Halloween party ideas 2015

Ойчул адамдардын бирине жаш  жигит келип кирди. Салам айтып чөк  тизелеп  олтурду  да,  суроосун  узатты:

– Таксырым, мен жөн жерден эле  катуу  сүйлөп  келинчегимдин  жүрөгүн оорутуп алдым, эми аны айыктыруунун жолу барбы? Жанатан көзүн  жумуп, башын жерге салып олтурган  карыя акырын башын көтөрүп, көзүн  ачты да, жигитке суроо салды:

– Гүлгө суу куйсаң эмне болот?

– Гүлгө суу куйсам ал гүлдөп өсөт.

– Гүлдү жулуп алсаң эмне болот?

–  Гүлдү  жулуп  алсам,  ал  куурап  калат.

–  Куурап  калган  гүлүңдү  кайра  жерге сайып койсоң эмне болот?

– Ал кайра өсүп чыкпайт, анткени  ал куурап калган да.

Анын  акыркы  жообунан  кийин  карыя бир аз жылмайды да, жигитке  акырын шыбырады:

Уулум, жүрөктү эч качан куураган  гүлдүн  абалына  жеткирбе.  Эгер  жүрөктү  оорутуп  кууратып  алсаң,  ага канча суу куйсаң да кайра тирилбейт.

The post Соолуган гүл кайра ачылбайт appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 21, 2015 at 07:27PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.