Halloween party ideas 2015

Күнүмдүк турмушубузда айрыкча ашказан сиңирүү үчүн колдонуп келген сагыз      көп кылымдар  мурун эле  пайда болгон экен. Бирок, анын курамында эмнелер бар, ден-соолукка зыянбы же пайдабы бул туурасында баарыбыз тең эле биле бербесек керек. Бүгүн ушул туурасында айтып бермекчибиз.  

Эң алгачкы сагыз качан пайда болгон
сагыз

1848-жылы америкалык Джон Куртис аттуу ишкер дүйнөдө биринчилерден болуп сагыз чыгарган. “Мэн штатындагы таза карагай чайыры” деп аталган бул сагыздын жасалуу жолу эң жөнөкөй болгон. Ал чайырдын бирдей өлчөмдөгү кесимдерин кагазга ороп койгон. Кийинчерээк Джон өзүнүн өндүрүшүнө парафин ароматизаторлорун кошо баштаган соң, дүкөн текчелеринде “Эң чоң жана эң жакшы”, “Кант креми”, “Ак тоо” деген аталыштагы сагыздар пайда боло баштаган. Булардын сырткы көрүнүшү начар болгондон сырткары көпкө сакталган эмес.
1869-жылы тиш доктур Уильям Финли Семпл бор жана көмүрдүн кошулмасы менен каучуктан жасалган сагызга биринчилерден болуп патент алган. Уильям өзүнүн жасаган сагыздары тиштин абалына пайдалуу таасир этээрин тастыктаган. Ишкердин ою боюнча анын сагызынын экинчи жакшы жагы – бул сагызды жумалап, атүгүл айлап чайнай берүүгө болот эле. Бул өндүрүштүн “ажайып” артыкчылыктарына карабай Семплдин ишкердиги уланган эмес.
Ошол учурда Мексикада жашап, Нью-Йоркко качып келген генерал Антонио Лопес де Санта-Анна өзүнүн көтөрө келген каучугун Томас Адамс аттуу америкалык адамга саткан. Ал алгач каучуктан резина жасоону чечкен, бирок, жыйынтыгында сагызды эритип чыгып, аны сата баштаган. Ошентип анын товары өтүмдүү болуп кеткен.

Сагыз жөнүндө
сагыз ж

1869-жылы Томас Адамс деген киши чикленин рецебин алып, ошонун негизинде сагызды ойлоп чыгарган.

Чикле – индейцтер чайначу саподилла дарагынын маңызы.

Сагыз негизинен кумшекерден, чайналуучу бөлүгү жүгөрү сиробунан жана ар кандай жыпар жыттардан, боёктордон түзүлөт.

Сагыз ички жана сырткы майда капсулалардан тургандыктан, алар шилекейде өтө акырындык менен ээрийт.

Японияда өзгөчө айырмаланган сагыздарды чыгарышат. Чайнап жаткан адамдын көңүлүнө карата сагыздын өңү өзгөрүп турат.

Ал эми Сингапур аралында жашагандар сагызды таптакыр эле чайнашпайт, себеби арал кичинекей болгондуктан, алар ар кандай ашыкча таштандылардан коркушат.

Сагыздын курамында эмне бар:
  1. Латекс – сагыздын негизги курамы. Зыянсыз деп табылганы менен толук изилдөө жүргүзүлгөн эмес.
  2. Араматизаторлор. Дайым эле зыянсыз боло бербейт, көпчүлүк учурда химиялык жол менен алынат.
  3. Боёктор. Эгер сагыздын кагазынан Е171 деген жазууну жолуктурсаңыз, бул титан агартуучусу деп аталган боёк кошулган дегенди билдирет. Мурун Россияда бул боёкту тамак-аш азыктарына колдонууга тыюу салынган эле. Учурда бул тыюу салуу күчүн жоготкон. Бул боёк организмге боор жана бөйрөк ооруларын чакырат. “Стиморол” сагызына кошулган Е-131 боёгу рак клеткаларынын пайда болушуна кыйыр түрдө өбөлгө түзөт.
  4. Сагызды таттуу кылуучу кошулмалар. Булар ар түрдүү болот:
    Кант. Анын тиштин кариесин пайда кылаары мындан көп жылдар мурун эле далилденген.
    Ацесульфам-К. Бул шишикти өстүрүүгө жөндөмдүү. Суткасына 1 грамм – зыянсыз доза болуп эсептелинет.
    Аспартам. Баш ооруну, баш айланууну жана көңүл айланууну чакырат. Зыянсыз доза – суткасына 3 грамм.
    Сорбит жана ксилит. Ксилиттин зыянсыз дозасы – суткасына 40 грамм.
Сагыздын пайдасы

Сагыз адамдын акыл жөндөмүн өстүрүп, көңүлдү көтөрөт. Ар кандай дене тарбиялык оюндарда жөндөмдүүлүктү арттырат. Ошон үчүн хоккейисттер дайыма оюн алдында сагыз чайнашат.

  1. ″Сагыз ооз көңдөйүн тазалайт” 
    Тамак жеген соң, тиштин арасында калып калган анын калдыктарын сагыз тазалайт. Тазалоо механизми мындай: сагызды чайнаганда тамактын калдыктары ага жармашып, ооз көңдөйүнөн сагыз менен кошо чыгат. Ал эми тиштин жука кабатын тазалоо үчүн ага кандайдыр бир күч керек. Сагыздын аны тазалоого күчү жетпейт. Тиштин ташы – эмалды бузат, эмалдын бузулушу – кариестин өнүгүшүн шарттайт. Сагыздын ооз көңдөйүн тазалайт деген бул жөн гана сөз экенин эсиңизден чыгарбаңыз.. Ал үчүн тиш пастасын же тиш тазалагычты колдонсоңуз, булар сагызга караганда ооз көңдөйүн натыйжалуу жана ишенимдүү тазалайт.
  2.  “Сагыз бүйлөлөрдү бекемдейт”
    Туура, чайноо – бүйлөлөрдү бекемдээринде талаш жок. Бирок алардын бирдей бекемделиши үчүн сагызды бардык тиштер менен чайноо керек. Көп убакыт бир жак менен чайноо ушул тараптын чайноо булчуңдарынын өнүгүп кетишин шарттайт. Ал эми карама-каршы тараптын булчуңдарына күч келбегени үчүн ал алсызданып, жукарып кетет. Натыйжада, сырттан караган адамга беттин формасынын бузулганы билинет.
Сагыздын зыяны
gum-chewing

“Ачкарын сагыз чайноо ашказан жарасына алып келет”

Тамакты өтө эле майдалап чайноо ооз көңдөйүндө шилекейдин көп бөлүнүп чыгышына алып келээрин баарыбыз билебиз. Анан ал шилекейди кайра жутабыз. Шилекей – бул щелочь. А щелочтун ашказанга түшүшү – ашказандын кычкылдуулугун төмөндөтөт. Буга жооп кылып ашказан ашыкча шире бөлүп чыгаруу менен кычкылдуулугун жогорулата баштайт. Ошентип ашказандын иштөө функциясы бузулгандан-бузулуп отуруп, мунун аягы анда жаранын пайда болушу менен аяктайт.
2. “Сагызды көп чайноо тиштин ткандарына күч келтирет”
Негизи, чайноо пайдалуу. Андан бүйлөлөрдөгү кан айлануу жакшырат. Бирок, сагызды ашыкча эле көп чайнап, бул ткандарга көп күч келтирүү зыяндуу. Бул бара-бара пародонтит, гингивит сыяктуу оорулардын келип чыгышына шарт түзөт.
3. “Ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн начарлатат”
Психологдордун изилдөөсүнө караганда, сагызды такай чайнап жүргөн баланын интеллекти сагыз чайнабаган башка теңтушунукуна караганда төмөн болот. Бул сагыздын ойду топтоого мүмкүнчүлүк бербегенине, эске тутууну начарлатканына жана ой жүгүртүү процессин төмөндөткөнүнө байланыштуу.

Сагыз стресстин да жардамчысы боло алат

Акш президенти да убагында кызуу талкууну жараткан

Британиялык окумуштуулар сагыздын адам баласынын психологиялык абалын тийгизген таасири тууралуу изилдешкен. Анда, сагыз чайнаган маалда мээ тынчтанып, тынчсыздануу сезимин жоготуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги аныкталган. Муну алар адамдын тээ ымыркай кезиндеги учурга салыштырышкан. Себеби, ымыркай эмчек эмип жаткан учурда тынчтанып, сооройт эмеспи, андыктан бул анын мээсинде сакталып калат. Сагыз чайноо мээни тынчтандыра тургандыгына байланыштуу дагы бир өтө кызыктуу салыштырууну да айтышкан. Кадимки эле уйлар ар дайым кепшенип чөп чайнап жүрөт эмеспи, ошол эле учурда өздөрүн өтө жоош абалда алып жүрүшөт. Себеби белгилүү болгондой алар дагы чайноо учурунда тынч абалда болушат.

1998- жылы АКШда кофеин кошулган сагыз жасалган. Айырмасы жарым стакан кофе ичкендей эле болот. Муну алар аскер кызматындагылардын чарчоосунда колдонулуучу каражат катары киргизишкен. Буга карата тажрыйба да жүргүзүлгөн. Анда, кофеин сагызы аскер кызматкерлеринин зат алмашуусун жакшыртып, ыкчам реакция жасоого, эс- тутумду жакшыртууга жана табитти бууп, акча болтурган эмес. Ошондой эле физикалык күч жумшоонун деңгээлин жогорулаткан.

Даярдаган Гүлира Токтосунова

http://egemen.kg/

The post Сагыз ден-соолукка зыянбы же пайдабы? appeared first on FORMULA.KG.


September 29, 2015 at 09:20AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.