Halloween party ideas 2015

Африка өлкөлөрүнөн Эфиопияда азык  – түлүк жардамына муктаж болгондордун саны 8, 5 миллионго жетти. Эфиопия улуттук апаат комиссиясы БУУна караштуу мекемелер жана эл аралык жарандык коом мекемелери менен бирдикте даярдалган «адамзаттык муктаждык» отчетунда жалпы өлкөдө азык  – түлүк жардамына муктаж болгондордун санынын 7, 8 миллиондон 8, 5 миллионго чыккандыгы билдирилди.

Бир тараптан отчетто өлкөдө 3, 6 миллионго жакын бала, кош бойлуу аял жана эмиздирген эненин кошумча  азыктанууга, 10, 5 миллион кишинин болсо июль айында сууга жетишүү үчүн жардамга муктаж экендиги белгиленди. Кургактык катуу болуу менен бирге түрдүү оорулар менен да күрөшүп жаткан өлкөдө жылдын башынан бери 38 миңден ашуун киши  ич өткөк менен ооруп, 800гө жакын киши бул оорудан улам каза тапты.

100 миллионго жакын калкка ээ өлкөдөгү кургакчылык көпчүлүгү мал  – чарбачылык жана дыйканчылык менен алектенген калкты кыйын абалда калтырууда.

 

Запись Эфиопияда 8,5 миллион киши жардамга муктаж впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.