Досторуң жок эле,
колуңдан эч нерсе келбейт эле .
Ким сага энеңдин ичинде
сууда дем алууну ,
курсакты тойдурууну ким үйрөттү ?
Кайсыл университет ,
кайсыл мектеп !?

Адам сууда 5 минута турса
думчугуп, аба жетпей өлөт экен.
Аллах Таалам Кадр,
Мүмкүн эмес нерсени
мүмкүн кылып коюуга !
Беш минута эмес Тогуз ай сууда жашадың,
ким сага Өмүр берип
Дүйнөгө келүүңдү насип этти ?
Эстечи энеңдин ичинде жаткан убакты?
Элестетчи …

Көрдүңбү сенин эч нерсеге акылың
жетпейт эле ..
Энеңдин ичинен чыгууну
жеңил кылып койду,
сен бул дүйнөгө төрөлдүң ..
Жыңалач элең, акылың жок эле,
колуңдан эч нерсе келбейт эле !

Сенин буттарың бар эле,
бирок сен басалбайт элең..
Колдоруң бар эле,
бирок кармай албайт элең !
Оозуң бар эле,
тиштериң чыга элек эле,
сага ким ырыскы берди ошондо ?

Эненин сүтүн эмүүнү,
сорсоң сүт чыгуусун түшүнбөйт элең ..
Бүгүнкү күндө бир дагы мамлекет,
бир дагы окумуштуу,
бир дагы өнүккөн техника,
болгон мал-мүлкү менен
Эненин көкүрөгүндөгү сүттүн ширин
даамындай болгон сүттү,
бириси дагы жасай алышкан жок !

Бирок Аллах Таалам
ушул ширин даамдуу сүттү
эненин көкүрөгүнө
ким үчүн жайгаштырган эле ?
“Бирөө төрөлсө энеге сүт өзү келет”-
деген түшүнүк бул ыймансыз адамдын түшүнүгү !
Качаан бир бала төрөлсө,
ошондо энеге сүт келет,
Аллах Таалам ошол төрөлгөн наристеге
берген ырыскысы ошол болот ,
Аллах берип жатат деп айтайлы !

Худба – хууд Бул дегени :
«Күн өзү батып жатат,
ай өзү чыгат, жамгыр жазда жаап,
көпөлөктөр, чымын-чиркей чыгып,
шамал болуп, суулар өзү агып,
булуттар карайып, чагылган болуп,
кышта өзүнөн өзү суук болуп ,
жайда өзүнөн өзү эле ыссык болуп,
табияттан болуп жатат дегендер
бул – каафыр адамдын түшүнүгү !
Аллаах кылып жатат дейли !

..Эненин көкүрөгүндөгү сүттү сен үчүн
Аллах Таалам жайда салкын,
кышта жылуу кылып берет эле !
Түнү менен уйкусунан ажырап,
кыйналса дагы балам деп,
терметип чыккан энеңдин жүрөгүнө
сага болгон мээримди
салып койгон ким эле ?
Колдоруң кармай албайт эле,
Аллах ага уруксаат берди ..
Буттарың баспайт эле,
Аллах ага да уруксаат берди !
Аллах сага тиштерди чыгарып берип,
жүзүңдү келбеттүү кылып койду..

“Лакоди холакунал
инсаана фии ахсани такуийвм” :
Инсандарды өттө суулуу келбетте жараттык ! -деп Куранда айтат .
Адам мындан да сулуу болушу
мүмкүн эмес !
Мурдуңузду колуңуз менен жаап
күзгүдөн караңызчы каанча куник көрүнүп калат экенсиз ?

Ким берди сизге бул келбетти ?
Аллах Таалам сизге айтып жатат:
“Адамдын жүрөгү ар бир соккону үчүн
Аллах Тааладан уруксат сурап
анан согот !”
Канча жылдан бери
Аллах Таала бир жолу болсо дагы
жок дедиби ?
Адамдын жүрөгү күнүнө
100 000 ден ашык соксо,
бир жолу болсо да сенин дем алып
дем чыгарууңа жок дедиби ?

Керек болсо сен күнөө иш кылып жатканыңда дагы,
харам нерсе менен алек болуп жатканыңда дагы
Сен зынаа кылып жатканыңда дагы,
өзүңө зулумдук кылып тамеки тартып,
харамды ичип жатканыңда дагы,
керек болсо Аллахтын газабын келтирүүчү иштерди жасап жатканыңда дагы, сенин жүрөгүң дем алганы үчүн
Аллахтан уруксат сурайт,
Аллах Таалам бир жолу болсо дагы
«Жок!» – дедиби ?

Бүгүнкү күндө адамдар бири-бири менен
бир ааз эле капалашып калса
жылдап сүйлөшпөй,
жүз карашпай коюшат ..
Бир эле ката үчүн бактылуу жашап жаткан жаш-жубайлар,
бир ката үчүн эр-катындар өмүр бою
бири-биринен ажырашып кетишет !
Аллах Таалага
канча күнөө кылып койсок дагы
сиз менен бизди ал Зат унутуп
таштап койдубу ?
Аллах Таала да сабырдуу Зат экен караңызчы.
Канча күнөө кылбайлы жаза берүүгө эч шашпайт, тообо кылат деп
Боорукердүү сыпатын үстүн коёт .

Бүгүн сиз акыл эстүүсүз .
Келбетиңиз келишкен, күч кубатка ээсиз .
Колуңуз менен кармап,
бутуңуз менен баса аласыз,
ал эмес курсак ачканда өзүңүз үчүн
бир нерсе кууруп жей аласыз ..
Сиздин Аллахка убакытыңыз жокпу эми ?
Ушундай Мээримдүү Затка
убакыт ажырата албайсызбы ?
Сиздин убактыңыз ушунчалык тарбы эми ?
Сизге бул керек эмеспи,
же Аллахка ушундайча шүгүрчүлүк билдиресизби тууганым ?

Мисал айтайын :
Сиздин астыңызга ушунчалык абалым начар, курсагым ач, колумдан эч нерсе
келбей турган даражада барып,
тамак берүүңүздү сурандым…
Сиз бир табак кылып
эң жакшы тамакты даярдап берсеңиз,
мен тамакты жедим да
муктаждыгымды бүтүрүп алышым менен,
табакка түкүрүп колуңузга карматтым .
Ахвалыңыз кандай болоор эле?
Ошол сыяктуу ушунча жакшылык
ушунча неъматтарды берген Аллахка
убакытыңыз эми тарбы сиздин ?

………… Ар биир адам өзүн Динге,
Аллахка муктааж сезип жашаш керек.

Өзүн, акчага,
дүйнөгө эле муктаж сезип өтүп кетпесин.
Дин болгону үчүн сиз менен биз
татыктуу адам катары жашап жатабыз !
Дүйнөдөгү менмин деген мамлекеттердин
жазып чыккан мыйзамдары,
бир дагы мамлекеттин мыйзамы,
бир өлгөн адамды кандай көмүш керек?
Ошону айтып бере албайт ..
А дин болсо,
өлгөн адамды жууп, апакай кылып ороп,
алып барып жаткырып,
сый көрсөтүп жатат ..
Бир дагы падышачылыктын
мыйзамы бир на махрам аял
менен намахрам эркекти никелейалбайт!
А дин болсо ошону дагы,
туттуңбу, кармадыңбы деп никелеп
батасын берип жатпайбы ?

Аллах Таалам өттө кымбат нерселерди
өттө арзаан кылып койгон ..
Өттө арзан нерселерди
өттө кымбат кылып койгон .
Уйку адамга канча керек ээ?
Адам эгер бирнече күн уктабай жүрсө
көз жумушу мүмкүн.
А бирок уктаганыңыз бекерго ?)
Эч ким акча сурабайт,
акчаң жок болсо жатып уктай бересиң ..

Аба адамга канча керек,
дем аласың, кымбат нерсе ..
Бирок эч ким акы сурабайт ..
Эң арзан кылып койгон ..
Суу адамга канча керек туурабы ?
Бирок
Аллах Таалам бекер эле берип жатат.
Көрүү адамга канча керек .
Светтин акчасын төлөбөй койсоң
эртеси үзүп кетишет .
Бирок көрүп жүргөнүңүз үчүн акы сурадыбы?Сүйлөө адамга канча зарыл
бекер эле берип койдуго .

Ал эми алтын-темир, таш-тезек,
булар эң арзан нерселер
сиз биз үчүн эң кымбат кылып койгон ..
Бирок адам бул нерселерди көрбөй
деле жашап өтүп кетсе болот )..

Адам баласы эгер дин менен жашабаса
айбандан, жаныбарлардан
төмөн жашап өтөт !
Эмнеге ?
Анткени көрдүңүз беле
эки буканын көлдүн боюнда
дасторконду жайнатып коюп
авратын ачып, күнгө какталып
пиво ичип жатканын ?
Же көрдүңүз беле
эки эчкинин өллө мас болуп,
аракка тоюп алып бири-бири менен көчөдө мушташып сүзүшүп жатканын ?
Көрдүңүз беле же
Ош менен Бишкектик койлордун талпама-талпа болуп бири-бирин уруп,
МВД менен СОБР да иштегендер бөлүштүрүп чуркап жүргөнүн ?
Же көрдүңүз беле
Эки Уйдун жолдун боюнда машинасын
токтотуп коюп, музыканы бакыртып алып
бири-бири менен өбүшүп жатканын ?
Же көрдүңүз беле текелердин,
иттер менен чогуу олтуруп илебин
дөлдөйтүп Насывай салып,
оозуна Тамеки салып
асманга түтүнүн чыгарып коюп
маектешип олтурганын?)

Козулары кечинде түн жарымга чейин
дискотекада жүрүп, өллө чарчап
үйгө жетпей буканын үйүндө жатып калыптыр дегенди уктуңузбу ?

А бирок адамдардын кылганын угуп көрүп эле жүрбөйбүзбү !?)
Көрдүңүзбү ,
эгер адамбаласы Дин менен жашабаса
айбандан төмөн жашап өтөт !!
Айбан кылбаганды адам кылып калат..

Адам баласы гана өзүнүн негизги максатын унутуп жашап жатат…
Памидорду көрдүңөрбү
жоок мен Бадыраң болом деп
жашыл түскө бойонуп алганын ?
Же көрдүңөрбү
мен тоголок болушум керек деп сабиздин картошкага окшошуп алганын?

А бирок адам баласы бүгүнкү күндө,
Европаны туурайбы билбейм,
эркектер аялдарга,
аялдар эркекче кийинип эркек болуп алгандары жок эмес ..
Насывай менен Тамекиге кул болбогун!
Эркексиңби,
эркиң күчтүү болсо азыртан баштап таштап салгын !
Качанга чейин өзүңдүн напсиңе кул болуп жүрүп, өтүп кетесиң ?
Качанга чейин машинаңын көчүгүнөн чыкчуу түтүндү,
ичиңден (оозуңдан) чыгармакчысың ?
Нафсаний эмес,
руханий ыраахат алууну үйрөнөйлү!
Ибаадатка кел, Роббиңе кул бол !
Анткени Ал Зат гана,
суранууга, жалбарууга
чыныгы сыйынууга татыктуу Зат !

Бирөө келип бизден:
«Насывай менен тамеки арамбы ?»-деп сурайт бир күнү …
Биз айтат элек,
ар бир Аллахтан корккон,
акыретке ишенген чыныгы
Ыймандуу момун адам үчүн
Бул нерселер эч качан адал-эмес !
Кыяматта ар бир нерсең үчүн
жооп бересиң,
анын ичинде ден-соолугуң үчүн дагы аны эсиңде чыгарба бир туганым !
Куранда,
арактын арам экени аччык айтылган.
Тамеки тууралуу айтылбаса дагы,
окумуштуулар айтып жатат:
«Аракка караганда тамекинин зыяны
бир нече эсе көбүрөөк !”-деп..

Арактын жыты 4-5 күндө кетет,
а бирок тамекинин жыты
адам өлгөнгө чейин кетпейт !
Өлгөндөн кийин дагы,
түсү карайып бир нече саатта өңү өзгөрүп тамеки сасып чыгат экен .
Денесине тамекинин жыты батып калса,
анын бечара аялынын шору дейт ..
Өмүрүнүн акырына чейин чыныгы
эркектин жытын жыттай албай өтөт!

ТАМЕКИ ЧЕККЕНДЕРГЕ ДАГЫ ЭМНЕ
ДЕП АЙТУУ КЕРЕК !?
Адам жашоодо эмне менен алек болсо
ошол нерсеге көнүп калат экен …
Намаз көп окугандар
кабырдагы периштелер
сурак алуу үчүн тургузганда:
«Эмне болду, Намаз убактысы болуп калдыбы, коё тургула намаз окуйун !»-
дейт экен ..
Сигерет, нас чеккендер
кабырда эмне дээр экен ээ?))
Периштелер сурак үчүн тур десе,
көзүн ачып, периштеге карап:
«Сигерет барбы ?
бир Настан таштаң !»-дейт да)))
Бизге бул Балким күлкүдүр…
А бирок кабыр жашоосу,
тозоктун чуңкурунан болгон бир чуңкур.
Же Бейиштин бакчаларынан болгон
бир бакча ! (хадис).
Билесизби ?
Сарымсак жыттанган адамга
периштелер ызаа болуп,
жакын барууга кыйналат экен..
Тамеки сарымсактан да сассыгыраак ал адамга эми периште эмес
Шакелер келбесе эле билбейм …)
Насывай менен тамекини
таштай албайсыңбы,
өзүңдүн нафсиңди жеңе албайсыңбы,
анда Мен эрекмин деп
басып жүрүүдөн уялгын !
Тамекини сурасаң,
тартып баштаганда бисмиллах
деп баштап бүткөндө
Алхамдулиллах деп айта албасаң,
анын жообун өзүң да билесиң,
арамбы же адал бекенин !
Тамеки менен насывайдан мен жийиркенемин !
«Адамдар жийиркенген нерседен
Периштелер дагы жийиркенет !»
Аллах Таала бүт ааламды жаратуудан мурда
ар бир нерсенин тагдырын жана ырыскысын жазып койгон. Биринчи кезекте “калемди” жаратып “Жазгын !”-деген өкүм болду..
Калем айтты: “Йаа, Робби !? Эмнени жазайын ?!” Аллах Таалам айтты:
“Кыяматка чейин келүүчү ар бир нерсенин тагдырын жаз !”-деп буюрду.

Сиз иштеткен супер маркет, контейнер, магазиндер тилемчинин сураган колу сыяктуу. Аллаах ошол жерге ырыскы берсе анан береке болуп, андан пайдаланып жатасыз !
Сиз ойлобоңуз бизди ушул жер багып жатат!-деп. Аллах Таала ырыскы бергенинен, ошол жерден пайда алып жатасыз. Шыпаа – врачтын колунда эмес. Врач – керек болсо өзү деле ооруп, өзү деле өлүүчү жан. Шыпааны Аллах берет, врач өзүнүн жумушун аткарып гана коёт. Эгер Аллах шыпаа бербесе, ааламдагы врачтар чогулуп келип сактап кала албайт !

Кээде ойлобогон жерден тамак-аш келип калат, мына ошол сиздин ырыскыңыз ал тагдырда жазылган. Кандай эле өлүм ар бир жандын тагдырында бар болгону сыяктуу, анын ырыскысы дагы өзү менен чогуу жүрөт..

Сиз дарак эккениңизде астындагы топуракка кошуп краска же кум шекер кошуп эгесизби? Жоок, топуракты эле таштап коёсуз, бирок ошол дарак өрүк болсо, чоңоюп мөмө алса, каттуу бир отундан жумшак жана ширин мөмөлөр чыгат, ким кылды аны? Аллах кылды! Узуун-узун теректердин чокусуна насос мененсиз суу жеткирипжатасызбы? Анын ар бир шагына, ар бир бутагындагы бүрлөрүнө чейин ырыскы берип жаткан зат – Аллах !

“Силер эгип жаткан эгиндериңер тууралуу эч ойлоп көрдүңөрбү? Аны силер өндүрүп-өстүрөсүңөрбү же Биз өндүрүүчүбүзбү ?” (Ваакиа 63-64).

“Ичип жаткан сууңарды көрдүңөрбү? Булуттан аны силер түшүрдүңөрбү же түшүрүүчү Бизби? Эгер кааласак аны ачуу кылып коймокпуз. Эмнеге, шүгүр кылбайсыңар? Күйгүзгөн отуңарды көрбөйсүңөрбү? Анын дарагын силер жараттыңарбы же жаратуучу Бизби ?!” (Ваакиа 68-72).

Сиз балалуу болуу үчүн, шарият жолу менен себебин кылып, сууну эле куя аласыз, бирок ага жанды ким берди? Колдорун, буттарын, көздөрүн, сүйлөө үчүн тилди ким берди?

“Силер өзүңөрдүн куйган уругуңарды карабайсыңарбы . Аны силер жаратасыңарбы же жаратуучу Бизби ?” (Ваакиа 58-59)

Өрүктүн данеги жумшак, бирок сырткы кабыгы өттө каттуу.. Ошону да тешип чыгып тамырлап кетет. Аллах Таала жаратты, сиз суу элеңиз, жаныңыз жок эле, бирок тирилтти жана күнү келип кайра өлтүрөт, кыяматта кайра тирилтет ! Эгер таңды аттырбай койсо кимдин күчү жетет күндү чыгарууга! Күндү Аллах Таалам батырбай койсо, ким караңгыны киргизе алат! Түндөсү жылдыздарды көрсөтпөй, булут менен каптап, тосуп койсо ким аны көрсөт алат ! Жамгыр жаадырбай, жерден бир дагы нерсени чыгарбай койсо ким жаадыра алат жамгырды?

“Акыйкатта, Аллах урукту жана данекти жарып өндүрүүчү, өлүктөн тирүүнү чыгарат, тирүүдөн өлүктү чыгаруучу. Мына ушул Аллах ! Аны таштап кайсыл жака бара жатасыңар? Ал таңды аттыруучу жана түндү силерге эс алуучу орун кылды. Күндү жана айды силер эсеп-кысап (календар) кылууңар үчүн жаратты. Мунун баары – Мартабалуу , Билүүчүнүн өлчөм койгондору. Ал кургактагы жана деңиздеги караңгычылыктарда жол табууңар үчүн жылдыздарды жаратты. Биз аяттарыбызды (жакшы,жаманды) билген коомдор үчүн мына ушунтип баяндадык. Ал силерди бир жандан жаратты (силер үчүн жатынды) орун жана атаңардын белин жай (кылды) чынында түшүнгөн коом үчүн аяттарыбызды баяндадык. Ал асмандан жамгыр жаадырат. Биз аны менен өсүмдүктөрдөн баардык нерселерди чыгардык. Андан жашыл өсүмдүктөрдү, тизмектелген данды, курма дарагынын мөмөсүнүн чанагын жана жалбырактары окшош, а мөмөлөрү окшош эмес жүзүм зарларды, зайтунду, анарды (өстүрөбүз). Алар мөмөлөгөндө жана бышып жетилип, түшүм бергенде мөмөсүнө карагылачы. Акыйкатта мунун баарында ыймандуулар үчүн үлгү бар!” (Ан’аам 95-99аяттар).

Канчалаган айбандар өздөрүнө азыгын камдап алышпайт. Аллах аларга да, силерге да ырыскы берип жатат, Ал гана – Угуучу Билүүчү” (Анкабут – 60 аят)

Аллах Таалам угуу менен көрүү нематын алып салса, кайсы кудай сизге кайтарып бере алат ? (Ан’аам 46 аятты караңыз).

Айткылачы, эгер Аллаах кыяматка чейин караңгы кылып койсо, жарык кылып берүүчү кудайыңар ким ? Кыяматка чейин күндүз кылып койсо, түн кылып берүүчүңөр ким ?

Шамалды токтотуп койсо, салкын кылуучуңар ким?

“Силердин андан башка кудайыңар жок” (А’роф – 59)

“Эсиңерде болсун !
Жаратуу жана бийлик жүргүзүү – Ага гана таандык ” (А’роф 54-аят).

“Эгер Аллах сени бир кырсыкка учуратса, Андан башка эч ким куткара албайт! Эгер Ал сага жакшылык жөнөтсө, эч ким токтото албайт . Ал аны өз пенделеринин ичинен каалагандарына берет. Ал – Кечиримдүү, Боорукер ” (Юнус – 107).

“Баардык мактоо – Эгебиз, асмандардын Эгеси, жердин Эгеси жана ааламдардын Эгеси – Аллахка таандык. Асмандарда да, жерде да улуктук – Ага таандык. Ал Мартабалуу, Даанышман!” (Жаасия – 36 аят)

Эй пендем ?
Билем сен мээримдүүлүккө муктажсың, Мээримдүүмүн Мен!
Билем сен коркосуң, ал Му’мин Баардык нерселерге амандык, тынчтык, бейпилдик Берүүчү менмин!
билем сен күнөө кыласың, кайгырасың, күнөөңдөн арылгың келет, Гофуур – күнөөлөрдү кечирүүчү Менмин! Гоффаар – өттө көп кечиремин ! Афувв – кечиргенди Мен жакшы көрөмүн !
Адилеттүүлүккө муктажсың сен, Адл, Адилеттүү менмин !
Сен жумшактыкты жактырасың, ал Халиим – Сылык, Жумшакмын Мен!
Билем бирөөнүн жардамына муктажсың, ал Валий – жардам берүүчү досуң Менмин! Коркоксуң сен – Хаафииз – Өз Паанамда сактоочо Менмин !
Сен бир нерсе кылаарда бирөөгө муктаж болосуң, Мен – Кадрмын, Баардык нерсеге өзүм эле жетишем!
Кантип жетишесиң эй Аллах ?
Анткени Мен Муктадирмин, Өтө кудуреттүүмүн, Ахадмын жалгызмын, ал Ваахид жападан жалгызмын, Эч кимге, эч нерсеге муктаж болбогон ас Сомаад менмин !!

Бирок эй пенделерим күнөө кылсаңар – Каардуумун, ал Мунтаким Өч алуучумун !
Эгер тообо кылсаңар – Афувву каталарды жууп жиберүүчү, Ар-Роуф – өттө Мээрбанмын! Билем курсагың ачат – ар Роззаак ырыскы берүүчү менмин ! Аллах Таала сиз бизге дагы эмне кылып берсин ?!

Түндү бердим укташ үчүн, күндүздү бердим иштеп-эмгектенүү үчүн, ибаадат үчүн, жерлерди жумшак кылып бердим, үйлөрдү салууңар үчүн !

Аллах Таалам сиз бизге дагы эмне кылып берсин ?
“Оо адамдар ! Аллах силерге берген жакшылыгын эстегиле: Силерге асмандан жана жерден ырыскы бере турган башка Жаратуучу барбы ? Аллахты таштап кайда бара жатасыңар?” (Фаатир 3).

Аллах Таала сиз бизге дагы эмнекылып берсин?
Ыйманыңды сакта – деп смс келсинби эми ?
Бир эле нерсе калды өзү,
Жабраил периште Борбордук аянтка бүт элди чогултуп туруп:
“ТУУГАНДАР МУНУН БААРЫ ЧЫН !”…
:)))

Инсан күнөөкөр, Робби кечиримдүү ! .

Али Оши, атайын “Formula.KG” сайты үчүн.
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Запись АДАМ ЫЙМАНЫ МЕНЕН АДАМ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.