Halloween party ideas 2015

1. Апам 10-15 күн токтоно албай арак ичет. Мен катуу эле урушам. Кошуналардан уялганымдан үйгө түртүп салган учурларым да болгон. Кээде бул кылгандарыман корком. Бирок апам мажбур кылып жатат. Эмне кылсам болот? 

Аты белгисиз.

Жооп: Энени урушуу туура эмес. Урушмак тургай, ата-энеге үшкүрүк менен жооп берүү да арам, чоң күнөө. Аны түрткөндөн көрө, сенин колуң сынып калса жеңил болор беле да, азабы да азыраак болор беле?! Дуба кыл. Намаз окуп, Жараткандан сура, Кудай Таалам энеңе туура жол, берекелүү жашоо насип этсин. Ата-энеси үчүн адамдардан уялуу – адамзаттагы эң абийирсиз жорук. Ата-эне тандалбайт. Аларды кандай болсо да урматтоого милдеттүүбүз. Ата-энең сенин бейишиң, же бейиштен башкаң.

 

2. Боюмда болбой жатканынан бир жолу тамырчыга баргам. Ошондон кийин бакшыга барып алган жокмунбу деген суроо жүрөгүмдү оорутуп жүрөт. Деги тамырчы менен бакшынын айырмасы кандай?

Москва, Бактыгүл.

Жооп: Тамырчы менен бакшынын айырмасы бар. Тамырчы тамыр кармап, адамдын тамырынын согушуна жараша тамакты мүнөздөп ичүүнү сунуштаган табып адам. Негизи, адамдын оорусу ысык жана суук деп экиге бөлүнөрүн айтышат. Азыркы медицинада деле аппарат менен кан тамырдын согуусуна жараша, кан басымды аныктап жатышпайбы? Андыктан, элдик медицина менен алектенген табыптарга көрүнүүнүн зыяны жок. Ал эми бакшы – шаман доорунан калган, от менен ойногон, кээде көзү ачыктык да кылып жиберген, улук Кудайдын каарына калып, динден чыккан кокуй пенде. «Жолуңду ачып берем», «келечегиңди айтып берем», «өткөнүң тигиндей экен» деп айткандардын баары “көзү ачыктар”. Алардын ширк келтиргендиги айдан ачык. Аларга ишенген адам да ыйманын жаңылап албаса, акырети коркунучтуу.

 

3. Кечиресиз, суроом бир аз оңтойсузураак. Мен “түнкү көпөлөк” болуп иштеп жургөн кызды жакшы көрүп калдым. Аны алсам болобу?

Москва, Муса.

Жооп: Ал “түнкү көпөлөктү” кай жактан таап алдың экен? Түнүчүндө “түнкү көпөлөк” кармап жүрдүң беле? Айтор, таңмын..!? Кандай болгон күндө дагы, сен дагы ал сыяктуу көпөлөктөр менен алектенгендерден болсоң, анда тең-теңи менен, тезек кабы менен деген ошол болот. Ага үйлөнө берсең болот. Болгону бир айыз көрүп, жатынын бейбаш уруктардан тазалагандан кийин никелешсең жарай берет.

Ал эми сен жаман жолдо жүрбөгөн, дайыма даарат менен жүргөн такыбалардан болсоң, аны дароо эле алууга болбойт. Ал тообо кылып, кылган ишине чын ниетинен өкүнүп, акыйкаттын жолуна түшсүн. Мына ошондо никеңе алсаң болот.

 

4. Мен үйлөнүп, никем кыйылып жатканда 1 досум менен 1 кыз күбө болгон. Менин никем кабыл болдубу, же никени жаңылаш керекпи?

Москва, аты белгисиз.

Жооп: Никеде эки эркектин, же бир эркек, эки аялдын күбөлүгү жарайт. Сен үйлөнгөндө бир эркек жана бир кыз күбө болгон болсо жана нике кыйган адам эркек молдо болгон болсо, анда ошол молдокенин өзү да күбөгө жарайт. Демек, сенин никеңе эки эркек күбөлүк кылган. Никеңер жарайт.

Нике кыйган молдоңор ургаачы киши болсо да, күбө катары эсептелет жана никеңерге бир эркек менен эки аял күбөлүк кылды деп эсептелет. Демек, бул шартта да никеңер жарамдуу.

Адатта никени эркектер кыят. Бирок абалдын ар кандай болуп калуу ыктымалы да бар эмеспи…

 

5. Илим алууда жалкоолук, кайдыгерлик сыяктуу кыйынчылыктар көп болот. Булардан кантип арылам? Дубалары барбы? Эмне кылышым керек? 

Ош, Бегимай.

Жооп: Жалкоолуктан арылуунун дубасы бар. Имам Бухарийдин риваятында (6363) азирети Анас (р.а) Пайгамбарыбыз алайхис саламдын бул дубасын риваят кылат: “Аллоохумма, иннии аьуузу бика минал хамми валь хазани, валь ажзи вал касали, валь бухли валь жубни, ва дзалаьид дайни ва галабатир рижаали!”.

Мааниси:

“Оо жараткан улук Кудайым! Өтүп кеткен ишке капа болуп, келе турган ишке кыжаалат болгондон, алсыз тартып, жалкоолуктун туткунунда калгандан, сараңдык менен суу жүрөктүктөн, карызга батып кыйналып, мээримсиз адамдардын каарына калгандан өзүңдүн фазлу-карам айкөлдүгүң жана шавкат-мээрим ырайымың менен сактанамын!”.

Мына ушул дубаны ар дайым айтып жүрсөң, жакшы болор. Өзүңө-өзүң жардам бер.

 

6. “Сапожкага масх тартып намаз окуса болот” – дейт экен Имам Азам масхабында. Бул туурабы? Негизи эле сиз кайсы масхабды карманасыз? 

Ош, Айбек.

Жооп: Кыргыздар “сапожка” деп кышында кийчү кызыл ашыкты жапкан жылуу бут кийимди айтат эмеспи. Ооба, сенин укканың туура. Кышкы өтүк кызыл ашыкты жаба турган болсо, ага даарат алганда масх тартыла берет. Б.а. маасынын ордуна колдонсо болот. Имам Аазам мазхабында да, башка сунний имамдардын мазхабында да бул туура.

Мен, урматтуу Айбек мырза, ханафий мазхабын карманам. Кыргызстанда эки ханафий болсо бири менмин, жалгыз болсо ошол жалгыз ханафий менмин деп айтып жүрөм.

 

7. Эгер операция учурунда наркоз алса, күнөө болбойбу? Анткени мен ден-соолугума байланыштуу эки жолу наркоз алгам. Наркоз алгандан кийин каза болуп калса кандай болот?

Кадамжай, Полот.

Жооп: Операция кылуу үчүн наркоз алганга шариат уруксат берет. Наркоздун айынан эсинен танып, 5 намазга чейин каза болуп калса, казасын окуп берүүгө милдеттүү. Ал эми наркоздун таасиринен эстен танып, 5 намаздан көп намазы өтүп кетсе, казасы окулбайт.

 

8. Кыз-жигит жакшы жашап жаткан жерде кыздын атасы күчкө салып күйөө баласына талак жаздырып алса эмне болот? 

Аты белгисиз.

Жооп: Кандай таризде, канчалык өлчөмдө күчкө салганын толук баяндап берсеңиз жакшы болмок. Кандай болгон күндө да, талак маселесин жүздөшүп олтуруп чечкенде, жыйынтыктуу чыгат.

 

9. Бир жыл мурун жолдошум экөөбүз ажырашып кеткенбиз. Тагыраак айтканда Москва шаарында башка бирөө менен ойноп аткан жеринен тутуп алгам. “Сени менен жашабайм. Балдарыма да кусуруң тийишин каалабайм” десем, “жашабасаң үч талак” деп жообумду берип койгон. Эми ал жарашам деп аракет кылып жүрөт. Жарашканга жол жок десем, “мастыктагы талак өтпөйт” дейт. Эмне кылсам болот? 

Аты белгисиз.

Жооп: Сиздин сурооңузга да жооп жогорудагыдай эле болот.

 

10. Мен мусулмандарды жамааттарга бөлгүм келбейт. Бирок, аалымдар баш болуп баардыгы кайсы бир жамааттын мүчөсү. Шариятта кандайдыр бир жамааттын мүчөсү болуш керек деген буйрук барбы? Аял киши күйөөсү кайсы жамаатта болсо, ошону ээрчиши керекпи? 

Аты белгисиз.

Жооп: Шариатта кайсы бир жамааттын мүчөсү болуу керек деген буйрук жок. Мисалы мен эч бир жамаатка мүчө эмесмин. Ошондой болгондугуна карабай, жамаатташып иш кылганда берекелүү жумуш болот. Адамдын руханий жактан өсүүсүнө, коомго көбүрөөк пайда келтирүүсүнө жамаатташуу жакшы натыйжа берет.

Аялы жамаатташууда күйөөсүн ээрчүүгө милдеттүү эмес. Бирок күйөөсү жакшы көргөндү жакшы көрүүгө аракет кылса, ынтымак менен сүйүүнүн жаралуусуна жана сакталуусуна өбөлгө болот.

 

11. Ата-энесине айтпай нике кыйдырып алса, нике өтө береби? 

Ислам

Жооп: Кыз баланын никеси өтпөй калуу коркунучу бар. Ата-эненин батасын албаган никеде береке болбойт.

 

12. Мен экинчи аял алайын десем, аялым уруксат бербейт. Жашыруун эле алсам кыянаттык болуп калабы деп корком. Кантсем болот устаз? 

Тажикстан, Турдубек.

Жооп: Жеке эле сенин эмес, элдин баарынын эле аялы уруксат бербейт. Уруксат бербесе эле жашыруун алыш керекпи? Колуңдан келип, кыйынчыкма болуп жатсаң, ачык эле ал. Жашыруун жашоо ойноштордун оокаты.

 

13. Кол телефонумда куран, азандар бар. Аны менен дааратканага кирсек болобу жана эки маал намаз окусак кандай болот? 

Эдил

Жооп: Дааратканга Куран, азан жазылган телефондор менен кирсе боло берет. Болгону экрандан өчүрүлгөн болуу керек.

Эки маал намаз окусаӊ да болот. Ошол эки маалдан кутуласың. Калганы карыз болуп туруп турат. Мисалы бир адамдан 5 сом карыз алсаң, эки сом кайтарсаң, эки сомдон кутуласың. Үч сом карыз боюнча турат.

 

14. Кыргызстандагы кайсы диний жамааттарды туура деп ойлойсуз жана алардын кайсыларынан таалим алууга болот? 

Аты белгисиз.

Жооп: Кыргызстандагы Ахмадия (Кадияния) жамааты өздөрүн мусулманбыз дегени менен, чындыгында каапыр жамаат. Ошондой эле Агахан (Исмаилия) жамааты да каапыр жамаат. Булардан башкаларын каапыр деп атаганга болбойт. Кээ бир мусулман жамааттар мамлекеттик түзүлүштү оодарууга кызыкдар деген кине менен, тыюу салынган жамааттардын катарына кошулган. Тыюу салынбаган жамааттардын баарынан эле пайдаланса боло берет. Мисалы: Дин үчүн убактысы менен малын курмандыкка чалып, ар бир үйгө ыйман жеткирүүнү кайсы бир жамааттан алса, туура маалыматтарды иргеп алууну экинчи жамааттан, уюшуп иштешүү менен биргеликте илимий таризде мамиле кылууну үчүнчү жамааттан, ал эми саясий тариздеги көз караштарды жөнгө салууну төртүнчү жамааттан үйрөнсө, бардыгы ордуна келет деген пикирдемин.

 

15. Мен медициналык академияда окуйм. Өлгөн адамды катыруу аркылуу узак убакытка сактоого динде уруксат барбы? 

Аты белгисиз.

Жооп: Динибизде адамдарды тажрыйба катары пайдаланууга болбойт. Адам тирүүсүндө да, өлгөндөн кийин да урматталууга тийиш. Аны катырып коюуга жол берилбейт. Өлгөндөн кийин башкаларга сабак болушу үчүн катырып коюуну – Кудайдын азабы деп түшүнсөк да болот.

 

16. Шариятта ар бир нерсенин тартиби бар. Ал эми кайнене менен келиндин ортосундагы мамиле тууралуу эч жерден укпадым? Ушунун тартибин кыздарыбызга жеткизсек дедим эле? 

Талас, Бекалы.

Жооп: Кайнене-келиндин мамилеси эне-кыздын мамилесиндей болгондо бардыгы ордуна келет.

 

17. Сапарда эки намазды бириктирип окуса болобу? 

Аты белгисиз.

Жооп: Болот. Бешимди кечиктирип барып, акыркы убагында окуйсуң да, Дигерди убакыт кирээри менен алгачкы убагында окуйсуң. Шам менен куптан да ушул таризде.

 

18. Саламатсызбы! Индонезиядан жин чыгаруучу молдолор келгендиги жөнүндө маалымат алганбыз. Алар зымга окшогон нерсе менен колдорго, далыларга урушат экен. Ушул туурабы? Аларга барсак болобу?

Аты белгисиз.

Жооп: Менин алардан кабарым жок экен. Бирок, кээде жиндерди теспе менен акырын ургулап чыгаргандары да бар. Кыргызстандын аймагында кээ бир жин айдаарлар, оорулууларды катуу таяктар менен сабап, таптакыр туюк жинди кылып койгондор да бар. Ишеничтүү адамдарга дем салдырбаса, улук Кудайдан жөө качкандар көбөйүп кетти ушу тапта….

The post “Түнкү көпөлөккө” үйлөнсөм болобу? appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 20, 2015 at 05:35PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.