Halloween party ideas 2015

БУУнун коопсуздук кеңеши Йемен, Сомали, Нигериянын түндүгү жана Түштүк Суданда кагылышуулардын айынан 20 миллион кишинин ачарчылыкка туш болгонун белгиледи.

Кеңеште 15 өлкөнүн тең бекитүүсү менен кабыл алынган Катчылыктын билдирүүсүндө 4 өлкөдөгү салгылашуулардын жаран калкка таасирине санааркоолор бөлүшүлдү.

Бул өлкөлөрдө кагылышкан тараптардын үзгүлтүксүз гуманитардык жардам киришине уруксат бербегендерине көңүл бурган маалыматта, 20 миллион кишинин ушул себептен ачарчылык коркунучунда турганы баса белгиленди.

Билдирүүдө тараптарга жардамдарга тоскоолдук кылбоо жана жарандарды коргоо чакырыгы ташталды.

Билдирүүдө БУУнун баш катчысы Антонуо Гутеррештен ушул төрт өлкөгө жардамдардын жарандарга жеткирлишине бөгөт болгон тараптарды тыюу жана маселеге чечим жолдорун камтыган отчет даярдоолору талап кылынды.

Запись Африканын 4 өлкөсүндө 20 миллион адам ачарчылык коркунучунда турат впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.