Halloween party ideas 2015

-Атамдын жаман жолдо жүргөнүн билем. Көргөн сайын жиним келет, апамды аяйм. Кээде атама катуу сүйлөп жиберем. Кайра өкүнөм, бирок, кечирим сурабайм. Бул күнөөбү? 

-Күнөө. Ата-энеңиз каапыр болгон күндө да жакшы мамиле кылууңуз керек. “Аргымакты жаман деп бууданды кайдан табасың, агайыңды жаман деп тууганды кайдан табасың”. Атаңызды жаман деп жээрисеңиз бирөө менин атам жакшы деп сизге берип койбойт. Урматташыңыз керек. Жараткандан суранып дуба кылышыңыз керек, “атама түз жолду көрсөт” деп.

-Намаз окуйм. Бирок, дайыма көңүлүм чөгүңкү. Тез жиним келет, жаман ойлойм. Көңүлдү тынчыткан, мээримдүү кылган дубалар болсо айтыңызчы.

-“Фатиха” сүрөсүн окуп өзүңүзгө дем салыңыз. Пайгамбарыбыздын, сахабаларынын тарыхын, диний китептерди окусаңыз иншаллах жакшы болот. Дайыма “бисмилла” деп жүрүңүз.

-Намазды кыргызча окуса болобу же болбосо эмнеге?

-Намаз араб тилинде окулат. Араб тили бардык мусулмандардын башын бириктирип турган тил. Бул бардык мусулмандарды арабдаштырып жиберүү деген сөз эмес. Болгону биздин эрежебиз, жазылган мыйзамдарыбыз, Куран китеби түп нускада болуусу керек. Баарыбыз түп нускасын окуганда гана биримдигибиз сакталат.

-Бей деген сөз эмнени билдирет? Көп ырларда ушул сөз колдонулат экен.

-Бей деген түрк тилиндеги мырза деген сөз.

-Атам 1990-жылы каза болгон. Ошондо мурасты шарият жолу менен бөлөбүз деп молдо таппай койгонбуз. Азыр ошондой илимди билген молдо барбы?

-Мага келгиле.

-1950-жылы Курбан айт качан болгон экенин билесизби?

-Жакын күндөрдө муфтияттан Хиджра календарын чыгарабыз. 1950-жыл кайсы Хиджра жылына туура келгендигин аныктап, анан эсептеп чыкса болот. Бул өтө деле оор эмес, болгону бир аз убакыт керек.

-Жолдошумдун экинчи аялы бар. Барып келип “сен жамансың, шалаакысың” деп урушат. Ал жалгыз бой келин, менин үч балам бар. “Үйгө келсем башым ооруйт, сени көрсөм ургум келет” дейт. Үй-бүлөм бузулбашы үчүн эмне кылышым керек?

-Үй-бүлө бузулбашы үчүн жакшы кийинип, жасанып жүрүңүз. Атырларды себиниңиз. Үйдү таза кармаңыз. Келгенде тиги аялынан келди деп элестетип алып жиниңиз келбестен күйөөңүздүн көңүлүн көтөргөнгө аракет кылыңыз. Ал жакшы көргөн тамактарды жасаңыз. “Тиги менен жатып келдиң, мени менен жатпа” дебестен эркелетиңиз, нары карап уктап калбастан. Балдарыңызды жакшы караңыз. Кээде балдардын иштерин күйөөңүзгө жүктөп коюңуз. Мисалы, “баланы көтөрө тур, баланы бакчага жеткирип кел” деп. Анан намаз окуп, Кудайдан суранып дуба кылыңыз. Кээ бирлер балалуу болсо эле жүдөп кетет. Ашканадагыдай эле жүрө беришет, манты жыттанып. Андай болбойт. Бой-келбетине карап, таза жүрүш керек.

-Таштанды төгүп жатсам жанында эки бомж турган. Аларга көңүл бурбай эле бара жатсам сүйлөнүп, жаман сөз менен сөгүп кирди. Ал жакты карасам “менин кейпимди кийип кал, оомийн” деп тескери батасын берди. Жаман акыбалда калдым. Эмне кылышым керек?

-Эч нерсе кылбайсыз. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет”. Туура жолдо жүргөн болсоңуз, намаз окусаңыз алардын каргышы тийбейт. Айта берет.

-Медресеге баргым келет. Бирок ата-энем уруксат бербей жатат. Кайсы дубаны окусам болот?

-Эң жакшысы, эки рекет нафил намаз окуп “Оо Кудай, ата-энеме ынсап бер, медресе окуганым менин дүйнөмө, акыретиме, диниме пайдасы тие турган болсо окута көр” деп жалбарыңыз.

Айбек Сейитбеков, “Эгемен”

The post Чубак ажы Жалилов: «Ата-энеңиз каапыр болгон күндө да жакшы мамиле кылууңуз керек» appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


September 11, 2015 at 06:15PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.