Halloween party ideas 2015

 

Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!

Мединада түшкөн. Эки жүз сексен алты аяттан турат.

  1. Алиф, лам, мим. [8]
  2. Бул эч шексиз китеп[9]. Ал такыбалар[10] үчүн туура жолду көргөзүүчү.
  3. Алар[11] кайыпка[12] ишенишет, намаз окушат жана Биз аларга берген ырыскылардан сарп кылышат.[13]
  4. Алар сага түшүрүлгөнгө[14] да, сенден мурунку түшүрүлгөндөргө[15] да, Акырет[16] күнүнө да ишенишет.
  5. Алар өздөрүнүн Эгесинин туура жолунда. Дал ошолор ийгиликке жетүүчүлөр![17]
  6. Чындыгында, каапырларга эскертесиңби,[18] же эскертпейсиңби, баары бир – алар ишенишпейт.
  7. Алла алардын жүрөгүн жана кулагын мөөрлөп – бекитип салган, а, көздөрүнө парда тарткан. Аларга чоң азап бар.
  8. Элдердин арасында кээ бирөөлөр:[19] “Биз Аллага жана Кыямат Күнүнө ишенебиз”,- дешет. Бирок алар ишенишпейт.
  9. Алар Алланы жана ишенген ыймандууларды алдоого аракеттенет. Бирок алар өздөрүн  гана алдашат, муну өздөрү да сезишпейт.
  10. Алардын жүрөгүндө оору[20] (бар). Алла алардын оорусун дагы да күчөтөт. Жалган сүйлөгөндөрү үчүн аларга оорутуучу азап бар.
  11. Аларга: “Жер бетинде жамандык-бузуктукту жайылтпагыла”,- деп айтылса, алар: “Биз болгону жакшылык гана кылып жатабыз”, – дешет.
  12. Охоо! Дал ошолор жамандык-бузуктукту жайылтуучулар. Бирок аны алар сезишпейт.
  13. Аларга: “Башкалар ишенгендей эле ишенгиле!” – деп айтылса, алар: “Биз эмне, кем акылдар ишенгендей ишенебизби?” – дешет. Аныгында алар өздөрү кем акылдар. Бирок муну өздөрү билишпейт.
  14. Алар ыймандууларга жолукканда: “Биз ишенебиз”,[21] – дешет. Бирок өздөрүнүн шайтандары менен өздөрүнчө калганда: “Биз силер мененбиз, а, тиякта  болгону – тигилерди шылдыңдап жатабыз”, – дешет.
  15. Алла аларды шылдыңдайт[22]. Алардын адашууларын андан бетер арбытат.
  16. Булар адашууну туура жолго[23] сатып алгандар. Алардын соодасы кирешесиз болду жана алар туура жолдо болбоочулар.
  17. Алар от жаккан бирөөнө окшойт: Качан (от) айлананы жарык кылган кезде Алла анын нурун алып салды жана ал көөдөй караңгылыкта көрө албай калды.
  18. (Булар) дүлөй, дудук, сокур жана алар туура жолго кайтышпайт.
  19. Же асмандагы жамгырлуу булут өңдүү: Анда түнөргөн караңгылык, күн күркүрөө жана чагылган (бар), алар өлүмдөн коркуп манжаларын кулактарына тыгып алышат.[24] Бирок, Алла каапырларды курчап алган!
  20. Чагылган алардын көрүүсүн (көзүн) алып кетүүгө дапдаяр: качан ал “жарк” дей түшкөндө алар басып жөнөшөт, а караңгыласа туруп калышат. Эгерде Алла кааласа аларды дүлөй жана сокур кылып коймок. Акыйкатта, Алла бардыгына кудурети жетүүчү!
  21. Эй, адамдар! Силерди да, силерге чейинкилерди да жараткан Эгеңерге сыйынгыла! Мүмкүн силер коркоорсуңар.
  22. Ал (Алла) силерге Жерди килем кылып төшөп койду, а асманды куруп койду. Асмандан суу жаадырып, аны менен силерге ырыскы кылып жемиштерди өстүрдү. Билип туруп, Аллага шериктерди кошпогула.
  23. Эгер силер Биздин пендебизге[25] түшүрүлгөнгө[26] шектенсеңер анда ошого окшош сүрөө келтирип бергилечи?! Эгер сөзүңөр чындык болсо Алладан башка өз күбөлөрүңөрдү[27] чакыргыла.
  24. Эгер силер муну жасай албасаңар, чынында, силер муну эч качан аткара албайсыңар! Отуну адамдар менен таштар болгон оттон (тозоктон) сактангыла! Ал[28] каапырлар үчүн даярдалган.
  25. Ыймандууларга жана жакшылык иш кылгандарга, алар үчүн бактар[29] бар экенин сүйүнчүлө! Бактардын алдында дарыялар агат. Аларга ырыскы катары жемиш тартууланганда алар: “Бул бизге мурун берилип жүргөндөр” – дешет. Аларга ушуга окшоштор берилип келген.[30] Алар үчүн анда таптаза жубайлар[31] (болот) жана алар анда түбөлүккө калышат.
  26. Чынында Алла чиркей, же андан чоңураак нерсени мисал келтирүүдөн уялбайт. Ыймандуулар мунун Алладан экендигине толук ишенишет. Ал эми каапырлар: “Бул мисал менен Алла эмнени каалайт?” – деп айтышат. Ал (Алла) муну менен көптөрүн адашууга жана да көптөрүн туура жолго алып келет. Тек гана муну менен бузукуларды жолдон адаштырат.
  27. Кимде ким убадалашкандан кийин Алла менен болгон келишимди бузгандар, Алла бириктирүүнү буйурган нерсени үзгөндөр жана жер үстүндө бузуктукту жайылтуучулар, дал ушулар – зыянга учуроочулар.
  28. Силер Аллага кантип ишенбейсиңер. Мурун силер өлүк элеңер, Ал силерди тирилтти, анан силерди өлтүрөт, андан соң кайрадан тургузат, анан силер Ага кайтарыласыңар.
  29. Ал силерге Жер үстүндөгүлөрдүн баарын жаратты, андан соң асманга максат кылды[32], аларды жети асман кылып орноштурду. Ал бардык нерселерди Билүүчү!
  30. Ошондо Эгең өзүнүн периштелерине: “Мен Жер үстүнө орун басар жаратамын”, – деди. Алар: “Анда (жерде) бузукулук жасай турган жана кан төгө турганды жаратасыңбы? Биз сени мактоо менен аруулайбыз жана Сени улуулайбыз”. – дешти. “Акыйкатта, Мен силер билбеген нерселерди билемин”, (- деди Алла).
  31. Ал Адамга бардык нерселердин аттарын үйрөттү, анан периштелерге көрсөтүп: “Мага булардын аттарын айтып бергилечи, эгер силер туура болсоңор”, – деди.
  32. Алар айтышты: “Сени аруулайбыз! Сен өзүң бизге үйрөткөн нерселерди гана билебиз. Акыйкатта, Сен – билүүчү жана Даанышмансың!
  33. Ал (Алла) айтты: “Эй, Адам, аларга булардын аттарын атап бер.” Аларга (Адам) аттарын айтып бергенде, Ал айтты: “Мен силерге Асмандарда жана Жерде болгон кайып нерселерди,  силер ашкере жана жашыруун жасагандарды да билемин деп айтпадым беле?”
  34. Мына ошондо Биз периштелерге: “Адамга сежде[33] кылгыла!” – дедик. Алар Иблистен[34] башкасы Адамга сежде кылышты. Ал (Иблис) баш тартып, менменсинди, ал каапырлардан болуп калды.
  35. Биз: “Эй, Адам, сен аялың (экөөң) Бейиштен орун алгыла жана андан рахаттанып, эмнени гана кааласаңар жей бергиле, бирок бул даракка жакындабагыла!  Анда (эгерде жакындасаңар) заалымдардан болосуңар,”-дедик.
  36. Ошентип, шайтан аларды азгырды жана аларды орун алган жайынан чыгарды. Биз (аларга): “Бир бириңерге душман болуп төмөн түшкүлө! Белгилүү бир убакытка чейин жер силер үчүн мекен жана пайдалануу жайы болот,”-деп айттык.
  37. Адам өз Эгесинен сөздөрдү жана Ал[35] анын[36] тообосун кабылдады. Акыйкатта, Ал тооболорду  Кабыл кылуучу жана Мээримдүү.
  38. “Бул жактан биргеликте түшкүлө! А эгер Менден силерге түз жол көрсөтүлүп, аны ким ээрчисе, аларга коркунуч да болбойт, кайгы-капа да болбойт,”- деп айттык.
  39. Биздин аят-белгилерибизге ишенбегендер, ал жөнүндө жалган айткандар отту[37] ээлөөчүлөр жана алар анда түбөлүккө калышат.
  40. Эй, Исраил уулдары! Мен силерге көргөзгөн жакшылыгымды эстегиле жана Мага берген Убадаңарды туура аткаргыла. Мен да силерге берген убадамды аткарайын. Менден гана корккула!
  41. Силерде болгон нерсени[38] тастыктоо үчүн жөнөткөн нерсеме[39] ишенгиле, ага биринчи каршы чыгуучулардан болбогула. Арзыбаган баага Менин аяттарымды сатпагыла. Менден сактангыла!
  42. Акыйкатка бузукулукту аралаштырбагыла жана билип туруп акыйкатты жашырбагыла!
  43. Намаз окугула, зекет бергиле жана тизелерин ийгендер менен бирге тизеңерди ийгиле![40]
  44. Силер Китепти (Тооратты) окуп туруп адамдарды жакшылыкка буйруп, а өзүңөрдү унутуп коесуңарбы? Акылга келбейсиңерби?
  45. Сабырдуулук жана намаз аркылуу жардам сурагыла. Чындыгында намаз корккондордон[41] башкалар үчүн өтө оор.
  46. Алар[42] өздөрүнүн Эгесине кездеше турганына жана Ага кайрылып бара тургандыктарына ишенишет.
  47. Эй, Исраил уулдары! Менин силерге кылган жакшылыгымды эстегиле! Жана силерди ааламдагылардан[43] артык кылдым.
  48. Бирөө үчүн бирөө бир нерсени төлөй албай турган,[44] андан колдоо кабыл кылынбай,  акы алынбай,  жардам берилбей турган күндөн корккула!
  49. Биз силерди Фараондун[45] элинен куткардык. Алар силерди жаман азап менен азапташты жана силердин балдарыңарды союшуп, аялдарыңарды тирүү калтырды. Мында силер үчүн Эгеңерден зор сыноо бар.
  50. Биз силер үчүн деңизди[46] кандайча жарып бергенибизди жана Фараондун тарапкерлерин чөктүргөнүбүздү өзүңөр көрүп турдуңар.
  51. Биз Муса менен кырк түндү убадалаштык[47], ал кеткенден соң өзүңөргө музоону кудай кылып алдыңар,  силер зулум кылуучулардан болдуңар.
  52. Андан соң Биз силерди кечирдик, силер буга мүмкүн шүгүр кыларсыңар.
  53. Биз Мусага Китеп[48] жана ажыратуучу[49] берсек, мүмкүн силер туура жолго түшөөрсүңөр.
  54. Муса өз коомуна мындай деди: “Эй, элим! Силер музоону алуу менен өзүңөргө өзүңөр жамандык кылдыңар. (Ошондуктан) өзүңөрдүн Жаратуучуңарга кайрылгыла жана бири-бириңерди[50] өлтүргүлө[51]. Ушундай кылууңар Жаратуучуңардын алдында өзүңөр үчүн жакшыраак жана Ал силерге кайрылат; анткени Ал Кайрылуучу жана Мээримдүү.”
  55. Силер[52]: “Эй, Муса! Биз Алланы ачык көрмөйүнчө сага ишенбейбиз” – дедиңер. Силерди, карап турган абалыңарда чагылган урду.
  56. Анан Биз силерди өлгөнүңөрдөн кийин тирилттик.[53] Мүмкүн шүгүрлүк кыларсыңар.
  57. Биз силерди булут менен көлөкө кылдык, силерге (асмандан) ырыскы жана бөдөнөлөрдү түшүрүп бердик. Биз берген ырыскынын тазаларынан жегиле. Алар Бизге зыян кылышкан жок, бирок өздөрүнө зыян кылышты.
  58. Биз (аларга): “Бул айылга киргиле да, көңүлүңөр каалагандардан кенен жеп, ичкиле. Бирок эшигинен сежде кылган абалыңарда киргиле да: “Кечир,”[54] – дегиле. Биз силердин күнөөңөрдү кечиребиз жана жакшылыктарды көбөйтөбүз”,-дедик.
  59. Ошондо бузукулар аларга айтылган сөздү башка сөзгө алмаштырышты. (Анан) Биз бузукуларга бузукулук кылгандары үчүн (күнөө кылгандары үчүн) асмандан азап түшүрдүк.
  60. Муса качан гана өз элине ичүүгө суу сураганда, Биз: “Таягың менен ташты ур!” – дедик жана андан он эки булак атылып чыкты. Ар бир уруу өз булактарына ээ болду.[55] Алланын ырыскыларынан жегиле, ичкиле, жер үстүндө жамандык, бузуктук кылбагыла!
  61. Силер айттыңар: “Ээ, Муса! Биз бир түрдүү тамакка чыдабайбыз. Биз үчүн Эгеңе дуба кыл, жерге өскөн жашылча өсүмдүктөрдөн: бадыраң, сарымсак, буурчак жана пияз берсин”. Ал (Муса) айтты: “Силер чындап эле жакшыны төмөн нерселерге алмаштыргыңар келип жатабы? Кайсы бир шаарга түшкүлө, ал жерден сураганыңарды табасыңар.” Ошентип, аларга кордук, кедейлик ташталды жана алар Алланын каарына калышты. Бул алардын Алланын аят-кабарларына ишенбегендиги жана пайгамбарларды адилетсиз өлтүргөндүктөрүнөн. Бул алардын баш ийбегендиги жана чектен ашкандыктарында болду.
  62. Акыйкатта, ыйманга келгендер, иудийлер[56], христиандар,  сабилер[57]  Аллага жана Кыямат Күнүнө ишенишсе жана жакшылык иш кылышса, аларга Эгеси тарабынан сыйлык бар,  аларга эч кандай коркунуч да, кайгы-капа да болбойт.
  63. Биз силер менен келишим түздүк[58] жана силердин үстүңөргө тоону көтөрдүк.[59] Биз силерге тартуулаганды бекем кармагыла. Андагы нерселерди бекем эстегиле, мүмкүн силер такыба болорсуңар.
  64. Андан соң силер баш тарттыңар, эгер Алланын жакшылыгы жана мээримдүүлүгү болбогондо силер зыян тартуучулардан болмоксуңар.
  65. Силердин араңардагы ишемби күндү[60] бузгандарды билесиңер; Биз аларды: “Кор болгон маймылдарга айлангыла!” – дедик[61]
  66. жана Биз муну ошол убакыттагы адамдар үчүн, келечек муундар үчүн  жана такыбаларга үлгү-насаат (болсун үчүн) кылдык.
  67. Муса өзүнүн элине: “Алла силерге уй сойууну буйурду”, – деди. Алар: “Сен бизди шылдыңдап жатасыңбы?”- дешти. Ал (Муса): “Наадандардан болуп калбоо үчүн Алладан сурайм”, – деди.
  68. Алар айтышты: “Өзүңдүн Эгеңе[62] кайрыл (жараткандан сура), ал кандай уй экендигин бизге түшүндүрүп берсин”. “Уй карыган да, жаш кунажын дагы болбосун, ал ушулардын ортосундагы уй болсун. Өзүңөргө кылынган буйрукту аткаргыла! -деп айтты”,- деди ал (Муса).
  69. Алар (Мусага): “Биз үчүн Эгеңе дуба кыл, ал бизге уйдун түсү кандай болуу керегин түшүндүрсүн”,- дешти. Ал (Муса): ”Алла: “Ал уй көргөн көздү кубандырган, ачык сары түстүү болсун,- деп айтты,” – деди.
  70. Алар: “Өзүңдүн Эгеңе биз үчүн дуба кыл. Ал бизге уйдун кандай экенин түшүндүрсүн, анткени ал уй бизге күмөндүү болуп жатат. Эгер Алла кааласа биз туура жолдо болобуз”.
  71. Ал (Муса) айтты: “Ал айтты: Ал уй кордолуп жер айдабаган жана жер сугарбаган,[63] жана ал айыбы жок,[64] өз өңүнөн башка өң болбогон болсун!” Алар: “Мына азыр сен чындыкты айттың”,[65]– дешти. Ошентип, алар бир аз кыйналышып, аны союшту.[66]
  72. Бирөөнү өлтүрүп коюп, ал тууралуу өз ара талаш тартышка түштүңөр, а Алла силер жашырганды ачыкка чыгарат.
  73. Биз аларга: “Аны союлган уйдун бир бөлүгү менен ургула!” – дедик. Ошол сыяктуу эле Алла өлүктөрдү тирилтет, силер акылыңарга келүүңөр үчүн силерге өз кереметтерин көргөзөт.
  74. Андан соң силердин жүрөгүңөр таш сыяктуу, же андан да катуурак болуп калды. Анткени таштардын арасында булактар сызылып агып чыккандары бар, алардын арасында ташты жарып суу агып чыккандары да бар, алардын арасында Алланын алдында Алладан корккондугунан төмөн акканы бар. Алла силердин жасап жатканыңарды байкабай калбайт!
  75. Чындап эле силер[67] аларды[68] ыйман келтирет деп үмүттөнүп, каалап турасыңарбы? Акыйкатта, алардын арасында бир бөлүгү Алланын сөзүн угуп турушуп, качан акыл калчагандан[69] кийин аны өздөрү билип эле өзгөртүп ийишкен.
  76. Алар качан ыймандууларга жолуккан кезде: “Биз ишенебиз”, – дейт. А качан (өздөрү) бир бири менен ээн жолуккан кезде: “Алла силерге ачкан нерселер[70] жөнүндө сүйлөшүп жатасыңарбы? Алар силердин зыяныңарга Эгеңердин алдында далил кылуулары үчүн, акылыңарга келбейсиңерби?”-дешет.
  77. Ырас эле алар (иудейлер) Алла алардын жашырып жаткандарын да жана алардын ашкере кылгандарын да билип турарын билишпейби?!
  78. Алардын[71] арасында өз китебин билбеген, окуп, жазууну да билбеген, өздөрүнүн Китебинен курулай үмүттөрдү гана билгендер бар.[72] Анткени алар – жалаң гана шек келтиришет.
  79. Азыраак болсо да пайда табуу үчүн өз колдору менен китеп жазып алышып, анан аны: “Бул Алладан келген”, – дегендерге азап болсун! Аларга колдору менен жазгандары үчүн азап болсун, алар кылган кесиптери[73] үчүн азап болсун!
  80. Алар: “Бизди тозок оту бир нече күн гана күйгүзөт”, – дешет. Аларга (минтип) айт: “Чын эле силер Алладан келишим-убада алдыңарбы? Алла келишим-убадасын өзгөртпөйбү? Же силер Аллага билбеген нерселериңерди айтып жатасыңарбы?”
  81. Ооба! Ким жамандыктан пайда тапса жана күнөөгө оролуп батса, анда алар – отту ээлөөчүлөр, алар анда түбөлүккө калышат!
  82. А ыймандуулар, жакшылык иш кылгандар, алар Бейиш ээлери, алар анда түбөлүккө болушат.
  83. Биз Исраил уулдарынан убадаларын алганбыз: “Силер Алладан башка эч кимге сыйынбагыла; ата-энеңерге жакшы сөз сүйлөгүлө, намаз окугула жана зекет[74] бергиле”, – дедик. Андан соң силердин көбүңөр баш тартып, артка кетенчиктедиңер[75].
  84. Биз силерден келишим-убада алдык: “Силер бир-бириңердин каныңарды төкпөйсүңөр жана бир бириңерди турак жайыңардан кууп чыкпайсыңар”, – дедик. Силер  өзүңөр күбө болгон элеңер.
  85. Андан соң да силер бири-бириңерди өлтүрүп жатасыңар, өзүңөрдөн болгон бир жамаатты турак жайынан чыгарып жатасыңар, алардын үстүнөн күнөө жана душмандык кылууда бир-бириңе жардам берип жатасыңар.[76] А эгер силерге туткундар келишсе,[77] аларга силер акча төлөбөйсүңөр.[78] Аларды кууп чыгууга силерге тыюу салынган болучу.[79] Ырас эле силер Китептин[80] бир бөлүгүнө ишенип, а экинчи бир бөлүгүн четке кагасыңарбы? Силердин араңардагы мындай ишти кылганыңарга бул дүйнөдө кордук, ал эми Кыямат Күнүндө алар эң чоң азапка ташталат. Алла силердин эмне кылып жатканыңарды байкабай калбайт.
  86. Алар бул дүйнөдөгү жашоону акыреттеги жашоосунун ордуна сатып алгандар, алардын жазасы жеңилдетилбейт, аларга жардам да берилбейт.
  87. Биз Мусага Китеп бердик, анын артынан Пайгамбарларды жөнөттүк. Биз Марйам уулу Исага ачык-айкын кабарларды бердик жана аны ыйык Жебреил менен бекемдедик. Ырас эле силерге көңүлүңөр каалабаган нерсе менен элчилер келген сайын менменсине бой көтөрө бересиңерби? Алардын кээ бирөөлөрүн жалганчы дедиңер,  бир тобун өлтүрдүңөр.
  88. Алар:[81] “Биздин жүрөгүбүз кулпуланган”[82] – дешет. Жок! Алардын каапырлыктары үчүн аларга Алланын наалаты тийди. Алардын өтө аздары гана ыйман келтиришет.
  89. А качан аларга Алладан алардагыны[83] тастыктай турган Китеп[84] келгенде, а алар (иудейлер) андан мурун каапырларга каршы жеңиш суранып[85] келишкен эле, а качан аларга билген нерсе келгенде, алар буга[86] ишенишпеди. Каапырларга Алланын каргышы болсун!
  90. Алла өзү каалаган пенделерине өзүнүн ырайымы менен аяттарын жибергенине каршы чыгып, Алла жиберген нерселерге каапырлык кылышып, өздөрүнө сатып алышы кандай жаман. Анан каар үстүнө каар алып кайтышты. Каапырлар үчүн кордоочу азап бар.
  91. Ал качан аларга: “Алла жөнөткөнгө ишенгиле”, – дегенде,- алар: “Бизге жөнөтүлгөнгө ишенебиз”,[87] – дешет, а анын[88] артынан жөнөтүлгөндү[89] танышат, ал алардагыны[90] башка тастыктоочуну[91] жокко чыгарышат. Аларга (иудейлерге): “Эмне үчүн ыймандуу болсоңор, анда мурда[92] Алланын пайгамбарларын өлтүрдүңөр?!” – деп айт.
  92. Силерге ачык-айкын кабарлар менен Муса келди; бирок ал жок учурда[93] силер музоого сыйына баштап, силер адашуучулардан болдуңар.
  93. Биз силерден келишим алып, силердин үстүңөргө Тур тоону көтөрдүк[94]: “Силерге Биз бергенден күч-кубат алгыла жана уккула!”[95] – дедик. Алар: “Биз уктук, бирок баш ийбейбиз” – дешти. Алар өздөрүнүн каапырлыгы менен жүрөктөрүн музоого[96] сугарышкан эле. “Эгер силер ыймандуу болсоңор, анда ыйманыңар буйруган нерсе өтө жаман”, – деп айт.
  94. “Эгерде, Алланын алдында Акыреттеги жай силер үчүн гана болсо, а башкаларга болбосо, анда өзүңөргө өлүмдү каалагыла. Эгер чынчыл болсоңор!” – деп айт.
  95. Бирок алар өз колдору менен кылган иштеринен аны[97] эч убакта каалашпайт. Акыйкатта, Алла адашкандарды жакшы билүүчү.
  96. Чындыгында, сен алардын бардык адамдарга[98] караганда жана (Аллага) ширк келтиргендерден[99] да жашоого өтө кызыкдар экенин байкайсың. Алардын кимиси болсо да ага миң жыл жашоо берилишин каалар эле. Бирок мынчалык узун жашоо да аларды азаптан оолактата албайт.[100] Акыйкатта Алла алардын эмне кылгандарын билип турат.
  97. Айт: “Жебреилге ким душман боло алат?!” Анткени Алланын уруксаты менен ал аны[101] түз жол, кубанычтуу кабар катары ыймандууларга ага чейинки түшүрүлгөндөрдү тастыктоо үчүн сенин жүрөгүңө түшүрүп турган.
  98. Ким Аллага, Анын периштелерине,  Анын пайгамбарларына, Жебреилге жана Микайилге[102] душман болсо, акыйкатта Алла – каапырлардын душманы.
  99. Биз сага ачык-айкын аяттарыбызды жөнөткөнбүз жана ага анык адашкандар гана ишенбейт.
  100. Ар бир жолу алар[103] келишим түзүшкөн соң, алардын бир бөлүгү аны таштап салышат.[104] Балким алардын көпчүлүгү ишенишпейт.
  101. Качан аларга, аларда болгонду тастыктоо үчүн Алладан Элчи[105] келгенде, китеп берилгендердин[106] бир бөлүгү аны билбеген өңдүү арт жактарына ыргытышты.
  102. Алар Сулаймандын[107] падышалыгынын учурунда шайтандар окуганга ээрчишти. Сулайман каапыр эмес эле. Бирок, шайтандар каапыр болуучу. (Алар) адамдарды сыйкырга жана Бабилдеги[108] эки периште Харут менен Марутка[109] түшүрүлгөнгө үйрөтүшкөн. Бирок: “Биз азгырык-сыноочубуз, каапыр болуп калбагыла!” – деп айтмайынча, ал экөө эч кимге үйрөтүшкөн эмес. Алар болсо тигилерден эркекти аялынан кантип ажыратууну үйрөнүшкөн. Бирок алар[110] Алланын уруксатысыз эч кимди ажырата алышкан эмес. Алар (кишилер) өздөрүнө пайда келтирбеген жана зыян келтире турган нерсени үйрөнүшкөн. Алар мындай ишти кылгандарга акыретте эч кандай үлүш жоктугун жакшы билишкен. Эгер алар[111] билишсе, өз жандары үчүн сатып алгандары кандай жаман!
  103. Эгер алар ыйман келтирип жана такыба болушса, анда Алланын алдындагы сыйлык эң мыкты, эгер аны билишсе.
  104. Эй, ыйман келтиргендер! Пайгамбарга: “Рооина[112] – бизге көз сал”, – деп айтпагыла, а: “Бизди кара”, – деп айткыла жана уккула! А каапырлар үчүн оорутуучу азап бар!
  105. Китеп ээлеринен[113] болгон жана көп кудайчылардан чыккан каапырлар[114] силерге, силердин Эгеңерден жакшылык түшүүсүн жактырышпайт. А Алла өз мээримдүүлүгү менен кимди кааласа тандайт. Алла, улуу ырайымдуулуктун ээси.
  106. Биз аяттарыбызды[115] өзгөртсөк, же аны унуттурсак[116], анын[117] ордуна андан жакшысын, же ага окшошун келтиребиз. Чынында эле Алла бардыгына кудурети жетээрин билбейсиңби?
  107. Акыйкатта сен Асмандар менен Жердин бийлиги Аллада гана экендигин, Алладан башка силерде тарапкер да, жардам берүүчү да жок экендигин билбедиңби?
  108. Мүмкүн силер өзүңөрдүн пайгамбарыңардан, мурун Мусадан сурагандай суроолорду[118] каалап жатасыңарбы? Бирок, эгер ким ыйманды ишенбөөчүлүккө алмаштырса, ал туура жолдон адашканы.
  109. Китеп ээлеринен[119] болгон бир топтор акыйкат баяндалган соң, көралбастык жана каапыр абалдарында силерди ыйманга келгениңерден кийин каапырга айландыргылары келишет. Алланын буйругу келгенче аларды кечиргиле,  алардан жүз үйрүгүлө! Алла баарына кудурети жетүүчү!
  110. Намазга тургула жана зекет[120] бергиле! Ошондо Алланын алдында жакшылык табасыңар. Албетте, Алла силердин эмне кылганыңарды көрүп турат.
  111. Алар:[121] “Бейишке иудей же христиан болгондон башка эч ким кире албайт”, – дешет. Бул – алардын үмүт-тилеги гана! Аларга: “Эгер айтканыңар чын болсо, далилдерди[122] келтиргиле!” – деп айт.
  112. Жок! Ким жүзүн Аллага арнап бурса[123] жана жакшылыктар кылса, ага Алланын алдында сыйлыктар бар. Алардын үстүнөн коркунуч да, кайгы-капа да эч болбойт.
  113. Иудейлер: “Христиандар түз жолдо эмес”, – дешет. Христиандар: “Иудейлер түз жолдо эмес”,- дешет. Алардын ушул өңдүү сөздөрүн эч нерсени билбегендер[124] да кайталашат. Алардын ортосунда Алла Кыямат Күнүндө өз өкүмүн чыгарат.
  114. Алланын ысымдары эскерилип, макталып жаткан – Ага сыйынуучу жайларды[125] кыйратып-бузууга аракеттенгенден да ашкан, адашкан бирөө болобу?![126]
  115. Чыгыш да, Батыш да Аллага гана таандык. Сен кайда гана караба: ал жакта Алланын жүзү.[127] Албетте, Алла Камтуучу, Билүүчү!
  116. “Алла өзүнө уул алды”, – дешет.[128] Ага (Аллага) аруулук![129] Ага Асман жана Жердеги бардык нерселер таандык. Баары Ага баш ийет!
  117. Ал Асман менен Жердин Жаратуучусу. Ал бир нерсени кылууну кааласа: “Бол!” – дейт, болуп калат!
  118. “Алла биз менен сүйлөшпөйбү, же бизге белги (далил) келбейби?” – деп билбегендер[130] айтышат. Алардыкына окшогон сөздөрдү аларга чейинкилер да айтышкан болучу. Алардын жүрөктөрү бири-бирине окшош. Биз ишенген адамдар үчүн Өз белгилерибизди[131] баяндадык.
  119. Биз сени акыйкаттык кабарды жеткизүүчү, эскертүүчү кылып жөнөттүк жана сен отту ээлөөчүлөр[132] жөнүндө (үчүн) суралбайсың.
  120. Иудейлер да, христиандар да, сен алардын динине ээрчимейинче ыраазы болушпайт. (Аларга): “Алланын жолу ал – акыйкат жол!” – деп айт. А эгер  сага маалымат[133]  келген соң алардын көңүлдөрүнө ээрчисең, анда сага Алладан тарапкер да, жардамчы да болбойт.
  121. Биз Китеп бергендер аны татыктуу түрдө окушат; Алар ага ишенишет. А ага ишенбегендер болсо зыянга учурашат.
  122. Эй, Исраил урпактары! Менин силерге көргөзгөн ырайымдуулугумду эстегиле: анда, Мен силерди ааламдардагылардан артык кылдым.[134]
  123. Бир жан башка бир жандын күнөөсүн көтөрбөй турган, күнөөсүнө төлөм да алынбай турган жана колдоо да пайда бербей, жардам да кылынбай турган Күндөн[135] корккула!
  124. Ибрахимдин Эгеси (аны) буйруктарды берип сынады. Ал[136] аларды аткара алды. (Эгеси) ага: “Мен сени элдерге өрнөк[137] кылам!” – деди. “А менин урпактарымчы?” (- деди Ибрахим). “Менин келишимим адашкандарга жетпейт”[138] (- деди Эгеси).
  125. Ошентип, Биз бул /йдү[139] адамдар жыйнала турган тынч жай кылдык; жана: “Ибрахимдин ордун намаз окуучу жай кылып алгыла!” Биз Ибрахим менен Исмаилге келишим жасадык: Менин /йүмдү айлануучулар[140] менен анда тургандарга жана намаз окуучулар үчүн тазалагыла.
  126. Ибрахим айтты: “Эгем! Бул жерди тынч кыл. Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирген элин мөмө-жемиштерден ырыскылант.” Ал (Алла) айтты: “А каапырларды болсо Мен азыраак гана пайдалантам. Андан соң аларды оттун азабына аргасыз кылам. (Ал) кандай жаман – кайтып баруучу жай!”
  127. Ибрахим менен Исмайыл /йдүн[141] дубалын түптөдү. (Алар): “О, Эгебиз! Бизден кабыл кыла көр! Албетте Сен Угуучу жана Көрүүчүсүң!” (- дешти).
  128. “Оо, Эгебиз! Бизди Өзүңө баш ийүүчүлөрдөн кыл жана биздин урпактарыбыздан да Өзүңө баш ийүүчү кыла көр. Ибадат кылуу жолдорун үйрөт. Биздин тооболорубузду кабыл кыла көр. Албетте, Сен тооболорду кабыл кылуучу жана Мээримдүүсүң!”
  129. “Оо, Эгебиз! Аларга өздөрүнүн арасынан Сенин аяттарыңды окуп, аларга жеткире турган,  аларга китепти (Куранды), даанышмандуулукту үйрөтө турган жана аларды (күмөндөрдөн) тазалай турган бир элчи жибер. Албетте, Сен Ызаттуу, Даанышмансың!”
  130. Өзүнө наадандык кылгандан бөлөк ким Ибрахимдин дининен баш тартат? Биз аны бул дүйнөдө тандадык, ал эми акыретте, албетте, ал эң мыктылар менен.
  131. Ага анын Эгеси: “Мага моюн сун!” – дегенде: “Мен ааламдардын Эгесине моюн сундум”[142] – деди.
  132. Ибрахим да, Йакуп[143] да аны (моюн сунууну) – балдарына осуят кылды: “Эй балдарым! Акыйкатта Алла силер үчүн динди тандап берди. Силер мусулман болмоюнча өлбөгүлө!”
  133. Силер Йакупка өлүм келген кезинде күбө болдуңар беле?! Ал[144] өзүнүн балдарына: “Мен өлгөндөн соң силер кимге сыйынасыңар?” – деди. Алар айтышты: “Биз сенин Эгеңе жана сенин аталарыңдын – Ибрахимдин, Исмаилдин жана Исхактын Эгеси болгон бир Кудайга гана табынабыз,” (- дешти).
  134. Бул эл небак өтүп кетти; Аларга[145] өздөрү жасаган иштери, а силерге өзүңөр жасаган иштериңер. Силер алардын эмне кылгандыгы жөнүндө суралбайсыңар.
  135. Алар: “Иудей, же христиан болгула, туура жолду табасыңар”, – дешет. Силер: “Жок! Ибрахимдин дини таза,[146] ал көп кудайчылардан болгон эмес”, – дегин!
  136. Айткыла:[147] “Биз Аллага, бизге жөнөтүлгөнгө, Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Йакупка, неберелерине жана да Муса менен Исага жөнөтүлгөнгө, бардык пайгамбарларга, Эгесинен жөнөтүлгөн нерселерге ишенебиз. Биз алардын арасынан эч бирөөсүн да ажыратпайбыз[148] жана биз Ага моюн сунуучуларданбыз.”
  137. Эгер алар силер ишенип жаткандай ишенишсе, анда  туура жолду табышкан болор эле. Эгер алар моюн толгошсо, анда тек гана  талаш-тартышта  Алла сени аларга жетиштүү кылып коет. Ал Угуучу жана Билүүчү!
  138. Алланын дини… Дин жагынан Алланыкы (дини) эң мыкты. Биз Ага гана сыйынабыз!
  139. Айткын:[149] “Алла жөнүндө бизге каршы чыгасыңарбы? Ал биздин да Эгебиз, силердин да Эгеңер, бизге өзүбүздүн жасаган амалдар,[150] ал эми силерге өзүңөрдүн жасаган амалдарыңар (таандык). Биз Ага ыкылас кылуучуларданбыз.”
  140. Ибрахим, Исмаил, Исхак, Йакуп жана (алардын) урпактары иудейлер, же христиандар болгон деп айтасыңарбы?” “Силер билесиңерби, же Алла билеби?” – дегин. А Ага (Аллага) күбөлүк берүүнү өзүндө жашыргандан да ашкан адашкан бирөө болобу? Акыйкатта, Алла силердин эмне кылып жатканыңарды байкабай калбайт.
  141. Бул эл небак өтүп кетти; Аларга өздөрү жасаган иштери, а силерге өзүңөр жасаган иштериңер (таандык). Силер алардын эмне кылгандыгы жөнүндө суралбайсыңар.

 

 

Үчүнчү бөлүм

  1. Алла элчилердин[151] кээ бирин башкасынан артыгыраак жаратып, алардын айрымдары менен сүйлөштү. Кээ бирөөсүнүн даражасын (башкасынан) жогорураак кылды. Марйам уулу Исага кереметтерди берип, аны Жебреил аркылуу күчтөндүрдүк. Эгер Алла кааласа аларга[152] далилдер(китептер) келген соң, пайгамбарлардан кийин алар согушпайт болчу. Бирок алар бири-бирине каршы чыгышты. Анан алардын кээ бирлери[153] ыйман келтирип, калган бөлүгү (ыймандан) баш тартышты. Эгер Алла кааласа алар бири-бири менен согушпайт эле. Бирок Алла (Өзү) каалаганын жасайт!
  2. Эй, ыйман келтиргендер! Силерге берген ырыскыбыздан соодалашуу, достук, жан тартуу болбой турган Күн келгенге чейин Алла жолунда сарптагыла. Каапырлар – алар заалымдар.
  3. Алла! Андан башка кудай жок. Ал – Тирүү, Түбөлүк! Ал – үргүлөбөйт, уктабайт. Асмандардагы жана жердеги нерселер Ага (гана) таандык. Анын алдында Өзүнүн уруксатысыз ким колдоочулук кыла алат?! Алардын[154] алдындагыларды[155] да, артындагыларды[156] да билет. Алар[157] Анын каалоосунан башка эч нерсе билишпейт. Анын күрсүсү (билими) асмандар менен жерди камтыйт. Ага ал экөөсүн сактоо – кыйын эмес. Ал – абдан Бийик, өтө Улуу!
  4. Динде зордоо жок. Чындыгында, тууралык менен азгырыктын ажырымы айкын болду. Кимде ким будпарастыктан баш тартып, Аллага ыйман келтирсе, ошондо ал (эч качан) кыйрабас бекем таянычка ээ болот. Алла – Угуучу, Билүүчү!
  5. Алла – ыймандуулардын досу. Аларды караңгылыктан жарыкка чыгарат. Каапырлардын досу – аларды жарыктан караңгылыкка алып баруучу таагуттар[158]. Алар – Тозок ээлери. Ал жерде түбөлүккө калышат.
  6. Алла падышалык(Ээлик) бергендигин Ибрахим менен анын Эгеси жөнүндө[159] талашкан (адам)[160] тууралуу билесиңби? Ошондо Ибрахим: «Эгем өлтүрөт жана тирилтирет», -деди. Ал: «Мен да өлтүрө да, тирилте да алам[161]», -деп айтты. Ибрахим: «Чындыгында, Алла күндү Чыгыштан чыгарат, сен аны батыштан чыгарчы?!» –деди. Ошондо каапыр(Намрут) осол[162] болду. Алла заалым элди Туура Жолго түшүрбөйт,
  7. же чатырлары кулаган кыштактан өткөн (адамды)[163] билесиңби? «Буларды[164] өлгөн соң Алла кантип тирилтет?!» – деп ойлоду. Алла аны жүз жылга өлтүрүп, анан тирилтип: «Канча (убакыт) жаттың?!» – деп сурады. Ал: «Бир күн же жарым күн (гана жаттым)» – деди. (Алла): «Андай эмес! Сен жүз жыл (өлүп) жаттың.  Тамагыңа, суусундугуңа бир көз салчы: өзгөргөн эмес.  Эшегиңди кара[165]… Сени адамдарга үлгү кылуу үчүн[166]. Сөөккө кара[167], анын сөөктөрүн (мына) кандай кураштырып,  эт менен каптадык[168].  Качан ага айкын болгондо[169] ал: «Билем, чындыгында, Алла баардык нерсеге Кудуреттүү», -деди.
  8. Ибрахим: «Эгем, өлүктү кантип тирилтесиң? Мага көргөзчү» – деген учурда, (Алла) айтты: «Ишенбейсиңби?». (Ибрахим) айтты: Албетте (ишенем), бирок жүрөгүмдүн тынчтануусу үчүн (билгим келет). (Алла) айтты: «Канаттуулардан төрттү алып, (союп), этин аралаштырып, ар бир тоого алардын (этинен)  бирден үзүм ташта. Андан кийин аларды чакыр. Алар сага дароо (жетип) келишет. Билгин: Чындыгында Алла – Мартабалуу, Даанышман».
  9. Мал-мүлкүн Алла жолунда сарптагандар – ар сабагында жүздөн дан (урук) алган, жети баш өндүргөн бир даана данга окшош. Алла кимге кааласа көбөйтүп берет.  Алла – Жоомарт, Билүүчү.
  10. Мал-мүлкүн Алла жолунда сарптагандарын кийин колко (милдет) кылууну, жагымсыздыкты эрчиткендердин сооптору Эгелеринин алдында. Аларга коркунуч да[170], кайгы да жок[171].
  11. Жакшы сөз жана кечиримдүүлүк – ыза ээрчитип келген садакадан жакшы[172]. Алла – Бай жана Жумшак.
  12. Эй, ыйман келтиргендер!  Мал-мүлкүн  элдер көрсүн үчүн сарптаган, Алла менен Акырет күнүнө ишенбеген (адамга) окшоп, садакаңарды колко кылып, же ыза менен[173] бузуп албагыла. Ал – үстүндө топурагы бар жылма ташка окшош.  Ага[174] катуу жамгыр жааса, аны (түшүмүн жууп кетип) таш боюнча калтырат. Алар өздөрү кылган иштин эч бирине ээ боло алышпайт.  Алла – каапыр элдерди Туура Жолго салбайт.
  13. Мал-мүлкүн[175] Алланын ыраазылыктарын көздөп сарптагандар жана өз напсилерин бекемдегендер – дөңсөөдөгү бакчага окшош:  Ага нөшөр жааса эки эселеп түшүм берет.  А эгерде жаабаса, (ага) себелеген жамгыр  (деле жетиштүү). Алла эмнени жасасаңар (да баарын) Көрүүчү.
  14. Силердин кимиңер алдынан дарыялар агып турган бардык жемиштери бар курма жана жүзүм бакчасы болушун, балдары алсыз, өзү картайган кезде, анын бакчасын оттуу бороон каптап, өрттөнүп калышын каалайт белеңер[176]? Ой жүгүртүүңөр үчүн Алла силерге аяттарын ушундай түрдө түшүндүрөт.
  15. Эй, ыйман келтиргендер! Өзүңөр иштеп тапкан жакшылыктардан жана Биз силерге жерден чыгарып берген нерселерден сарптагыла.  Өзүңөр көздөрүңөрдү жумуп араң гана кармай турган (жаман) нерселерди сарптоо үчүн тандабагыла[177]. Алла – Бай, Макталуучу – экенин билип койгула!
  16. Шайтан кедейликти убада кылып, бузукулукка буйруйт. Алла силерге Өзүнүн кечиримин жана ырайымын убада кылат. Чындыгында, Алла – баарын Камтуучу, Билүүчү!
  17. Ал даанышмандыкты кимге кааласа берет. Кимге даанышмандык берилсе, демек ага жакшылык мол берилди. Бирок муну акыл ээлери гана түшүнө алат.
  18. (Алла жолунда) сарпталган ар бир садаканы, назир[178] кылган ар бир сооп ишетриңди Алла билет. Заалымдардын колдоочусу жок.
  19. Эгерде садаканы ашкере кылып берсеңер- ал кандай сонун. Ал эми аны жашыруун жасап, кедейлерге берсеңер-ал силер үчүн андан да жакшы. Ал[179] силердин жамандыктарыңарды өчүрөт. Алла жасап жаткан ишиңерден Кабардар!
  20. (Каапырларды) Туура Жолго түшүрүү – сенин милдетиң эмес. Бирок, чындыгында, Алла кимди кааласа Туура Жолго салат. Жакшылыктан эмне сарптасаңар да[180], өзүңөр үчүн. Алланын ыраазылыгын гана көздөп сарптагыла! Жакшылыктан эмне сарптасаңар (ал) силер үчүн толук берилет[181] жана силер адилетсиздикке кабылбайсыңар.
  21. Алла жолунда курчалган[182] кедейлер[183] Жер бетинде сапарга[184] чамалары жетпейт. (Алар) каниеттүү болгондуктан билбеген киши бай деп эсептейт. Алардын (кедейликтери) жүздөрүнөн[185] тааныйсың. Алар адамдардан суранышпайт. Жакшылыктан эмнени сарптабагыла, чындыгында, Алла – аны Билүүчү!
  22. Мал-мүлктөрүн күнү-түнү жашыруун да, ачык да сарптагандардын сооптору (алардын) – Эгелеринин алдында. Аларга (эч кандай) коркунуч жок, алар кайгырышпайт.
  23. Сүткорлук кылгандар (Кыямат Күнү) мүрзөлөрүнөн жин тийген киши сыяктуу турушат. Ага – алардын: “Чындыгында соода сүткорлукка[186] окшош”,-дегени себеп. Алла сооданы адал, бирок сүткорлукту арам кылды. Кимге Эгесинен насаат Сөз[187] келген кезде, өздөрүн тыйышса, мурункулары[188] (кечирилет), а иши Аллага[189]. Кимде ким (сүткорлукка) кайтса, алар – Тозок ээлери. Алар анда – түбөлүккө калышат.
  24. Алла – сүткорлукту жокко чыгарып, садаканы арттырат. Алла ар кандай күнөөкөр-каапырларды жакшы көрбөйт.
  25. Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасап, намазын орундатып[190], зекет бергендердин сооптору Эгелеринин алдында. Аларга коркунуч да, кайгыруу да болбойт.
  26. Эй, ыйман келтиргендер! Алладан корккула, эгер ишенсеңер[191] сүткорлуктан калган нерсеңерди таштап койгула[192].
  27. Эгер (сүткорлукту таштоону) каалабасаңар, муну – Аллага, анын элчисине каршы согуш деп билгиле. Эгер (сүткорлукту таштап) тообо кылсаңар ошол учурдагы  (бар болгон адал)  мүлкүңөрдүн баасы өзүңөргө (пайда). Зулумдук[193] кылбагыла, (ошондо) зулумдукка кабылбайсыңар!
  28. Ал эми эгер кедейчиликтин кыйынчылыгында болсо, ал байыганга чейин күткүлө[194]. Ал эми эгер билсеңер: кайрымдуулук[195] өзүңөр үчүн жакшыраак.
  29. Аллага кайтып келе турган Күндөн корккула (сактангыла). (Ал Күнү) ар бир жанга ар бир кылган иши үчүн толук акысы берилип, аларга[196] зулумдук[197] кылынбайт.
  30. Эй, ыйман келтиргендер! Белгилүү бир мөөнөткө бири-бириңерден карыз алсаңар (берсеңер), аны жазып койгула![198] Анан да ортоңордо бир катчы адилеттүү жазсын. Катчы Алланнын ага үйрөтүүсү боюнча[199] жазуудан баш тартпасын. (Карызды кайтаруу) милдеттендирилген (адам) айтып, ал (катчы) жазсын. (Жазган) Эгеси болгон Алладан корксун жана андан[200] эч нерсе кемитпесин.  Эгер карыз(киши) акылсыз, алсыз[201], же  ал жазууга кудуретсиз болсо, андай учурда өкүлү[202] адилеттүүлүк менен жазсын. Эркектерден эки күбөнү күбө катары катыштыргыла. Эгер эки эркек болбосо, андай учурда күбөлүккө өтүүгө өзүңөр ылайык көргөн бир эркек менен эки аял[203]. (Аялдын) бирөөсү адашса, экинчиси аны түзөйт (эскерет). Күбөлөр чакырылган кезде баш тартышпасын[204].  (Карыздын) аз же көп экенине карабастан белгилүү мөөнөткө жазып койуудан эринбегиле. Мына ушул – Алланын алдында адилеттүүрөөк жана бекемирээк. Күбөлүк үчүн мыктыраак жана күмөнсүрөбөшүңөргө жакыныраак. Бирок өз ара кол алышып, жасалган нак соода болсо, аны жазуунун кажети жок.  Соодалашкан кезде күбөлөндүргүлө.  Катчы да, күбө да зыянга учурабасын.  Эгер андай кылсаңар[205] ал силер үчүн күнөө. Алладан корккула. Ошондуктан Алла силерге үйрөттү[206]. Алла – бардык нерсени Билүүчү.
  31. Эгер сапарда болуп, катчы таба албасаңар, андай учурда күрөө алынат. Эгер бири-бириңерге ишенсеңер ишенилген тарап аманатын[207] тапшырсын. Ошону менен бирге эле Эгеси болгон Алладан корксун[208]. Күбөлүктү (көргөнүңөрдү) жашырбагыла. Ким аны жашырса, жүрөгү күнөөкөр (болот). Алла – силердин жасаганыңарды Билүүчү!
  32. Асмандардагы жана жердеги нерселердин баары Аллага таандык. Силер көңүлүңөрдөгүнү жашырсаңар да, ашкере (шардана) кылсаңар да, Алла ал тууралуу силерден (баары бир) сурак алат. Ал кимди кааласа кечирип, кимди кааласа  азаптайт. Алла бардык нерсеге Кудуреттүү!
  33. Элчи менен момундар Эгеси тарабынан түшүрүлгөнгө[209] ыйман келтиришти. Баарысы Аллага, Анын периштелерине, Анын Китептерине, Анын элчилерине ишеништи. Алар: “Анын элчилеринин эч кимисин биз бөлбөйбүз”[210]. (Алар): “Угуп, моюн сундук”, –дешти. О Эгем, Сенин кечиримиңди тилейбиз жана Сага гана кайтып барабыз.
  34. Алла ар бир жанга мүмкүнчүлүгү жеткен гана милдетти жүктөйт. (ар бир жандын) жасаган жакшылыгы – өз пайдасына, ал эми жамандыгы – өз зыйанына. “О Эгем, эгер унутуп, же жаңылып калсак бизди азаптай көрбө! О Эгем, бизге мурункуларга жүктөгөнүңдөй оор жүк [211]жүктөй көрбө! О Эгем, бизге күчүбүз жетпегенди жүктөбө! Бизди (Оттон) куткар! Бизди кечир! Бизге ырайым кыла көр! Сен – биздин Кожоюнубузсуң! Каапыр коомдорго каршы[212] бизге жардам бер!

 

[7] Бакара-Уй

[8] Бул аяттын мааниси жалгыз Жаратканга гана маалым.

[9] Куран.

[10] Такыба – Кудайдан коркуу; тили, колу,  же жүрөгүндө жамандык кылбоо, же аны каалабоо.

[11] Такыбалар.

[12] Кайра тирилүү, Бейиш.

[13] Алла жолуна.

[14] Ыйык Куранга.

[15] Тоорат, Инжил ж.б.у.с.

[16] Кыямат Күнү, (Кудайдын бүткүл ааламдык Соту), өлгөндөрдүн кайра тирилүүсү, Түбөлүк жашоонун башталуусу жана улануусу.

[17] Алардын сыйлыгы Бейиш болот.

[18] Динге чакыруу.

[19] Эки жүздүүлөр – мунафыктар.

[20] Шек, рия, эки жүздүүлүк.

[21] Аллага.

[22] Алардын шылдыңынын жазасын берет.

[23] Туура жолду берип, адашууну алгандар.

[24] Кудайга жана Анын жазасына ишенбегендердин ал-абалы да дал ушундай.

[25] Мухаммед (с.а.в.га)

[26] Куран аяттарына

[27] Кудайларыңарды.

[28] Тозоктон.

[29] Бейиш бакчалары.

[30] Жалган дүйнөдө деле ушундай жемиштерди жегенин эскерет. Бирок даамы окшобойт.

[31] Хур кыздары.

[32] “Истиваа” сөзү өзүнө бир нече маанини камтыйт. Андыктан бул сөздү терең изилдөө шариатта максатсыз. Демек, бул сөздөн Алла эмнени кааласа, ошого ыйман келтирүүгө милдеттүүбүз. Ар кандай чечмелөөлөрдү айтып, талашып-тартышууга тийиш эмеспиз. Ошентсе да, айрым маанилерди айта кетүү максатка ылайык: а) орун алуу; б) жайлануу; в) көтөрүлүү; г) камынуу; д) багыт алуу.

 

[33] Таазим кылуу.

[34] Шайтандардын атасы, чоңу.

[35] Алла.

[36] Адам атанын.

[37] Тозокту

[38] Тооратты.

[39] Куран.

[40] Намазды жамаат менен окугандар; намазды жамаат менен окугула.

[41] Алладан корккондор

[42] Алладан корккондор.

[43] Башка элдерден.

[44] Берген төлөмүнүн пайдасы жок. Аны эч ким албай турган күн.

[45] Египеттин каапыр падышасы.

[46] Кызыл Деңизди.

[47] Тооратты бериш үчүн

[48] Тоорат.

[49] Адал менен арамды.

[50] Күнөөсүз күнөөлүүнү.

[51] Тарыхта жөөттөр бирин-бири өлтүрүп, 3000 киши өлтүрүлгөндүгү айтылат.

[52] Мусанын коомундагылар.

[53] Бул тууралуу айтылган кабарлар эки түрдүү: 1. Өлүмгө учурагандар кайра тирилген; 2. Эс-учун такыр жоготуп жатып калгандар кайрадан эсине келтирилген.

[54] Хиттатун.

[55] Йакуптан таралган Исраил уулдарынын он эки уруусу.

[56] Иудейлер-жөөттөр

[57] Иудейлердин, же христиандардын бир тайпасы

[58] Бул келишим боюнча алар өздөрүнүн Эгесинин бардык эреже, буйруктарын аткарууга тийиш болушкан.

[59] Тур тоосу, б. а. Синай тоосу. Азирети Муса пайгамбар Алладан кабар-буйруктарды ошол Тур тоосунда туруп элине алып келген, ал эми Мусанын коому ошол тоонун түбүндө жашап турушкан.

[60] Иудейлердин мыйзамы боюнча ал күнү эч кандай жумуш кылбай, аң улоого да барбай, күндү жалаң гана Кудайга сыйынуу менен өткөрүүгө тийиш болушкан. Тигилер  аны бузушкан.

[61] Алар маймылдарга айлантылып салынган.

[62]  Алардын Эгеси эмес, жеке гана Мусаныкы өңдүү кайрылышканы байкалууда.

[63] Аны менен суу ташылбаган

[64] Кемчилиги жок (мисалы:кулагы кесилбеген, таноосу жырылбаган, жоору жок ж.б. айыбы жок уй).

[65] Буга чейин Муса калп айтып жаткан өңдүү мамиле кылгандары байкалууда.

[66] Эгерде алар буйрук келер менен  белгилерин сураштырып отурбай эле бир уйду сойгондо мынчалык убара болушпас эле.

[67] Мусулмандар.

[68] Иудейлер – жөөттөр.

[69] Акылдары жетсе деле.

[70] Тооратта айтылгандарды.

[71] Жөөттөрдүн.

[72] Алардын дин кызматкерлери алардын көзүн будамайлап, аларда жалган үмүт каалоолорду козутушкан.

[73] Китебин сатып.

[74] Жетим-жесир, кедей, оорукчан, жолоочу, муктаж адамдарга милдеттүү түрдө берилүүчү салык – жардам.

[75] Келишимден.

[76] Сөз мында Мединалык иудейлерге да тиешелүү.

[77] Колго түшкөндөрдү сатуу үчүн кайра алып келишсе.

[78] Тооратта көргөзүлгөндөй.

[79] Тооратта көргөзүлгөн боюнча.

[80] Тоораттын.

[81] Иудейлер.

[82] Кулпу салынып бекитилген.

[83] Тооратты.

[84] Куран.

[85] “О Жараткан, болочок Пайгамбарың менен бул каапырларга каршы жеңиш алып кел”, – деп, дуба кылышаар эле.

[86] Пайгамбарыбыз Мухаммед с.а.в.га, Куранга. Тооратта Мухаммед САВдын келе турганы жана анын сыпаттары баяндалган.

[87] Тооратка.

[88] Тоораттын.

[89] Куранды.

[90] Тооратты.

[91] Куранды.

[92] Мурунку доорлордо алар бир нечелеген Алланын пайгамбарларын өлтүрүшкөн жана куугунтуука алышкан, алардын ичинде азирети Иса да бар.

[93] Муса (а.с.) тур тоосуна кеткенде.

[94] Тур тоосун үстүңөргө таштап жиберүү үчүн.

[95] Баш ийгиле.

[96] Ага сыйынууга.

[97] Өлүмдү.

[98] Башка.

[99] Ширк келтиргендер – Алладан башкага сыйынуучулар.

[100] Акыреттеги сыйлык жана жазанын узактыгы ал пенденин бул дүйнөдөгү кылган амалдарына жараша болот.

[101] Куранды.

[102] Микайил – периштенин аты.

[103] Иудейлер.

[104] Убадага турбайт.

[105] Мухаммед (с.а. в.)

[106] Иудейлердин.

[107] Сулайман (а.с.) Алланын элчиси жана падыша болгон.

[108] Байыркы Вавилон шаары, падышалыгы. Тигр менен Ефрат дайраларынын боюнда жайгашкан.

[109] Эки периште. Алар чоң илимдүү болушкан жана Бабил (Вавилон) шаарына, адамдарды сыноо үчүн жиберилген. Алар адам кебетесинде болушкан. Өздөрүнөн илим үйрөнүүнү суранып келгендерге илим үйрөтүшкөн,  илимди жаман максаттарга колдонууга болбостугун, эгер антишсе каапыр болуп, Алланын азабына кабылышаарын адамдарга катуу эскертишкен; шайтандар болсо адамдарды ошол илимдерди жаман максаттарга, сыйкырга пайдаланууга  азгырышкан.

[110] Эркек менен аялды ажыратып салгандар.

[111] Каапыр болгондор.

[112] Бул сөз арабча, бирок иудейлер тилинде тилдөө үчүн колдонулган. Иудейлер бул сөздү Пайгамбарга колдонуп, ичинде тилденүү ниет кылышаар эле. Ошондуктан Алла бул сөздү колдонбоого буйрук берген.

[113] Иудейлерден жана христиандардан.

[114] Тигилери да, булары да Куранга ишенишпеген жана мусулмандарга карата көрө албастык, же душмандык маанайда болушкан.

[115] Куран аяттарын.

[116] Алла айрым аяттардын өкүмүн өзгөрткөн. Айрым аяттарды пайгамбардын жүрөгүнөн алып салган.

[117] Аяттардын.

[118] Кычы, керексиз, талаш, же оңтойсуз суроолорду берүүнү.

[119] Иудейлер жана христиандар.

[120] Милдеттүү түрдөгү жардам; ал жетим-жесир, жакыр, оорукчан ж.б.у.с. муктаждарга берилет.

[121] Иудейлер жана христиандар.

[122] Алардын ыйык китептеринде да бул өңдүү мааниде сөздөр жок.

[123] Ага моюн сунуп, буйруктарын аткарса.

[124] Буддарга (айкелдерге), б. а. жалган кудайларга сыйынгандар. Каабанын ичинде эле 360 буддардын сөлөкөтү турган.

[125] Мечиттерди.

[126] Көп кудайчылар мусулмандарды Каабага, мечитке барып, Аллага сыйынууга түрдүү тоскоолдуктарды жасашкан.

[127] Бардык жерде Алланын болуп туруусу; ааламда Ал болбой калган эч бир боштук, тарап жок.

[128] Христиандык түшүнүк боюнча Иисус, же Иса “Ыйык Троицадагы” (Ата, Уул, Рух) экинчиси, б. а. Уул болуп саналат дешет. А иудейлер болсо Узайр пайгамбарды кудайдын уулу деп эсептейт. Ал эми Көп кудайчылар периштелерди кудайдын кыздары деген наадандык түшүнүктө болушкан.

[129] Алла балага , же аялга ж.б.у.с. кемчиликтерден таза.

[130] Мекке каапырлары.

[131] Далилдерди.

[132] Тозокко түшкөндөр.

[133] Вахий – кабар

[134] Мусанын учурунда  Алла аларды улуктап, аларга Муса пайгамбарды жана Тооратты жөнөтүп, аларды артык кылган. Бирок, алар ошондо эле, андан кийинки доорлордо да улам-улам күнөө жана жаңылыштыктарга бата беришип, кийинки доорлордо дүйнө жүзүнө таратылып салынган. Ошентип, Кудай берген артыкчылыкты тутуна алышпады.

[135] Кыямат

[136] Ибрахим.

[137] Имам.

[138] Аларга берилүүгө тийиш эмес.

[139] Ыйык Мекке шаарындагы Кааба.

[140] Аллага сыйынуучулар

[141] Кабаны.

[142] Ибрахим Аллага чексиз берилгендигин эки жолу далилдеген. Биринчиси: Ибрахим өз колу менен буддарды (айкелдерди) талкалап салганы үчүн каапырлар аны отко ата турган болушканда да, Аллага болгон берилгендигинен кайтпастан отко барган, каапырларга моюн сунган эмес. Экинчиси: өзүнүн эң жакшы көргөн уулу Исмаилди курмандыкка чалуу жөнүндө Алладан буйрук-сыноо келгенде, ал уулун Алланын ыраазылыгы үчүн курмандыкка чалган. Бирок, Алланын буйругу менен бычагы өтпөй калып, анын ордуна курмандык кылуу үчүн кочкор түшүрүлүп берилген.

[143] Йакуп – Ибрахимдин небереси жана Алланын атактуу пайгамбарларынын бири.

[144] Йакуп.

[145] Иудейлерге тиешелүү.

[146] Ибрахим “ханиф” болгон. “Ханиф” деген сөз “ханафа” деген этиштен чыгат. Жакшы иштерди кылуучу,  такыба жакшы адамдар болгондуктан, Ибрахим пайгамбардын коомуна карата да “ханиф” деген термин колдонулган.

[147] Эй , ыймандуулар!

[148] Бирине ишенип, бирине ишенбей койбойбуз.

[149] Эй,  Мухаммед.

[150] Кылган иштери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

[151] Алланын элчилери, пайгамбарлар тууралуу сөз болууда

[152] Муса,  Иса…ж.б. пайгамбарлардын үммөттөрү  өз пайгамбарларынын көзү өткөн соң диндеринен кайтышып, же өзгөртүшүп, карама-каршылыкка барышмак эмес

[153] Кээ бир пайгамбарлардын үммөттөрү

[154] планеталардын, ай-ааламдардын, жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн ж.б. баарынын

[155] алардын алды жаккы келечегинде боло турган окуяларды да

[156] өткөн тарыхын да

 

[157] Пенделер, жан-жаныбарлар, планеталар….ж.б.у.с. баары

[158] Тагуттар – Алладан башка сыйынылган нерселер. М: шайтандар, буддар ж.б.у.с.

[159] Алла бийлик берген караңгы падыша Намрут: «Мен кудаймын» деп, Ибрахим пайгамбар аны «сен кудай эмессиң, боло да албайсың!» – деп талашканы тууралуу кеп болууда

[160] Өзүн Кудайга теңеген Бабыл (Вавилон) падышасы Намрутту

[161] Намрут өзүнүн бул сөзүн далилдөө үчүн, өлүмгө өкүм кылынган бирөөнү бошотуп жиберип, анын ордуна башка бирөөнү өлтүртөт.

[162] Өзүн уят болгонун сезип, ыңгайсыз абалда калды

[163] Узайр алейхи салам тууралуу

[164] Жер титирөөдө  өлгөн адамдарды

[165] Сөөктөрү да чирип кеткен

[166] Өлгөндөн кийин кайра тирилүүгө

[167] Эшегиңдин сөөгүн

[168] Алла Таала Узайрдын көз алдында анын эшегин тирилтип берет

[169] Алланын өлүктү тирилтүү кудурети

[170] дүйнөдө да, акыретте да

[171] кыяматта

[172] кемсинте сунулуп, колко-милдет кылынып, алуучуну ыза кылган

[173] Садака берген адамды кемсинтип, ыза кылып

[174] Садаканы милдет кылып берген адам

[175] Материалдык байлыктарын

[176] Б.а.эл көрсүнгө жасалган иштер ошол күйүп кеткен бакча сыяктуу

[177] Өзүңөр жаман көргөн нерселерди Алла жолунда садака, зекет, ж.б. түрүндө бербегиле

[178] Алла жолунда сооптуу амалды аткарам деп убада кылынган ниет

[179] Алла таала

[180] Сообун силерден башка эч ким алалбайт

[181] Балким эки эселеп берилет.

[182] Согуш менен алектенгендер

[183] Садака ээлери ушулар

[184] Соода-сатык, тиричилик кылууга убактылары жок.

[185] Топуктуу-сабырдуулугунан

[186] Экөө тең дурус

[187] Куран

[188] Сүткорлуктан жегендери

[189] Эмне кылууну Алла Өзү билет

[190] Чын ыкласы менен толук окуп

[191] Алла Таала менен Кыяматта жолугарыңарга ишенсеңер

[192] Карызды кечкендей (б.а. пайызын албагыла)

[193] Адилетсиздик

[194] Доолабай тургула

[195] Акыңарды садака кылып, кечип жиберсеңер

[196] Эч бир адамга

[197] адилетсиздик

[198] Абдурахман ибн Наасир Ал-Саьдийдин “Тайсир ал-Карим Ар-Рахман фи Калам Ал-Маннан” аттуу тафсир китебинде бирөөгө карыз берүүдөн мурда элүү шарт аткарылуусу берилген.

[199] Курандагы шарият эрежесин бузбастан

[200] Айтып берип жаткан адам айткан сандардын ордуна  башка сандарды жазбасын

[201] Балагатка жетелек жаш бала

[202] Маселен, атасы, атасынын жана өзүнүн бир туугандары

[203] күбө катары катышсын

[204] Суракка келүүдөн жана чындыкты айтуудан

[205] күбө менен  катчыга зыян кылынса

[206] Иштериңердин эрежесин

[207] Өз учурунда, кемитпестен, алмаштырып койбостон

[208] Карыз берген да, алган да

[209] Куранга

[210] Бирине ишенип, бирине ишенбей

[211] Милдет, жоопкерчилик,

[212] Каапыр коомдордун үстүнөн жеңишке жетүү үчүн бизге жардам бер!

The post 2-сүрө «БАКАРА» appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 21, 2015 at 05:08PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.