Halloween party ideas 2015

Бирөөлөр балбан экен күрөшкөнгө,
Бирөөлөр айбан экен жүдөткөнгө.
Байыдым канчалаган уу кептерден,
Байланып кайгы баскан мүнөттөргө.

Бирөөлөр даяр экен дос болгонго,
Бирөөлөр даяр экен от койгонго.
Сабалап кушка айланып кетмек экем,
Сабырым көкүрөктө жок болгондо.

Бирөөлөр мыктысың деп алдайт экен,
Бирөөлөр чөнтөгүмдү тандайт экен.
Ырасында арамзалар капкан коюп,
Ырдабай калышымды каалайт экен.

Бирөөлөр чындыгыңан тосот экен,
Бирөөлөр куулугунан озот экен.
Мырзалык кылбай досуң сатып кетсе,
Мына ушул жашооңдогу тозок экен.

Бирөөлөр жарыгы жок бийик экен,
Бирөөлөр тамыры жок чирик экен.
Бир гана жашың төгүп арызданаар,
Бир гана Жаратканым ыйык экен.

Бирөөлөр соолубаган төгүн экен,
Бирөөлөр оорубаган көңүл экен.
Бир гана баарысынан ажыратаар,
Бир гана чындык калыс өлүм экен.

Запись Бир гана… впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.