Halloween party ideas 2015

  ✍��  Жашоо кээде кандай гана ачуусуң, ууң менен куйкалайсың. Жашоо кээде кандай гана таттуусуң,бакытың менен кубанычка бөлөйсүң. Жашоо ушунусу менен кызыктыр,эч качан ачууну татмайын таттуунун кадырын билбейсиң. Башка келген кайгы,кыйынчылык,кырсык булар баары өтүп кетүүчү күндөр. Бири келип кубантып,бири келип ыйлатып,анткени бул жашоо сыноо жашоо. Эгер билсеңиз күндүн батышыдан кийин чыгышы бар,жамгырлуу күндөрдөн кийин гүлдөрдүн ачылышы бар, караңгы күндүн жарышы,баткак жолдун куруп бүтүшү бар экенин эч качан унутпаң!
Биздин жашоо ушундай куралган,жакшылык менен жамандык дайым бизди коштоп жүрөт,кимисин көп пайдалануу да өз колуңузда.
Ошон үчүн башка келген кайгы,түйшүк,кыйынчылыкка сынып калбай, Аллахка ишенип, аракет үмүт менен алдыга гана умтулуң!

✨ «Чындыгында, улуу сыйлык үчүн-улуу сыноолор (берилет) жана чынында, Аллах (кайсы бир мусулман) адамдарды сүйгөн болсо, анда Аллах аларды сыноолорго кабылтат, ошондон кийин сабыр кылгандар Аллахтын ырайымына ээ болушат, ал эми нараазы болгондор (анын) каарына калышат» ( Тирмизий) .

☝��Эгерде сыноолор келсе бакырып,чакыргандан,ыйлгандан пайда барбы,же жер казып жер астына кирип кетүү керекби,же асмана шаты койуп чыгып кетүү керекби? Жок албетте сабыр кылуу керек андан башка айлаң барбы,кылсаң жетесиң сөзсүз бир күн муратка,кылбасаң андан да беттер болуп каласың зыянда. Ошон үчүн Аллахка умтул,Ага ишен ишеним бактылуулуктун пайдубалы,үмүт жаркырап нурун чачкан күн,сабыр  бизге күч -кубат,чымырканган аракет ийгиликке жеткизет!

  Аллах Таалам ар бир пендесине жан аманатын тартуу кылган,Ал каалаган учурда кимди кааласа, жаш,болобу,бөбөк болобу,каары болобу Өзүнө кайтарып алат. Жакшы көргөн балабыз,ата -энебиз,жубайыбыз бул дүйнөдөн көз жумса, кайгыга батып, кээде Кудайна наалып да жиберебиз бул тууралуу Аллах Таалам мындай деген: 
«Кимдин бул дүйнөдө жакшы көрөгөнүн (баласын же эң жакын адамын) алган болсом, ага ал сабыр кылса, анын ордуна (сабыр кылгандын сообуна) Бейиш берем». (Хадис) .

✨«Эгер бир момун бир пенденин баласы каза болсо, (Аллах жан алгыч) периштелеринен сурайт: "Момун пендемдин баласын алдыңарбы? "Периштелер:"Ооба "-деп жооп берет. Анда Аллах: "Жүрөгүнүн мөмөсүн үздүңөрбү? "-деп кайрадан сураганда периштелер: "Ооба,"-деп жооп берет. Аллах: "пендем эмне деди? "-дегенде периштелер: "(сабыр кылып) сага мактоолорду айтты жана (баласын) Сага тапшырды". Анда Аллах Таала (периштелерине буйруйт): "бул пендеме Бейиште бир үй куруп, атын мактоо үйү деп атап койгула "(хадис)

Демек жашоодогу бардык сыноолор артында Аллах Тааламдын бизге сүйүнчүлөй турган  сыйлыгы бар экен.

: Биз пенделер бир гана Жаратканга таандыкбыз,а тагдырыбызды кичине болсо да өзгөртүү өз колубузда.
Кайгыга түшсөк сүйүнчү тартуулай турган бир гана Аллах!
Кыйынчылыкка түшсөң жеңилдете турган да Аллах!
Кырсыкка, ооруга кабылсаң шыпасын бере турган да Аллах!
Адашсаң, жаман жолдо болсоң,туура жолго салуучуу да Аллах!
Бакытын, байлыгын Өзү берип каалса заматта алып коюучу да Аллах!
Анткени баары Аллахтан Ал Угуучу,Ал Көрүүчүү,Ал Берүүчүү,Ал Чечүүчүү ,Ал Коодыр,Ал Улуук каалса заматта кабыл кылып, заматта берип коёт. Андан гана сура,Андан гана тиле,Ага гана сыйын,Ага гана таян. Андан өткөн Мээримдүү Зат жок! Бул тууралуу:
Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: ”Пайгамбар (саллаллооху алейхи уа саллам) : ”Аллах Тааланын жүз мээрими бар. Алардын бирин инсан , жин , айбан жана курт-кумурскаларга түшүргөн. Анын себебинен, бири-бирине жумшак , ырайым мамиле жасашат, ал тургай жапайы, жырткыч айбан да, баласына мээримин төгөт. Ал эми токсон тогуз мээримин кыямат кунуно камдап койгон. Ал аркылуу пенделерине ырайым корсотот.”-деди.”
Дагы бир риваятта : ”Кыямат кунундо Аллах Таала бул дуйнодогу бир мээримине (ырайымына) калган токсон тогуз мээримин (ырайымын) кошуп толуктайт. (Андан кийин толук жүз мээрими менен, пенделерге ырайым кылат).”-деп айтылган.
(Муслим.)

Ушундай Улуук Мээримдүү Аллахтан кандай үмүт үзүп коёбуз . Ага кайрылбай башка кимге кайрылабыз!

Ыйык Куранда:
«Кайгырба Чындыгында Аллах биз менен бирге »(9;40)

��Насиба Абдуллаева.

��‍��‍��‍��"Бактылуулук Формуласы ".

Отправить комментарий

Технологии Blogger.