Halloween party ideas 2015

Бишкек шаарынын Кѳк-Жар конушундагы эң кооз мечиттерин катарына кирген «Аль-Мунара» Ислам борборунун алдындагы 3000 м² жерге демөөрчүлөрдүн колдоосу менен асфальт төшөлүп,  жарыктар орнотулуп, унаа токтоочу жайлар чийилип, арыктар калыбына келтирилди.  «Аль-Мунара» Ислам борборунун алдын оңдоп-түзөө ишине жалпысы болуп 2 500 000 сомдук акча каражаты сарпталган.

«Буга чейин «Аль-Мунара» Ислам борборунун алдыңкы тарабы боз топурак болуп чаңдап келсе, жаан-чачын болгондо жарандар үчүн абдан чоң ыңгайсыздыктарды жаратып келген эле. Эми минтип демөөрчүлөрдүн колдоосу менен асфальт төшөлүп, жарыктар орнотулуп, мекендештерибиз үчүн абдан ыңгайлуу шарттар түзүлдү»,-деди борбордун имам хатиби Нуркамал каары Мизираимов.

Ал эми «Аль-Мунара» Ислам борборунун алдын асфальтоо үчүн 1 800 000 сом акча каражаты сарпталса, жарыктарды орнотууга  200 000 сом жумшалып, оңдоп, калыбына келитрүү иштери менен кошкондо жалпысы болуп 2 500 000 сомдук акча каражаты чыгымдалган.

Запись Бишкектеги «Аль-Мунара» Ислам борборун оңдоп-түзөөгө 2,5 млн сом сарпталып, жолдор асфальтталып, жарыктар орнотулду впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.