Halloween party ideas 2015

  ✍  Динибизде ыймандан кийинки эле бүткүл фарздардын эң  улуусу намаз. Ошондой эле Кыямат күнү да эң биринчи намаздан суралат.  Намаз -бул биз мусулмандарды каапырлардан айырмалап турат,Бейиш ачкычы,Кабырдын жарыгы да намаз менен.

Пайгамбарыбыз  (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) айтты: «Алла Таала мындай деп айтты: «Мен сиздин үмөттүңүзгө беш убак намазды фарз кылдым жана Өзүм менен Өзүм келишим түздүм.  Кимде -ким ушул беш убак намазды үзбөстөн ар дайым окуса, Мен аны Өзүмдүн жоопкерчилигим менен бейишке киргизем. Эгер ким ушуга толук көңүл бурбаса, же окубаса ага Менин эч кандай убадам жок ».
     Чындыгында намаз чоң баалуулукка  ээ. Ал Алла Тааланын бейишке киргизүүсү туурасындагы кепилдик тартуулайт. Көрүп эле жүрөбүз эгерде бир башкарма,же бир колунда бар киши бирөөнүн колдоп койсо  же керектүү ишин ала турган болсо, же бул дүйнөөгө тиешелүү ишин мойнуна алса, ал канчалык кубанып өзүн бактылуу сезет. Ошондой эле ошо кишини канчалык жакшылык кылуучу деп түшүнүп,ага баш ийип калат. Мен ал үчүн кызмат кылуум керек, ал жардам бе рди "деп сый -урматта болуп калат.Бул жерде эки дүйнөнүн падышасы болгон биз элестете албаган, кооз бейишине кепилдик берип жана өлүмдөн кийинки толук бактылуулугубузду көп деле кыйынчылыгы жок күн сайын окулуучу беш убак намаздын ордуна берет. Ошондо да элдер кабарсыз жана көңүл бурбайт. Эгерде ушундай мүмкүнчүлүктү пайдалана албасак,анда өзүбүздү күнөөлөгөндөн башка кимди күнөөлөй алабыз.

✨«Алла Таала Өзүнүн пенделрине дайындаган эң жакшы амалы бул -намаз »(хадис)

   Биз пенделер жашообузда ката кетирип,адашууга көп учурайбыз,анткени биз инсандар алсыз напсинин эркине көп кабылуудабыз. Аз -аздан күнөө кылып жатып жүрөгүбүздү карартып,акырында шайтандын кулуна,оттун артынан өзүбүз кандай жүргөнүбүздү билбей калабыз.
Бул күнөө,ыпластыктардан кутулуунун жолу намазга туруу. Намазсыз-жашоо караңгы мүрзөдө жашаган сыяктуудур.

✨Абу Зар (р.а.)риваят кылат:
«Бир жолу Пайгамбарыбыз (с.а.в.) күзүндө сыртка чыкты.  Дарактын жалбырактары түшүп турган кез эле. Пайгамбарыбыз (с.а.в) дарактын бир бутагын колго алганда, бутактын жалбырактары түшө баштады.  Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Эй, Абу Заар! Мусулман пенде кайсыл мезгил болсо да, чын жүрөктөн Алла үчүн намаз окуса, ушул дарактан жалбырактар күбүлүп түшкөндөй андан күнөөлөр түшөт ».

Аллах Таалам Өз мээримин жана жумшактыгын берүү үчүн себеп издейт. А бизчи жалкоолук, сустук кылабыз, эгер билсек беш убак намаз ар бир убакытына чейин калтырбай окуган болсок, ар бир намазга чейин кылган майда күнөөлөрүбүз,истихбар (тообо кылуу)  айтуу менен кечирилип турат. Эми байкап көрүз бир күндө беш убакыт намазда сизде таң аткандан жаткычаңыз майда күнөөлөрдөн арылып тазаланып турасыз. Эгер ушундан пайда ала албасак ,анда биз жеткен акмакбыз!

     Жабир бин Абдулло (р.а.) риваят кылат,Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Намазды таштоо адамды каафырлыкка жеткизип коёт». Дагы бир жерде айткан: «Пенде менен -каафырлыкты бириктирип турган нерсе -намазды таштоо ».

Абдулло бин Амр (р.а) айтат; «Бир жолу Пайгамбарыбыз (с.а.в) намаз тууралуу айтып жатып мындай деди : «Кимде -ким намазын ар дайым окуса ал үчүн намаз Кыямат күнү нур болот, эсеп -кысап болгондо ага далил болот,кутулууга себеп болот. Кимде -ким такай окубаса Кыямат күнү нур да болбойт, ага эч кандай далил да болбойт,кутуулуусуна себеп да болбойт. Аны Фираун, Хаман, Убай бин Халафтар менен бирге тирилтет (Бул инсандар Ислам душмандары, тозокулар) ».

     Аллах Таала айтат: «Эй, Адам баласы! Сенин күндүн башталышында мен үчүн 4 рекет окуй жүргүн, Мен сени кечке чейин ишиңди бүтүрөм.  Намаз -Аллах Тааланын ыраазы болушуна себеп. Аны периштелер жакшы көрөт  ,бул пайгамбардын сүннөтү, андан Алланы таануунун нуру пайда болот,дуба кабыл болот,ырыскыда береке болот,бул ыймандын тамыры,денени ырахаты,душманга каршы курал,аны окуучууга шапаат кылуучу, көрдө чырак,көрдүн коркунучунан жүрөктү тынчтандыруучу шерик,Мункар -Накирдин суроосуна жооп,Кыяматтагы чыдагыс ысыкта көлөкө,караңгыда жарык,тозоктун отунан калкан,жакшы амалдарга таразада -салмак,Сирот көпүрөсүнөн  ылдам өткөрүүчү курал жана бейиштин ачкычы »..

Чын эле дагы бизге эмне керек?! Дагы кандай жеңилдикти күтөбүз баары бекер береке,түбөлүк бактылуулук тартууланып жатса, эмне үчүн качабыз?!

Намазга бекем бол бир тууганым бул сөздөр Пайгамбарыбыз(с.а.в) дан калган куттуу осуяты...

Даярдаган: Насиба Абдуллаева.

‍‍‍"Бактылуулук Формуласы ".

Отправить комментарий

Технологии Blogger.