Halloween party ideas 2015

Буга чейин ажылык ибадаттарды аткарууга байланыштуу чыккан китепчелерде ажылыктын парз жана важип амалдарына басым жасалып түшүндүрүлүп келгендиги баарыбызга маалым. Ошол себептен улам ажылык парзын өтөөгө бара жаткан жарандар жана жалпы эле коомчулук арасында ажылыктын өзгөчөлүгү жана руханий тарабын да кеңири түшүндүрүп берген атайын колдонмо китепке муктаждык жаралган болчу. Андыктан жаңы китепти даярдоодо Түрк аалымдары Бүнямин Эрул менен Экрем Келештин ажылык туурасындагы китебин которууну негиз кылып, өзүбүздүн дагы кошумча эмгектерибизди камтыдык. Китепти даярдоонун негизги максаты ажылардын ажылыктын маани-маңызын жана өзөгүн абдан жакшы түшүнүп, милдеттерин так аткаруусуна жана бул маанилүү окуянын өз жашоолорунун нугунун жакшы жакка өзгөртүлүп, бурулуусуна түрткү болууга салым кошуу”, -дейт китептин котормо автору.

Эскерте кетсек,  “Ажылык рух азыгы” китеби Түркия Диянет фондунун колдоосу менен 5000 нускада чыгарылып, өткөн жумада Бишкек шаарынан ажылыкка сапар тарткан 500 зыяратчыга акысыз таратылган. Бул жумада Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан ажылыкка сапар тарткан зыяратчыларга таратылып берилмекчи.

Запись Ошто Абдималик ажы Турсунбековдун эмгегине таандык «Ажылык Рух азыгы» аттуу китеп жарык көрдү Категория: Жанылыктар турмогу, Религи впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.