Halloween party ideas 2015


1) Кызымдын бутунда анары бар. Сөзсүз Анара деп айтуубуз жана ошол ысымды азан чакыртып коюшубуз керекпи? Өзүнүн аты Элина болчу. Анара деп чакырбасаң анары көбөйүп кетет дешет.
Жооп: Биз билгенден, анары бар адамдарды Анара, Анаркүл, Анарбек, Анарбай деп чакыруу, ошентип ат коюу милдеттүү эмес. Элина деп коюлган ат деле элине ыйман, акыйкат, адал эмгек, адилет кызмат көрсөтөт деген аруу тилек менен коюлса керек эле?!... Анар деген атты койбосо анары көбөйүп кетет деген эл оозундагы жөн эле сөз болуш керек го!? Антпесе, анары бар болгонуна карабай, андай ат албаган адамдар эмдигиче дене-боюн анар каптап кетпейт беле?..
Элинаны башка ысымга өзгөртүү, жаңыдан азан айттыруу зарыл эмес.
Эске салчу маселе: ысым өзгөргөн учурда, жаңыдан азан айттыруу тартиби жок. Азан ат коюлганы үчүн эмес, балким, бул ааламга келгени үчүн айтылат. Валлооху аьламу.

2) Шариатта бирөөнүн баласын эмизсе болобу? Жеңем баласын эмизип турчу деп таштап кете берет. Жолдошу руксат берсе, эмизе берсе болот дешет, ушул туурабы?
Жооп: Эгерде эмизе турган аялдын күйөөсү, тагыраак айтканда, сүттүн ээси уруксат берсе, эмизе берсе болот. Уруксат бербесе, эмизгенге да уруксат берилбейт. Сиз эмизген бала наристе сиз менен күйөөңүздүн кара чечекей баласындай эле мааниге ээ болуп калат да, сиздин балдарыңыз менен бир туугандык макамдай даражага, эмчектеш даражасына ээ болуп калышат. Эмчектештер бири-бирине үйлөнсө болбойт. Махрамият тартиптери сакталат.

3) Бирөө намаз окуп жатканда алдынан өтүп кетсе эмне болот?
Жооп: Күнөө болот. Эгерде намаз окуп жаткан адам ыңгайсыз жерди тандап алып окуган болсо, башкалар аргасыздан өтө турган болсо эки тарап тең күнөөкөр болот. Бир аз күтө турса намаз деле бүтөөр... Окуп жаткан адамды күткөндүн өзү да ибадат эмеспи... Пайгамбарыбыз алайхис салам “күт” дегенден кийин күткөн адам соопко ээ болот. Жашоодогу жаркын максатыбыз соопко ээ болуу болгондон кийин, күткөн жакшы...

4) Даават парзбы же сүннөтпү?
Жооп: Даават парз, садагасы! Куранда “Даават кыл!” деген чакырык, буйрук келет. Ким колунан эмне келсе, ага кандай жөндөмдүүлүк берилсе, ошол аркылуу дин жеткирүүгө аракеттенүүсү милдеттүү болот.
5) Хына менен колго, денеге сүрөт тартканга болобу?
Жооп: Аялзатына болот. Жандуунун сүрөтү эмес, гүл сыяктуу ар кандай оймолордун сүрөтүн хына менен тарттырса болот. А түгүл сооп дагы болот.
Эркектерге хына менен чач-сакалын боёсо болот, а бирок, денесине, колуна сүрөт тартырууга таптакыр болбойт. Арам.

6) Москвада мусулман эместерден кредит алса болобу?
Жооп: Даруль харбтагы харбийден ошол жердеги мусулман адам кредит алса болот. Москва дааруль харб болот, андыктан ошол жердик мусулман эместен, ошол жерде жашап жаткан мусулман пендеси, эгер муктаждык болуп калса - төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгү жете турган болсо, алардан кредит алса болот.

7) Козу карын жесе болобу?
Жооп: Болот. Уулуу козу карын жеген арам. Эскирип оорулуу кылып коё турганы болсо да арам. Ал эми шектүү болуп калганын жеген макрух. Жакшысын жакшылап жей бересиз.

8) Орозодо ийне сайдырса болобу? Ооз ачылбайбы?
Жооп: Орозодо ийне сайдыруу орозону бузбайт. Анткени ийне аркылуу кирип жаткан суюктук, адаттагы азык кирүүчү жол (ооз, мурун, кулак, арткы аврет) менен эмес, андан башка жер аркылуу кирип жатат. Ошондой эле кирип барган жери да адаттагы азык кирүүчү жай (кекиртек, ашказан, ичегилер) эмес, этибарга алына турган көңдөй болбогондуктан, ийне менен берилген дарыга ооз ачылбайт.
Ийне сайса орозо бузбайт деген аалымдардын көч башында Мухаммад Саьиид Рамазан Буутий турат.
Кээ бир аалымдар курамында “глюкоза” болсо ооз ачылып калат дешет. А бирок, ага маани берүүнүн кажети жок.

9) Эжем 50 жашта. Жездем менен ажырашканына 5 жыл болуп калды. Башкага турмушка чыгайын десе, талак бербей жатыптыр. Эжемдин улуу баласы «Башкага турмушка чыкпайсыз» деп жатат. Эмне кылса болот?
Жооп: Алардын ички маселеси экен. Күйөөсү менен жарашсын. Жарашууга такыр болбосо, анда сотко берип, же аксакалдарды салып ажырашсын. Беш жылдан берки өмүрү күл болуп кетиптир, ага ким жооп берет. Күйөөсү да акылы жакшы эмес адам экен, же өзү жашабаса, же өзгөнү жашатпаса, Алланын каарына кала турган пенде экен. Кудайым сактасын.
Чоң баласы да атасын жазбай тартыптыр. Андай эле кызганчаак экен, атасы менен апасын эптеп жолун таап ажыраштырсын. Апасынын курсагын эптеп тойгузганы менен, анын көңүлүн кантип тойгузат.
Апалары жесир калган, же тирүүлөй жесир калган балдар, апаларын курулай эле кызгана бергендери жакшы эмес. Эгер жакшы, мусулман, такыба пенде чыкса, уруксат бергендери жакшы болот. Жалгыздык Аллага эле жарашат.

10) Жолдошум Кувейтте иштейт. Умрага, ажыга көп барат. Мени да ажыга алып бар десем күнөө болбойбу? Же махрдын ордуна ажыга алып барып кел дегеним дуруспу?
Жооп: Жолдошуңуз менен сүйлөшүңүз. Кандай чечсеңер да жакшылыкка болот. Кеңешип кескен бармак оорубайт деп айтылат.

11) Каш терсе болбойт дегениңизди уккамын. Бирок жолдошум сулууларды көргөндө өзүн жоготуп коёт. Жолдошумдун башкага көз артпоосу үчүн терсем болобу? Тергенде башкача болуп калам.
Жооп: Сулуулук салонуна барсаңыз, азыр кашыңызды тербей туруп сулууга айлантып коё турган кереметтер бар. Анын үстүнө азыркы моданын кыйындары «Кашты тербей туруп сулуу болуу мода» деп айтып жатышкан имиш. Кашты терген күнөө болот.

12) Эртең менен намазга такыр тура албай жатам. 4 маал гана намаз окуп келем. Бул кандай болот?
Жооп: Багымдаттын казасын оку, жок дегенде. Ниет кылсаң турасың, ниет жок болсо ошентип өксүй берет.

13) Намазда ойлобогон ойдун баарын ойлоймун. Бул нерсенин дубасы барбы?
Жооп: Эмне тилек тилесең, ошонун баарын кыргызча айтсаң эле, ошонун дубасын таап айтканың болот. Намаздын башында намаздын улуулугун, маанилүүлүгүн эске салып, ниетти туураласаң, жеңилирээк болууга себеп болот.

14) Ооз бекиткенден кийин тиш жуусак кандай болот?
Жооп: Ооз бекитип тиш жууса деле болот. Бирок, ооз бекитүүдөн мурда тиш жууп алган жакшыраак. Анткени тиш пастанын даамы бар болгондуктан, ал оозго кирип кетүү коркунучу болуп, ошол коркунучтун айынан макрух болуу мүмкүнчүлүгү туулат. Ооздогу жаман жытты кетирүү максатында мисвак бутагын тиш тазалоого колдонсоңуз жакшы болуп, сүннөткө ээ болосуз. Бирок, зарылчылык туулса, кекиртекке киргизбей туруп жуусаңыз, этиеттик шарты менен дурус болот.

15) Үй-бүлөдө аял киши күйөөсү менен иши жок болсо, калпты айтса, тапканын пайдасыз нерселерге чачса ажыраштырууга болобу?
Жооп: Аял киши үйдө болуп, үйдүн кутун сактоого аракеттенүүсү абзел. Күйөөсүн тоготпогон аялга осуят айтылуусу кажет. Жолдошунун абийирин чачууга жол койгон учурда, ажырашууну ойлонууга мүмкүнчүлүк табылуусу мүмкүн. Ал эми аял киши өзү тапканын пайдасыз нерселерге жумшаса, ал нерсе үчүн ажырашууга же ажыраштырууга аракет кылуу туура эмес. Калп айткан үчүн да ажыраштырууга жол берилбегени туура болот. Эркек кайраттуу болсо аял уяттуу болот. Аялдын муктаждыгын канааттандырып, анын көңүлүн көтөрө билсе, аялзаты көчөгө да чыкпай, кошумча тыйын да таппайт, тыйын таппагандан кийин аны пайдасыз жолго чачпайт. Чачпагандан кийин актануу үчүн калп да айтпайт. Ошентип баары жөнгө келет. Үй-бүлөдө дин жок болсо, балакеттин баары башталат. Бактылуулук ошентип ташталат.

16) Намаз окубайм. Начар баламын. Кыздарга көз арта берем. Досторумдун аялдары көз кысса, алардан калбай өзүнө жараша мамиле кылып коё берем. Өзүм сулуу деле жан эмесмин. Темир кызыткан жерде иштейм. Ал жердеги кызыган отту көрүп тозоктон корком. Мен да жакшы амал кылып, бейишке чыккым келет. Кеңешиңизди чыдамсыздык менен күтөм устаз.
Жооп: Сага ошол кыздар, келиндер көз кысканда эжең менен карындашыңды, энең менен таэжеңди, кызың менен келинчегиңди элестет. Ошолорго башкалар көз кысканын ойлон. Сендеги бар абалдан ойгон. Ошондо болосуң сен жаман иштерге тойгон. Такыр болбосо өзүң кызыткан отко чыпалагыңды тийгизе кой жарым секундка... Маселе чечилет. Такыр болбосо, ошол отко боюңду ташта. Тозокко күйгөндөн көрө ушул отко күйсөң күйүтүң жеңилирээк болот. Күнөөдөн качып күйгөнүң үчүн күнөөдөн арыларсың, Жусуп алайхис саламдын сүннөтүнө бой сунган болуп, бейиштик орунга кабыларсың. Ошент, берекем!

17) Атам жок, апам, 2 иним бар. Турмушка чыккыча үй-бүлөнү мен камсыздап келдим. Мен кеткенден кийин апамдар аябай кыйналды. Кээде үйдөн азык-түлүк жиберип турчумун. Күнөөкөр болбоймунбу?
Жооп: Эгерде сиз жумушта иштеп, өзүңүз тыйын тапсаңыз, каалаганча жардам бере аласыз. А эгер иштебеген болсоңуз, анда, жолдошуңуздун уруксаты менен гана жардам бере аласыз. Үйдө даярдалып, үй-бүлөңүз жегенден арткан тамактан каалашыңызча анын уруксаты жок берсеңиз боло берет.
Эгерде, апаңыз жана инилериңиз жаш болгону үчүн сиздин жардамга чындап муктаж болсо, анда күйөөңүз сиздин атыңыздан аларга жардам берүүгө тийиш болот. Жолдошуңуздун каражаты тартыш болсо, же аларга жардам берүүнү каалабаса, анда сиздин иштөөңүзгө уруксат берүүгө милдеттүү болот.

18) Менин ашказанымда жара бардыгына байланыштуу бат-бат аз-аздан тамактануу керек. Жакында орозо башталат, орозо кармабай койсом күнөөкөр болбоймунбу?
Жооп: Дарыгериңиз менен кеңешиңиз. Анын жообу менин жообум болот.
19) Мен куу, жалганчы, ширин тилдүү кайненем менен жашаганга мажбурмун. Намаздарыма, жоолугума тоскоолдук кылат. Чыдайм деп жүрүп ден-соолуктан айрылганы калдым. Эмне кылам, устаз?
Жооп: Бой көтөргөндөргө бой көтөрүү садага. Сен дагы ширин тил бол. Уруп жатпагандан кийин анын кылык-жоруктарына маани бербе. Кулактын сыртынан кетир. Акылы аз адам сүйлөп жаткандай эле кабылда. Ошентсең баарына жакшы болгону турат.

Атактуу аалым Чубак ажы Жалиловго суроолоруңуздарды SMS же Whatsapp аркылуу 0773-61-54-87 номуруна жибериңиздер!



Эскертүү: аталган номур Чубак ажыныкы эмес!

http://saresep.kg/

Отправить комментарий

Технологии Blogger.