Halloween party ideas 2015

🎤🎼Обондуу, обонсуз ырлардын, чыгармалардын  99% ы сүйүү жөнүндө. Жашообузда сүйүү дегендин орду чоң. Сүйбөсөң бул дүйнөдө жашадым дебей эле кой- деп,  сүйүүнүн жашообузда өтө маанилүү жана  керектүү экенине басым жасап келишет. Албетте айткандарыңыздар туура. Адам бул өмүрдө бир нерселерди жакшы көрөт, бирөөлөрдү сүйөт.  Эгер кимде бул нерсе жок болсо,  андагы бир кемчилик десек болот экен. Анткени, биз адамдардын жүрөгүндө түбөлүк сүйө билүү касиети бар. Бул касиет бизге жаратканыбыз тарабынан, түбөлүктүү болгон жаратканыбызды сүйүүбүз үчүн берилген.

💞 Түбөлүк сүйүү үчүн сүйө турган затыбыз да түбөлүктүү болуш керек. А биз болсо ал касиетибизди, түбөлүктүү болбогон, бир күн келип бизди таштап кетүүчү нерселерге же бирөөлөргө бөлүп-бөлүп колдонуудабыз. Бизге берилген бул касиетти туура эмес сарптоодобуз. Сүйүүбүздүн 99% ын Аллахка 1% ын дүйнөгө сарптообуз керек эле, бирок тескерисинче 99% ын дүйнөгө сарптап, калган 1% ын да Аллахка  сарптабагандарыбыз бар. Биз ушул дүйнө үчүн эле жаратылган сыяктуу, бардык убактыбызды, сүйүүбүздү ушул дүйнөгө арноодобуз.

Анда чыныгы сүйүү кандай болот?

💞 Чыныгы сүйүү,  бул Аллах үчүн сүйүү.  А Аллах үчүн кантип сүйөбүз? Аллах үчүн сүйүү, жакшы көрүү бул, ал нерсени ( машина, үй, телефон ж.б.) же адамды (ата-эне, дос, курбу, жубай, бала-чака ж.б.)  бизге берилген Аллахтын бир белеги катары сүйүү. Аларды бизге Аллах берди, каалаган учурда кайра алып коюшу да мүмкүн. Биздин аларды “меники” дегенге акыбыз жок. Биз акылыбызга ушул нерсени орноштурсак, алардан айрылганда да, ( мисалы: машинаңыз бузулду, жакыныңыздан айрылдыңыз) психологиялык соккуга, депрессияга кабылбайсыз.

🔧 Мен кичине кезимде апама, “ тигинин жаңы эле телевизору бузулуп калыптыр, машинасы жүрбөй калыптыр”- десем “техника го бузулат да, адам өлүп жатпайбы”- дечү эле. Көрсө апам бул дүйнөдө эч бир нерсе түбөлүк туруктуу эмес, баары жок болот деген ойду айтчу экен. Албетте  жаңы машинабызды, үйүбүздү, акыркы моделдеги телефонубузду жакшы көрөбүз. Бул боло турган нерсе. Бирок ага байланып, ансыз жашоону элестете албай кала турган деңгээлге жетпеш керек. Тагыраак айтканда, алар бизди таштап кетүүдөөн мурда, биз аларды, түбөлүктүү жок болбоочу жалгыз Аллах, калган нерселердин баары убактылуу деш менен таштап кетишибиз керек. Ошондо айрылганда да дартыңыз жеңил болот.

👫 Ушул эле теманын учурда чоң көйгөйлөрдү жараткан жана өтө көп кездешкен кыз-жигиттердеги абалын карай турган болсок, тилекке каршы динден, исламдан маалыматы бар, намазын да окуган досторубуздун эле арасында  сүйлөшкөн кызы же баласы барлар толтура жана муну кадимки эле көрүнүш деп эсептегендер андан көп. Алар “ биз жаман нерсе жасабайбыз, дин жөнүндө сүйлөшөбүз, бири-бирибизге хадис айтып беребиз,  бири-бирибизди багымдатка, теххежудка тургузабыз, анын үстүнө биз үйлөнөбүз”- деген сөздөрдү айтышат. Бирок унутпаңыз,  Аллах, зынаа кылбагыла дебейт, зынаага жакындабагыла дейт! Анткени башында социалдык тармактарда таанышып сүйлөшө баштайт, кийин бир жолу жолугушат, бара-бара жолугуулар көбөйөт, кол кармашып жетелешип жүрмөй жана башка болуп уланып кетиши мүмкүн. Анан да, мен аны Аллах үчүн жакшы көрөм-дешет. Жакшы көргөн адам, жакшы көргөн адамын, билип туруп тозок отуна түртпөйт! Ушул нерсени “биз барыбир үйлөнөбүз да”- деп жүргөн достор түшүнүп коюшса жакшы болмок!

🌅 Бул дүйнөдө кооздук деп атала турган эмне болсо, алардын баары Аллахтын жамалынын көптөгөн пардалардан өткөн ичкээ көлөкөсү. Гүлдүн кооздугу эмес, Аллахтын жамалынын гүлдөгү чагылышы. Күндүн жердеги нурларын эмес, күндү жакшы көргөнүбүз сыяктуу, Аллахтын жараткан нерселерин да, Аллах бергенин сезип, билип, биринчи кезекте Аллахты, андан соң Аллахтын бизге берген чооң белеги катары ата-энебизди, досторубузду,  өмүрлүк жарыбызды жакшы көрөбүз.

💬Башында айткан, Биздин жүрөгүбүздөгү сүйүүнүн кулпусу Аллах, ачкычы биздин сүйүүбүз. Биздин сүйүүбүз Аллахка арналганда гана ал ачкыч ошол кулпуга туура келет. Сиздин оюнузча, эмнеге бул дүйнөдө бир нерсени (бирөөнү) аябай жакшы көрөбүз бирок ага жеткен соң, муруңку сүйүүбүз басаңдап, жоголуп, мурда укмуш болуп көрүнгөн нерсе, жеткен соң жөнөкөй эле болуп калат? Анткени биздин жүрөгүбүздүн сүйүү ачкычы аларга түшпөйт!!!

👤Перизат Мусабек кызы,

👪«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

The post ❤ Чыныгы сүйүү кандай болот? 💞 appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 10, 2015 at 03:47PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.