Halloween party ideas 2015


СУРОО: Жигитим намаз окуйт. Бир күнү мага телефондон «Никебизди кыйдырып албайлыбы?» дейт. Эмне деп жооп берээримди билбей калдым. 
ЖООП: «Жок. Качан үйлөнө турган күн келип, той болгондо нике кыйдырабыз. Ага чейин сүйлөш-көнгө да болбойт» деп жооп бер. Сен да намаз оку.
СУРОО: Намаз окуйм, жоолукчанмын. Атыр, боёно турган каражаттарды сатсам шариятка туура келеби? Башка ишим жок. Эски сүрө, дубалар жазылган кагаз бар. Аларды ыргытып, күйгүзүп жиберсек кандай болот? “Рисале- и-Нур” жыйнагындагы китептерди окуса болобу? Намаз окуп жатып пикирим чачыла берет. Эмне кылсам болот? 
ЖООП: Косметиканы сатканды шарият тыйбайт. Ар бир аял өзүнчө косметикага ээ болуусу милдеттүү. Күйөөсүнө атыр-упа коюп жасануусу керек болот. Сиз сатпасаңыз алар аны кайсы жерден сатып алышат эле... Эски сүрөө-дубаларды таза жерге коюп өрттөп жиберсеңиз жакшы болот. Мисалы, тандырга күйгүзүп жиберсеңиз болот. “Риса-ле –и –нур” жыйнагындагы китептерди окусаңыз болот. Бирок, андан башка китептерди окуса тап-такыр болбойт деген пикирден оолак болуу керек. 
Намаз окугандан мурун ниетти бир жерге топтоп алып киришүү ылаазым. Инсандыкка таандык кээ бир жумуштарын бүтүрүп кирүү керек. Мисалы, дааратканага баргысы келип турган болбосун, же өтө ысык, же өтө суук жайда намаз окубасын. Намаздан кийин «Аүуузу биллаахи минаш шайтоонир рожиим» деген дубаны айтып сол далысынан арта үч мертебе түкүрсүн.
СУРОО: Түш жөнүндө Исламда эмнелер айтылат? Түшүңдө көптөн бери көрбөгөн адамдарды көрсө, эртеси эле ошолорду көрүп каласың. Түштү жоруган кандай болот? 
ЖООП: Түштү дайыма жакшылыкка гана жоруу керек. Эптеп жоруй албай турган адамга айтуунун зарылдыгы жок. Түштөр сүйүнчү сыяктуу болушат. Мисалы, сиздин түшүңүздө кимге жолуга тургандыгыңыз көрүнөт экен. Бул жакшы нерсе, ошол көрө турган адамга бересеңиз болсо камдап алсаңыз, оңой кутуласыз. Көбүнесе, адам көп ойлонсо, ойлонгон нерсеси түшкө кирет. Ачка тооктун түшүнө таруу кирет.
СУРОО: Базарда иштейбиз. Орус аял каша сатат, жесе болобу? Балдарга жаныбарлардын сүрөтү бар кийимди кийгизсек болобу? Мечитте отурганда бутун кыбыла жакка сунуп отуруп алышат, болобу? Укол алганда спирт кийимге тийип калса эч нерсе болбойбу? 
ЖООП: Кашасына малдын майын кошпосо, бышырганда чочконун этинен жасалган тамак бышырган казанга бышырбаса, жегенге жарай берет. Теке болсо да сүт берсин. 
Жаш балдарга оюнчуктардын сүрөтү тартылган кийимдерди кийгизсе болот. Бирок, чыныгы жаныбардын адис сүрөтчүгө тарттырган сүрөтүн кийгизүүгө болбойт. Периштелерди кубалайт. Мисалы, азыр кээ бир футболкаларга атактуулардын сүрөттөрүн тартып алып кийип жүрүшпөйбү?! 
Мечитте олтурганда, же мечиттен тышкары жерде бутту кыбыла тарапка сунуп олтуруу адепсиздик болот. А бирок, атайын максаттуу эмес, кокустан буту кыбыла тарапка сунулуп калса зыяны тийбейт. Ошондой эле, олтуруп намаз окуй турган адамдар, бутун сунуп гана олтура турган болсо, ал учурда кыбыла тарапка бутун сунуп окуганга уруксат берилет. Эгерде бир адам, кыбыла тарапты мазактоо максатында, мусулман-дардын урматтуу эсептелген тарапка урматсыздык көрсөтүү максатында кыбылага бутун сунуп олтурса, же кыбыланы карап түкүрсө, жаман ниети үчүн ыймандан чыгып кетет. 
СУРОО: Мечитке намазга бирөө майкачан келип окуп жатыптыр. Биз айтсак, «бул аврат эмес го» дейт. 
ЖООП: Туура айтат. Аврат эмес. Эртең үйлөнүү той кылганда, өзү үйлөнгөндө да аврат эмес деп майкечен келсин. Президент конокко чакырса да аврет эмес деп майкечен барсын... Аврат дегенден сырткары кийим кийүүнүн сүннөттөрү, адептери деген нерсе бар да, кокуй... Тузу жок, катыгы жок кара жарма ичкендей болуп, кантип ушундай болсун. Намазды жеңи узун, башына баш кийим кийип, кененирээк кийим менен окуйт.
СУРОО: Аялымдын чачы түшүп жатат, кыркса болобу? Узуну 50 сантиметрдей. 
ЖООП: Кырккандан башка жолу жок болсо, кыркса макул. Колунан келишинче кыркпаганга аракет кылсын. Аял кишинин чачы эң кыска дегенде мүрүсүнөн болуусу керек. Такыр болбосо, таз кылып алганга деле уруксат берилет, айласы куруса...
СУРОО: Өзүнөн чоң аялга үйлөнүү сүннөт болбосо, анан күнөө да болбойбу?
ЖООП: Күнөө болбойт, чырагым. Кайра жакшы болот. Ачынып калсаң жаап турат. Көчөдөн капа болуп келсең сооротуп турат. Анан бир аз улгайганда сага жаш, өзүңө тең аял алып берет. 
СУРОО: Жакшы көргөн адамым боору ооруп көз жумду. Өлөөрүн бир ай мурда өзү уккан экен. Жашоодон чарчадым деп ооруканага барбай ар кандай дарыларды ичип жүрдү. Арак ичпей дарыланса, дем салдырып, өзүн караганда өлбөйт беле деп катуу өкүнүп ыйлайм. Көз жумаардын алдында дарыгерлер «Эртерээк алып келсеңер беш жыл жашамак»,- дешиптир. Аракет кылып чуркасак аман калмак беле деп эзиле берчү болдум. Өзүмдү күнөөлөйм, же тагдырбы, же ажал жетет деген чынбы? 
ЖООП: Тагдыр. Анын жашоосунда эмне болуусу жазылган болсо, ошол нерсе ишке ашты. 
Өзүңүздү кыйноонун кереги жок. Намаз, Куран окуп, сообун багыштасаңыз жакшы болот. Жакшы көргөнүңүздү далилдеңиз. Маркумдар сиздин өкүнгөнүңүзгө, ыйлагандыгыңызга муктаж эмес. Алар сооптуу амалдарга муктаж.
СУРОО: Түшүмө Пайгамбарлар көп кирет. Аттарын да айтып өздөрүн тааныштырат. Бирөөлөргө жорутсам «көзүң ачылат» дейт. Сизден жооп күтөм. 
ЖООП: Көзүң ачылат дегени күрөккө турбаган сөз. Пайгамбарлар түшүңө кирсе, Кудайдын бергени ошол. Намаздарыңды үзбөй оку. Жоолук салын. Анан калса, Пайгамбармын деп сени алдап деле коюусу мүмкүн. Пайгамбарлардын кебете-кепширлери жөнүндө китептерди окуп аларды таанып ал. Айрыкча, Мухаммед (алайхис салам) турпатын таанып алсаң, ошого окшотуп тааныйсың. Шайтан Пайгамбарлардын кебетесине кире албайт. Эгер так тааныган болсоң, анда чындап эле пайгамбарлар кирген болот.
СУРОО: Мен бир келинге убактылуу нике окутуп алсам болобу? Бирок, мен башка кызга үйлөнөм. 
ЖООП: Башка кызың дагы сага чейин бирөө менен жашап жүргөнүнө ыраазысыңбы? Убактылуу нике деген жок шариятта. Жөн эле сойкулук деген болот ал “убактылуу никең”... Анан калса ошол башка бирөө менен жатып жүргөн кыздын атасынын колунан алып кетесиң. Эч кимге айтпай паркка барып, бир бомжго нике кыйдырып жашай берген таптакыр туура эмес.
СУРОО: Контейнерде 2 ай мурун бирөө бир нерсе таштап коюптур. Ким таштаганын билбейм. Сатып акчасын ошол кишинин атынан садака берейин десем болбойт дешти. Эмне кылсам болот? 
ЖООП: Сактап коё бер. Сактоо кыйын болуп баратса, же бузулуп-эскирип баратса, ошол нерсени медреселерге алып барып, ошол кишинин атынан садака кылып берип кой. Бирок, күндөрдүн бир күнүндө ал киши келип, калтырган нерсесин талап кылса төлөп бергениңиз макул болот. Соопко каласыз.
СУРОО: Бир айылда эки мечитте азан айтса боло береби? Суурдун, кашкулактын этин жесе болобу? Себеби алар чөп жешет. 
ЖООП: Бир эмес он мечитте азан айтсын, жараша берет. Суур менен кашкулак экөөнүн бирин чычкандардын этин жейт деп укканым бар. Жалаң чөп менен гана азыктангандар адал болуп эсептелет. Бир гана чочко, доңуз жалаң чөп менен гана азыктангандыгына карабастан арам болот.
СУРОО: Кайнежем пайыздап акча берет. Ошол акчадан бизге карызга берет. Биз үчүн арам эмеспи? 
ЖООП: Колуңардан келсе башкалардан алгыла. Жок болсо, алсаңар бир жөн. Ар кимдин күнөөсү өзүнө. Бирөөнүн күнөөсүн башка бирөө көтөрбөйт.
СУРОО: Үйүбүз жоктугуна байланыштуу күйөөм төрөгөнүмө каршы. 2 кызыбыз бар. Чоңоюп калышты. Жашым өтүп жатат. “Пландап балалуу болуу керек,” - деп уруктугун да түшүрбөй келет. Ушул туурабы? 
ЖООП: Кайсы бир деңгээлде пландаган туура болот. Бирок, уруктугун түшүрбөгөнү сиздин укукту тебелегендик болуп саналат. Аны сиздин уруксат менен гана сыртка түшүрүүгө укуктуу болот. Үйлүү дагы болосуңар. Үйлүү болгон убакта анын, же сиздин төрөгөнгө мүмкүнчүлүк калбай калса эмне болот? Ошондуктан, демилгени колго алыңыз. Балким төрөлө турган балаңардын маңдайына жазылгандыр, силердин жалпыңардын үйүңөр. Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет...
СУРОО: Мен билген бир адам бар, 5 убак намаз окуйт, ислам тууралуу илими да өзүнө жетиштүү. Жубайы намаз окубайт экен. Эми ошол адам аялын, балдарын таштап намаз окуган аял алган. Никеде берген убадасы ысык-суугуна чыдайм дегендей, же анын балдарынын шариятка болгон көз карашы келечекте кандай болот? 
ЖООП: Намаз окубаган аял менен жашоо кандай оор экенин элестете да албасаңыз керек. Аял турмушка чыккандан кийин күйөөсүнө ыңгайлашып жашоосу керек. Айрыкча мусулманчылык жашоосунда. Эмнеге намаз окубайт? Эмнеге ачык-чачык кийинет? Эркек ачык жүргөн аялзатын аялым деп ээрчиткенден намыстанат. Никеде берген убадасын аял деле аткарган эмес турбайбы? Никеде аял өзүн багыштайт, бул багыштаган эмес турбайбы? Керек болсо, күйөөсү жакшы көргөн тамакты жакшы көргөнгө аракет кылса, үй-бүлөдө бакыт орнойт. Балдары эмне дейт дейсиз. «Балам, балалуу болгондо билээрсиң» деген кеп бар, балдары да баралына келгенде түшүнөт. Алар да жашоонун даамын татышат. Атасын түшүнөт. 
СУРОО: Биз менен чогуу иштеген христиан дининдеги киши каза болду. Бир аз акча чогултуп, барып көмүшүп, чай ичип отуруп келдик. Барса болот беле? 
ЖООП: Туура эле кылгансыңар. Эгерде тирүү кезинде даават кылсаңар, мындан да жакшыраак болмок...
СУРОО: Намаз бүтүп калса, кечигип калсам, коомат айтпай эле окуймунбу?
ЖООП: Ооба, кооматы жок окусаң боло берет. Сен үчүн мечитте айтылган коомат жетиштүү.
СУРОО: Кээде 4000 сомдук товарды 10000, же 12 000 сомдон сатып жиберебиз. Негизи шариятта канча кошконго уруксат? 
ЖООП: Базардын баасын билбеген, элеттен келген адамга ашкере кошуп саткан болбойт. Анын баёолугун пайдаланба. Аны менен байып кетпейсиң. Анча кошсоң дагы өзүң бил. Уятың менен абийриң ченеп берсин.
СУРОО: Эки жолу 3 күндүк дааватка чыктым. 40 күндүк дааватка чыксаң сен үчүн тозок арам, 4 айлык дааватка чыксаң, Кыяматта сенден сурак болбойт дешти. Ошентсем бейишке шуулдаган бойдон киремби? 
ЖООП: Ошентип айтса дагы болот бекен?.. Бейишке шуулдаган бойдон кириш үчүн көп эмгек керек болоор.
СУРОО: Аялын «каалаганыңа тийип, каалаган жагыңда жүрө бер, көңүлүмдү калтырдың» деген сөздөр менен коркутса, талак түшүп калабы? 
ЖООП: Талак түшпөйт. “Жаман иттин аты бөрүбасар” дегендей, сенин дагы коркутканың жаман экен. Кудай сакта! Ошентип да коркутабы?!
СУРОО: Күйөөм 8 жыл мурун каза болгон. Турмушка чыкканым жок. Күнөө болуп саналабы? 
ЖООП: Күйөөсү жок жаман жолго түшүп кетчүдөй болуп турсаң, күнөө болоор. Антпесең, күнөө болбойт. Бирок колоктоп бой жүрбөй, ылайыктуу бирөөгө баш байлап алсаң, эки бакыр бир тукур болуп, жакшы эле болот. 
СУРОО: «Ак куу - аял, шумкар – эркек» дегендер чыкты. Алар адамдын тагдырын ыр түрүндө айтып, Түркистанга сыйынганга алып барат экен. Бул шариятка туура келеби? 
ЖООП: Шариатка туура келбейт. Ширкти кабаттап ишке ашырышат. Кудай сактасын. Ордо ачкандары, тагдырды айткандарынын баардыгы туура эмес. 
СУРОО: Менин атам орус динине өтүп кеткен. Өзүм болсо хижап кийип, намаз окуйм. Жигитим да динге берилген муслим. “Мага турмушка чыкканда орус динине өткөн атаң менен катташпайсың” деген. Аял күйөөсүнө баш ийиши керек да. Бул туурабы?
ЖООП: Жигитиңдин айтканы туура эмес. Ал канчалык акмак болсо дагы сенин атаң. Аны менен катташууң керек болот. Балким, сенин жана келечектеги жолдошуңдун жакшы мамилесинин натыйжасында Аллах Таала ага хидаят, туура жолду насип кылаар. Аял күйөөсүнө баш ийүүсү керек болот. Бирок күйөөсүнүн талаптары шарияттын чегинен чыкпай турган болсо. Ата-эне мусулман эмес болсо дагы шариятыбыз катташууга буйруйт. Бирок башка диндеги ата-эне зыян жеткире турган болсо, абайлаганы эп. Кудайым бактылуу кылсын. Жигитиң менен үйлөнгөнгө чейин эми сүйлөшпө. 
СУРОО: Базардагы цыгандар арча түтөтүп жүрүшпөйбү, ширк деп айтса болобу? Менин көз карашым боюнча, алар соодасы жакшы болсун деп акча таап жүрүшөт. Аларга садака берсе болобу? 
ЖООП: Аларды лөлүлөр деп айтабыз. Арча түтөткөндүн эч кандай ширки деле жок. Жакшы жыттан шайтан-шабырлар качат. Анан калса, ал лөлүлөрдүн негизги максаты акча табуу эле. Андан 
башка максаты деле жок. Садаканы өзүң билген жардыларга бергениң жакшы.
СУРОО: Бажыканага түшкөн товарларды адамдар арзандатып сатышат. Биз аны алсак шариятка туура келеби? 
ЖООП: Туура келбейт. Анткени туура эмес, чалагайым жазылган мыйзамдардын натыйжасында көп адамдардын көз жашын төгүп, мажбурлап зордоп тартылып буюм-тайымдар. Башка бирөөнүн 
көз жашына бакыт куруп болбойт. Аны алган арам! Арам! Арам!
СУРОО: Жолдошум мени менен таанышпай эле ала качып кеткен. Никеде молдокенин суроолоруна менин ордума жеңем жооп берип отурган. Мен ыйлап жооп бере алган эмесмин. Нике жеңеме  түштүбү? Кайра окутуш керекпи? 
ЖООП: Сенин макулдугуң жок кыйылган нике жараксыз болот.  Нике жеңеңе да кыйылган эмес. Кайрадан кыйдырганыңар макул.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.