Halloween party ideas 2015

Жолдон бир досума жолугуп калдым. Бир шаарда жашасак дагы, ал досумду көптөн бери көрө элек болчумун. Адатынча шымы кычырата үтүктөлгөн жашыл түстөгү костюм кийип досума жолукканыма жетине албай амандашып, өткөн-кеткенди сүйлөшүп отурганыбызда жакын турган мечиттен азандын үнү угулуп калды. Мен жума намазына бараткан элем. Азандын үнү аяктап дуба кылгандан кийин досума кубанычтуу карадым да:
– Жүр досум, жума намазга кеттик,- дедим колунан тартып.
Менин сунушума жийиркенген кишидей бетин бырыштыра кабагын түйгөн досум:
– Доске, бара албайм! Менин жума намазга барбай турганымды, деги эле намазга жакын эмесимди билесиң го? Тамаша кылба! Бар өзүң бара бер!,- деди колун кагып.
Досумдун мындай жоругуна шагым сына түштү да:
– Эч өзгөрбөпсүң го досум. Анча эмне мечиттен качасың?,- дедим шаабайым сууп. Досум мени күлмүңдөп карады дагы:
– Билбейм, айтор… Такыр эле мечитке бара албай койдум. Анын үстүнө намаз окусаң шымдын кыры кетип, тизе бултуйуп чыгып кетет да. Мен аны каалабайм,- деди.
Анын бул сөздөрүн угуп бир башкача күлүп жибердим да:
– Ооой, досум! Сен эмне тамаша кылып жатасыңбы? Ошондо биз шымдын кыры кетип калат деп намаздан качалыбы?,- дедим.
– Чын айтам доске. Өзүң деле билесиң го, мен үчүн кийим өзгөчө орунда турат. Анын үстүнө жашыл түстү өтө жакшы көргөндүктөн, бул түстөгү кийимдеримди кайдагы бир мечитке барып жышкым келбейт”,- деп кесе жооп берди. Чындыгында эле бул досум кичинесинен кымбат кийимдерди кийип, ар дайым кычырап жүрчү. Ошентсе дагы анын бул жоругуна тырчып:
– Өмүрүңдө бир ирет мечитке бардың беле?- дедим. Менин улам суроо бергениме жактырбагандай жолдо мечитти көздөй шашып бараткан адамдарды көңүлсүз караган боюнча:
– Ооба баргам. Кичинемде атамды ээрчип барып калчумун. Ал кезде шымымдын тизеси чыгат деп коркпогон жылдарым болсо керек да. Бирок мындан ары дагы мечитке барам деп ойлобойм. Деги эле мечитке аяк баскым келбейт!,- деди. Ошентип досум экөөбүз бири-бирибизге таарынышкан боюнча айрылдык. Мен мечитти көздөй чуркап, ал болсо кара көз айнегин тазалап, анын кымбат кийимине суктанып карагандарга маашыр болгонсуп өз жолунда кетип баратты…
Арадан эки ай убакыт өттү. Бир тааныштарым тиги досумдун мечитте экенин айтышты. Мен үчүн бул күтүүсүз кабар эле. Кылып жаткан ишимди тыштап мечитке жүгүрүп жеттим. Чын эле досумду мечиттен таптым. Адатынча жапжашыл түскө бөлөнүп, болгондо да мечит толгон жааматтын сап башында экен…
Акырын жылып отуруп досума жакын келдим да:
– Досум.. Досум… Кана сен мечитке эч качан аяк баспайм дедиң эле го?,- деп шыбырап суроо бердим. Бирок досумдан үн чыккан жок. 

Анткени досум үстү жапжашыл кездеме менен жабылган табытта жансыз жаткан эле..

Запись МЕЧИТКЕ АЯК БАСПАЙМ ДЕДИҢ ЭЛЕ ГО? впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.