Halloween party ideas 2015

Чыкылдап сааттын жебеси согуп турат….   

Демейде убакыттын бат өтүп, эч нерсеге жетише албай жатканынан арызданып жүргөн адамдар, азыр күн санап жаңы жылдын келишин күтүп жаткан учуру. “ Жаңы жыл бакыт, ийгилик, бойдокторго өмүрлүк жар алып келсин!”- азыртан эле каалоо тилектер да даяр. Булар христиандар же башкалар болсо мейли дейсиң, бирок булар өзүбүздүн эле мусулмандар, балким “тилде” мусулмандар. Бир жансыз эле сан “2016” деген, кантип ошол тилектерди орундатсын, аны түшүнүү кыйын. Адам айткан сөзүнө, кылган тилегине маани бербейби? Дегеле майрамдаган майрамын эмнеге майрамдап жатканын билеби? Акылдуу адам ар бир ишинин себебин жана ал ишти аткаруудан максатын билет. А сиз жаңы жылдын тарыхын, эмнеге майрамдап жүргөнүңүздү билесизби?

Менимче жаңы жылды мынчалык толкундануу менен күткөнгө эч бир себеп жок. Кадимки эле 2015 деген сан 2016 га алмашат болгону ошо. Бирок, тилекке каршы жаңы жыл биздин коомчулуктун жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алып калган көрүнөт, адам бирөөлөргө же башка жакшы иштерге сарптоо ар жакта турсун өзүнө, өзүнүн керектөөлөрүнө жумшабай жүрүп чогулткан акчасын ушул күнгө чаптайт. Буга, студенттер, орто жашаган үй-бүлөөлөр ап-ачык мисал боло алат. Андан кийинки, ал күндөгү зыяндуу жаман иштерди айтпасам да баарыбызга белгилүү.

“Жаңы жыл бир жылда бир жолу келет, аны да майрамдабайлыбы?”- деп жаткан чыгаарсыз балким. Анда тактап алыңыз, “эмне үчүн майрамдайм?”, “бул менен мен эмнеге жетишем?” Булардан да мурда “мен мусулманмынбы?”- деп, ушуну тактап алыңызчы!
Эгер жообуңуз “ооба” болсо, анда караңыз “ Ким бир коомго окшошкусу келсе, ал да ошолордон!”  Демек сурооңузга жооп башыңызда жанданды болуш керек.

Анын үстүнө жаңы жылды майрамдабай коюу чоң трагедия эмес, анын пайдасы көп. Тескерисинче жаңы жылды тосуунун зыяндарын тизмелесек узундан узун бир текст келип чыгат. 2016 сиз даңкылдактарды атып, арак-шарапты ичип, же “мусулманча жаңы жыл” болгон,  жөн гана дастарконду жасап тозуп албасаңыз деле таарынбайт жана кирип келе берет! (Аллах насип эткен болсо)

Жаңы жыл келатат деп толкундануу менен согуп жаткан жүрөгүңүздү, толкунданууңузду басаңдатыңыз! Ойлонуңуз! Биз сизге мусулман бир тууганыңыз катары жакшылык каалап жатабыз, дагы да чечим өзүңүздө!

Сиз качандыр бир, курман айтты майрамдаган христианды көрдүңүзбү? А биз христиандын майрамын майрамдаган мусулманды көп көрдүк.

Перизат Мусабек кызы, 

www.formula.kg


December 30, 2015 at 11:45PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.