Halloween party ideas 2015

ambulance

Халид мырза, маегибизди сиздердин кайрымдуулук уюмуңуздардын түзүлүшү, алып барган иштери туурасында баштасак?

“Катар кайрымдуулук уюму” бейөкмөт уюм болуп эсептелет. 2017-жылдын 17-майында Кыргызстандын Адилет министрлигинде каттоодон өттүк. “Катар кайрымдуулук уюмунун” негизги багыттары саламаттык сактоо, билим берүү, өзгөчө кырдаалдар учурунда ошондой эле калктын муктаж катмарына жардам берүү менен бирге жетим балдарды колдойт. “Катар кайрымдуулук уюмунун” дүйнөнүн 28 мамлекетиндеги кеңселери Европа, Азия жана Африка континенттеринде жайгашкан. Алардын баары “Катар кайрымдуулук уюму” деген аталыш менен өз иштерин алып барып келет. Андан сырткары 55 мамлекетте шериктештик алкада иш алып барат. Негизги кеңсеси Катардын Доха шарында жайгашып, алгач 1982-жылы негизделген. Өзүбүздүн өнөктөштөр аркылуу башка мамлекеттер менен да иш алып барабыз. Мисалы мен Бразилияда иштегем.

Кыргызстанда негизги приоритет катары саламаттык сактоо жагын алып жатабыз. Себеби, ал жаатта маселелер көп экен. Өзгөчө Кыргызстандын түштүгүндө  жер көчкүлөр, табигый кырсыктар көп болуп тургандыктан муктаждыктар арбын экен. Муктаждарга жардам берүүдө биз өзүбүз барып долбоорлорду иш жүзүнө ашыра бербейбиз. Биз сөзсүз, тиешелүү министрликтер менен макулдашып анан жүзөгө ашырабыз.

Майда ачылыптырсыздар, 2 айдын ичинде Кыргызстандагы көйгөйлөрдү толук изилдеп бүтө алдыңыздарбы?

Биздин башкы кеңсебиз кайсы бир мамлекетте офис ачаардан мурун, ал өлкөнүн муктаждыктарын дыкаат изилдеп чыгат. Мен 12 жылдан бери “Катар кайрымдуулук уюмунда” иштеп, 14 мамлекетте эмгектендим. Өзүм кайсы мамлекетке иштегени бара турган болсом, ал мамлекетке бараардан мурун ал өлкө туурасында толук изилдейм. Андан сырткары ЮНИСЕФ, ЮНЕСКО, ОБСЕ сыяктуу дүйнөлүк уюмдардын малыматтары менен таанышып турам. Кыргызстанда болуп жаткан окуядан да четте калбайм. Дайыма эртең менен келгенде жаңылыктарды көрөм. Саясий жаңылыктар мени анча кызыктырбаганы менен социалдык тармактагы болуп жаткан окуялар абдан кызыктырат.

Албетте ар бир уюмдун өзүнүн багыты, адистиги болот. Биздики муктаж адамдарга жардам берүү. Рамазан айында Жогорку Кеңештен бир депутат келип, бир жерге спорт зал куруу боюнча кат жазып таштап кеткен болчу. Аны изилдеп бүтүп, башкы кеңсеге кат жөнөтүп жатам. Дагы бирөө жетимдерге жардам сурап кат жазып кетти, аны да даярдап атабыз. Бир кат келгенде эле аны изилдеп, ар тараптуу маалыматтар менен жабдып анан баш кеңсеге жөнөтөбүз. Албетте биз бизге кайрылган муктаж инсандардын барына жардам бергенге аракет кылабыз. Бирок, бардык кайрылган адамдардын маселесин чечип коёбуз дегенден алыспыз. Азыркы жазылып аткан каттардын баары бекитилип, жооп келип калат деп да айта албайм. Себеби, башкы кеңсе бир нече мамлекет менен иштешкендиктен, кайсы мамлекетке биринчи жардам беришти алар чечет. Көбүнчө табигый кырсык болгон жерге биринчи жардам кетет. 28 офистин директорлору, көбүрөөк жардамды өзү иштеп жаткан мамлекетке бөлдүрүп калсам деп далалат кылат. Мен да ошондой аракет кылам. Мисалы көбү кандайдыр бир долбоорлорду ишке ашыра турган болсо, ал долбоордун кандайдыр бир пайызын алып, ошо менен ыраазы болот. Биздин пайызыбыз, ошол пайда алган адамдардын жүзүндөгү жылмаюусу.

IMG-20170729-WA0067

 

Уюмдун негизги демөөрчүлөрү туурасында айта кетсеңиз?

Биздин демөөрчүлөрүбүз Катар элинен чыккан катардагы ишкер инсандар. Катар өкмөтүнөн бизге эч кандай акча бөлүнбөйт. Анан дагы демөөрчүлөрдүн көбү аялдар. Катар элинен эле ушул акча чогулат. Демөөрчүнү кубантканы муктаж адамдын кубанычы жана дубасы. Биз аларга дуба кылып жаткан сүрөттөрүн жиберип койсок, ошого сүйүнүшөт.

IMG-20170729-WA0018

Чет элдик кайрымдуулук уюмдарынын кайрымдуулуктан башка да саясаты бар деген пикирлер тар чөйрөдө айтылып жүрөт. Пенде бир нерсе бергенде, сөзсүз өзүнүн пайдасын ойлоп, берген адамдан анын ордуна башка нерсе алгысы келет эмеспи. Катар кайрымдуулук уюмунун саясаты Ислам динин көбүрөөк пропагандалоо эмеспи?

Андай пикирден биз таптакыр алыспыз деп мен так кесе айта алам. Кайрымдуулукту эч кандай саясатка аралаштырбай, анын артынан кандайдыр бир пайда издебей деле кылса болот. Өткөндө эле бир айылга таза суу чыгарып бердик, ал жакта көбү мусулман эместер экен.

Уюмда канча адам иштейт?

Бул жакта учурда 6 кызматкер иш алып барат. Келечекте алардын ар бирине бирден жардамчы болот. Долбоорлордун негизинде убактылуу кызматкерлерди ала беребиз, бирок негизги ишти алып барган алты кызматкер болот. Мен иштеген офистерде, кызматкерлердин саны 137ге жеткен. Азы 24 адам болгон.

Запись “Муктаж инсандардын барына жардам бергенге аракет кылабыз” впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.