Halloween party ideas 2015

Баскычын басып, өчүрүп салсаңыз да болбой эле электр энергиясын пайдаланып иштей берген техникалар бар экенин билесизби? Күнүмдүк турмушта колдонгон уюлдук телефон, ноутбук менен компьютер, таймери бар бардык заттар энергиянын “сырдуу душманы” болуп саналат.

Сыналгы


“OFF” баскычын басуу аркылуу биз сыналгыны өчүрдүк деп ойлойбуз. Бирок чындыгында бул учурда сыналгы “уйку режимине” кошулат. Толук өчүрүү үчүн чыналгыны токтон ажыратуу керек. Антпесе, ай сайын чамасы менен 100 сомдой электр энергиясы үчүн бекер төлөөгө мажбур болобуз. Техника “уйку режиминде” аз өлчөмдө болсо да энергия короп жатканын унутпаган жөн.

Телефон заряды

Телефонубузду заряддап бүткөндөн кийин зарядканы токтон ажыратпай таштап койгондор көп эле кездешет. Анткени, телефон заряд албаса, электр энергия кетпейт деп ойлобуз. Бирок, жаңылышасыз телефон заряддалбаса да сайылып турган зарядка электр энергиясы ала берет. Ошондуктан электр энергиясын үнөмдөө үчүн зарядагычты ток көзүнөн алып, өчүрүп коюңуз.

Ноутбук менен компьютер

Токко кошулуп турган компьтер менен ноутбуктар электр энергиясынын кас душманы. Себеби, өчүрүлгөн учурда да бул технологиялар энергияны соро берет. Ошондуктан, жумуш иштеп бүткөндөн кийин өчүрүү баскычын басып коюуу жеткиликсиз. Энергиянын ашыкча чыгымы үчүн аппараттарды токтон ажыратуу кажет. Керек болсо, кээ бир компьютерлер “уйқу режиминде” да калптуу өлчөмдөгү энергияны керектейт.

Таймери бар техникалар

Азыркы турмушта колдонулган техникалардын көпчүлүгү таймер менен жабдылган. Турмуштук техника жумуш иштебей турганда да, электр энергиясын “жашыруун” колдоно берет. Демек, кыска толкундуу мештер, кир жууган машиналар, газ плитасы, жөнөкөй эле сааттын өзү энергиянын “кас душмандары” болуп саналат.

Эскерте кетүүчү сөз техникаларды электр энергиясын үнөмдөө үчүн гана эмес, коопсуздук чаралары үчүн да токко сайылуу бойдон калтырбоо керек. Токтун туура келбей калуусу техникалардын бузулуп калуусуна да алып келүүсү мүмкүн. Ошондуктан, электр энергиясын үнөмдөп, болушунча тактык менен пайдаланган оң.

Запись Электр энергиясын үнөмдөөнү үйрөнүңүз впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.