Halloween party ideas 2015

Дин маданиятынын концепциясынын негизинде окуу программалары, стандарттары иштелип жатат.  Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинде түзүлгөн жумушчу топтун сунушу боюнча, дин маданиятынын тарыхы окуучуларга 5-класстан баштап окутулат. Анткени окуучулардын көз караштары 5-6-класстан баштап калыптанат.

“Кабар даамында” программасында диний билим берүү маселеси талкууланды. Студиябызга КР Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова, Дин маданиятын тарыхы боюнча жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Мурат Иманкулов жана “Мутакаллим” коомдук уюмунун төрайымы Жамал Фронтбек кызы келишти.

Кыргыз Республикасынын диний багыттагы мамлекеттик саясатын ишке ашырууда жана диний билим берүүнү жогорулатуу боюнча кандай иштер аткарылып жатат?

Кылым Сыдыкназарова: Диний билим берүү азыркы учурдун зарыл маселеси. Бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги 2009-жылдан бери иш алып барат. 2014-жылы дин маданиятынын тарыхы боюнча Концепция иштелип, коллегияда бекитилген. Мыйзамдарга ылайык, окутуу динден тышкары жана билим берүү, саясий диний институттарга көз каранды эмес. Тилекке каршы, азыркы учурдагы кырдаалдарга байланыштуу дин маселесине кайрылууга шарт түзүлүүдө. Бирок мугалимдер, окуу китептери даяр эмес. Ошондуктан КР Коргоо кеңешинин чечиминин негизинде дин маданиятынын тарыхын окутуу, окуу курсун киргизүү каралган. Бул боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн.

2014-2020-жылдарга карата КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы иштелип чыкты. Бул багытта иш жүргүзүлүп жатат, бирок эртең эле диний билим берүү мектептерге кирип калат деп айта албайбыз. Билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу, окуу китептерин чыгаруу, конкурс жарыялоо иштери бар. Азыркы учурда биздин министрлик тарабынан 10 мектеп тандалып алынды.

Жамал Фронтбек кызы: Окуу тренингдери 20 окуу жайда өтүш керек. Жаңы жылга чейин 10 университетте өтүлүп жатат. Максаты- динди таануу, светтик мамлекет деген эмне, дин эркиндигинде кандай мыйзамдар бар ж.б. маалыматтар берилет. Мунун баары былтыр кабыл алынган Концепцияда жазылган.

Азыркы учурда Коргоо кеңеши чыккандан кийин бул сабактарды киргизүүнү тездетүү зарыл. Себеби, кыргызстан өтө глобалдашып баратат. Интернеттеги маалыматтарга өлкөнүн теле-радиолору жетишпей калып жатат. Ошондой эле кабыл алынган концепциянын негизинде мектептерге диний билим берүүнү биринчи кезекте киргизүү керек. Себеби экстремисттик-терористтик уюмдарга жаштар, аялдар өтө көп кирип жатышат.

Мектептерге диний билим берүү кандай жолдор менен киргизилет?

Мурат Иманкулов: Дин маданиятынын концепциясынын негизинде окуу программаларын, стандарттарын иштеп жатабыз. Биздин сунушубуз боюнча дин маданиятынын тарыхы окуучуларга 5-класстан баштап окутулат. Анткени окуучулардын көз караштары 5-6-класстан баштап калыптанат. Норвегияда 1-7-класстан башталгыч класс деп эсептелип, 2 сааттан берилет. Биз дагы ушул тажрыйбаны колдонуу пландарыбыз бар. Башталгыч класстан Адам жана коом курсуна дин элементтерин киргизип, дин тууралуу маалыматтарды башталгыч класстан эле берилет. 5-11-класска чейинки этапта негизги диндер боюнча маалыматтарды алышат. Ошонун ичинде 8-класста Ислам дини бир жыл бою окутулат. 9-класстан кыргыздардын дин маданиятынын тарыхы үйрөтүлөт. Кыргыздар кандай ишеним менен жашашкан, бүгүнкү күндөгү ишенимдери ж.б. маалыматтар берилет.

Кыргызстандын калкынын 80 пайыздан ашыгы Ислам динин тутунган үчүн Ислам динине басым жасалат. 10-класста дүйнө жүзүндөгү диний агымдар тууралуу маалыматтар айтылат. Мисалы, бир динден экинчи динге өтүп кетип жатышканы, протестант болуп кетишкендер тууралуу маалымат берилет. 11-класста учурдагы Кыргызстанда кандай диний агымдар бар, саясий багыттагы экстремисттик агымдар жөнүндө да туура маалымат берүү зарыл. Себеби экстремисттик топтор Ислам дининде эле эмес, башка агымдарда да болуп жатат. Ошондуктан баарын тактап, балдардын жаш курагына, турмуштук тажрыйбасына ылайык билим берели деп жатабыз. Ошондо ар түрдүү агымдарга кирип кетпей жашашат.

Дин таануу сабагын окутуучу адистер барбы? Жок болсо аларды ким окутат?

Мурат Иманкулов: Азыркы мезгилде биздин окуу жайларда атайын дин таануучулук, теологиялык факультеттери бар, адистер даярдалып жатат. Биз аларды даярдаганда ушул биздин программага ылайык окутушубуз керек. Көпчүлүк мектепте мугалимдер аз болгондуктан дин маданиятынын тарыхын үйрөтүү үчүн, тарых сабагынан берген мугалимдер кайра даярдалат. Ал эми чоң мектептерде өзүнчө атайын адистер сабак берет. Адистер даяр болгондо, биздин иштеп жаткан стандарттар текшерүүдөн өткөндө гана этап-этабы менен диний билим берүү киргизилет.

Сөзсүз түрдө дин аалымдары, дагы башка адистер менен биргеликте иштелип жатат.

Түркияда диний билим жана светтик билим берген атайын орто мектептер бар. Ушул системаны бизге киргизсе болобу?

Мурат Иманкулов: Албетте биз Туркиянын да тажрыйбасын карап чыктык. “Имам Хатиб” лицейлери бар. Ал жерде диний билимди тереңирээк алып, кесиптик билим да алышат. Келечекте башка адистиктерди тандап кетүү мүмкүнчүлүктөрү болот. Биз дагы ушул багытта сунуштарды берип жатабыз. Азыркы медреселерде диний билим бир жактуу берилет. Бүткөндө аттестат албай калып башка кесиптерди тандоого мүмкүн болбой жатат. Ошондуктан диний да светтик да билим берүү багыты кириш керек. Ал эми светтик билим берүү мекемелерине дин тууралуу маалыматтарды берүү зарыл.

Ал эми, Тажикстанда дин тарыхы 2000-жылдары эле киргизилген. Биз кеч калдык деп жата бергенде болбойт, кырдаал өтө күчөп кете элегинде диний билим берилиш керек.

Жамал Фронтбек кызы: Кыргызстанда 87 медресе бар, анын 67си иштеп жатат. Ошонун ичинен 10 медреседе пилоттук түрдө 30 пайыз светтик билим берүү боюнча Муфтият иш алып барууда. Бирок медресенин бүтүрүүчүсү кайсы бир кесип ээси болуп, мисалы мугалим болгонго укугу жок. Себеби алардын диплому Билим берүү жана илим министрлигинин каттоосунан өткөн эмес, эч жакка жарабай жатат. Ушул жагын караш керек. Мамлекеттик дин комиссиясы лицейлерди ачып, пилоттук түрдө көрөлү деп жатышат. Негизи биздин өлкөдө мыйзам боюнча өзүнчө бир теологиляк университет ачылышы мүмкүн эмес. Эгер бардык медреселердин баарын министрликке өткөрүп берсе, өзүнчө бир башкармалык ачылыш керек. Ислам университетин бүтүрүүчүлөрү да диплом алуу үчүн кайра баштан, башка окуу жайларга тапшырып жатышат.

http://maralfm.kg/


December 23, 2015 at 06:03PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.