Halloween party ideas 2015

Анар бадал сыяктуу дарактарда өсүүчү мөмөлүү өсүмдүк. Жапайы анардын дарагы 5-6 м түзсө, үй анарынын бийиктиги 1,5-2 м жетет. Ичке ийне бутактуу, жалтыраган жашыл жал-бырактуу анар дарагы кызгылтсары гүл ачат. Кээ бир түрлөрү диаметри 15-18 см ге жеткен мөмөлөрдү бай-лашат. Анардын бир мөмө-сүндө 1000-1200 суулуу эт менен капталган уруктары болот жана алар 6-12 бөлүктүн ичинде жатат. Анардын түшүмдүүлүгү анын түрүнө жараша бир түптөн 50-60-кг чейин түшүм берет. Анардын мекени болуп азыркы Тунис эсептелет. Азыркы учурда анарды жер шарынын дээрлик бардык жеринде өстүрүшөт. Айрыкча, Афганистан, Жакынкы Чыгыш, Иран, Испания, Италия, Греция, Франция, Португалия, Азербайджан, Арме-ния, Грузия, Тажикстан жана Өзбекстанда кеңири таркаган.

Куранда

Куранда Алла Таала бир канча мөмө жемиштердин атын атаган. Мына ошондой жемиштердин бири – анар. Куранда аты аталган жемиштердин баары адам баласы үчүн пайдалуу жана анын жашоосу үчүн маанилүү. Анар тууралуу Курандын бир аятында минтип айтылган: “Ал асмандан сууну түшүрдү. Кийин ал (суу) менен ар түрдүү өнүп-өскөн нерселерди чыгардык. Алардан көгөргөн өсүмдүктөрдү, алардан бол-со, тизилген дандарды чыгарабыз. (Ошондой эле) Курмадан – анын бутактарынан (терип алуучуларга) ийилген шиңгилдер (чыгарылат) жана жүзүм бактары менен бирге зайтундан, анардан бири-бирине окшогон жана окшобогондорун чыгарабыз. (Оо, адамдар!) Силер алардын ар биринин түйгөн мөмөлөрүнө жана бышып жетилген мөмөлөрүнө карагыла. Албетте, бул байкооңордо ыймандуу адамдар үчүн (Ал-ланын кудуретине) далил-дер бар”. (Аньаам, 99-аят).
Чындап эле ар бир акылдуу адам анардын мөмөсүн көргөндө анын жаратылуусуна таң калбай койбойт. Ар бир уругун кол менен тизип чыккандай чеберчилик менен жаратылган анар – Алланын чебер жаратуучу экендигине далил болуп турат. Алла Таала мына ушундай нерселерди жаратуу бир гана Анын колунан келээрин далилдеп, дагы бир аятта минтип ай-тат: “Эки Бейиштен ылдый дагы эки Бейиш бар. Жара-туучуңардын дагы кайсы нээматын жалган дей аласы-ңар?! Эки Бейиш тең жашыл түстө. Жаратуучуңардын кайсы дагы нээматын жалган дей аласыңар?! Экөөсүн-дө тең мөмөлөр, курмалар жана анарлар (бар). Жаратуучуңардын дагы кайсы нээматын жалган дей ала-сыңар?! (Рахман, 62-69-аят-тар).
Алла Таала бул аятта Бейиште жаратылган нерселер жөнүндө айтып, андагы мөмөлөрдүн ичинен анарды өзгөчө ажыратып айткан. Демек, анар адамдардын бул дүйнөдөгү гана тамагы эмес, Бейиштеги да тамагы болот.

Сүннөттө

Ибн Аббас (Алла андан ыраазы болсун) жогорудагы анар жөнүндөгү аятты чеч-мелегенде: “Бейиштеги анар силердин анарыңар сыяктуу эмес. Бул анарлар Бейиште-ги анардын бир эле уругуна туура келет” – деп айткан. Али (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган ха-дисте, Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): “Анар жесеңер, уругу менен жегиле, анткени, ал аш казанды жакшы иштетет” – деп айткан.

Анардын курамы:

Анардын курамы организмге зарыл болгон заттарга бай. Анын негизги бөлүгүн шекер түзөт. Мындан сырткары органикалык кычкылтектер, минералдар, темир, кремний, калий, фосфор, кальций ж.б. бар. Ал эми витаминдерден С, В1 жана В6 витаминдерине бай.

Анардын пайдасы:

1. Анардын курамында темир көп болгондугу үчүн, аны аз кандуулукта пайдаланууга болот. Ооруну алдын алуу жана айыктыруу үчүн күнүнө бир анарды жеп туруу, же бир анардын сыгыл-ган ширесин ичип туруу керек. Анардан сыгылып алынган ширени ичүүдө ар дайым таза суу кошуп ичүү керек.

2. Тамакка табит тартпай калганда, анар мөмөсүн жеш абдан пайдалуу.

3. Ашказан ооруган учурда, анардын мөмөсүн даны менен бирге жеш керек. Ошондой эле анардын кабыгын 200-300 мл сууга кайнатып, муздагандан кийин бир чай кашык кум шекер кошуп тамактан алдын 50-60 мл ичүү керек.

4. Ашказанга суук тийгенде жана ич өткөктө да анардын кабыгын жогорудагы ыкма менен ичүү керек.

5. Бетке так түшүп, тери бузула баштаган учурда анар ширесин сүртүү менен жок кылса болот. Анын курамында лимон кычкылтеги болгондуктан, безетки, сепкил жана пигменттик тактарды бат жок кылат.

6. Анар организмдеги зат алмашууну жөнгө салууда да өтө маанилүү. Канды тазалап, уулу заттарды сыртка чыгарат. Ар дайым анар жеп жүргөн адамдын денеси жана бети тунарып, таза болуп турат.
Ошондой эле чачтын жана тырмактын толук кандуу болуп өсүүсүнө да анардын пайдасы чоң..

Запись Анар впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.