Halloween party ideas 2015

Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Кыргыз Республикасынын Кувейт мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканов, райондун башкы имам-хатиби Дастан ажы Мамаев жана жергиликтүү тургундар катышышты. Мечиттин ачылышы Куран окуу менен башталып,  жалпы келген коноктор айыл тургундарын мечиттин заманбап болуп бүткөрүлүшү менен куттукташты.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус казысы Самидин кары Атабаев мечитти салууга демилге көтөрүп, мечитти курууга өзүнүн жер тилкесин  өткөрүп берип, Сауд Аравиялык демөөрчүлөр менен биргеликте жакындан жардам көрсөткөн ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Малик Нурдиновго ыраазычылык билдирип, казыяттын атынан ардак баракча менен сыйлады.

Иш-чаранын соңунда жалпы конокторго сый-тамак уюштурулду.

Запись Кара-Кулжа районунда “Нурдин ата” мечити пайдаланууга берилди впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.