Halloween party ideas 2015

Меккеде түшүрүлгөн. Жүз он бир аяттан турат.
Мээримдүү, ЫрайымдууАлланынаты менен!

1.Харам мечитинен [2]белгилерибизден ага көрсөтүү үчүн айланасын Биз кут даарыткан Аксаа мечитине [3], түн ичинде Пендесин [4]сейил жасатканга [5]аруулук! Акыйкатта, Ал Угуучу, Көрүүчү.
2.Мусага Китеп бердик жана аны Исраил урпактары үчүн жетектөөчү кылдык: “Менден башка эч кимди колдоочу кылып албагыла”,
3.Нух менен бирге Биз (кемеге) жүктөгөндөрдүн урпактары! Акыйкатта, ал Мага шүгүр кылган пендем эле.
4.Биз Исраил урпактарына Китепте [6]айан кылдык: “Силер жер үстүндө эки ирет бузуку иш кылдыңар жана абдан текеберлендиңер”.
5.Качан кылынган убадалардын биринчиси келгенде, Биз силерге зор күчкө ээ болгон [7]пенделерибизди жөнөттүк, алар силердин турак-жайларыңарга аралап кирип барды. Убада ушинтип орундалды.
6.Андан соң Биз силерге алардын үстүнөн бийлик бердик, анан да байлык, бала-чакаларды берип, силердин саныңарды көбөйттүк.
7.Силер жакшылык кылсаңар өзүңөр үчүн, жамандык кылсаңар да өзүңөр үчүн. Экинчи жолу убада кылынган мезгил жеткенде, беттериңерди бузуп [8], биринчи киргендей эле мечитке [9]кирип, баарысын таш-талкан кылуу үчүн [10](жибердик).
8.Силердин Эгеңер мүмкүн силерге мээрим кылаар. А эгер кайрадан эле мурункуга кайрылсаңар, анда Биз дагы кайтабыз [11]. Биз тозокту каапырлар үчүн камак жай кылдык.
9.Акыйкатта, Куран тууралыкка алып барат жана жакшылык кылган момундарга зор сыйлык боло тургандыгын сүйүнчүлөп жеткирет.
10.Тиги дүйнө жашоосуна ишенбегендерге оорутуучу азапты дайардадык.
11.Инсан жамандыкты жакшылык тилегендей тилейт. Акыйкатта, инсан шашма.
12.Түн менен күндүздү эки белги кылдык. Түндү караңгы кылып, күндүздү Эгеңердин кеңчилигинен насип издөөңөр, жылдардын санын, (мезгилдин) эсебин билүүңөр үчүн жарык кылдык. Жана да ар нерсени бөлүп байан кылдык.
13.Ар бир инсандын мойнуна анын амалын илдик. Кайра тирилүү Күнүндө Биз алардын алдына китепти ачабыз [12]:
14.“китебиңди оку! Бүгүн сени жаның өзүңө эсеп кылууда жетиштүү”.
15.Ким туура жолдо жүрсө, ал өзү үчүн туура жолдо (жүргөн болот). А ким адашса, ал өзүнүн гана зыйанына адашат. Эч ким башка бирөөнүн жүгүн (күнөөсүн) көтөрбөйт. Биз элчи жөнөтмөйүнчө эч качан жазага тартпайбыз.
16.Качан бир айылды жок кылгыбыз келсе, алардын дөөлөтүнө чиренгендерине [13]буйрук кылабыз. Бирок алар каршылашып, бузукулугун улантышат. Андыктан аларга деген сөз (өкүм) чындыкка айланат. Ошентип, түбү менен ойрон кылабыз.
17.Нухтан кийин Биз канчалаган муундарды ойрон кылдык. Эгең Өз пенделеринин кылган күнөөлөрүн көрүп, билип турат.
18.Ким дүнүйөнү [14]кааласа, Биз да кимге кааласак бул дүйнөдө каалаганыбызды беребиз. Анан аны жемеленген жана кордолгон түрдө тозокко салабыз.
19.А ким момун болуп, акыретти каалап, ал үчүн аракеттенсе, мына ошолор аракеттерине сыйлык алышат.
20.Тигилерге да, буларга да [15]Эгеңден (энчилерин) беребиз. (Эч кимге) Эгеңдин берери тыйылбайт.
21.Алардан бирөөлөрүнө экинчилеринен кандай артыкчылык бергенибизди карап көр. Бирок акырет жашоосу даражалар жагынан да, артыкчылык жагынан да зор.
22.(Эй, инсан!) Жек көрүнүп, өкүнүчтө калбооң үчүн, Аллага башка кудайларды [16]кошуп алба!
23.Эгең силерге Анын Өзүнөн башка эч кимге сыйынбоону жана ата-энеңерге жакшылык кылууну буйруду. Эгер алардын бирөө, же экөө тең карылык куракка жетсе, аларга: “Уф-ф!” – дебе, зекибе! Жылуу-жумшак сөз сүйлө!
24.Аларга мээримдүү канатыңды кенен жайып, “Эгем! Алар мени кичинемден чоңойтуп өстүргөндөй, аларды мээримиңе бөлө”, – дегин.
25.Эгеңер силердин ичиңерде эмне барын жакшы билет. Эгер силер жакшы иш жасоочу болсоңор Ал Өзүнө кайрылгандардын баарына кечирим берет.
26.Жакын туугандарыңарга, кедейлерге, жолоочуларга өз акысын [17]бергиле, бирок ысырап кылбагыла.
27.Акыйкатта ысырапкорлор шайтандын достору, а шайтан өз Эгесине каапыр болгон.
28.Эгер сен (колуң жукалыктан) алардан жүз үйрүп, Эгеңден мээримдүүлүк суранып үмүттөнсөң, анда аларга жылуу-жумшак сөз сүйлө.
29.Сен жемеленип, же өкүнүп калбашың үчүн колдоруңду желкеңе байлап алба, аны жетишинче ачып да салба. [18]
30.Акыйкатта, Эгең каалагандарына ырыскыны кенен кылат жана ченеп берет. Албетте, Ал Өз пенделеринин кылгандарын Билүүчү, Көрүүчү.
31.Кедейликтен коркуп өз балдарыңарды өлтүрбөгүлө. Анткени, аларга да, силерге да ырыскыны Биз беребиз. Акыйкатта, аларды өлтүрүү чоң күнөө. [19]
32.Зинага [20]жакындабагыла, анткени ал эң ыплас, жаман жол.
33.Алла тыйуу салган эч бир жанды укуксуз түрдө [21]өлтүрбөгүлө. Эгер бирөө жазыксыз өлтүрүлсө, Биз анын жакынына (өлүк ээсине) өкүм [22]беребиз. Бирок өлтүрүү учурунда уруксат этилген чектен ашып [23]да кетпегиле, анткени ага жардам берилет.
34.Баралына келгенче, [24]ага пайда келтирүү үчүн гана болбосо, жетимдин мал-мүлкүнө жакындабагыла. Убадаңарды аткаргыла. Акыйкатта, убадаңарды аткарганыңар тууралуу жооп бересиңер.
35.Өлчөгөндө толук өлчөө менен бергиле жана туура тараза менен өлчөгүлө! Бул мыкты, ары сонун жыйынтык (болот).
36.Билбегениңдин артынан ээрчибегин. Акыйкатта кулак, көз жана жүрөк, мунун баары жооп берүүгө тартылат.
37.Жер жүзүндө менменсинип жүрбө. Анткени сен жерди теше албайсың жана тоого тең боло албайсың.
38.Мунун баары Эгеңдин алдында жек көрүлгөн жаман нерселер.
39.Мына ушу Эгеңдин сага кабар кылган даанышмандыктарынан, Алла менен бирге башка кудайларды алба, антсең жемеленип жана жек көрүлүп тозокко ташталасың.
40.Эгеңер силер үчүн уулдарды, а Өзү үчүн периштелерден кыздарды тандап алдыбы?! Силер, чынында чоң сөздү айтып жатасыңар.
41.Чынында бул Куранды насаат алуулары үчүн байан кылдык. Бирок, бул алардын акыйкаттан узактоолорун гана күчөттү.
42.Эгерде Аны менен бирге алар айткандай башка кудайлар болсо, анда алар Арштын ээсине катуу умтулмак.
43.Ал кемчиликтерден таза, алар айткан нерселерден өтө жогору.
44.Аны [25]жети асман жана жер, алардагынын бүт баарысы даңкташат. Аны аруулап, мактабай турган эч нерсе жок. Бирок силер алардын мактоолорун түшүнө албайсыңар. Акыйкатта, Ал Жумшак, Кечиримдүү.
45.Сен Куранды угуза окуганда, сени менен акыретке ишенбегендердин ортосуна көрүнбөгөн тосмону койобуз.
46.Алар түшүнбөс үчүн жүрөктөрүн жаап-чулгап салдык жана кулактарын дүлөйлүк менен бекиттик. Куранда Эгеңди бир гана деп эске алган кезиңде, алар иренжиген түрдө арттарына бурулуп кете берет.
47.Биз алар сени угуп жатканда кандай ойдо болгонун, бири-бири менен жашыруун сүйлөшүп жатышканда заалымдар: “Албетте, силер жөнөкөй эле бир кишини ээрчип жатасыңар, ал болгону сыйкырланып калган”,–дешкенин Биз жакшы билебиз.
48.Алар сен тууралуу эмне деп жатканын карап көрчү. Алар терең адашууда жана туура жолду таба алышпайт.
49.Алар: “Биз сөөк болуп, чаңга айланган соң жаңыдан кайра тирилебизби? ” – дешет.
50.“Ал турсун силер таш, же темир болуп калсаңар да,
51.же өз оюңарда андан да бөлөк бир катуурак жаратылган нерсе болсоңор да” – дегин. Анда алар: “Бизди ким кайра тирилтет?” – дешет. (Аларга): “Силерди биринчи ирет жараткан (Алла)”, – дегин. Анда алар баштарын чайкашып: “Бул качан?” дешет. “Мүмкүн бул өтө жакын”, – дегин.
52.Ал силерди чакырган ошол Күндө, силер Аны мактап жооп бересиңер. Силер аз убакыт гана болгондой [26]ойлойсуңар.
53.Пенделериме айт: “Жакшы гана (сөздөрдү) сүйлөсүн”. Акыйкатта, шайтан алардын ортолоруна кастык салат. Анткени шайтан инсандын анык душманы.
54.Эгеңер силерди эң жакшы билет. Эгер Ал кааласа силерге ырайымдуулук кылат, кааласа жазалайт. Биз сени аларга коргоочу кылып жөнөткөн жокпуз.
55.Эгең асмандардагылар менен жердегилерди жакшы билет. Пайгамбарлардын кээ бирин, кээ биринен артык кылдык. Даудга Забурду бердик.
56.“Андан [27]башка ишенгениңерди чакыргыла. Бирок аларда силерден кырсыкты кайтара турган да, же аны башкаларга оодара турган да бийлик жок”, – деп айт.
57.Алардын табынгандары [28]Эгебизге кимибиз жакын болобуз деп, (өздөрү) сыйынуу аркылуу ортомчу издешет. Мээриминен үмүт этишип, азабынан коркушат. Акыйкатта, Эгеңдин жазасынан коркуу зарыл.
58.Кыйамат күнүнө чейин Биз кыйратпай турган, же катуу жазага тартпаган бир да калаа болбойт. Булар Китепте [29]жазылуу.
59.Биздин белгилерибизди [30]жибербегенибиз, мурунку коомдор аларды жалганга чыгарганы үчүн гана болду. Ошондой көрүнөө далил катары Самуддарга төө жибердик. Бирок алар зулумдук кылып (өлтүрүштү). Биз белгилерибизди коркутуу үчүн гана жөнөтөбүз.
60.Бир кезде Биз сага: “Чынында, Эгең адамдарды камтып алган”, – деген элек. Сага [31]көрсөткөндү жана Куранда каргалган даракты [32]Биз адамдар үчүн сыноо кылдык. Аларды коркутуубуз, алардын адашуусун гана күчөтөт.

61.Биз периштелерге: “Адамга сежде кылгыла!” – дедик. Ошондо Иблистен башкасы сежде кылышты. Иблис мындай деди: “Сен топурактан жаратканга сежде кылмак белем?!
62.Кабарлачы: Менден көбүрөөк ардактаганың ушулбу? [33]Эгер Сен мага кайра тирилчү Күнгө чейин мөөнөт берсең, алардын урпактарынын азыраагынан башкасынын баарысын азгыраар элем.”
63.(Алла) айтты: “Жогол мындан! Ким сенин артыңан ээрчисе, [34]анда силердин жазаңар – жазасы мол тозок!”
64.Алардын ичинен күчүң жеткендерин үнүң [35]менен азгырып кыйроого алып бар, аларга каршы атчан да, жөө да чык. Мал-мүлкүнө, бала-чакаларына орток бол [36]жана аларга убадаларды бер”. Бирок, шайтан убада кылгандардын баары болгону азгырык гана!
65.“Менин чыныгы пенделеримдин [37]үстүнөн сен укук-бийликке ээ боло албайсың. Эгең жетиштүү коргоочу”.
66.Эгеңер Анын кеңчилигинен насибиңерди табууңар үчүн деңиздерде кемелерди сүздүрөт. Ал акыйкатта, силерге Мээримдүү.
67.Силерге деңизден кырсык жеткен кезде, анда силер Андан башкага табынганыңарды унутасыңар. Качан Ал силерди куткарып, кургакка чыгарганда, терс буруласыңар. Чынында, инсан шүгүр кылбайт.
68.Ал силерди жерге жуткурбайт деп, же силерге таштан жаан жаадырбайт деп ишенесиңерби? Анан силерге коргоочу боло турган эч кимди таба албайсыңар.
69.Же болбосо, силерди артка кайтарып жана силерге кыйраткыч бороонду жөнөтүп, силерди каапырдыгыңар үчүн чөктүрүп салбастыгына көзүңөр жетеби? Мында силер Бизден өзүңөргө жардам кыла турган эч кимди таппайсыңар.
70.Биз адам балдарын артык кылдык. Аларды кургакта жана деңизде жүргүздүк. Аларга жакшы ырыскыларды бердик жана аларды Биздин жараткандарыбыздан бөлүп (беделин) көтөрдүк.
71.Бардык элдерди өздөрүнүн жетекчилери менен чакыра турган күндү эсте. Алардын амал китептери оң колунан берилгендери аны окушат жана аларга кымындай да заалымдык көргөзүлбөйт.
72.Ким бул дүйнөдө сокур [38]болсо, акыретте да сокур жана жолдон адашкан болот.
73.Алар Биз сага айан берип ачкандардан сен Биз тууралуу бир нерселерди ойлоп табууң үчүн сени аз эле жерден артка кайтара албай калышты. [39]Эгерде антишсе, алар сени дос кылып алышаар эле.
74.Эгер Биз сени бекемдебесек, анда сен алар тарапка бир аз ыктоого жакындадың эле.
75.Эгер андай болсо сени бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да эки эсе жазага тартат элек, анда сен Бизге каршы өзүңө жардам бере турган эч кимди тапмак эмессиң!
76.Алар сени кысмакка алып, жериңден (Меккеден) чыгарып ийе жаздашты. Бирок, алар анда өтө аз убакыт гана турар эле.
77.Биз сенден мурун да ушундай жол менен элчилерибизди жөнөткөнбүз. Биздин жолубуздан өзгөртүүнү таппайсың.
78.Түш оогондон кийин түн утурлап намазга жыгыл. Ошондой эле таң Куранын (намазын) оку. [40]Акыйкатта, таң намазы күбөлөнгөн [41]болот.
79.Эгең сени мактоого татыктуу орунга тургузуу үчүн түнкү уйкуңдан туруп, ыктыйардуу намаздарыңды [42]оку.
80.“Оо, Эгем! Мени киришимди [43]да чындык менен, чыгышымды [44]да чындык менен жасай көр! Өзүң тараптан бекем жардам бер”, – дегин.
81.“Акыйкат келди, жалган [45]жоголду. Албетте, жалган жок болуучу”, – дегин.
82.Биз Куранды момундарга шыпаа, мээримдүүлүк (болсун) үчүн жөнөттүк, а каапырлар үчүн – зыйанды гана арттырат.
83.Биз инсанга жакшылыктарды бергенде, ал жүз үйрүйт да терс бурулат. А ага кайгы-кырсык жеткен кезде, ал терең үмүтсүздүккө батат.
84.“Баарысы өз жолунда иш кылат. Бирок Эгеңер ким туура жолдо экендигин жакшы билет”, – дегин.
85.Алар сенден рух [46]жөнүндө сурашат. “Рух Эгеме таандык иштерден. Силерге азыраак гана илим берилген”, – деп айт.
86.Эгерде кааласак, сага түшүргөн кабарларыбызды кайта өчүрүп, кетирип койобуз. Анда сен Бизге каршы коргоочуну таба албас элең.
87.Эгеңдин мээримдүүлүгүнөн гана (табасың). Акыйкатта, Анын ырайымдуулугу өтө зор.
88.“Эгерде бардык адамдар жана жиндер чогулуп алышып Куранга окшогон нерсени жаратууга аракет кылса да, ал турсун бири-бирине жардам кылышканда да эч качан ага окшогон нерсени жарата албас эле”, – дегин.
89.Биз адамдар үчүн бул Куранда ар түрдүү мисалдарды келтирип түшүндүрдүк. Ошондо да адамдардын көбү баш тартып, каапырлыкты тутунушат.
90.Алар: “Сен бизге бул жерден булак чыгарып бермейинче такыр ишенбейбиз”, – дешти.
91.“Же курмадан, жүзүмдөн багың болсун. Ошондо алардын арасынан мол сууну агызып койорсуң”.
92.“Өзүң кабарлагандай асманды кесик-кесик кылып үстүбүзгө түшүрөрсүң, же Алланы, Анын периштелерин бетме-бет келтирерсиң”.
93.“Же болбосо алтындан үйүң болсун. Же асманга чыгарсың. Анда да бизге окуй турган бир Китеп түшүрмөйүнчө, асманга чыкканыңа да такыр ишенбейбиз” – дешти. “Эгемди аруулайм! Мен тек гана жөнөтүлгөн элчи адаммын”, – дегин.
94.Аларга туура жол келгенде, адамдарды ыймандан токтоткон нерсе, ал алардын: “Чын эле Алла адамды элчи кылдыбы?” – деп бири-бирине айткандары болду.
95.“Эгерде периштелер жер үстү менен жай баракат [47]жүрө турган болгондо, анда Биз аларга элчи кылып, периште жөнөткөн болоор элек” – дегин.
96.“Мени менен силердин ортобузда Алла жетиштүү күбө. Ал Өз пенделерин Билүүчү, Көрүүчү.
97.Алла кимди жетектесе, ал туура жолдо. Ал кимди туура жолдон тайдырса, алар үчүн Андан башка коргоочуну эч качан таба албайсың. Биз аларды Кыйамат күнү жүздөрү шүмүрөйгөн, сокур, дүлөй, дудук түрдө чогултабыз. [48]Алардын жайлары тозок (болот).Качананынжалыны өчкөнү калганда,Биз аны (кайра) күчөтөбүз.
98.Бул алардын Биздин айаттарыбызга ишенбегендиктери жана: “Биз качан сөөккө айланып чирип бүткөн кезде жаңыдан тирилмекпизби? ” – дешкени үчүн көрсөтүлгөн жаза.
99.Алар чын эле асмандар менен жерди жараткандыгын, аларга окшошторду жаратууга кудуреттүү экендигин көрүшпөйбү? Ал аларга мөөнөт берди, анда эч бир шек жок. Бирок бузукулар баарын четке кагышып, каапырлыкты карманышат.
100.Эгер силер Эгемдин мээримдүүлүк казынасына ээ болсоңор, анда силерде ал түгөнөт деген кооптонуу болор эле. Анткени инсан өтө сараң.
101.Биз Мусага тогуз айкын далилдерди бердик. Исраил урпактарынан ал аларга келгенин, Фараон ага: “Эй Муса! Мен сени сыйкырланган деп ойлоймун”, – дегенин сура.
102.Ал (Фараонго): “Сен мунун баары далил иретинде, асмандар менен жердин Эгесинен гана келгенин жакшы билесиң. Эй, Фараон, сени кыйроого кабыласың деп ойлоймун”, – деген эле.
103.Ал алардын бул жерден чыгып кетүүсүн каалаган. Бирок, Биз аны жана аны менен бирге болгондордун баарын сууга чөктүрдүк.
104.Биз андан соң Исраил урпактарына: “Бул жерде жашай бергиле. Келечек жашооңордо мөөнөт жеткен кезде Биз бүт баарыңды жыйнап алабыз” – дедик.
105.Биз аны [49]чындык менен түшүрдүк. Ал чындык боюнча түштү. Сени Биз жакшы кабар угузуучу жана эскертүүчү кылып гана жөнөттүк.
106.Биз Куранды сен адамдарга шашпай окуп берүүң үчүн (аз- аздан) бөлүп түшүрдүк.
107.Силер ага [50]ишенесиңерби, ишенбейсиңерби баары бир мурун илим алгандар аларга [51](Куран) окуп берилген кезде эт-бети менен сеждеге жыгылышат [52].
108.Алар: “Эгебизди аруулайбыз! Акыйкатта, Эгебиздин берген убадалары аткарылат”, – дешет.
109.Алар ыйлап, эт-беттери менен жыгылат. Аларга бул коркууну арттырат.
110.“Аны Алла, же Рахман деп кандай гана ысымдар менен атабагын, эң мыкты (ал) аттар Ага гана жарашат”, – дегин. Намазды үнүңдү өтө катуу чыгарып да, акырын да эмес [53], орточо жаса!
111.“Аллага мактоо! Ал эч качан Өзүнө уул алган [54]эмес жана Өз бийлигинде шериги да жок. Аны басынтуудан коргоп калуу үчүн эч кандай коргоочунун да кереги жок”, – дегин. Аны дал ушинтип жетээрлик улукта!

Түшүндүрмө:

[1]Исраа – Түнкү жүрүш

[2] Ыйык Меккеден.

[3] Палестинадагы Ыйык Ал-Аксаа Мечитине.

[4] Мухаммед (а.с.).

[5] Алла Таала

[6] Тооратты жибердик.

[7] Айбаттуу Вавилондун падышасы Навухдоносор (Бухтынасыр).

[8] Кайгыга салып.

[9] Ерусалим шаарындагы ыйык үйгө – Байт-Ал Мукаддас.

[10] Душмандардын аскерлери жиберилген.

[11] Азапка салабыз.

[12] Амалдары жазылган китеп.

[13] Башчыларына.

[14] Жалган дүйнөнү

[15] Дүйнө кызыкчылыгын көздөгөндөргө да, акырет кызыкчылыгын көздөгөндөргө да.

[16] Жалган кудайларды, сөлөкөттөрдү

[17] Тууган урук менен катташууну үзбөө, ата-энеге жакшылык кылуу.

[18] Өтө сараң болбо, ысырап кылып кедей да болуп калба.

[19] Исламга чейин кыздарын тирүүлөй жерге көөмүп өлтүрүшкөн; кедейлик себептүү да балдар, кыздарын өлтүрүшкөн.

[20] Никесиз жыныстык катнаш. Ойноштук. Айагы суйуктук.

[21] Өлтүрүүгө татыктуу кылмыш кылбаганды, же өлтүрүү тууралуу сот өкүмү, же падышанын өкүмү чыкпаганды.

[22] Исламда өч алуу иретинде өлгөндүн эң жакынына (б.а. өлүк ээсине) киши өлтүргөндү өлтүрүүгө, же андан кун (айып иретинде акча, мал-мүлк) алууга, же өлтүрбөй да, кун албай да бошотуп ийүүгө толук укук берилет.

[23] Мисалы, бир кишини жазалоонун ордуна эки кишини, же бир кишини өлтүрүүнүн ордуна эки кишини.

[24] Он сегиз жаш. (Тафсир Аль-Насафи).

[25] Алланы

[26] Бул дүйнөдө (же мүрзөдө).

[27] Алладан.

[28] Периштелер, жиндер, олуйалар ж.б.у.с.

[29] Тагдыр китебинде (эч кимдин колу жете албаган, Алладан башка эч ким өзгөртпөй турган китепте).

[30] Му`жизаларды (кереметтерди).

[31] Меражда.

[32] Тозоктун түбүндө өсүүчү түрү суук заккум дарагы. Анын мөмөлөрү шайтандын башына окшош, а бутактары учтуу, тикенектүү  болот. Бул мөмө тозоктогуларга мажбурланып жегизилет.

[33] Мен андан жакшыраакмын. Анткени, мени оттон жараттың.

[34] Шайтандын.

[35] Шайтандын үнү угулбаса да, ал сыйкыр аркылуу адамды жаман иштерге азгырып, анын башына туура эмес ой-пикирлерди салат, ыймансыздыкка үгүттөйт.

[36] Ошолор аркылуу азгырып. Көңүлдөрүн алаксытып, кудайдан башкага буруу ж.б.у.с.

[37] Аллага берилген ыймандуулардын.

[38] Кудайды, динди тааныбаган ыймансыз, каапыр, же адашкан пенде болсо.

[39] Курейштин мушриктери пайгамбарга биздин кудайларыбызды сен тааны, ошентсең сенин Аллаңды биз да таанып сыйыналы жана сени өзүбүзгө жетекчи да кылып алалы деген сыйактуу сунуштары менен кайрылышкан. Пайгамбар (а.с.) алардын сунуштарын четке каккан.

[40] Беш маал намаз.

[41] Периштелер күбө болот.

[42] Тахажжуд намазы. Кошумча сыйынууну, же Алладан бир нерсени суранууну кааласа окулат.

[43] Мединага

[44] Меккеден

[45] Каапырдык.

[46] Рух – жан.

[47] Адамдар сыйактуу.

[48] Жалдырап туруп беришет.

[49] Куранды.

[50] Куранга.

[51] Куран окулган кезде анын чындыктыгына толук ишенген иудейлер менен христиандар жөнүндө сөз болууда. Алардын кээ бири исламды кабыл алышкан.

[52] Бул аят “сежде аяты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.

[53] Өтө акырын болгондо, артында (уйуп) тургандарга угулбай калат.

[54] Баласы жок.

The post Исра сүрөсү, 17 appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 25, 2015 at 10:24AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.