Halloween party ideas 2015

Абдышүкүр ажы Нарматов: «АРАКТЫН КЕСЕПЕТИ ҮЧҮН АЛЛА ТААЛА 10 ТҮРДҮҮ АДАМГА КАРГЫШ АЙТКАН»


Адам баласы өзүнүн акыл-эси менен башка жандуулардан айырмаланып турат

Биздин улуу жазуучубуз Ч. Айтматов: «Адам баласына эң кыйыны – күн сайын адам болуу» -деп айткан. Бизди Алла Таала адам кылып жараткан.

Адам баласынын эки дүйнөдө тең бактылуу жашоосу үчүн Алла Таала көптөгөн пайгамбарлары аркылуу Өзүнүн динин, шариятын жиберген. Ошол пайгамбарлардын эң акыркысы, эң улугу биздин сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам). Пайгамбарыбызга (сав) Ыйык Куран китеби түшүрүлгөн. Анда мурда жашап өткөн элдердин, коомдордун баяны, адам баласы канткенде эки дүйнөнүн бактылуу болоорунун, туура жүрүүнүн, изги-сооптуу иштердин жол-жобосу көрсөтүлгөн, баяндалган. Демек, кимде-ким бул дүйнөдө да, акырет жашоосунда да бактылуу жашоону кааласа, анда Ыйык Куранды окусун жана андан сабак-ибарат алсын. Куран бул дүйнөдөн өтүп кеткен маркумдарга гана окулуп койчу китеп эмес. Куран – бизге туура багытты, бактылуу жашоону, эң негизгиси Алла Тааланын ыраазычылыгына ээ болуунун жолдорун, таат-ибадат кылуунун зарыл экендигин көрсөткөн ыйык китеп.

Деги адам баласы эмнеси менен же болбосо кандай өзгөчөлүгү менен адам?! Адам акыл-эси менен башка жандуулардан айырмаланып турат. Алла Таала бул дүйнөгө эчендеген макулуктарды жараткан. Ошол жан-жаныбарлардын баарынын кумардык каалоосу бар. Адамзаттан башкасынын эч биринин акылы жок. Демек, адамды адам кылган эң башкы өзгөчөлүк – бул акыл-эс. Андыктан, адам өзүнүн кумардык каалоосун акылы менен калчап туруп, алган бүтүмүнө, чыгарган жыйынтыгына жараша гана кандайдыр бир ишти жасайт. Мына ошондуктан кандайдыр бир акылсыздык же тентектик кылган адамды элибиз «айбан» деп айтып коюшат го. Анысы «акылы жок» же «акылын колдонбогон» деген маанини туюндурат. Эгерде адам баласы өзүнүн кумардык каалоосун тизгиндеп, аны акылына салып калчап, акылдын жолу менен жүрө турган болсо, анда ал керек болсо периштелик даражага жетет. Болбосо, Алла Таала эң чоң нимат-жакшылык катары ыроологон акылын иштетпесе, өзүнүн кумардык каалоосунун айтканына моюн сунуп, ошондой абалда жашаса, адал-арам менен ак-караны ылгабаса, анда ал айбандык даражадан да төмөн түшүп кетет.

Мына ошондуктан мен өмүрүмдө атың өчкүр аракты бир да жолу ичкен эмесмин. Аракты гана эмес, анын эжесинин, сиңдисинин, тайкесинин, байкесинин да бир тамчысын көргөн да, даамын таткан да эмесмин. Жараткан Алла Тааладан суранаарым: Менин келечек урпактарым дагы мунун бир да тамчысын көрбөй өтүп кетсин деймин. Ошондой үй-бүлөдө тарбия көргөндүгүм үчүн сыймыктанып, Кудай Таалага шүгүр айтам.

Арам нерсенин эч кандай шыпаалыгы жок

Айрым бир учурларда арак ичкендерди көчөдөн же сыналгыдан көрүп калам. Ошол учурда Пайгамбарыбыздын (сав) куттуу хадиси дароо эсиме кылт эте түшөт. Себеби, сүйүктүү Пайгамбарыбыз (сав) өзүнүн куттуу хадистеринин биринде минтип айткан: «Аракты ичкен адам ошол ичкен кезинде момун болбойт, ыйманы жок болот…»   Анан дагы, ачуу сууну ичип жаткандар: «Жакшылык болсун!» «Ийгилик коштосун»… – деп өздөрүнчө бири-бирине «тилек» айтып калышат. Мен мына ошондой адамдарга минтип айтаар элем: «Адалдан тапкан акчамды арамга иштетүү үчүн, Алла Таала нимат-жакшылык катары сыйлап-ыроологон акылымды жоготуу үчүн, адамдык сыпаттан айрылып, айбандык (маймылдык) даражага түшүү үчүн, Кудайым аманат катары тартуулаган перзенттериме жаман үлгү болуу үчүн, үйүмдө чоң көйгөй жаратуу үчүн, көчөдө айбандан беш бетер жатып калып, эли-журттун баарына шерменде жана күлкү болуу үчүн!» – деп, көтөрүп ичсе кичинее болсо да жарашып калмак. Эми булардын баарына турмушта күбө болуп жатпайбызбы…

Өз учурунда бирөөсү келип Пайгамбарыбыздан (сав):

– Оо, Алла Тааланын Элчиси! Аракты дарылык үчүн, шыпаа табуу үчүн колдонсо болобу? – деп сурап калат. Ага Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам):

– «Ал – дабаа (дары) эмес, кайра тескерисинче дарт (оору)», – деп, кыска, нуска жооп берген экен. Ошондой эле, Пайгамбарыбыз (сав) куттуу хадистеринин дагы биринде: «Менин үммөтүмө арам болгон (шарият жагынан толугу менен тыюу салынган) нерсе шыпаа бербейт», – деп айткан.

Айрым бир адамдар өзүнүн жасаган ишине шылтоо табыш үчүн: «Эми, жөн гана дарычылык үчүн колдонуп койдук да…» – деп калышат. Андай адамдарга дагы бир жолу баса белгилеп айткым келет: Мындай аты өчкүр арамдын эч бири шыпаалык касиетке ээ эмес, шыпаа бере албайт да. Ыйык Куранда аракка, деги эле алкоголдуу ичимдиктердин, адамды акылынан ажыратып, мас кыла турган нерсенин баарына кескиндүү түрдө катуу тыюу салган, толугу менен арам экендиги тууралуу аят бар. Курани Каримдеги  «Маида» сүрөсүнүн 90-91-аяттарында жалпысынан мындай деген мааниде айтылган:

«Оо, ыйман келтиргендер! Адамды мас кылып, акылына зыян бере турган арак (жана ичимдиктин бардык түрү), кумар ойноо, сыйынуу үчүн орнотулган таш-буркандар, бут-сөлөкөттөр жана да жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын арам болгон ыплас иштеринен. Демек, мына ушулардын ар биринен оолак болгула! Балким, ошондо тозоктон кутулаарсыңар. Чындыгында, шайтан арак (ичимдик), кумар себептүү араңарга душмандык, жек көрүү салууну, ошондой эле Алла Тааланы эстөөдөн жана намаз окуудан тосууну гана каалайт. Ошондой болсо да тыйылбайсыңарбы?! Эми алардан токтолуп, тыйылаарсыңар?!»

 

Арак – эң чоң күнөөлөрдүн энеси

Бул аятта «арак ичпегиле!» – деп эмес, «андан сактангыла!», «алыс болгула!», «жутмакты кой, такыр жолобогула!» – деп айтылып жатат. Ошондой эле арак сыяктуу эле бүбү-бакшылардан, кумар ойногондон, төлгө ачуудан жана ачтыруудан сактануу, оолак болуу, алыс болуу керек экендиги айтылып жатат. Бул «Аракты ичпе!» эмес, «анын жанында дагы олтурба!» деген сөз. Пайгамбарыбыз Мухаммед  (сав): «Эң жамандардын, чоң күнөөлөрдүн энеси – бул арак», – деп айткан. Мына азыркы учурда керек болсо айбан жасабаган ишти жасаган адамдар тууралуу угуп-көрүп жүрөбүз. Ошондой мыкаачылыктардын түпкүрүндө эмне жатат? Албетте, андай мыкаачылыктардын түпкү тегинде атың өчкүр арактын жаткандыгы баарыбызга маалым. Алыска барбай азыркыны эле алалычы. Бүгүн Кыргызтанда арактын кесепетинен канчалаган үй-бүлө ата-энеси бар туруп, ата камкордугу менен эне мээримине зар болгон «жетим балдарга» толду. Куттуу коломтосунан айрылып, тентип кеткен селсаяктар көбөйдү. Аракты ушул убакка дейре эч бир жан жеңген эмес. Эч ким арактын түбүнө жеткен эмес. Кайра тескерисинче, арак канчалаган адамдардын түбүнө жетип олтурат эмеспи… Мына ошондуктан куттуу хадисте: «Арак – эң чоң күнөөлөрдүн энеси», – деп так-кесе, таамай айтылган. Арак жана анын эже-сиңдилери жок болмоюнча эл оңолбойт. Ыйык Куранда, Ислам дининде «Арак – эң чоң күнөөлөрдүн башаты» болуп саналат. Өзүңүз да бир элестетип көрүңүзчү: «Кантип инсан өз ыктыяры менен Алла Таала берген акылын жоготууга барсын?!”. Бүгүнкү күндө медицина жана бардык тармак аныктагандай, канчалаган кырсыктар адамдардын өлүмүнө себепкер болууда. Ошол атың өчкүр аракты ичип алып, автоунаа айдагандар канча кырсыкка душар болушууда. Андыктан, Алла Таала сыйлап, Өзүнүн нимат-жакшылыгы катары берген акылды жоготпоо керек. Өзүбүзгө-өзүбүз душмандык кылуудан алыс болуубуз керек.

Кудайга шүгүр, бизге Алла Таала эң кооз жакшы жерди берген. Бизде 90% адал продукция бар. Ошондуктан кымыз, суу, сүт, айран ичкин. 98% адал нерсе турса, эмне үчүн өз башыбызды өзүбүз арам нерсеге алып барышыбыз керек?!

Инсандын акылына, ой жүгүртүүсүнө оңбогудай даражада доо келтирип, зыян бере тургандыгы үчүн арак арам болуп саналат

Коомду кооптуу жагдайга кириптер кылып, адеп-ахлактык баалуулукту жер менен жексен кылган ичкилик, адам баласынын ден-соолугу менен келечегине да олуттуу даражада зыян берет. Ал адамдын ар кандай оорууларга кабылуусун күчөйтөт, нерв жана тамак сиңирүү органдарына өзүнүн терс таасирин тийгизип, алардын ооруусуна жана бузулуусуна алып келет. Ошону менен бирге, адамды адам кылып турган акылы менен ой жүгүртүүсүнө оңбогудай даражада доо кетирет жана бузат. Мына ошондуктан, улуу Ислам дини бардык жамандыктар менен күнөөлөрдүн башкы себепкери болгон ичимдик менен ичкиликке кескиндүү түрдө катуу тыюу салган.

Ошентсе да, айрым бир адамдар «мен мас болбой эле, кичине сеп этип алдым да», – деп коёт экен. Пайгамбарыбыз Мухаммед (сав): «Адамды мас кылуучу нерсенин бир тамчысы дагы арам», – деп айткан. Арам болгон нерсе аз же көп экендигине каралбайт. Кыскасы, адамдын акылына зыян бере турган нерсенин бардыгы арам. Арактын кесепети үчүн Алла Таала 10 түрдүү адамга наалат айткан. Мына ошол хадисте: «аракты жасаган, жасаттырган, ташыган, ташыттырган, саткан, саттырткан, сатып алдырткан, куюп берген, ичкен, акчасын жеген же мына ошондон акча жасаган адамдарга Алла Тааланын каргышы болсун!» – деп айтылган. Эми Алла Тааланын каргышына калган адамдын эки дүйнөдө тең бакытка жетпей, шоркелдейликке кабылаары баарыбызга маалым да.

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Отправить комментарий

Технологии Blogger.