Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Салафизм. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

1. Шамсуддин Абдыкалык уулунун китептерин окусак болобу устаз? Москва,Өмүрбек

Жооп: Шамсуддин Абдыкалык уулу салафий багытындагы инсан. Китептери ошол багытта жазылган. Китептеринде мага жана Абдишүкүр ажыга кыйыр түрдө сын айтып жазат. Анын “Кадияния-Ахмадия” агымы жөнүндөгү эмгегин окууну сунуштайт элем. Кудай Таалам баарыбызга хидаят-туура жол насип этсин, тура жолдон тайдырбасын…

2. Бир тууганым менен бир себептер болуп таарынышып кеткенбиз. Эч сүйлөгүм келбейт ага, устаз! Сүйлөшкүм келбеген адам менен кантип мамиле кылам?! Ипотекага үй алса болобу? Москва, Барчын 

Жооп: Агайынды жаман деп тууганды кайдан табасың? Бир туугандар менен мамилени үзүүгө болбойт. Арам. Эки адам урушуп кетсе, акылдуураагы күнөөкөр болот. Туугандардан мамилени үзгөн адамдан Кудай Таалам да мамилемди үзүп коём дегени бар. Туугандар менен катташкан адамдын өмүрү узун болуп, ырыскысы кенен болот. Ушул жоопту окууруң менен бир тууганыңа телефон чал! Андан кечирим сура! Ким күнөөлүү экенин териштирүүнүн да кажети жок. Кыяматта ага убакыт табылат. А бул жалган дүнүйө ал маселеге арзыбайт…

Ипотека дегениң кредиттин бир түрү. Москванын өзүндө болсоң, мусулман эмес банктан же мусулман эмес адамдан алсаң болот. Бирок төлөөгө кудуретиңди эсептеп туруп алууң керек. Анткени, ханафий мазхабтын эрежесине ылайык, дааруль харбда муслим менен харбийдин ортосунда сүткордук жүрбөйт.

3. Ассалааму алейкум! Мурунку каза намаздарды кантип толуктаса болот? Түшүндүрүп коюңузчу, устаз! Аты белгисиз

Жооп: Каза намаздардын тартиби:

Парз намаздар менен витир ваажып намазы гана каза болуп окулат.

Сапарда жүрүп каза болгондор сапардагыдай таризде, б.а. касыр болуп каза кылынат. Ал эми толук түрдө каза болгондор, толук түрдө казасы окулат.

Азан менен кооматта, каза намаз менен жөн намазда айырма жок.

Ниетте “каза намазды” ниет кылуу керек.

Күн батып баратканда, чыгып баратканда, так төбөгө келгенде окууга болбойт. Калган бардык убакытта каза окуса боло берет.

4. Саламатсызбы! Эгер аялы күйөөсүнө төшөктө жетиштүү рахат бере албаса эмне кылуу керек? Башка кыздарга барса болобу? Ош, Алим

Жооп: Андай учурда экинчи аял алуу керек. Кыздарга баруу арам. Ал ойноштук деген сөз. Айта турган маселе, балким, аялың деле сенден рахат ала албай жаткандыр? Деги эле сен рахат туурасында аялың менен сүйлөшүп көрдүң беле?

5.Устаз келинчегиме боёнбо десем «мен өзүм билем, өзүм жооп берем» дейт кыяматта. Ушул кандай болот? Аты белгисиз

Жооп: Аялың өзү билбейт. Кудай Таалам билет. Көчөгө боёнуп чыгуу арам. Кыяматта күнөөкөр болот. Кудайдын каргышы тиет…

6. Музыка укса болобу, устаз? Мисалы: Эне жөнүндө, комуз күүлөрүн дегендей. Ноокат, Нурбай

Жооп: Мен угуп жүрөм сен айткандарды… Ал эми фатва чыгарууга келсек, бул оорураак маселе…

7. Ассалааму алейкум! Биздин айылда көп жыл мурун ажырашып кеткен адам жашайт. Алардын балдары азыр жашы 35-40ка барып калды, атасы менен катташалы десе такыр болбойт. Көп жыл болду кечирим сурап атышат. Бирок жыйынтык жок. Балдары эмне болот? Ал киши башка үй-бүлө менен жашайт ошол айылда. Аты белгисиз 

Жооп: Атага таарынылбайт… Атага таарынган адам, жарыбайт. Атасын эптеп кадырлап албаган адам, башканын кадырына жетет беле? Кээде, эненин тарбиясын алып калган балдар, аялдай болуп ойлонуп калышат. Андай болбойт…! Туура, атасынын да кемчилиги бар, аларды таштап кеткен экен! Бирок, битке өчөшүп, көйнөктү отко салган туурабы?

8. Ассалааму алейкум Чубак ажы! Азыр тойлордо чыгымдардын көп кетип, ысырап болуп жатканы баарыбызга маалым. Ошондуктан устаз, ушул боюнча элге кайрылуу жасап, элге жеткиликтүү бир видео тартып чыксаңыздар жакшы болор эле. Москва, аты белгисиз

Жооп: Буйрутмаңыз кабыл алынды. Күтө туруңуз.

9. Чачты кара түстөгү хнага боёсо, гусул өткөрбөйт дейт. Ушул туурабы? Москва, аты белгисиз

Жооп: Негизи хнанын баары эле гусул өткөрө берет. Бирок, хнанын өзүнүн түсү кара болбойт. Боёк менен боёгон учурда гусул өтпөй калуу коркунучу бар деп айтылат.

10. Мусаапыр болуп башка шаарга барып калганда, мечиттеги имамга аялдар уюса болобу? Салафит же Шафий мазхабындагыларга Ханафийлер уюса эчтеке болбойбу? Москва, аты белгисиз

Жооп: Мечиттеги имамдарга аялдар уюса болот. Салафит же Шаафий мазхабындагылардын баарына уюса жарай берет. Салафий имам даарат алганда байпагына масх тартып, ошол бойдон имамчылыкка чыккандыгын көрсөңүз, ошол намазда ага уюбайсыз. Көрбөсөңүз уюй бересиз. Шаафий мазхабтагы адамдын мурду канап, бирок даарат албай эле имамга өтсө ага да уюбайсыз. А бирок, көрбөсөңүз уюй бересиз. Анткени, жогорудагы эки шартта тең ханафий мазхабында даараты жок деп эсептелет. Ал эми, көрбөгөн учурда жакшы күмөн кылууга милдеттүүбүз…

11. Туура жолдомунбу деп көп изденем. Мисалы, Ф. Гулендин «хизмет» жамааты жөнүндө айтып бериңизчи. «Бул секта» дегендин канчалык чындыгы бар. Деобанд деген эмне? Ушуга тиешелүү китептерди окусам болобу? Бишкек, Роза

Жооп: Гүлен мырза жөнүндө менин макалам бар эле. Гезиттин жетекчилигинен суранып көрөйүн. Балким, гезиттен орун беришер. Бербесе, “Акыйкат жолу” китебимди таап окусаңыз, жакшы болот. Ал эми “Хизмет” кээ бир адамдарга жакпаганы менен, берекелүү кызмат. Кудайдын калыс ниеттүү кулдарынын ак дил кызматы… (ред. Чубак ажынын суранычы менен айтылган макала эмки санында жарык көрөт).

Деобанд дегенибиз Индиядагы кыштактын аты. Англис колонизаторлору Индияны басып алганда, аларга каршылык иретинде медреселерди ачып, илим аркылуу каршы турууга аракеттенген ханафий мазхабын карманган багыт. Менин кээ бир устаздарым деобандийлер болуп эсептелет. Мисалы, Аллаама Хаалид Айюбий устазымдан “Нуурул анваар” менен “Шархул викааясын” окугам.

12. Мен Москва шаарындамын. Жумуш жок болгондо жумага барып турам. Жума намазынын казасы кандай болот. Эртеден кечке каза намаздарды окуса боло береби? Мисалы: Багымдаттын казасын бешимге чейин 15-20 күндүн казасын окусам болобу? Каза намаздын ниети кандай айтылат? Ар бир намаздан кийин теспе тартуу зарылбы? Кененирээк айтып бериңизчи. Москва, Нурсултан

Жооп: Кененирээк билүү үчүн атайын арзып билим алуу керек, чырагым. Суроолоруңдун кээ бирине жогоруда жооп айтылды. Ар бир намаздан кийин теспе тартуу сүннөт. Аткарсаң жакшы, аткарбасаң анчалык деле зыяны жок. Жума намаздын казасына бешим намаздын казасы окулат. А эгер, жумага барбай калсаң, анда бешим намаздын өзүн окуйсуң. Намазды калтырба! Билбейм, деги бул дүйнөдө намаздан башка дагы эмне зарылыраак боло алат эле?…

13. Ассалааму алейкум! Мен жогорку окуу жайда иштейм. Келбеген студенттерге баа койдурушат. Айла жок коюп беребиз. Бул күнөөбү? Ушинтип иштегеним болобу? Аты белгисиз

Жооп: Окубаганга, билбегенге жакшы баа коюп берүү арам. Андай тартипте иштегенге болбойт. Алардан алган параң дагы арам.

14. 34кө чыкканда намаз окуй баштадым. 20 жылдык каза намаздарды санасам, болжол менен 40 000 намаз окуш керек экен. Ушунун баарын окуп чыгышым керекпи же башка да жолу барбы? Тахажжуддун ордуна каза намаздарды окуганым жакшыбы? Москва, аты белгисиз

Жооп: Каза намаздарыңды колуңдан келишинче окуй бер. Пендеси колунан келген нерселерден суралат… Тахажжуддун ордуна каза окуганың абзел, карагым!

15. Адамга жин эмне себептен кирет? Аты белгисиз

Жооп: Шарият так сакталбай, сүннөттөргө маани берилбегендиктен кирет. Ыплас жерде жүрсө, таштандыларда басса да кирет. Кээде сыйкырдын күчү менен да кирет. Кээде, Кудай сактасын, жин адамдарды сүйүп калып да кирет. Мунун баарын Жыргал каарыкемден сурап жаздым. Канткен менен бул нерседе а кишиге жетээрибиз жок эмеспи…

16. Малдын омурткасынын ичиндеги чучук адалбы? Аты белгисиз 

Жооп: Малдын омурткасынын чучугу макүрөө, арам эмес.

17. Боюнда бар аялдын маңдайындагы чачынан тегиздеп кыркса болобу? Аты белгисиз

Жооп: Боло берет. Таптакыр кырып салса деле эч нерсе болбойт. Болгону, аялзатына чачын өстүрүп жүргөнү назиктигине жана сулуулугуна төп келе турган адеми жумуш.

18. Аял затына каш тергенге болобу, устаз? Аты белгисиз

Жооп: Аялзатына каш тергенге болбойт. Арам. Бирок каштан сырткаркы түктөрдүн баарын тергенге болот. Ошол эле учурда каштын тегерегиндеги бейбаш түктөрдү да терип салууга болот. Аял киши апсайып-сапсайбай, жагымдуу кебете менен жүрүүгө милдеттүү.

19. Молдо кайненеме «сенин кара жиниң бар, келиниңди бирөө окутуп салган» деп айтыптыр ошондой да болобу? Ишенбейли десек, молдо куран окуйт. Аты белгисиз

Жооп: Эгерде, жин окуганды билген адис молдо болсо, анда сизде жиндин бар же жок экендигин аныктай алат. А бирок, өзү көрбөгөн келинди окутуп коюшканын билип койгону кызык экен? Ар бир эле Куран окуган кишинин бардык сөзү туура боло бербейт. Курандын маанилеринин кыргызча котормосун окуп жүргөн Анарбек Усупбаев деген динбезер-теңирчи жүрбөйбү, оозунан бир ырыстуу сөз чыга элек.

20.Саламатсызбы! Менин таанышым аялын кийинтпейт, ооруса карабайт, «акча жок, ажалың жетсе акыры өлөсүң да», – дейт. Ажырашсам, Алланын алдында күнөөкөр боломун деп эркек ажырашпайт. Эмне кылуу керек? Балыкчы, Жамал

Жооп: Эгерде, бирге жашоонун улануусу кыйынчылыкка туруп, адамды динден кайтарып жиберчүдөй болсо, анда ажырашууга уруксат берилет. Аялын даарылоо, аны ылайыгына жараша кийинтүү, эркелетип, көңүлүн көтөрүү – эркектин айныгыс милдети.

21. Урматтуу Чубак Ажы, адамды маймылдан жаралган деп айтышат. Ошол сөзгө ишенсек болобу? Аты белгисиз

Жооп: Эми, бир тууганым, азыр бул кепке эч ким ишенбей калган. Бирок башка теорияны мен айтайын деп турам. Адамдар маймылдан жаралган эмес, маймылдар адамдардан жаралат. Мисалы бети-башын боёп алган эркек, жынысын өзгөрткөн адамдар маймылдан да жаман абалга келип калды. Мас болуп ар кайсы жерге жатып калгандарды айтпай эле кой… Бомж болуп калган маймылды уга элекпиз, а адамдарды көрүп эле жүрөбүз. Өз кызын зордуктаган айбанды маймыл дешке да оозуң барбайт.

http://saresep.kg/


November 27, 2015 at 09:27PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

С
алафизм, анын таралышы жана оң-терс жактары тууралуу кеп салган Зайнабидин Ажимаматов жакында Түркияда өткөн  исламдагы салафизм агымы боюнча эл аралык симпозиумга катышып келген. 

Ош мамлекеттин университетинин окутуучусу, ислам агымдарынын тарыхы боюнча адис, теология илимдеринин доктору Зайнабидин Ажимаматов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

СУРОО: Акыркы кездери коомчулукта салафизм, дегеле салафилер тууралуу көбүрөөк айтыла баштады. Булар кимдер өзү? 

ЖООП: Бул акыркы күндөрү Кыргызстанда гана көтөрүлүп жаткан маселе эмес, бул дүйнөлүк деңгээлдеги талкууланган маселе. “Салафилик” дегендин сөздүк маанисине токтоло турган болсок, “мурункулар” же “алгачкылар“  дегенди туюнтат. Ал эми терминологиялык маанисине келсек, сахаба-таабийндердин жолун жолдогон мухаддис жана факихтердин жолу дегенди билдирет. Алгачкы салафи же анын жетекчиси катары имам Ахмад Ибн Ханбал эсептелет. Салафиликтин системалуу калыптанып, өнүгүшүнө орто кылымда Ибн Таймия жана анын шакирти Ибн Каййим ал-Жавзия деген аалымдардын салымдары чоң.

XVIII кылымда Мухаммад Ибн Абдулвахаб салафизмди андан ары өнүктүрүп, мамлекеттик деңгээлге көтөрүп чыккан. Ошонун негизинде вахабизм деген агым пайда болгон. Вахаби ысымы аларга каршылаштары тарабынан берилгендигине байланыштуу бул ысымды өздөрү колдонушпайт. Азыркы мезгилдеги вахабилер  диний ишенимдеринде өздөрүн 
салафибиз деп эсептешет.

СУРОО: Салафизм деп айтылганы менен ал өз ичинен дагы бөлүнүп кетерин эксперттер айтышууда. Байистүү-сабырдуу салафилер, ошол эле кезде ашынган салафилер, ушуларга катар эле такфирчи, жихадчы салафилер да бар экени айтылып жүрөт.

ЖООП: Салафи диний ишенимин тутунган мусулмандар ортосундагы  келишпөөчүлүктүн себеби ар тараптуу. Бул жерде саясий жактан да, диний маселелер боюнча да карама-каршылыктар бар. Байистүү салафилер радикал-экстремисттик көз караштардан алыс. Булар сууди салафилери (Сауд Арабия) деп да айтылат. Алар башка мусулмандарды четке какпаган, “каапыр” деп күнөөлөбөгөн мусулмандар, жихаддык жана экстремисттик көз караштардан алыс. Cууди салафилер жихаттык салафилер боюнча “алардын салафиликке тиешеси жок” деген көз карашты айтышат.

Абалтадан бери бул жерде салтташып калган Имам Азам мазхабы менен салафилердин айырмачылыктары көп экендигин байкасак болот. Бул даана диний жактан бөлүнүүчүлүккө алып келе турган нерсе...
Ал эми жихадчы салафилер жихадды, согушту негизги принцип катары тутунушат. Мисал катары айтсак, “ал-Каида” тобун биз түздөн-түз жихадчы салафилердин катарына кошсок болот. “Ал-Каидага” өнөктөш катары иш жүргүзгөн Өзбекстан ислам кыймылын, Чыгыш Түркстан ислам кыймылын, “Куфр ал-Хиджра” жана “Жамаатул-Ислам” сыяктуу уюмдар жихаддык, согуштук көз карашты карманып, өздөрүнөн башка мусулмандарды “каапыр” деп айыптаган салафилер. Булардын баарын жихадчы салафилер деп атайбыз.

СУРОО: Түркияда өткөн эл аралык конференцияда дүйнөлүк ислам аалымдары, окумуштуулар салафизмге кандай баа беришти?

ЖООП: Ал симпозиумга бир канча өлкөлөрдөн чоң илимпоздор келип катышты. Ага салафиликти жактаган илимпоздор да, аны менен бирге салафи эмес аалымдар да катышты. Салафиликти тутунган, аны кабыл алган аалымдар негизги салафизмди “жихадчы салафизмден” бөлүп кароо керектигин, азыркы учурда салафизмди жихадчыл, радикал көз караштагы салафилер жаманатты кылып жатканына көбүрөөк басым жасашты. Ал эми салафизмди тутунбаган башка мусулман илимпоздору салафизмди жакшы же жаман деп айтуудан мурда анын тарыхына, анда кимдердин орду болгонуна, учурдагы абалына жана өзгөчөлүгүнө токтолушту.

СУРОО: Эми ушул бөлүнүүчүлүктүн саясий-тарыхый жагына келсек. Акыркы кездери “салафтар” менен “халафтардын”, башкача айканда жергиликтүү эл үчүн мурдатан салтташып, сиңип  калган ислам менен салафизмдин кагылышы жүрүп жаткандай. Айрыкча бул Орто Азия аймагында даана байкалууда, албетте башка мамлекеттерде да бар. Ушул атаандаштык, көз караштардын, идеологиялардын кагылышы келечекте өзүнөн өзү акырын тынчып, жакшы жолго түшүп кетеби же абалды курчутуп да жибериши мүмкүнбү?
Бул мамлекеттик деңгээлде каралышы керек. Динди да мамлекеттин бир бөлүгү катары карап, билим берүү тармагына динди илимий негизде киргизип, коомчулукка туура багыттагы динди үйрөтүшүбүз керек...

ЖООП: Жихаддык көз караштагы салафилерди четке алып, радикал эмес салафилер жөнүндө айтканда деле, абалтадан бери бул жерде салтташып калган Имам Азам (Абу Ханифа) мазхабы менен салафилердин айырмачылыктары көп экендигин байкасак болот. Бул даана диний жактан бөлүнүүчүлүккө алып келе турган нерсе. Ошондуктан бул мамлекеттик деңгээлде карап, ойлонуп, ыңгайына карап чечиле турган иш. Бизде адатта мыйзам жолу менен же тыюу аркылуу чечүүгө көп аракеттер жасалып келатат. Мындай маселелерди тыюу, же бир гана мыйзамдар менен чечип коюу кыйыныраак. Эң биринчи кезекте аң-сезимди өзгөртүү аркылуу, 
билим берүү жолу менен чечкенибиз максатка ылайыктуу болмок.

СУРОО: Соңку жаңы тарыхыбызды карап көрсөк, салафи, вахаби дегендер биздин чөлкөмдө болгон эмес. Бул көз караш, идеология кайсы жактан келип жатат?

ЖООП: Эгемендикке жеткенден кийин, өзгөчө Орто Азия мамлекеттеринин ичинен ар тараптуу, демократиялык процесстерге жол берген өлкө Кыргызстан болду. Ошонун ичинде бизде диний маселелерде дагы өтө эле эркиндик берилген. Албетте мунун жакшы да жактары болгонун айтып кетишибиз керек. Бирок өтө эле чаржайыттыкка да орун берилген. Кыргызстанда салафилик бир гана жол менен жайылып жатат деп айта албайбыз. Бул ар тараптуу жүрүп жаткан иш. Анын бир мисалы, салафилик өзгөчө орун алган өлкөлөрдөн келип, Кыргызстанда ачык-айкын, расмий түрдө иш алып барып жаткандар бар. Алар адамдарга ар кандай материалдык жардамдарды да беришүүдө. Андан тышкары, Кыргызстандан салафилердин окуу жайларына барып, билим алып келгендер болду. Ушул сыяктуу жолдор менен акыркы жыйырма жылдан бери 
салафилик жайылып жатат.

СУРОО: Салафизмдин жайылып жатышына ички жагдай да шарт түзүп берип жаткандай. Бул жерде муфтияттын ордун дагы белгилеп кетиш керек. Маселен, Кыргызстанда салафизмге каршы идеологиялык жактан күрөш жүргүзүү, каршы туруу аракеттери жүрбөй жаткан сыяктуу?
Кандай болгон күндө деле биздин бул жерде мурдатан салтташып калган ханафи мазхабына салыштырып караганда алардын айырмачылыктары абдан көп.


ЖООП: Эми муфтият өзүнчө өтө чоң маселе. Андыктан бул жерде мен ага токтолбой эле коёюн. Бирок бул бир гана муфтияттын деңгээлинде карай турган маселе эмес.
 Бул мамлекеттик деңгээлде каралышы керек. Динди да мамлекеттин бир бөлүгү катары карап, билим берүү тармагына динди илимий негизде киргизип, коомчулукка туура багыттагы динди үйрөтүшүбүз керек. Ошондо гана бул маселелерди биз системалуу түрдө чече алмакпыз.

СУРОО: Адатта жергиликтүү имам-молдолор, мамлекеттик органдардын айрым өкүлдөрү салафизмдин терс жагын, аны кооптуу агым катары гана айтып келишет. Балким салафизмдин анчалык деле чочулай турган жактары жоктур?

ЖООП: Жогоруда айткандай, салафиликти бир жактуу карабаш керек. Анткени, алардын арасында саясий жана жихадчыл салафилер бар. Ошондой эле аларды жактабаган Сауд Арабиянын мыйзамдарына ылайыкташкан салафилер да бар. Бирок кандай болгон күндө деле биздин бул жерде мурдатан салтташып калган ханафи мазхабына салыштырып караганда алардын айырмачылыктары абдан көп


"Азаттык"
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Кыргызстанда акыркы кезде салафизм, салафийлер деген сөздөр көбүрөөк айтыла баштады. Бирок алардын табияты, максаты коомчулук үчүн али бүдөмүк.

Бул сөздөр айрыкча былтыр жыл соңундагы жардыруулардан жана быйыл жыл башында бийликтер антитеррордук деп атаган операциядан кийин коом ичине кеңири жайылды.

Салафийлер деген кимдер, алар Кыргызстанда барбы?

Ушул жылдын 4-январында милиция кызматкерлерин атты делинип, эртеси 5-январда Бишкектен жогору тоо этекте атайын операцияда жок кылынган жана кармалган куралдуу топтун мүчөлөрүнүн бири өзүн салафиймин деп айтканын ички иштер министри Зарылбек Рысалиев парламенттеги жыйында билдирген эле.

Ошондон тарта журт ичинде салафийлер ким, бул эмне болгон диний агым деген суроо күч.“Салаф” деген сөздү араб тилинен түздөн-түз которгондо түпкү, байыркы деген түшүнүктү билдирет. Бул эми сөздүк мааниси.
Дүйшөмбүдөгү борбордук мечит. Тажикстан салафизмге расмий түрдө тыйуу салган.

Өзүн салафий идеологиясын жактайм деген бишкектик жигит өз ысмын атабастан туруп, “Азаттыкка” салафийлер тууралуу мындайча түшүнүк берди:

- Мурунку убактагы дили таза адамдар дегенди билдирет. Булар Мухамммад пайгамбар, аны ээрчиген сахабалар, сахабаларды ээрчиген таабийндер. Табийиндер деген бул сахабалардын идеологиясын ээрчигендер. Тааба таабийиндер деген саахабаларды ээрчигендерди эрчигендер. Пайгамбарыбыз айтат: үч доор эң жакшы доор деп. Бул мен жана менин сахабаларымдын доору, экинчиси - сахабаларды ээрчигендердин доору, үчүнчүсү - сахабаларды ээрчигендерди ээрчигендердин доору. 

Маектешибиз салафий деп айтуу туура эместигин, эгер антип атасак бул жаңы агым катары саналып калаарын, салафизм жаңы агым эместигин да белгиледи:

- Салаф дегендин негизги мааниси келсек, бул чыныгы исламдын булагы, идеологиясы. Салафтар деген термин жок өзү. Мен өзүмдү салафмын деп айтпайм. Бирок мен салафтардын идеологиясын ээрчийм. Кайсы салафтардын? Эң биринчи доордогу, дили таза адамдардын. Исламдын негизи ошол. А мени ким дейт? Мени момун мусулман дейт. 

Күч органдарынын өкүлдөрү террорчу деп кармаган адамдар өздөрүн салафий деп атаганын маектешибиздин эсине салдык.

- Жанагы кармалган балдарды “сен кимсиң” десе, “менин акыйдам салаф” деп койду. Ошентип койсо эле, эксперттер булар салафтар деген сөздөрдү айтып жатышат. Салафтар деген сөздү айтыш үчүн бир эле эксперт менен кеңешүү болбойт. 

Маектешибиздин жүйөсү боюнча, салафмын дегендер бул сөздүн маанисин жеткире түшүнбөгөндүктөн айтышат, же болбосо ислам дининин душмандары, чыккынчылар болушу мүмкүн.

Салафийлер менен вахабийлер бирби?
 Салафизм менен ваххабизм -  экөөсү бир эле түшүнүк. Бир түшүнүк эки башка ат катары эсептелет.
Чубак ажы Жалилов

2009-жылы салафий агымына Тажикстан бийликтери тыюу салган. Ушундай эле чектөө Казакстанда да бар. Бирок ага карабастан, Орусияда, Борбор Азияда жана Кавказда салафийлердин саны артып баратканы айтылууда.

Кыргызстандагы салафийлер, алардын ишмердүүлүгү тууралуу муфтийЧубак ажы Жалилов буларга токтолду:

- Азыркы учурда бизде салафий деп айтылып жаткан жамааттар мазхаб кармаганды жокко чыгарып, айтылып жаткан сөздү, шариаттын бардыгын Курани-каримден жана пайгамбарыбыздын хадистеринен алып, жүргүзө алабыз дегенди айтышат. Ал эми салттуу динди карманып келе жаткандар “жок, мындай эмес, бардык эле адамдар Курани-каримди жана пайгамбарыбыздын осуяттарын түшүнө алышпайт” дешет. Андыктан шариаттагы ушул эки негизди: Курани-каримди жана пайгамбарыбыздын сүннөттөрүн тактап, дааналап, мыктылап билген аалымдардын жолу менен жүрүшөт. Бул аалымдар ошолорду жакшылап окуп, анын негизинде жыйынтык бергендер. Себеби кыяматка, Кудайдын астына барганда бизден эмне үчүн Курани-каримди же пайгамбардын сүннөтүн толук окубадың деп айтпайт, бирок эмне үчүн шариатты аткарбадың деп сурайт...
Салафизм менен ваххабизмдин окшоштугу жана жакындыгы тууралуу сөздөр канчалык жөндүү экенин муфтийден тактап көрдүк:

- Салафизм менен ваххабизм -  экөөсү бир эле түшүнүк. Бир түшүнүк эки башка ат катары эсептелет.

Эксперт эмне дейт?
Салафизм - "Мусулман агайиндери”, “Хамас”, “Өзбекстан ислам кыймылы” жана башка агымдарды өзүнө камтыйт.
Кадыр Маликов

Диний эксперттер салафизм айрым өлкөлөрдө мамлекет тарабынан расмий таанылганын белгилешет. Маселен, Сауд Арапстанда салафизм мамлекеттик идеология катары кабыл алынган. Дин иштери боюнча эксперт Кадыр Маликовсалафийлерге мындайча аныктама берди:

- Эгер салафизм тууралуу айта турган болсок, бул “Мусулман агайиндери”, “Хамас”, “Өзбекстан ислам кыймылы” жана башка агымдарды өзүнө камтыйт. Бул ченемдүүлүктөн радикалдуулукка чейинки түрдүү саясий агымдардын бирдиктүү түзүмү катары сыпатталат. 

Маликов ошол эле кезде Кыргызстанда иш жүргүзүп жаткан салафийлердин анчалык деле мамлекет үчүн коркунучу жоктугун белгилеп, эгер милиция менен атайын кызматтар салафийлерди кодулоосун уланта берсе, алардын арасынан радикалдар өсүп чыгышы мүмкүн экендигин кошумчалады.

- Кыргызстандын аймагындагы биз билген жана изилдеген топтордун токсон пайызы радикалдуу эмес, ченемдүү салафийлер. Башкача айтканда, алар светтик конституциялык түзүлүштү таанышат жана мыйзамдарга бай ийишет.

Кыргызстан бийликтери тыюу салынган диний агымдардын катары артып жатканын кийинки кезде көбүрөөк билдирүүдө. Буга дээрлик күн алыс кармалып жаткан “Хизб-ут Тахрир” кыймылынын мүчөлөрүн айтсак болот. Жакындан тарта, салафийлер деген сөз тарады. Бирок азыр анын табияты жана максаттары кандай экени кеңири коомчулукка али бүдөмүк.
"АЗАТТЫК"
Технологии Blogger.