Halloween party ideas 2015

Биздин жашообуз карама карышы нукта куралган. Аллах Таалам бардык нерсени бирине-бирин уйкалыштырып жатараткан. Бул дүйнөнү жаратты бирок бир анында бүтөөр мезгили бар,күн чыккандан кийин батаары бар,табият ,мөмө жемиш,жандуу жансыз баары өз убагы,өз сааты менен жаралган. Жашообуздун аягы өлүм. Эч нерсе түбөлүк эмес бул жашоодо.

Ал эми жашообузда жакшы жаман күндөрдүн келүүсү табигий нерсе. Кандай кыйынчылык болбосун артында жакшылык бар. Жашообузда жакшылык менен жамандык биринин артынан бири келип турат, бирок биз сезбейбиз. Жакшылык келгенде баарын унутуп,жамандык келгенде Аллахты эстеп калабыз же болбосо эми бүттү,деп кайгыны башыбызга ороп караңгылыкка камалып алабыз.

Ахмад ибну Юсуф Бузуржамхардын сөзүн минтип айткан:

“Жакшылык болоордун алдын кыйынчылык келүүсү,курсак ачаардан алдың тамакты даяр кылган сыяктуу,Тамакты даяр кылып аны жегенде өзүнчө бир ырахаатанат”

Афлатундун сөзүндө:

“Жыргал жашоого караганда кыйынчылык инсанды оңдойт. Ал эми жыргал жашоо инсанды кыйынчылыкка караганда бузат “..

Дагы бир сөзүндө:

“Сага кыйынчылыкты алып келген ар бир досуңа көңүл бур.  Ал эми сага жыргал жашоону алып келген досуңа көңүл бурбай эле кой “…

Башка бир сөзүндө мындай деп айткан:

“Жыргал жашоо караңгы түнгө окшош.  Анда эмне кылаарыңды ойлобойсуң. Ал эми кыйынчылык күндүзгү жарыкка окшош анда өзүңдү да башканы да кандай болуп жатканын көрүп турасың”

Ар бир ишибизде,күнүбүздө,үй бүлөөдө,жашообузда кандай кыйын күн келбесин сабыр кыл ,сөзсүз артында жакшылык келет.

Аздашир айткан экен:

“Эң кыйын абалда аны көтөрө билүү кичине жана чоң күчтүн негизинде болот:

Кичинеси: жүрөктүн ыйманга бекемдүүлүгү,

Чоңу: баары Аллахтан болот деп билүү”

Бир инсандын Жаратканга болгон ой пикиринде сабырдуу болсо, анда анын башына түшкөн кыйынчылык өзүнүн гана жакшылыгына экенин билет соңугда жеңиш аныкы болот. Аллах Таала ал инсанга дагы да көптөгөн жакшылыктарын бере берет.

Ал эми Жаратканга болгон ой пикир сабырсыз болсо, анда анын акыбалы ого бетер оорлошуп, коркуусу ого бетер күчөй берет..

Эч качан капаланба: Сен жалгыз Кудайга сыйынуучу, кыбаланы караоочу пендесиң. Сенден Аллахка жана Пайгамбарга (с.а.в) болгон сүйүү бар. Эгер күнөө кылсаң өкүнүп тообо кыла турган,жакшылык кылсаң курсан боло турган касийетиң бар.  Сенде көптөгөн касиеттер бар сен аны билбейсиң..

Сенде жакшылык,жамандык,байлык,кедейлик,жеңилдик,кыйындык болсо да баарын да жакшылык бар.

 “Чыныгы момунга таң калса болот! Анын бардык иштери жакшылык. Эгер ага бир кубаныч келсе (Аллахка) ыраазычылык айтат,ал да анын жакшылыгына. Эгер ага бир жамандык келсе сабыр кылат,ал да анын жакшылыгына. Бул бир гана (чыныгы) момун мусулманда болот “(хадис)

Караңгы түндүн артынан жарык келгендей, кырсык кыйынчылыктын артынан жеңилдик келүүсү жашор турмушта болуп келген табигий нерсе.  Андан эч жака кутуулуга болбойт.

Жакшы көргөн нерсеге караганда кээ бир жаман көрүп, каалабаган нерсенин келүүсү, пенденин динине жана турмушуна пайдалуураак.

Жакшылык пайданы алып келип жамандыктан тосуучу Аллах. Билгин, сенин башыңа келген нерсени туура эмес болду деп ойлобо,ошонун сага келгени туура. Ал эми сага келбеген нерсени келгенде жакшы болоор эле деп ойлобо,ошунун сага келбегени туура.

Эгерде биздин жашоо түп жакшылык менен куралып калса анда жашоонун кадыры болмок эмес, жашоонун кызыгы,таттусу,барлыгы жоктугу ушунусу менен кызыктуу. Аллах Таалам бул дүйнөнүн түбөлүк кылган жок, башы менен аягы бар, ошондуктан жашообуз да кыйыны, жыргалы менен куралып калган. Билсек баары сыноо.

Түбөлүк жакшылык менен жамандык акыретте болот. Түгөнбөгөн жакшылык Бейиште, ал жака барган инсандын жүрөгүнөн Аллахым кайгы, муңду,алып салат, ал жакта эч ким эч кимге көрө албастык менен карабайт баардык инсандар таква болуп жалаң гана түбөлүк жакшылыгында ыраахат алып жашайт! Аллахым сиз у бизге насип кылган болсун!

Түбөлүк жамандыгы бул тозок -ал жерге түшкөн инсандар түбөлүк түгөнбөгөн азап менен жашайт.  Пендесин күйгүзүп азаптап болгондон кийин кайра эле ал өз нугуна келип кайра азаптала берет эч түгөбөйт. Ал жактан Аллахым өзү сактасын!

Ошондуктан жашообузга келген жакшылыкка көппөй,жамандыгына чөкпөй,жакшы жаман күндөрдө дайым Аллах менен болуп баарын андан деп билип сабыр каниет менен жашайлы. Билсеңиз эгер бул дүйнөнун жакшылык,жамандыгы аркы дүйнө жакшылык жамандыгы алдында эч нерсе эмес….

👤Насиба Абдуллаева,

👪БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

The post Ар бир иште жакшылык бар appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 19, 2015 at 09:25AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.