Halloween party ideas 2015


Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.

Ааламдын Жаратуучусу, адам баласына жер бетин жаратып, жашоо булагын агызган Аллах Таалага чексиз мактоолор болсун.
Аллахтын акыркы пайгамбары, үммөтүнө айлан-чөйрөнү, жаратылышты коргоонун эң сонун үлгүсүн көрсөтүп кеткен пайгамбарыбыз Мухаммадга Аллахтын салам-салаваты болсун.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Кыш аяктап, жаз айлары башталып жатат. Жаздын келүүсү — бул, Аллахтын пенделерине тартуулаган чоң белеги. Жаздын келүүсү менен адамдардын көбү эмгектенүү үчүн аракеттене башташат. Бирок, тилекке каршы көпчүлүк адамдар жаздын келүүсү менен бир гана өз камын ойлоп, өз ырыскысы үчүн кам көрө баштайт. Ошол эле учурда өзү жашап жаткан ата мекенинин абалы кандай болуп жатат, келечектеги урпактары кандай жерде жашайт, бул туурасында ой жүгүртпөйт. Туура, ар бир адам өз ырыскысы үчүн аракет кылуусу керек. Ошол эле учурда өз өлкөсүнүн келечегине кандай салым кошуп жаткандыгын да ойлонуусу керек. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Меккеден чыгып бара жаткан мезгилде, артына кайрылып: «Оо, кереметтүү Мекке, сен кандай жыттуусуң, мен үчүн кандай баалуусуң, мен сени абдан жакшы көрөм, эгер коомум чыгарбаганда мен сенден кетпейт элем» — деп, көзүнө жаш алып коштошуп кеткен. Мекенди сүйүү, мекенге болгон сагынуу, мекендин келечеги үчүн ойлонуп-толгонуу, мекен үчүн кызмат кылуу — бул, абдан маанилүү амал.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Бир жолу Перстердин падышасы жан-жөкөрлөрү менен талаада бара жатса, бир абышка Зайтун дарагынын көчөтүн отургузуп жатыптыр. Падыша абышканы шылдыңдоо үчүн жанына бастырып келип: «Ой, абышка, өзүңүз картайып калыпсыз, бул көчөт түшүм бергенче жашарыңызга көзүм жетпейт. Аны эмне үчүн тигип жатасыз?» — деп сурайт. Абышка: «Ээ, балам, мурдагылар тиккенди биз жедик, эми биз тигебиз, аны кийинкилер жейт» — деп жооп берет. Анын жообуна купулу толгон падыша, бир тенге алып чыгып абышкага узатат. Абышка аны алып, жылмайып күлүп коёт. «Эмнеге күлүп жатасыз?» — деп сурайт, падыша. Мыйыгынан жылмайган абышка: «Элдин көчөтү он жылдан кийин түшүм берсе, менин көчөтүм тиккен эле күнү түшүм берди» — деп, жооп берет. «Сиздин бул жообуңуз мага абдан жакты» — деп, падыша дагы бир тенгени сунат. Абышка аны алып, дагы жылмайып күлүп коёт. «Эми эмнеге күлүп жатасыз?» — деп сурайт, падыша. «Элдин көчөтү бир жылда бир эле жолу түшүм берсе, менин көчөтүм тигер замат эки түшүм бергенине күлүп жатам» — деп жооп берген экен абышка. Эгер сен бир көчөт тиксең анын түшүмүн жейсиң. Эгер сага анын түшүмүн жегенди Аллах Таала насип кылбаса да, сен анын сообуна ээ болосуң. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде: «Кайсы бир мусулман эккен эгинден, же отургузган көчөттөн чымчыктар, же адамдар, же айбанаттар жесе, ага садака болот» — деп айткан. Ушул эле хадисте Имам Муслимдин риваятында: «Эгер ошол эгинден кимдир бирөө уурдап алса да, эккен кишиге садака болот» — деп айтылган. Экинчи бир хадисте: «Кайсы бир адам көчөт отургузса, ага көчөт отургузганы үчүн сооп жазылат. Андан кийин ал мөмөлөсө, анын канча мөмөсү болсо дагы ошончо сооп жазылат» — деп айтылган. Салман Фарсий (Аллах андан ыраазы болсун) кул эле. Ал кожоюнуна келип, боштондукка чыгаруусун суранганда, кожоюну: «Сен мага беш жүз курманын көчөтүн тигип берсең, анын баары көктөп чыкса, мен сени азат кыламын» — дейт. Салман Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) арызданып келет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ага: «Көчөттөрдүн ордун даярдап кой» — деп буйруйт. Ал көчөттөрдүн ордун даярдап бүткөн соң Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) келип өз колу менен көчөттөрдү тигип берет. Кийин, алардын баары көктөп чыкканда кожоюну Салманды азат кылат. Көчөт тигүү, айлананы жашылдандыруу, жаратылышты коргоо сыяктуу иштер бир гана ишембилик өткөрүү менен болбойт. Бул иштерди ар бир мусулман өзүнүн күнүмдүк милдети катары билүүсү керек. Бир күндө беш жолу дарат алып, намаз окуп, бир жылда бир ай орозо кармап жан-дүйнөбүздү тазалап турган сыяктуу эле, күн сайын өзүбүз жашаган жер бетин тазалап туруубуз керек. Аллах Таала Куранда: «Силерди жерден жаратты, аны өнүктүргүлө» — деп айткан. Жерди өнүктүрүүнүн мааниси, аны багып, көчөт тигип, эрозиядан сактоо болуп эсептелет. Экинчи бир аятта Аллах Таала: «(Оо, Мухаммад!) Адамдардын арасында ушундайлары бар: бул дүйнө жашоосунда анын сөздөрү сени кызыктырып коёт. Ал жүрөгүндөгү нерсеге Аллахты күбө кылат (ант ичет). Чынында, ал (Исламга) элдешкис душман! Ал сенин алдыңдан кетээри менен, жер бетин бузукулуктарга толтуруу үчүн, эгиндерди, насилдерди курутуу үчүн аракеттерин баштайт. Аллах болсо, бузукулукту сүйбөйт» — деп айткан. Бак-дарактарды кыйып, анын ордуна жаш көчөттөрдү тикпестен таштап коюу, жайыттарды какыраган жерге айландыруу сыяктуу иштер мусулмандын сыпаты эмес. Ыймандуу адам курат, тургузат, бирок бузбайт. Өлкөнүн келечеги үчүн кам көрүү канчалык деңгээлде зарыл экендигин билдирүү максатында Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде: «Эгер Кыямат башталып кетсе да колуңардагы көчөттү отургузуп койгула» — деп айткан. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мусулмандарды айлананы жашылдандырууга кызыктыруу үчүн бир хадисте: «Ким өлүк жерди тирилтсе, ал ошонуку болот» — деп айткан.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Азыркы учурда Исламды жакшы түшүнбөгөн кээ бир адамдар: «Динде эмгектенүү жок, Аллахтан сурасаң, берет» деген туура эмес түшүнүк менен жүрүшөт. Ислам дини жалкоолуктун дини эмес. Ислам, балагат жашына жеткен ар бир адамга ибадат кылууну буйруган сыяктуу эле, эмгектенүүгө да буйрук кылат. Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) халифалык убагында бир топ адамдар мечитке келип отурушат. Умар (Аллах андан ыраазы болсун) аларга келип: «Бул жерде эмне кылып отурасыңар?» — деп, сурайт. Алар: «Биз Аллахтан ырыскы сурап отурабыз» — деп жооп беришет. Ошондо Умар (Аллах андан ыраазы болсун) аларга ачууланып: «Асмандан силерге алтын-күмүш жаабайт, ордуңардан туруп, эмгектенгиле, Аллах силерге ырыскы берет» — деп айтат. Бир жолу Абдуллах бин Масьуд келип Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) салам айтып, кол кармашып көрүшөт, ошондо Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) анын эмгектен улам чор болуп катып калган колун кармап туруп: «Бул колду Аллах сүйөт жана тозок оту күйгүзбөйт» — деп айтат.
(Бухарий, Муслим).

Бир адам келип: «Оо, Аллахтын элчиси, мага мусулмандардын казынасынан бир нерсе бер» — деп суранганда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Тоого чыгып отун алып келип сатууң — сурануудан жакшы» — деп айткан. (Бухарий, Муслим).

Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) заманында мечиттин айланасын тазалаган бир аял бар эле. Күндөрдүн биринде ал көрүнбөй калат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларынан анын кайда кеткендигин сурайт. Алар: «Оо, Аллахтын элчиси, ал аял каза болуп калган болчу, биз аны сизге айтпай калыппыз» — дешет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Аны эмне үчүн мага айтпадыңар?» — деп, анын мүрзөсүнө барып жаназа окуйт. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бул амалы тазалык үчүн эмгектенген адамдын кадыр-баркы кандай жогору болорун көрсөтүү үчүн болгон эле.

Урматтуу мусулман бир тууганым!
Аллахка шүгүр, биз дүйнөдөгү эң кооз жерде жашайбыз. Биздин жердин астында да, үстүндө жетиштүү кен байлыктар бар. Бирок, тилекке каршы ушундай кооз ата мекендин кадырына жетип, аны сүйүп, аны барктап, көздүн карегиндей сактоону өз милдети катары эсептеген үммөт жок. Бул жер, бул суу, бул аба бизге мурас болуп калган, эми аны келечек муунга өткөрүп берүү биздин милдетибиз. Аллахым, ар бирибизди өз мекенин сүйүүчү пенделерден кылгын. Аллахым, ар бирибизге келечек муундар үчүн кам көрүүчү жүрөк бер. Жерибизге бейпилдик, элибизге тынчтык бер. Өзүңө гана сыйынабыз, Өзүңдөн гана жардам тилейбиз.

Абдушүкүр Нарматов.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.