Halloween party ideas 2015

Аллах Таала Касиеттүү Куранда:

“Оо, Адам баласы, уяттуу жериңерди жаап-жашыруу үчүн Биз силерге кийим бердик, ал эми такыбалыктын кийими өтө маанилүү” (Аьраф, 56-аят) деп айткан.

Демек, адамда эки түрдүү кийими болот экен, биринчиси дене-мүчөсүн жаап-жашырган, ысык-сууктан сактаган кийими, экинчиси адамдын ыйманын сактаган, ката-күнөөдөн тыйып турган такыбалык кийими.

Бир даанышмандын жанына өтө кооз, баалуу кийимдерди кийип, сырткы келебетин аябай тыкан кармаган бирөө келип, өзүнүн сырткы көрүнүшүнө дал келбеген келжирек сөздү айтты эле, даанышман ага: “Бурадар, же мобу кийимдериңди өзгөрт, же ушул кийимиңе жараша сүйлө” деп насаат кылды.

Урматтуу мусулман бир тууганым, хадисте айтылгандай, Аллах силердин сырткы келбетиңерге карабайт, жүрөгүңөргө карайт. Ошон үчүн жүрөктү кооздойлу. Жүрөктү эмне менен кооздойбуз? Жүрөктүн кооздугу такыбалык менен болот. Жүрөктүн кооздугу зикир менен, Куран окуу менен, арам, тыюу салынган иштен тыйылуу менен болот. Кимдин жүрөгү таза, кооз болсо, анын сырткы келбетиндеги кемчиликтер эч нерсеге татыбай калат.

Бул айтылгандар, сыртыңа каалагандай кийине бер деген сөз эмес, кийимди да шарият жактыргандай кий, келбетиңди да тыкан алып жүр, бирок жүрөктү, ички жан дүйнөнүн тазалыгын да унутпа деген сөз. Күнүнө күзгүгө канча жолу карансаң, жүрөгүңдү ага караганда эки эсе көбүрөөк кара деген сөз…

Запись Күзгүгө бир күндө канча жолу карайсың? впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.