Halloween party ideas 2015

СУРОО: Мен туугандарымды фитна кыла бергени  үчүн  жек  көрөм.  Аралашып,  катыша  баштаганда эле бир фитнаны башташат. Ушулардан алыс эле болоюн деп, катташпай койдум. Фитнадан сактануу үчүн  туугандар менен барышып-келишпесе күнөө  болбойбу?

ЖООП: Күнөө болот! Фитнага аралашпай катташа бериш керек. Сен билгенди билбеген үчүн фитна кылып жатат да. Фитна болбой турган деңгээлде гана байланышта болуу керек. Мисалы, чакырган жерге барып ушак, фитнага чейин отуруп,  ал-абал сурашып, тамак ичкенден кийин кетиш керек. Кептин баары көпкө отуруп, көп сөз сүйлөнгөндө болот. Мамилени үзбөш керек. Тууган-урук менен катташпоо, Кудайдын сени менен катташпай коюусун камсыздайт.

СУРОО: Эмне үчүн Кудай бизди сынайт? Ал мээримдүү, ырайымдуу болсо, кыйнабай эле бейишке киргизип койбойбу?

ЖООП: Кудайым ошол сыноосунда да бизге мээримдүү. Эгер Кудай Таалам бизди чындап сынаган болсо, биздин бейишке баруубуз абдан кыйын болот.

СУРОО: «Аялына айтпай башка аялга нике кыйдырса боло берет» деп эркектердин кулагын кызытпай, андан көрө балдарыңарды ойлогула деп насаатыңызды айтпайсызбы?

ЖООП: (Күлүп)  Эркектер, балдарыңарды ойлогула. Канча аялы болбосун баарын бирдей тамак-аш, жатакана, кийим-кече, окуган болсо окуусу менен камсыз кылууга милдеттүү. Андан сырткары моралдык жактан жардам берип, аялдардын  муктаждыгын канааттандыруусу милдеттүү. Анан биздин эркектер бирөөсүн эптеп бага албай, намаз окубай, орозо кармабай жатып эле экинчисин алам дейт. Материалдык жана моралдык жактан баарын бирдей камсыздай албаган эркек күнөөкөр болот. Негизи, экинчи аял алуу коомдогу социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Бир аял балдары менен жесир калып, аларды бага турган адам жок калганда аны камсыздоо максатында аялдыкка алса болот. Жөн эле жардам берсе эмне үчүн жесирге келип жатат деп айтышат да. Ошондуктан никелеп алып, анын балдарына тарбия берсе сөз болбойт. Пайгамбарыбыздын аялы Айша энекебиз гана мурда күйөөгө чыккан эмес. Калгандары баары жесир калган кемпирлер болгон. Пайгамбарыбыз аларды камсыздоо максатында алган. Бизде болсо 18 жаштагы кыздарды алып алышат. Бул туура эмес. Алардын күйөөгө чыгууга жесирлерге караганда мүмкүнчүлүгү көп.

СУРОО: Эжемди жездем көп жолу (30га  жакын) “кет, башка аял алам” деп кетирип, кайра жарашат. Ичет, ойнойт. Эжемди эч жакка бастырбайт. Терезени караса да “кимди  карап жатасың” деп урушат. Кандай болот?

ЖООП: Ачууланып же кызганып “кет, жашабайм” десе эле талак түшө  бербейт. Чындап ажырашуу ниетинде айтылса талак түшөт. Мунун баарын жездеңизден тактап сураш керек. Алла жездеңизге ынсап берсин. Пайгамбарыбыздын кулк-мүнөзүн насип кылган болсун.

СУРОО: Эки эркектин жыныстык катнашка киргени күнөө эмеспи? Бул оорубу же Кудай тарабынан  берилгенби?

ЖООП: Бул албетте, арам, күнөө! Бул нерседен алыс болуу керек. Эркек менен аялдын никесиз байланышы – арам. А бул андан да жийиркеничтүү. Эгер Ислам өлкөсү болгондо булар чоң жазага тартылуусу милдеттүү болот. Эркектер Кудайдын каарынан коркушу керек. Врачтардын жардамы менен дары-дармек ичип, өздөрүн оңдогонго аракет кылуулары керек.

СУРОО: Тааныш байкем 5 маал намаз окуйт. Кээде чарчадым деп пиво ичип коёт. Боло береби?

ЖООП: Градусу бар, мас кыла турган пиво арам эсептелинет. Ал эми алкоголсуз, градусу жок пиво квастын эле өкүмүндө. Бирок, Кыргызстандын шартында мындай пиво барбы, билбейм. Эгер чарчадым деп арак, арам ичимдик ичсе шариятка туура келбейт.

СУРОО: Жашым 43тө. Намаз окуганыма 3 ай болду. 5 убак окууну чын ниетимден каалайм. Базарда контейнерим жок, бурчта эле отурам. Бешим, аср намаздарынын  парзын  куптанга кошуп окуса болобу? Базарда кышта суукта даарат алуу кандай болот? Суук тийсечи?

ЖООП: Аллахым намазыңызды кабыл кылсын. Аллахтын сизге  хидаят  берүүсү  менен  куттуктайбыз. Кышында суу муздак болуп даараткана маселеси келип чыкканда кагаз же башка каражаттар менен тазаланып алууга болот. Бешим, аср намазын окууга мүмкүн болбой калганда каза намазын окуйсуз. Бирок убагында окуганга аракет кылып көрүңүз. Балким буюмдарыңызды жыйнап мечитке барып келээрсиз. Ниет кылган болсоңуз Кудай сизге дагы жеңилдик берет. Балким кышка чейин намаз окуп, соода кыла турган жерге туруп калаарсыз.

СУРОО: Балыкты жесе күнөө дешет, туурабы?

ЖООП: Туура эмес. Болгону, балык союлбайт. Тутулган бойдон жей   беришет. Жандыктардын ичинен балыкты бисмилла айтып сойбостон эле жесе болот.

СУРОО: Мен нас чегем. Мага өтө күчтүү таргиб айтыңызчы, чекпей калайын. Алла ыраазы болсун!

ЖООП: Нас чегүү дааратты бузбайт. Бирок, бузбайт десе эле чеге берүүгө болбойт. Мисалы, эшектин тезеги деле, дааратканадагы  нерселер деле дааратты бузбайт. Нас – өтө ыплас нерсе. Алланы мактаган ооздо ыплас нерсе болуусу ылайыктуу эмес. Андан сырткары ден соолукка өтө зыян. Зыяны болбогондо деле пайдасы жок. Жаман нерсени оозуна салып алып кайсы бети менен Кудайдан суранат.

СУРОО: Ажырашканыма 3 жыл болду. Кызым атасында. Орто жолдо  кыйналып кеттим. “Күйөөгө тийбе, тийсең кызыңды көрсөтпөйм” дейт. Өзүмдүн аябай көңүлүм калган. Кызымды көргөнү барсам жатмайынча кетирбейт. Иним, байкем менен барайын десем, алар алыс жакта. Эмне кылам?

ЖООП: Эмне үчүн көңүлүңүз калганын билүү керек. Балким сиз тараптан же ал тараптан кемчилик болгон. Жаман адам болбойт, жаман кылык-жоруктары болот.  Ошол  жоруктарын  оңдогонго  аракет кылган болсо жакшы болот. Жаман эркекти жакшы кылып алуу сиздин колуңузда. Башка күйөөгө тийгенден мурда кызыңыздын атасы менен кайра жарашканга аракет кылып  көрүңүз. Кызыңызды тартып алсаңыз деле болот. Шарият боюнча кызды  багуу сиздин укугуңуз. Турмушка чыгып кеткен учурда гана ал укуктан ажырайсыз. Анда кыз сиздин апаңыздын колуна өтөт. Сотко кайрылсаңыз болот. Бирок сотко кайрылаардан мурда дагы бир жолу жашап көргөнгө аракет кылыңыз. Эгер талак түшкөн болсо, ал сизди жатмайынча коё бербесе, бул күнөө. Зына эсептелинет.

СУРОО: Бир таанышыбыз иеговада. Исламга кайтып келүүсү үчүн кандай даават кылуу керек?

ЖООП: Кудай таанышыңызга хидаят берген болсун. Аны илимдүү адамдар менен жолуктурганга аракет кылыңыз. Же өзүңүз билсеңиз айтып бериңиз. Алар акыйкатты таап алганынан жүргөн жери жок. Болгону алардын жылуу  сөзүнө арбалып жүрөт. “Көк-Жардагы” Иляз устаз инжил боюнча чоң адис. Ошого жолукса баарын айтып берет.

СУРОО: Сессия  башталып  атамдан  акча  сурасам, бергендин ордуна уят сөз менен сөккөн. “Жалгыз кызыңызга таап бербесеңиз кандай атасыз? Сизден сурабай кимден сурайт элем” дегем. Акчасы бар туруп жок дейт. Азыр ал экинчи аялы менен шаарда. Биз айылда. Аябай кыйналып кеттим, жашагым келбей калды. Кеңеш бериңизчи.

ЖООП: Атага таарынбайт, садагаң кетейин. Ата деген кээде урушуп коёт. Ата баласын өлтүрүп койсо, аны үчүн ата өлтүрүлбөйт. Башка жаза колдонулат. Бул деген ата-эненин мээрими чексиз деген мааниде. Балким ошол учурда атаңыздын маанайы чөгүп тургандыр. Катуу айтып койгон болсоңуз атаңыздан кечирим сураңыз. Ата-энеге таарыныч, кек сактаган адам эмес, малдын да иши эмес. Ата-эне деле пенде. Алар да ката кылышат. Кечире билүү керек. Ошон үчүн эле өлүп алгым келет деген акмакчылык. Намаз окуңуз, Кудайдан үмүт үзбөңүз. Атаңыздын мамилеси динсиздиктен келип чыккан маселе. Динди түшүнгөндө антип айтмак эмес. Ал эми өзүңүз аракет кылып окуп, сессияны тапшырыңыз. Паракордук арам. Жакшы окуп, жооп берип турсаңыз деле баа койбой туруп алса акча берсеңиз болот. Окубай туруп эле акча менен бүтүрүп коюу арам.

СУРОО: Күйөөсү башка аял менен жаткан болсо нике бузулабы?

ЖООП: Нике бузулбайт, бирок күйөө зынакор эсептелип, кыяматта буга жооп берет. Анан күйөөсү жатпаса деле күмөн санап, аңдып алуу туура эмес. Адам адамга ишениш керек. Ишенимдин негизинде гана жашоо болот. Күйөөлөргө айтаарым, бул эч ким текшербейт, жүрө бергиле деген сөз эмес. Алланын көз жаздымынан эч ким сактана албайт.

СУРОО: Тааныбаган уйгур бала ала качып, зордук менен жаткырып, молдо никемди кыйып салды. Эртеси кетип калдым. Күнөө эмеспи? Кудайдан күнү-түнү тилеп бактыма да жолуктум. Азыр күйөөм, бир балам бар.

ЖООП: Ушундай иш болуп калгандан кийин уйгур менен деле тагдырыңызды сынап көрсөңүз болмок экен. Бирок анын кылганы арам, туура  эмес. Эгер уйгурга нике кыйганга макулдугуңузду берген болсоңуз, аны менен никеңиз сакталуу болуп, азыркы жашооңуз туура эмес. Биринчи никеңиз барбы- жокпу текшерүү керек. Анан экинчи никеңиздин жарактуу экендиги аныкталат. Сотко бериш керек болчу ала качкан акмакты.

СУРОО: Намаз окуган адам спорттун бардык түрү менен машыкса болобу? Шарият жол береби же күнөө болобу?

ЖООП: Спорттун кайсы гана түрү болбосун ден соолукка пайдалуу, акыл-эсти өстүрө турган болсо уруксат берилет. Бирок, бокс деген нерсе бар, адамдын  башына уруп ойногон. Аны спорттун бир түрү катары үйрөнсө  болот, бирок башка урбай, атайын  куралдарды колдонуу менен. Аны кесип кылып алган болбойт. Спорттун кандай гана түрү болбосун намазды калтырып жатса, арам эсептелинет. Намазды убактысында окуу керек. Анан футболго, күрөшкө жылаңачтанып чыгып алышат. Эркектер киндиктен тизеге чейинки аралыкты жаап ойногондугу жакшы болот. Ал эми топтун артынан чуркап жүрүп убакытты өткөрүп бала-чака ачка калса, бул арам.

Запись Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (65) впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.