Halloween party ideas 2015

«Эгеңер:

“Эгер шүгүр кылсаңар, силерге (жакшылыктарымды) көбөйтөмүн, эгер каапырлык кылсаңар, анда азабым катуу”, – деп жарыялады» («Ибрахим» сүрөөсү, 7-аят)

Чүнчүүгө (депрессия) – туткан динине, маданиятына, жашына жана социалдык абалына карабастан миллиондогон адамдар кабылышат. Психологияда, чүнчүүнү (депрессия) «адамдын куса болуусунан, үмүтсүздүгүнөн, муңайыкылыктан (латынчадан depressio – басуу) келип чыккан эмоционалдык абалы» катары аныктайт.

null

Бул абал, жашоодогу көйгөйлөр, өзүнүн турмушундагы же жакын адамдарынын жашоосундагы жоготуулар, кыйынчылыктар, кылган ишине же аткара албай калган жумушуна сарсанаа болуу сыяктуу күнүмдүк маселелер аркылуу козголот. Адамдар, иш жүзүнө аша элек кырсык окуяларын ойлоп алышып, терс ойлордун кучагына оролуп, жок жерден жапа чеге беришет. Дене бойдун оорусуна караганда, жан дүйнө дартына чыдоо өтө оор. Ал адамдын организмине адаттан тыш талкалоочу таасир тийгизет.

Чүнчүү (депрессия) бир катар психосоматикалык оорулардын (грекчеден psyche – жан дүйнө жана soma – дене) башкы себеби болуп саналат. Тактап айтканда, психикалык бүлүнүүлөр, физиологиялык оорулардын себеби болуп калат. Анын натыйжасында, организмдин ар түрдүү бөлүктөрү кеселге кабылат. Мисалга: ичеги-карын жолунан (жаралар, гастрит) тартып, нерв жана жүрөк-кан тамыр, дем алуу тутумдары (астма), ал гана эмес, булчуң тутуму (булчуң кызыл жүгүрүгү).

Чүнчүүгө каршы, миллиондогон дары-дармек каражаттарын чыгарган индустрияга карабастан, чүнчүүдөн жабыркаган адамдардын саны жыл сайын өсүүдө. Кеселден көз ачып, жумганча айыктыра турган «укмуштуу дарылардын» терс таасирлери оголе көп, кээ бир учурларда, «өзүн-өзү өлтүрүү тобокелчилигине чейин жеткиргендери» да кездешет. Бул дартка даба кайдан табылат? Ушул макалада, Жараткандын батасы жана кайратман аалымдардын жетекчилиги (Аллах алардын ыраазы болсун!) астында, бул көйгөйлүү суроого, Ыйык Курандын аяттарынан жана пайгамбарыбыз Мухамеддин (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) санат-насыят сөздөрүнөн жооп табууга аракет кылабыз. Ырайымдуу жана Кечиримдүү Аллахтын ысымы менен баштайбыз.

Мусулман адам чүнчүүгө негиз жок!

null

«Мусулман эч качан чүнчүбөш керек!» ‒ деген сөздөрдү, дин туткандардын арасынан көп эле угабыз. Алгач, бул уламышты жокко чыгарып алышыбыз зарыл. Анткени, Аллах кимибиз жакшы амалдарды жасаарыбызды сыноо үчүн, өмүр менен өлүмдү жараткан («Мүлк» сүрөөсү, 2-аят). Бул жашоо сыноолорго жык толгон. Адам, жан кейиткен азаптарды, кыйынчылыктарды башынан көп ирет өткөрөт. Адамдын мүнөзүнүн алсыздыгына байланыштуу, кайгыруу касиети мүнөздүү. Кайгы-капа – бул адамдын сезимдеринин жана эмоцияларынын, жинденүүсүнүн же коркунучунун негизги белгилери. Эгерде адам, өз канынан жаралган баласын жоготуп, жан дүйнөсү эңшерилип, терең кайгыга чөмүлүшү, мыйзам ченемдүү көрүнүш. «Чыдамкайлыктын» үлгүсү болгон, Якуб (ага тынчтык болсун!) сүйүктүү уулу Юсуфтун (ага тынчтык болсун!) жоголгондугун укканда, «кайгыдан көздөрү тунарып [көзү азиз болгонго чейин ыйлаган] кеткен» («Юсуф» сүрөөсү, 84-аят).

Биз муну менен, ислам үмүтсүздүккө, кыңкылдай берүүгө үйрөтөт деп айта албайбыз. Аалымдар, даттанууну жана кыңкылдай берүүнү, Аллахка ыраазы болбогондук катары сыпатташып, дин туткан адамга мүнөздүү эмес сапат катары белгилешет. Кайрадан эле, Аллахтын, пайгамбарлардын жана элчилердин тарыхы аркылуу бизге берген турмуш сабагына токтолобуз. Ыйык Куранда, пайгамбарлар оор сыноолорго (аларга берилген сыноолор, биздикинен 1000 эсе же андан оор болгон) туруштук берип, Жаратканга кайрылып, Ага датын айтышкандыгы жөнүндө мисалдар келтирилет.

Белгилей кетсек, аалымдар, нааразы болууну эки түргө бөлүшөт: биринчи – нерсеге же объектиге канааттанбагандык, ачуулануу менен байланышкан нааразычылык (айта кетчү жагдай, пайгамбарлар (аларга тынчтык болсун!) кандай абалда болбосун, эч качан мындай нааразычылыгын Жаратканга айтышкан эмес). Нааразычылыктын экинчи түрү – бул баланын энеге, оору адамдын дарыгерге болгон нааразычылыгы. Анткени, алсыздыгынан, жардам бере ала тургандарга нааразычылыгын билдирет. Пайгамбарлардын нааразычылыгы да ушундай болгон. Ал бир нерсенин (болуусун) каалаганда, Анын иши тек гана «Бол!» – деп айтуу, (ошол замат ал) болуп калат («Ясин» сүрөөсү, 82-аят).

Юсуф пайгамбар (ага тынчтык болсун!) айтты:

«Мен өзүмдүн кайгымды да, ыйымды да Аллахка гана тапшырдым…» («Юсуф» сүрөөсү, 86-аят).
Мухаммед пайгамбар да өз арыз-муңун Жаратканга айткан. Тайф шаарына сапар алаарда, турмушунун татаал мезгилинде, анын чакырыгына көңүл бурушаар деген үмүт болгон. Бирок анын чакырыгын эч ким укпай, жаалданган топ, аны шаардан кубалап чыгып, денесине оор залалдарды келтиришкен. Кансырап, жан дүйнөсү эңшерилип, чарчап-чаалыгып, көздөгөн максатына жете албай калган пайгамбар, Тайфты таштап кетип жатып, Жаратканга арыз-муңун айтат. Ал сыноонун татаалдыгына же натыйжанын жоктугуна даттанбастан, өзүнүн алсыздыгына арызданат. «мен Сага өзүмдүн алсыздыгым үчүн датымды айтам. Сен – алсыздардын Эгесисиң, Сен – менин Эгемсиң – деп, Аллахка өзүнүн жалбарган өтүнүчү менен кайрылат. Эгерде Сен мага ачууң келсе, сен берген жашоо күчү – мен үчүн кеңири, бирок ал, мен үчүн түккө да арзыбайт», – деп Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) өз сөзүн улантып, өзүнүн ошол учурдагы, алсыз абалын айгинелеген.

Эң негизгиси, эмне болуп жатканында эмес, биз ага кандай мамиле кылабыз! Бакара сүрөөсүнүн 216-аятында мындай деп айтылат:

«…Силер эмнегедир жаман көрөсүңөр, (бирок) ал силер үчүн жакшы. Силер кандайдыр-бир нерсени жакшы көрөсүңөр, (бирок) ал силер үчүн жаман. Аллах билет. Силер билбейсиңер» («Бакара» сүрөөсү, 216-аят).

Чындыгында, биз үчүн жоготуу (ийгиликсиз) катары эсептелинген нерсе, андан да жакшыга жеткириши мүмкүн. Ал эми, таш-талканы чыкты деп эсептелген абал, кайталангыс нерсени жаратууга жол ачаттыр.

Аллах «Тоха» сүрөөсүндө, Мусанын (ага тынчтык болсун!) жашоосунан мисал келтирет. Ал өз үй-бүлөсү менен Мисирге жол алып, чөлдүн ортосунда адашып калышат. Күн улам сууктап, жолоочулар үшүй башташат. Дал ошол учурда, Муса (ага тынчтык болсун!) тоонун бетинен оттун жарыгын көрүп, үй-бүлөсүнө:

«”Туруп тургула. Бир от көрдүм. Балким силерге шамана алып келермин, болбосо ошол от тараптан бир жол көрсөтүүчү табармын”, – деди» («Тоха» сүрөөсү, 10-аят).

Күндүн суугуна, ичиркенткен суука карабастан, ал тоону көздөй жөнөдү. Ал адашып, үй-бүлөсү күтүп жаткан жерди таппай калышы толук мүмкүн эле. Аң-сезимди алаңдаткан, мындай коркунучтуу абалда, Муса (ага тынчтык болсун!) үчүн эң маанилүү окуя жүзөгө ашат. Тоонун башына чыккандан кийин, ага Эгесинен жышаан келет:

«Сени тандадым. Эми, түшүрүлүүчү (аян) кабарларды тыңда» («Тоха» сүрөөсү, 13-аят).

Кудуреттүү Аллах бизге көрсөткөндөй: кандай гана оор учур болбосун – ар дайым Аллах бизди таштабастыгына ишеним артуубуз зарыл.

Аллах ар дайым биз менен!

Аллах, Мухаммед пайгамбарга (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) жана жалпыбызга кайрылып:

«Сенин Эгең сени таштаган да, сага ачууланган да жок» («Зуха» сүрөөсү, 3-аят).

Башка аятта мындай делет:

«… Ал кайда болсоңор да силер менен бирге…» («Хадид» сүрөөсү, 4-аят).

Эч нерсеге карабастан, Аллах ар дайым биз менен. Ал айтты:

«… Биз ага күрөө (моюн) тамырынан да жакынбыз» («Каф» сүрөөсү, 16-аят).

Ал жаныбызда! Ал байкап турат! Ал сактайт! Ал бизди жакшы көрөт! Мухаммед пайгамбар (ага тынчтык болсун!), балалуу аялды карап туруп, өзүнүн сахабаларына айтчу: Жараткандын бизге болгон сүйүүсү, эненин балага болгон сүйүүсүнөн көп эссе күчтүү. Апасы өз перзентин канчалык деңгээлде сүйөөрүн элестетүү мүмкүн эмес. Демек, Жараткандын бизге болгон сүйүүсү канчалык экенин элестетип көргүлө. Пайгамбарыбыз (ага тынчтык болсун!) тарабынан мисал кылынган салыштырууда көрүнүп тургандай, эненин балага болгон кам көрүүсү, мээрими, сүйүүсү, Жараткандын бизге болгон сүйүүсүнө окшош.

Аллахтын бирден-бир укмуштуудай ысымдарынын бири ар-Рахман. Биз ар күнү ибадат кылаардын алдында, Ыйык Куранды окуурда, тамак ичерде же жээрде, кандайдыр ишти баштоодо ага кайрылабыз (бисмилляхир Рахмаанир Рахиим). Ар-Рахман «ырайымдуулардын ырайымдуусу, анын ырайымдуулугу чексиз» дегенди түшүндүрүп, رحمة (рахма) сөзүнөн келип чыгат. Ал «эненин карыны» деген маанини берет. Демек, Аллахтын ырайымдуулугу, эненин карынындай. Түйүлдүк карындагы кезде, толук бойдон эненин карамагында: тамактануусу, аба, жылуулук, коргоо. Тактап айтканда, баланын муктаждыктары толук бойдон эне аркылуу канааттандырылат. Мындан тышкары, кош бойлуулук мезгилиндеги оорчулуктар, толгоо учурундагы жан чыдагыс ооруга карабастан, кансырап жатканына кайыл болуп, жарык дүйнөгө келген ымыркайын колуна алып, ал ушул нерсеге татыктуу экенин айтат. Эненин балага болгон жападан-жалгыз баа жеткис сезими – бул анын сүйүүсү! Бала эр жетип чоңоюп, энесин капа кылса же аны карабай таштап кетсе да, эне аны мурдагы калыбында эле сүйүп, ал үчүн санаа тартат. Биз ушинтип Жараткандын ырайымдуулугуна бөлөнөбүз. Биз, Аны унутуп койсок да, Андан алыстасак да, Андан жүз буруп кетсек да, Ал бизди сүйгөндөн тажабайт…

Кыйынчылыктын артында – жеңилдөө турат!

null

Көпчүлүк учурда, биздин ички толгонуубуз же канааттанбагандыгыбыз, Эгебизден алыс болгондугубуздун кесепети болуп саналат. Бизди, Ал жараткан. Диний жазуулардын жолун жолдойбузбу же жокпу, ага карабастан, биздин жан дүйнөбүз Жараткан менен байланышта болгондо гана толук тынчтыктын кучагында болот. Ал биз менен күнүгө сүйлөшөт, болгону Аны уга билишибиз керек. Ал, бизди жаман нерселерден коргоп, бизге илим берген, белек тартуулаган адамдарды жиберет. Ыйык Куранда жазылган, ар бир сөздө, Аллах тарабынан маани-маңыз камтылып, күнүмдүк жашообуздагы жетекчилик экендигин билүүбүз зарыл. Пайгамбарлардын жашоосундагы ар бир учур, бизди туура турмуш кечирүүгө үйрөтүп, болуп жаткан нерселерди туура кабыл алып, ар дайым дүйнөлөрдүн Эгесине ыраазычылык билдирүүбүз керек.

Аталган макала үчүн, Курандан чечүүчү аятты мисал кыла кетсем. Алгач, аяттын тарыхый таржымалына токтоло кетүү туура болот. Ал учур Мусанын (ага тынчтык болсун!) заманы эле. Ал, Жараткандын жардамы менен, өз элин кулчулуктан бошотуп, Мисирди таштап кетүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. Ал адамдар, Фараондун эли тарабынан оор сыноолорго жана кыйноолорго кабылган. Жараткан аларга жышаан жиберет.

«… Бул – адамдарды Аллахтын уруксаты менен караңгыдан нурга, Ызааттуу, Мактоого ылайык, Эгеңдин жолуна чыгарууң үчүн Биз сага түшүргөн китеп» («Ибрахим» сүрөөсү, 1-аят).

Караңгылык кайгы-капа, ал эми жарык – жеңилдөө жана кубаныч менен айкалышат. Аллах, Куранда көп жолу эскертет, караңгылыктын артында – жарык, кыйынчылыктын артында – жеңилдөө бар. Биздин абалыбыз канчалык караңгы болуп турса дагы, ар дайым Аллахка ишенүү керек. Анткени, Ал бизди жарыкка алып чыгат. Биз билгендей, ислам (Аллахтын жолу) жарык менен сыпатталат. Демек, динибизди бекем тутуп, Кудайдын сөзүн уксак, Аллах биздин абалыбызды жеңилдетет.

Эгерде аяттын өзүнө келсек, анда мындай деп айтылат: «Эгеңер:

“Эгер шүгүр кылсаңар, силерге (жакшылыктарымды) көбөйтөмүн…”» («Ибрахим» сүрөөсү, 7-аят).

Муса (а.с.) аталган аятты, балдары көз алдында аёосуз өлтүрүлүп, оор жоготууларга учураган, жан дүйнө жарааты, өмүр бою айыкпай турган адамдарга айтты. Алар, Эгесинен «эгерде чыдамкай болсоңор…» дегенди уккусу келгендир, бирок аларга ыраазычылык жөнүндө айтылып жатат.

ЫРААЗЫЧЫЛЫК кайгы-капанын, чүнчүүнүн жана үмүтсүздүктүн шыпаасы. Анткени, адам ыраазычылыксыз чыдамдуу боло албайт. Аалымдар, чыдамдуулук менен ыраазычылыкты куштун кош канаты деп аташат. Куш эч качан бир канаты менен уча албайт! Бизге канчалык оор болбосун, Аллах бизди жаманга эмес, жакшыга багыт алып, Ал бизге тартуулаган жакшы нерселерин эке алууга үйрөтөт. Кереметти эч качан күтпөш керек. Керемет ар дайым катарыбызда, жаныбызда. Керемет – Ыйык Курандын ар бир аятында, аяттардагы ар бир сөздө. Ал аркылуу Аллах бизди жашоого үйрөтүп, коргоого алып турат. Керемет – ата-энебиздин көзүндө, наристелердин күлкүсүндө, жаандын тамчысында, биздин дем алуубуз үчүн, кычкылтекти бөлүп чыгарып жаткан, дарактын жалбырагында. Керемет – биздин ар бир дем алуубузда жана дем чыгаруубузда. Эгерде Аллах, эртең менен уйкудан ойготуп, өмүрүңө дагы бир күн тартууласа, демек, эсепсиз кубануу, Аллахка мактоолорду айтуу жана жакшы иштерди кылууга шашуу себеби. Ага кайрылгыла – Ал силерди угат!

«…Мени чакыргыла. Мен силерге жооп берем…» («Гаафир» сүрөөсү, 60-аят).

Запись Көңүл чөгөрүп, чүнчүбөңүз! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.