Halloween party ideas 2015

Лейлекте Кыргызстан ислам университетинин окутуучусу, араб тили боюнча мугалим болуп эмгектенген маркум Мухаммед Исанын жаркын элесине арналып курулган мечиттин ачылыш салтанаты болуп, ага Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин өкүлдөрү катышышты. Бул туурасында Баткен облустук мусулмандар казыятынын басма сөз кызматынан кабарлады

Мечиттин ачылыш маареке Баткен облусунун Лейлек районундагы Аксуу айыл өкмөтүнө караштуу Чойунчу айылында өтүп, иш чарага аалымадар кеңешинин төрагасы, КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басарлары Марс Ибраев, Тажидин ажы Байтейитов, Баткен облусун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов, бүткүл дүйнөлүк жаштар ассаблеясынын төрагасынын орун басары Мухаммед Маазы, Лейлек районунун акиминин милдетин аткаруучу Жамалидин Эшанкулов жана казыят өкүлдөрү, аймактагы баш имам хатибдер менен ар тараптан келишкен коноктор, жергиликтүү тургундар катышышты.

«Мечит адамдын адеп ахлагын, кулк мүнөзүн оңдоп, тарбия алуучу жай. Мечитке келген жарандар бай же кедей экендигине, түсүнө, улутуна карабастан бирдей болуп саналат. Ошондуктан мечит элдин ынтымагын, улуттар арасындагы биримдикти бекемдей турган жай катары болуусу керек»,-деди Абдишүкүр ажы Нарматов.
Ал эми Баткен облусунун мусулмандар казысы жергиликтүү тургундарды мечиттин ачылышы менен куттуктап, мечит амал менен көрктү болоорун айтып, ар дайым мечитти жандандырып турууга чакырды.
Мечиттин ачылышына келишкен коноктор демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирүү менен бул мечит ынтымакты бекемдеп, жакшылыкты үйрөнүп, жамандыктан арылуучу жай болуусуна тилектеш экендиктерин билдиришти.

 


January 15, 2016 at 10:58AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.