Halloween party ideas 2015

Бисмилляхир Рохманир Рохийм!
Адатта, бир жылда бир келген Рамазанда Аллах мусулмандар үчүн кубанычтын дарбазаларын ачып, сооптордун эгинзарын жайкалта төшөйт жана берекесин аябай чачат. Андан тышкары бул айда мусулмандар өз ара да өзгөчө мамилелерге өтүшөт. Бири-бирин кечиришет жана өздөрү да кечирилишет. Башкаларды сыйлашат жана өздөрү да сый көрүшөт. Башкалар менен ырыскысын бөлүшөт жана алар менен да башкалар бөлүшөт. Бир сөз менен айтканда Рамазан чынында кубанычтын, тынчтыктын жана берекенин майрамы.
 Ошол эле учурда бул айда баарына текши көрүнө бербеген сырлар да бар. Ал сырлар акылы шакватын, эрки нафсысын, сезими текеберлигин жеңе алгандарга, башкача айтканда калыстарга жана жүрөгү менен көрө алгандарга гана ачылат. Биз төмөндө алардын кээ бирлерин карап өтөлү:
                        Биринчи көрүнүш
Бир кезде бүт адамдар кандайдыр белгисиз күч менен бир убакытта бир дасторконго отурушат. Дасторкон болуп көрбөгөндөй берекелүү жана мол. Белгиленген убакытта баары бирдей тамактанып киришет. Тамактар да адаттан тышкары даамдуу. Тамактангандардын кубанычы чексиз. Жүрөктөрү кадыржам. Анан намазга чакырат. Баары бир денедей ордуларынан туруп, саптарга тизилишет.
Бул убакытта Ошто эми гана дасторконго отурушту. Алардын алдындагы дасторкон да мындан кем эмес. Мусулмандар бул жерде да буга чейин кандайдыр буйрукту күтүп турушкан эле, эми уруксат берилээр замат баары бирденине тамактанып киришти. Тамактардын даамдуулугун айтпа. Баары курсан.
Ушул учурда Ашгабатта мусулмандар бул дасторконго эми даярданып жатышат. Аларга бул буйрук бир сааттан кийин берилет. Стамбулда эки сааттан кийин. Андан ары Меккеде үч саттан кийин дасторконго чакырылат.
Ошентип, Жер шарын жыйырма төрт сааттык тилкелерге бөлүп караса мүнөт сайын миллиондогон мусулмандардын ушундай дасторкондорго отуруп жатканын көрсө болот. Бул Жаратуучунун жер бетине дасторконун жая салып, пенделерин бир убакытта конокко чакырып, кадырлап жатканын түшүнсө болот.
            Экинчи көрүнүш 
Адамдарга кайсыдыр ашканада тамак берсе, тамактангандар кимге ыраазылык билдириши керек? Тейлегендергеби, ашпозгобу же тамакка кеткен азыктардын ээсинеби?  Адатта, адамдар үчөөнө тең ыраазылык билдиришет. А чынында булардын баары себептер гана жана дасторкондун чыныгы ээси ааламдардын Жаратуучусу, Ырыскыландыруучу. Демек, чыныгы ыраазылык Ага гана билдирилиши керек. 
Бул ыраазылык – Анын буйругун так аткаруу жана  тыйгандарынан тыйылуу. Ал эми Рамазанда ооз ачканга чейин тамак, суусундук, кумардан өз ыктыяры менен баш тартуу. Андан тышкары өзүн да дыкаттык менен күзөтүп, ушак, жамандоо, доомат сымал фитналардан да кутулуу зарыл. Бул пендеден албетте алп сабырды талап кылат. Пенденин сабыры Ээсине кылган шүгүрү. 
Жөн учурда адам ырыскысы тууралуу көп ойлонбойт. Анын баасына да маани бербейт. Анын оозуна салып жаткан бир тиштем наны үчүн бүт ааламдар кызмат кылганын ойлоп да койбойт. Бирок орозодо курсагы ачканда, аргасыздан тамак тууралуу ойлоно баштайт. Буга чейин көзүнө илбеген катуу нан, ооз ачаарда ага эң даамдуу тамакка айланат. Анан ал Раббысына шүгүр кылып мактоо айтат. 
Жер шарындагы бир убакытта ооз ачкан бүт мусулмандардын чын ыкласы менен Раббысына айткан мактоолорунан – Жаратуучунун пенделерине шүгүр кылууга атайын мүмкүнчүлүк бергенин түшүнсө болот. 
            Үчүнчү көрүнүш 
Кыргызда: «Курсагы токтун кудай менен иши жок» деген сөз бар. Тамак адамдын эң зор муктаждыгы жана ачарчылыктан коркуп, келечекке азык (акча) камдоо үчүн эмнеге гана барбайт. Барган сайын адам азыктын, акчанын кулуна айланат жана анын өмүрү ошону камдоо жана тейлөө менен өтөт. 
Рамазанда Аллах пенделерин ачкалык менен тарбиялайт. Ачарчылык коркунучунан куткарат жана ырыскынын Аллахтан гана келээрин түшүндүрөт. 
Ырыскынын Аллахтан гана келээрин түшүнүү – жакшылык. Антпесе жетимдер менен жесирлер кырылып, адам заты жашоосун токтотмок. Жок, ар бир адам энесинин курсагында балгиленген мөөнөткө чейин каралган азыгы ага эч токтобой жетип турат. Качан гана ажалы жеткенде анын «ичээр суусу» да түгөнөт. Демек, ансыз да Аллахтан келе турган ырыскы үчүн бул жашоону жана Акыретти чанып кетүү туурабы?   
Анын үстүнө Рамазанда бүт жер шарынын мусулмандары тегизинен бирдей ачка. Кедей да бай да тамактан бирдей тыйылган. Бирок бай кедейдин кыйналганын жана ачарчылык кыйынчылыгын сезет. Анан өзүндөгүнү башкалар менен бөлүшөт. Демек, ачкалык жана ага чыдап өзүн Аллах үчүн тыюу – Ырыскы Берүүчүнүн жакшылыгына берген жообу.
 Төртүнчү көрүнүш 
Адамдын табиятындагы нафсынын каалосунун чеги белгисиз. Адамдын нафсы каалабаган жыргал жок. Бузукулук, зомбулук, күнөөкордук ушул нафсынын ээн баштыгынан, анын ооздукталбаганынан башталат. Бирок Рамазан нафсыны башкарууну үйрөтөт. Анткени, орозодо адам нафсы каалаган негизги жыргалдардан ыктыярдуу тыйылат. Нафсы чырылдайт, кыйнайт, ар кандай шылтоо таап адамды азгырып, өз каалоосуна жетелейт. Бирок адам ага баш ийбейт. Аллах үчүн оозун бекитип, тыйылат. Бул нафсыны сындырат. Ага андан да улуу Зат бардыгын жана адамдын чыныгы Ээси Аллах экенин туйдурат. Нафсы буга моюн сунууга аргасыз болот. 
Элде айтылган бир сөз бар: Аллах бир жолу адамдын нафсысын сынагысы келет. Андан: «Сен кимсиң жана Мен киммин?» деп сурайт. Нафсы: «Сен – Сенсиң, мен - менмин» деп жооп берет нафсы. Ал өзүн Аллахка тең койот. Аллах аны ар нерседен кысат. Нафсы айтканынан кайтпайт. Кебелип да койбойт. 
Аллах аны тамактан кур койот. Нафсы тамак таппайт. Аллах анын ырыскысын да токтотот. Мына ошондо гана нафсы: «Мен – менмин, а Сен – менин Раббымсың» деп чөк түшөт жана өзүнүн Аллахка муктаж экенин мойнуна алат. Рамазан нафсынын текеберлигин сындыруучу, аны өз ордуна коючу зор мектеп. 
Бешинчи көрүнүш 
Рамазан ошондой эле Курандын айы. Анткени, Куран ушул айда түшкөн. Рамазанда ар бир мусулман Куранга маани берип, ага мурдагыдан өзгөчө көңүл бурат. Анын аяттарын түшүнүү үчүн кайра үңүлөт. Ага Курандын жаңы чыйырлары жаңы кыйырларды ачат. 
Мусулмандар Куран аяттарын каары эмес, пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам окуп жаткандай угушат. Кээ бирлери балким Жебирейил периште алып келип жаткандай да туйушат. Ал эми дагы кээлери бул аяттарды азыр, ушул учурда ага Аллах Өзү жиберип жаткандай сезгендери да бар. 
Мечиттерде Куран хатымдары башталат. Ар бир мечитте жаңырган Куран жер шарын жыйырма төрт саат бою каптап, анын аяттары жаңырбаган, угулбаган бир да жер калбайт. Аллахтын сөзү  бир да көз ирмемеге токтобой ааламды ээлеп турат. Ага жооп кылып, Аллах Курандын ар бир тамгасына он сооп берээрин убадалаган. 
Алтынчы көрүнүш 
Рамазан Аллахтын сооп базарына, болгондо да пендесинин пайдасына жайылган сооптордун жармаңкесине айланат. Пендеси жөнөкөй учурда белгилүү бир соопко татыган иш Рамазанда эсепсиз баага ээ болот. Пендеси анын эсебин акыретте гана көрө алат. 
Андан тышкары Аллах Рамазанда пенделерине өзгөчө назар салат. Ал пенделеринин ар бир дубасына, тилегине үңүлүп карайт, жакшыларын бергени шашат шашат, ашыкчасын да акыретте кайтарууга камдайт. Рамазанда кылынган дуба, Аллахка кайрылуу, жалынуу жоопсуз калбайт.  
Жетинчи көрүнүш 
Аллах Рамазанда Шайтанды камайт. Жөнөкөй учурда адам ар бир күнөөсүн Шайтанга шылтай берсе, Рамазандагы күнөөсүн ага жүктөй албайт. Демек, ал бул ишти өз ыктыяры менен жасаганын жана анүчүн Аллах алдында жооп берерин аңдайт. 
Бул ай ошондуктан сабырдын жана нафсынын  гана эмес адамдын мүнөзүн жана эркин да сыноонун айы. Башкача айтканда адам бул айдагы Шайтансыз аткарган иштери аркылуу өзүнүн жеке жөндөмүн жана мүмкүнчүлүктөрүн сынап алат. 
Ошентип, Аллахтын пенделерине атайын бекиткен Рамазан айы – чынында жоопкерчиликтин, ибадаткөйлүктүн жана Аллахка жакындоонун айы болоору көрүнүп турат.  Аллах ар бир орозо кармагандын иштерине ийгилик берип, эселеген сооптор менен сыйласын.
Мыктыбек Арыстанбек, 03.06.2016-жыл. Бишкек ш.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.