Halloween party ideas 2015


🌹Бүгүн Зульхиджанын биринчи күнү. ✍Мээримдүү Ырайымдуу Аллахтын аты менен! Улуу Аллах Таала Өзүнүн сүйүктүү пенделерине ыйык күндөрдү белгилеген. Ыйык күндөрдө, айларда көп жакшы амалдарды кылып, күнөөлөр кечирилип, соопторду алып, Аллахтын ыраазылыгына жетсин деп. Кимде-ким ошол ыйык айларды, күндөрдү пайдасыз кетирбей, ибадаттарды кылып өткөрсө- бактылуу адамдардан болуп эсептелет. Зуль хиджа айынын алгачкы он күнү ыйык күндөргө кирет. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уас саллям) өзү баса белгилей кеткен. 🌟Джабир (радияЛлаху анху) риваят кылган, Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уас саллям) айткан: “ Бул дүйнөнүн эң берекелүү күндөрү- Зуль хиджа айынын алгачкы он күнү.” Андан сурашты: “ Ага окшоштор жокбу (б.а. адамдарга, Аллахка ошол күндөрү ибадат кылышкан)?” Ал жооп берди: “Аллах жолунда аларга окшош адамдар жок, бир гана Аллах жолунда өлгөн адам (б.а. шахид)”. Бир гана шахид Аллахтын алдында улуурак, Аллахтын жолунда алек болгон адамга караганда. Бул ыйык күндөргө Арафа күнү дагы кирет. Арафа күнү- дуалар кабыл боло турган, күнөөлөр кечириле турган, Курман айттын алдындагы күн. Курман айт күнү тууралуу Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уас саллям) айткан: “ Эң улуу күн- Курмандык чалына турган күн”. Бул Ыйык күндөрдө бардык ибадаттар камтылган. Хафис ибн Хажар “Аль- Фатх” китебинде айтат: “ Зуль хиджа айынын алгачкы он күнүнүн улуктаганынын себеби, бул күндөрдө бардык ибадаттар аткарылат: намаз, орозо, курмандык чалуу, ажылык амалын аткаруу,- башка кундөрдө бул амалдар бирикпейт ”. 🌟Ибн Аббас (радияЛлаху анху) риваят кылган, Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уас саллям) айткан: “ Аллах Таала бул күндөрдө ( Зуль хиджа айынын алгачкы он күнүндө) жасалган амалдарды жакшы көрөт”. Бирөө сурады: “Оо, Аллахтын Элчиси, джихадка караганда дагыбы?” Ал жооп берди: “Ооба, джихадка караганда дагы, бир гана Аллах жолуна өз байлыгы менен чыгып, өлгөн адамдан башкасы.” БУЛ ЫЙЫК КҮНДӨРДҮ КАНДАЙ АМАЛДАР МЕНЕН ӨТКӨРҮШҮБҮЗ КЕРЕК? 1⃣ Чын жүрөктөн тооба кылуу Бул ыйык күндөрдү тооба кылуу (Аллахтан кечирим суроо) менен өткөрүшүбүз керек. Аллах Таала Кечирүүчу, Ырайымдуу Зат. Пенделеринин чын жүрөктөн кылган тообасын кечирет. “Эй, өздөрүнө зыян кылып жаткан пенделерим! Аллахтын жакшылыгынан үмүт үзбөгүлө. Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет. Анткени, Ал- Кечиримдүү, Боорукер!” – деп айткын. (Аз-Зумар: 53) 2⃣ Бул ыйык күндөрдү пайдасыз кетирбөөгө бекем ниет кылуу Чыныгы момун мусулман адам бул күндөрдү жакшы амалдар менен өткөрүүнү аракет кылат. Кимде-ким жакшы иштерди кылууга ниеттенсе, Аллах анын жолун жеңил кылып коёт. “Биз үчүн умтулуп аракеттенгендерди, Биз туура жолдо алып барабыз. Акыйкатта, Аллах жакшылык кылуучулар менен бирге”. (Анкабут: 69) 3⃣Күнөөлөрдөн алыс болуу Аллахка кулчулук кылуу менен пенде Аллахка жакындайт, күнөөлөрдү кылуу менен Андан анын рахматынан алыстайт. Кимде-ким күнөөлөрүнүн кечиришин, Тозок отунан кутулууну кааласа, анда бул күндөрдө жана башка күндөрдө күнөөдөн оолак болууга аракет кылыш керек. Бекем ниет кылып, аракет кылган адам сөзсүз максатына жетет. 4⃣Орозо кармоо Орозо- бул айда кылынгн эң жакшы амаладардан болуп эсептелет. Аллах Таала айткан: " Адам баласынын баардык амалдары өзү үчүн, бир гана орозосу Мен үчүн. Ал орозону Мен үчүн кармайт жана сыйлыгын да Өзүм берем". (Бухари, Муслим) Айрыкча орозону Арафа күнү кармоо абзел. Арафа күнү- Зуль хиджа айынын тогузунчу күнү. Бул күнү орозо кармоо- сүннөт болуп эсептелет. Муслим риваят кылган, далилденген хадисте айтылган, Пайгамбарыбызды (салляЛлаху алайхи уас саллям) Арафа кунүндө орозо кармоо тууралуу сурашканда, ал айткан: “ Бул күнү орозо кармаган адамдын өткөн жана келээрки жылкы күнөөлөрү кечирилет.” Аиша (радияЛлаху анха) Масрук (радияЛлаху анху) га айткан: “О Масрук, Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уас саллям) бул кунү кармалган орозону миң ай кармалган орозого теңегенин укпадың беле?” (Байхаки, Табарани) 5⃣ Намаз Намаз- эң улуу амал. Бул айда жамаат менен көбүрөөк намаз окуганга аракет кылуу керек. Аллах ар бир жакшы амалдардын сообун көбөйтүп берет. Аллах Таала Ыйык Курани Каримде айткан: “Чындыгында, Мен- Аллахмын. Менден башка Кудай жок! Ошондуктан Мага сыйын. Ошентип Мени эстөө үчүн намады толук аткар!” (Тоха: 14)
6⃣Тахлиль ,Тахмид зикрлерин көп айтуу Ибн Умар риваят кылган, Пайгамбарыбыз (салля Ллаху алайхи уас саллям) айткан: " Зуль хиджа айынын алгачкы он күнүндө кылынган амадардан Аллахка сүйүктүрөөк болгон амал жок. Бул күндөрү тахлиль, тахмидти көп айткыла. (Ахмад) Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Ляя иляха иллЛлох, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Уа лиЛлахиль хамд! 7⃣Садака берүү Бул айда колдон келишинчке көбүрөөк садака берүү да абзел. Садака эч адамдын байлыгын азайтпайт. Садака берип, адам кедей болуп кетпейт. Аллахка жолунда берген нерсени Аллах Өзү көбөйтүп берет. Аллах Таала садака берүү тууралуу Ыйык Куранда айткан: “Эй, ыйман келтиргендер! Силерге берген ырыскыбызыдан соодалашуу, достук, жан тартуу болбой турган күн келгенге чейин Аллах жолунда сарптагыла. Каапырлар- алар заалымдар.” (Бакара: 254) Жалпысынан Аллахты ыраазы кыла турган баардык амалдарды бул күндөрдө аткара бериш керек: Куран окуу, Каранды башкаларга үйрөтүү, салават айтуу, истигфар кылуу, ата-энеге жардам берүү, туугандар менен мамилени бекемдөө, жаман сөздөрдөн алыс болуп, жакшы сөздөрдү сүйлөп, адамдарга жылмайып, жылуу сөз менен болсо да кубантуу.

▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ ⚡ facebook.com/Formulasy ⚡ ok.ru/formulasy ⚡ vk.com/formulasy ⚡ instagram.com/formulasy ⚡ youtube.com/FormulaKG ⚡ plus.google.com/ FormulaKG ⚡ formulasy.blogspot.com ⚡ WhatsApp: +996700334493 © БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Отправить комментарий

Технологии Blogger.