Halloween party ideas 2015

Ыйманда 7 парз бар

1. Аллах Тааланын бардыгына жана жалгыздыгына ишенүү

2. Аллах Тааланын периштелерине

3. Аллах Тааланын китептерине

4. Аллах Тааланын пайгамбарларына

5. Акырет күнүнө

6. Тагдырга; жакшылык жана жамандык Аллахтан экендигине ишенүү

7. Өлгөндөн кийин кайра тирилүүгө ишенүү

Исламда 5 парз бар

1. Шахадат (күбөлүк) келимеси

2. Беш убак намаз окуу

3. Зекет берүү

4. Орозо кармоо (жылына 1 жолу Рамазан айында)

5. Хаж ибадатын аткаруу (өмүрүндө бир жолу ажыга баруу)

Дааратта 4 парз бар

1. Колду жуу (чыканакты кошуп)

2. Бетти (чач чыккан жерден баштап ээктин астын кошуп) жуу

3. Баштын төрттөн бир бөлүгүнө масх тартуу

4. Буттарды жуу

Гусулда 3 парз бар

1. Оозго суу алып тамакка жеткире чайкоо

2. Мурунга суу алып, таноо ачышканча суу алуу

3. Денеде кургак жер калтырбай жуу

Таямум 4 парз бар

1. Ниет кылуу

2. Таза топурак табуу

3. Биринчи уруш менен бетти сүртүү

4. Экинчи уруш менен эки колду чыканак менен кошо сүртүү

Намазда 12 парз бар

Сыртында:

1. Хадастан таза болуу; даарат, гусул алуу, хайз жана нифастан тазалануу

2. Нажасаттан таза болуу; кийимдин жана жай намаздын таза болуусу

3. Аврат жерлердин жабык болуусу

4. Кыбылага жүз буруу

5. Окула турган намаздын убактысынын кирүүсү

6. Намаз окуш үчүн ниет кылуу

Ичинде:

1. Такбир тахрима

2. Кыям (Түз туруу)

3. Кыраат

4. Руку

5. Сажда — бешене, мурун саждага тийүүсү керек

6. Каада-ахир – акыркы олтуруу

Амру маруфда 1 парз бар

1. Жакшылыкка чакыруу

Нахий мункарда 1 парз бар

1. Жамандыктан кайтаруу

Хайзда 1 парз бар

1. Хайз – ай сайын аял затынан келе турган этек кири, ошол мезгилде шарияттын өкүмүн билүү.

(Намазды, орозону токтотот. Тазалангандан кийин гусул алып орозонун казасын кармайт, намаздын казасын окубайт, жыныстык катнашта болбойт).

Нифаста 1 парз бар

1. Нифас — Аял заты бала төрөгөндөн кийин жыныстык мүчөсүнөн келе турган кан. Ошол мезгилде шарияттын өкүмүн билүү.

(намазды, орозону токтотот. Тазалангандан кийин гусул алып орозонун казасын кармайт, намаздын казасын окубайт, жыныстык катнашта болбойт).

Илимде 1 парз бар

1. Илим талап кылуу, билбегенди билген бирөөдөн сурап билүү парз.

(Илим алууда жакшы, акыйдасы түз устаз кармоо керек.)

Запись Исламдагы 40 парз впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.