Halloween party ideas 2015

1. Шамсуддин Абдыкалык уулунун китептерин окусак болобу устаз? Москва,Өмүрбек

Жооп: Шамсуддин Абдыкалык уулу салафий багытындагы инсан. Китептери ошол багытта жазылган. Китептеринде мага жана Абдишүкүр ажыга кыйыр түрдө сын айтып жазат. Анын “Кадияния-Ахмадия” агымы жөнүндөгү эмгегин окууну сунуштайт элем. Кудай Таалам баарыбызга хидаят-туура жол насип этсин, тура жолдон тайдырбасын…

2. Бир тууганым менен бир себептер болуп таарынышып кеткенбиз. Эч сүйлөгүм келбейт ага, устаз! Сүйлөшкүм келбеген адам менен кантип мамиле кылам?! Ипотекага үй алса болобу? Москва, Барчын 

Жооп: Агайынды жаман деп тууганды кайдан табасың? Бир туугандар менен мамилени үзүүгө болбойт. Арам. Эки адам урушуп кетсе, акылдуураагы күнөөкөр болот. Туугандардан мамилени үзгөн адамдан Кудай Таалам да мамилемди үзүп коём дегени бар. Туугандар менен катташкан адамдын өмүрү узун болуп, ырыскысы кенен болот. Ушул жоопту окууруң менен бир тууганыңа телефон чал! Андан кечирим сура! Ким күнөөлүү экенин териштирүүнүн да кажети жок. Кыяматта ага убакыт табылат. А бул жалган дүнүйө ал маселеге арзыбайт…

Ипотека дегениң кредиттин бир түрү. Москванын өзүндө болсоң, мусулман эмес банктан же мусулман эмес адамдан алсаң болот. Бирок төлөөгө кудуретиңди эсептеп туруп алууң керек. Анткени, ханафий мазхабтын эрежесине ылайык, дааруль харбда муслим менен харбийдин ортосунда сүткордук жүрбөйт.

3. Ассалааму алейкум! Мурунку каза намаздарды кантип толуктаса болот? Түшүндүрүп коюңузчу, устаз! Аты белгисиз

Жооп: Каза намаздардын тартиби:

Парз намаздар менен витир ваажып намазы гана каза болуп окулат.

Сапарда жүрүп каза болгондор сапардагыдай таризде, б.а. касыр болуп каза кылынат. Ал эми толук түрдө каза болгондор, толук түрдө казасы окулат.

Азан менен кооматта, каза намаз менен жөн намазда айырма жок.

Ниетте “каза намазды” ниет кылуу керек.

Күн батып баратканда, чыгып баратканда, так төбөгө келгенде окууга болбойт. Калган бардык убакытта каза окуса боло берет.

4. Саламатсызбы! Эгер аялы күйөөсүнө төшөктө жетиштүү рахат бере албаса эмне кылуу керек? Башка кыздарга барса болобу? Ош, Алим

Жооп: Андай учурда экинчи аял алуу керек. Кыздарга баруу арам. Ал ойноштук деген сөз. Айта турган маселе, балким, аялың деле сенден рахат ала албай жаткандыр? Деги эле сен рахат туурасында аялың менен сүйлөшүп көрдүң беле?

5.Устаз келинчегиме боёнбо десем «мен өзүм билем, өзүм жооп берем» дейт кыяматта. Ушул кандай болот? Аты белгисиз

Жооп: Аялың өзү билбейт. Кудай Таалам билет. Көчөгө боёнуп чыгуу арам. Кыяматта күнөөкөр болот. Кудайдын каргышы тиет…

6. Музыка укса болобу, устаз? Мисалы: Эне жөнүндө, комуз күүлөрүн дегендей. Ноокат, Нурбай

Жооп: Мен угуп жүрөм сен айткандарды… Ал эми фатва чыгарууга келсек, бул оорураак маселе…

7. Ассалааму алейкум! Биздин айылда көп жыл мурун ажырашып кеткен адам жашайт. Алардын балдары азыр жашы 35-40ка барып калды, атасы менен катташалы десе такыр болбойт. Көп жыл болду кечирим сурап атышат. Бирок жыйынтык жок. Балдары эмне болот? Ал киши башка үй-бүлө менен жашайт ошол айылда. Аты белгисиз 

Жооп: Атага таарынылбайт… Атага таарынган адам, жарыбайт. Атасын эптеп кадырлап албаган адам, башканын кадырына жетет беле? Кээде, эненин тарбиясын алып калган балдар, аялдай болуп ойлонуп калышат. Андай болбойт…! Туура, атасынын да кемчилиги бар, аларды таштап кеткен экен! Бирок, битке өчөшүп, көйнөктү отко салган туурабы?

8. Ассалааму алейкум Чубак ажы! Азыр тойлордо чыгымдардын көп кетип, ысырап болуп жатканы баарыбызга маалым. Ошондуктан устаз, ушул боюнча элге кайрылуу жасап, элге жеткиликтүү бир видео тартып чыксаңыздар жакшы болор эле. Москва, аты белгисиз

Жооп: Буйрутмаңыз кабыл алынды. Күтө туруңуз.

9. Чачты кара түстөгү хнага боёсо, гусул өткөрбөйт дейт. Ушул туурабы? Москва, аты белгисиз

Жооп: Негизи хнанын баары эле гусул өткөрө берет. Бирок, хнанын өзүнүн түсү кара болбойт. Боёк менен боёгон учурда гусул өтпөй калуу коркунучу бар деп айтылат.

10. Мусаапыр болуп башка шаарга барып калганда, мечиттеги имамга аялдар уюса болобу? Салафит же Шафий мазхабындагыларга Ханафийлер уюса эчтеке болбойбу? Москва, аты белгисиз

Жооп: Мечиттеги имамдарга аялдар уюса болот. Салафит же Шаафий мазхабындагылардын баарына уюса жарай берет. Салафий имам даарат алганда байпагына масх тартып, ошол бойдон имамчылыкка чыккандыгын көрсөңүз, ошол намазда ага уюбайсыз. Көрбөсөңүз уюй бересиз. Шаафий мазхабтагы адамдын мурду канап, бирок даарат албай эле имамга өтсө ага да уюбайсыз. А бирок, көрбөсөңүз уюй бересиз. Анткени, жогорудагы эки шартта тең ханафий мазхабында даараты жок деп эсептелет. Ал эми, көрбөгөн учурда жакшы күмөн кылууга милдеттүүбүз…

11. Туура жолдомунбу деп көп изденем. Мисалы, Ф. Гулендин «хизмет» жамааты жөнүндө айтып бериңизчи. «Бул секта» дегендин канчалык чындыгы бар. Деобанд деген эмне? Ушуга тиешелүү китептерди окусам болобу? Бишкек, Роза

Жооп: Гүлен мырза жөнүндө менин макалам бар эле. Гезиттин жетекчилигинен суранып көрөйүн. Балким, гезиттен орун беришер. Бербесе, “Акыйкат жолу” китебимди таап окусаңыз, жакшы болот. Ал эми “Хизмет” кээ бир адамдарга жакпаганы менен, берекелүү кызмат. Кудайдын калыс ниеттүү кулдарынын ак дил кызматы… (ред. Чубак ажынын суранычы менен айтылган макала эмки санында жарык көрөт).

Деобанд дегенибиз Индиядагы кыштактын аты. Англис колонизаторлору Индияны басып алганда, аларга каршылык иретинде медреселерди ачып, илим аркылуу каршы турууга аракеттенген ханафий мазхабын карманган багыт. Менин кээ бир устаздарым деобандийлер болуп эсептелет. Мисалы, Аллаама Хаалид Айюбий устазымдан “Нуурул анваар” менен “Шархул викааясын” окугам.

12. Мен Москва шаарындамын. Жумуш жок болгондо жумага барып турам. Жума намазынын казасы кандай болот. Эртеден кечке каза намаздарды окуса боло береби? Мисалы: Багымдаттын казасын бешимге чейин 15-20 күндүн казасын окусам болобу? Каза намаздын ниети кандай айтылат? Ар бир намаздан кийин теспе тартуу зарылбы? Кененирээк айтып бериңизчи. Москва, Нурсултан

Жооп: Кененирээк билүү үчүн атайын арзып билим алуу керек, чырагым. Суроолоруңдун кээ бирине жогоруда жооп айтылды. Ар бир намаздан кийин теспе тартуу сүннөт. Аткарсаң жакшы, аткарбасаң анчалык деле зыяны жок. Жума намаздын казасына бешим намаздын казасы окулат. А эгер, жумага барбай калсаң, анда бешим намаздын өзүн окуйсуң. Намазды калтырба! Билбейм, деги бул дүйнөдө намаздан башка дагы эмне зарылыраак боло алат эле?…

13. Ассалааму алейкум! Мен жогорку окуу жайда иштейм. Келбеген студенттерге баа койдурушат. Айла жок коюп беребиз. Бул күнөөбү? Ушинтип иштегеним болобу? Аты белгисиз

Жооп: Окубаганга, билбегенге жакшы баа коюп берүү арам. Андай тартипте иштегенге болбойт. Алардан алган параң дагы арам.

14. 34кө чыкканда намаз окуй баштадым. 20 жылдык каза намаздарды санасам, болжол менен 40 000 намаз окуш керек экен. Ушунун баарын окуп чыгышым керекпи же башка да жолу барбы? Тахажжуддун ордуна каза намаздарды окуганым жакшыбы? Москва, аты белгисиз

Жооп: Каза намаздарыңды колуңдан келишинче окуй бер. Пендеси колунан келген нерселерден суралат… Тахажжуддун ордуна каза окуганың абзел, карагым!

15. Адамга жин эмне себептен кирет? Аты белгисиз

Жооп: Шарият так сакталбай, сүннөттөргө маани берилбегендиктен кирет. Ыплас жерде жүрсө, таштандыларда басса да кирет. Кээде сыйкырдын күчү менен да кирет. Кээде, Кудай сактасын, жин адамдарды сүйүп калып да кирет. Мунун баарын Жыргал каарыкемден сурап жаздым. Канткен менен бул нерседе а кишиге жетээрибиз жок эмеспи…

16. Малдын омурткасынын ичиндеги чучук адалбы? Аты белгисиз 

Жооп: Малдын омурткасынын чучугу макүрөө, арам эмес.

17. Боюнда бар аялдын маңдайындагы чачынан тегиздеп кыркса болобу? Аты белгисиз

Жооп: Боло берет. Таптакыр кырып салса деле эч нерсе болбойт. Болгону, аялзатына чачын өстүрүп жүргөнү назиктигине жана сулуулугуна төп келе турган адеми жумуш.

18. Аял затына каш тергенге болобу, устаз? Аты белгисиз

Жооп: Аялзатына каш тергенге болбойт. Арам. Бирок каштан сырткаркы түктөрдүн баарын тергенге болот. Ошол эле учурда каштын тегерегиндеги бейбаш түктөрдү да терип салууга болот. Аял киши апсайып-сапсайбай, жагымдуу кебете менен жүрүүгө милдеттүү.

19. Молдо кайненеме «сенин кара жиниң бар, келиниңди бирөө окутуп салган» деп айтыптыр ошондой да болобу? Ишенбейли десек, молдо куран окуйт. Аты белгисиз

Жооп: Эгерде, жин окуганды билген адис молдо болсо, анда сизде жиндин бар же жок экендигин аныктай алат. А бирок, өзү көрбөгөн келинди окутуп коюшканын билип койгону кызык экен? Ар бир эле Куран окуган кишинин бардык сөзү туура боло бербейт. Курандын маанилеринин кыргызча котормосун окуп жүргөн Анарбек Усупбаев деген динбезер-теңирчи жүрбөйбү, оозунан бир ырыстуу сөз чыга элек.

20.Саламатсызбы! Менин таанышым аялын кийинтпейт, ооруса карабайт, «акча жок, ажалың жетсе акыры өлөсүң да», – дейт. Ажырашсам, Алланын алдында күнөөкөр боломун деп эркек ажырашпайт. Эмне кылуу керек? Балыкчы, Жамал

Жооп: Эгерде, бирге жашоонун улануусу кыйынчылыкка туруп, адамды динден кайтарып жиберчүдөй болсо, анда ажырашууга уруксат берилет. Аялын даарылоо, аны ылайыгына жараша кийинтүү, эркелетип, көңүлүн көтөрүү – эркектин айныгыс милдети.

21. Урматтуу Чубак Ажы, адамды маймылдан жаралган деп айтышат. Ошол сөзгө ишенсек болобу? Аты белгисиз

Жооп: Эми, бир тууганым, азыр бул кепке эч ким ишенбей калган. Бирок башка теорияны мен айтайын деп турам. Адамдар маймылдан жаралган эмес, маймылдар адамдардан жаралат. Мисалы бети-башын боёп алган эркек, жынысын өзгөрткөн адамдар маймылдан да жаман абалга келип калды. Мас болуп ар кайсы жерге жатып калгандарды айтпай эле кой… Бомж болуп калган маймылды уга элекпиз, а адамдарды көрүп эле жүрөбүз. Өз кызын зордуктаган айбанды маймыл дешке да оозуң барбайт.

http://saresep.kg/


November 27, 2015 at 09:27PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.