Halloween party ideas 2015

Намаз кыймылдары менен йоганын айрым окшош абалдары

“Мен йога менен анын ден соолукка болгон пайдасын билгендигим үчүн гана машыкчумун. Мага өзгөчө йогадагы “Баланс” жана “Жаш баланын ыкмасы” абалдары (поза) өтө жагар эле. Бир жолу намаз окуп жатып, саждага барганда (сажда-намаздагы маанилүү абал) мындай бир ойго келдим: “Мурун такыр байкабай жүрчү экенмин. Йога менен машыгып баштагандан бери, намаз окуудагы кыймылдар йоганын кыймылдары менен болуп көрбөгөндөй окшош турбайбы”. Өзүмдүн мындай чакан “ачылышымдан” соң, намаз кыймылдары менен йоганын ортосундагы жалпылыктарды издей баштадым. Бул иш оорго деле турган жок. Көрсө биз күнүнө 5 ирет намаз окуп жатып, кудайга жалынып эле тим болбой, руханий, аң-сезимдик жана физикалык ден соолугубузга жогорку деңгээлде кам көрөт экенбиз. Албетте, намазды шашкалактабай, ынтаа коюп, берилүү менен, анын ар бир кыймылдарын туура аткарсак”. (Хаким Мойнуддин)

Өзүмдүн чакан изилдөөмдү сиздерге сунуштайм:

Намаздагы “Кыям” абалы йогадагы “Намасте” абалына өтө окшош. Бул абалдарда дененин салмагы 2 бутка тең өлчөмдө бөлүнүп, ал нерв клеталарын жакшыртат. Дене позитивдүү энергия менен сугарылат. Кыям абалы белди түздөп, тулку бойдун сымбаттуу болушуна өбөлгө түзөт. Бул абалда туруп Ыйык Курандагы созулма “а”, “я”, “й” үндүүлөрүнүн айтылышы жүрөк, калкан бездеринин, гипофиз, өпкө органдарынын ишин жакшыртат.

Ал эми намаздагы “Руку” абалы менен йогадагы «Ардхауттанасана” абалдарында белдин ички булчуңдары, тулку бойдун алдыңкы бөлүгү, сан жана балтыр булчуңдар чоюлат.

Бул учурда кан дененин өйдөңкү бөлүгүнө айдалып, мындай абал ич булчуңдары, ашказан көңдөйү жана бөйрөктүн иштешин калыбына келтирип, жакшыртат.

Намаздагы отурган абал “Жулус” жана йогадагы “Важрсана” боордун зыяндуу заттардан арылышына жана тамактын сиңимдүүлүгүнө эң жакшы шарт түзөт. Бул абал веналардагы варикоздук кеңейишти, муун ооруларын дарылоодо эң мыкты ыкма болуп, дене ийкемдүүлүгүн жогорулатып, жамбаш булчуңдарын бекемдөөдө абдан пайдалуу.

Намаздагы “Сажда” – эң маанилүү абал болуп саналат. Ал эми йогада ал “Баласана деген ат менен белгилүү. Сажда абалында мээ кыртышынын алдыңкы бөлүгүнүн иши жакшырат. Бул учурда жүрөк активдешип, дененин үстүңкү бөлүгүнө, өзгөчө баш жана өпкөгө кан жүгүрүүсүнө мыкты өбөлгө түзүлөт. Бул – адамды психикалык жактан эс алдырат.

Мындай абал кош бойлуу айымдарда баланын туура жайгашуусуна шарт түзүп, жогорку кан басымын азайтып, муундардын ийилчээктгин жогорулатат. Стресс, кабатыр болуу, баш айлануу сыяктуу дарттардан арылтат.

Көптөрү йога менен анын эс алдыруучу эффекти жана медитациясы үчүн машыгышат. Йога менен машыгып жактан учурда машыктыруучу өзүнүн жумшак үнү менен туура дем алуу, эмнени элестетип, сезүү керектигин айтып турат. Көптөрү, медитация, күнүмдүк жашоо-турмушта адамды эс алдырып, калыбына келтирүүчү касиетке ээ экенин айтышат. Намаз окуунун да мындан кем эмес максаты бар. 1 күндө 5 маал окулган намаз адамдын жан дүйнөсүн тазалап эле тим болбой, ден-соолуктун чың, жүрөк, аң-сезимдин тынч болушуна өбөлгө түзөт.

Биз жогоруда намаздагы абалдарды йогадагы абалдар менен салыштырып, анын айрым гана сырларын ачтык. А мындан башка пайдалуу жактары толтура.

Бирок ушул мисалга эле таянып, мусулмандар 1400 жыл бою өз ден соолугуна мыкты кам көргөнүн ишеничтүү түрдө айта алабыз.

 

Запись Намаз кыймылдары менен йоганын окшоштугу впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.