Halloween party ideas 2015

 

 

🏻 Аллах Тааламдан өткөн мээримдүү Зат жок,ал пендесинин тозок отуна күйүүсүн каалабайт,канча күнөө кылсын ,Ал Өзүнө жакын кылууну Бейишиден насип кылууну кааласа пенделерине ар кандай сыноолорун жөнөтөт. Ошол сыноо аркылуу Мага кайрылсын,Мен анын күнөөлөрдөн тазалайын деп. Эгерде кимде ким Аллахтын ыраазылыгын тапкысы келсе, Аллах жакшы көргөн сыноодогу пенделеринен кабар алып,жардамын берсин. Анткени кимде -ким Аллах үчүн тууганын,досун,ата -энесин,оорукчан,кыйынчылыкта жашаган,кедей -жетимдерден кабар алып,жакшы мамиле кылып жакшы көрсө,ошол пендесин Аллах Таалам жакшы көрөт,Өз коргосуна алып жакшылыктарынан тартуу кылат.

Бул тууралу Алланын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегени кабардалат:
«Адам кимди сүйсө ошону менен (акыретте да чогуу) болот »(Бухарий)

Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт:
«Кыямат Күнү Кудуреттүү жана Улуук Аллах минтип айтат: «О,Адам баласы, Мен ооруп калдым эле сен,Мени зыярат кылганың жок! »( Ошондо мындай суроону уккан) пенде минтип айтат:
«О,Жан Эгем, Сен ааламдардын Эгеси болсоң,анан кантип мен Сени зыярат кыла алмак элем? »Аллах айтат:
«Менин баланча деген кулум ооруп жатканын сен билип туруп,сен зыярат кылганың жок! Эгерде сен аны зыярат кылган болсоң,анда Мени ошол жерден сөзсүз табарыңды билген эмес белең?!
О,Адам перзенти,Мен сенден Мени тойгозушуңду сурандым эле,сен Мени тойгозгонуң жок! »(Ошондо) адам айтат:
«О,Жан Эгем, Сен ааламдардын Эгеси болсоң,анан кантип мен Сени кантип тойгозо алмак элем? »Аллах айтат:
«Менин баланча деген кулум өзүн тойгозушуңду сенден сураганда сен аны тойгозгонуң жок,эгерде сен аны тойгозгонуңда анда анын (сообун) Менин алдымдан сөзсүз табарыңды билген эмес белең?!
О,Адам урпагы,Мен сенден суу сурадым эле,сен Мага суу бергениң жок! »(Ошондо) пенде айтат:
«О,Жан Эгем, Сен бүткүл ааламдардын Эгеси болсоң,анан кантип мен Сага суу бере алмак элем? »Аллах айтат:
«Сенден баланча деген кулум суу сурады эле, сен ага бергениң жок! Эгерде сен аны тойгозгонуңда ,анда анын сообун Менин алдымдан сөзсүз табарыңды билген эмес белең?! »(Муслим)

✨ Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегени кабарлайт:
«Бир адам башка айылда жашаган (диндеш) тууганын зыярат кыланы жолго чыгат. Ал эми Аллах Таала (бир) периштеге анын өтө турган жолунан күтүп турууну буюрат. Ал адам ошол айылга жеткен кезде андан (периште) сурайт:
«Сен кайда баратасың? ». Ал: «Ушул айылдагы тууганыма (аны зыярат кылганы) баратам». Периште сурады: «Сен балким ага жакшылык кылып,эми анын пайдасын көргөнү бара жаткандырсың? ». Тигил адам жооп берди: «Жок,чындыгында,мен аны Аллах Тааланын ыраазылыгы үчүн сүйөмүн ». (Ошондо) периште айтты : «Чындыгында, сен ал адамды кандай сүйсөң Аллах да сени дал ошондой сүйөрүн (билдирүү үчүн) мени сага Аллах жиберди »(Муслим)

Дагы бир хадисте мындай делет: «Ооруп жаткан адамды же тууганын Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн зыярат кылган адамга эки жарчы( периште) : «Сен ыраазы болгун,жолуң берекелүү болуп,жайың Жаннаттан болсун! »-деп кайрылышат ». (Тирмизий)

✨ Алинин (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат:
«Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун ) мындай дегенин укканмын:
«Ооруп жаткан мусулманды эртең менен зыярат кылган ар кайсы мусулман үчүн жетимиш миң периште кечке чейин Аллахка сөзсүз кайрылып дуба кылып турушат. Ал эми ооруп жаткан мусулманды кечинде зыярат кылган ар кайсы мусулман үчүн жетимиш миң периште эртеңге чейин Аллахка сөзсүз кайрылып дуба кылып турушат жана ал мусулман үчүн Бейиште жемиштер жыйналып коюлат! »(Тирмизий)

 

Деги эле жашообузда мусулман болгонубуздан кийин бири -бирибизди кабар алууга эмне жетсин. Бирин -бир кабар алуу зыярат кылуу ортодогу туугандык мамилелерди жаңыртып,чыңдантып,мээримдүүлүк отун тутантып,ынтымактуулукка өбөлгө түзөт.Бул жашоодо өзүң үчүн эмес башкалар үчүн жашаганды да үйрөөнү керек,”Өз камын ойлогон эледен чыгат,Эл камын ойлогон элге жагат,элге жаккан Аллах Таалага жагат “.

Дүйнөдө мээрим көздөр көп болсо ошол жерге Аллахтын мээрими төгүлөт. Дүйнөдө боорукер жандар көп болсо,ошолорго Аллах боорукерлик кылып ырайымына бөлөйт. Дүйнөдө бирин -бири сүйүп, сыйлашкандар көп болсо, ошолорды Аллах Таалам сүйөт. Дүйнөдө урушкандар жарашып,кечиргенди билгендер көп болсо ,ошолорду Аллах кечирип күнөөлөрүн жок кылат!

Мындай адамдар эң бактылуу адамдар,Кыяматта да Аллах Тааламдын коргосунда болот ин ша Аллах!

«Бактылуулук Формуласы »

Запись АЛЛАХТЫН ЫРААЗЫЛЫГЫН КАЙДАН ТАПСА БОЛОТ? впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.