Halloween party ideas 2015


Бүгүн, 24-апрелде  Москва шаарындагы Крокус Сити Холлдун концерттик залында пайгамбарыбыз Мухаммад (ﷺ) туулган айынын урматына «Мавлид ан-Наби» кечеси өткөрүлдү. Иш чараны Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Москва шаарындагы  өкүлчүлүгү менен Орусия муфтийлер кеңеши тарабынан биргеликте уюштурулду.

«Мавлид ан-Наби»  кечесине Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов, дин аалымы Чубак ажы Жалилов, КИУнун ректору Марс Ибраев, И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы КМДБнын жетекчилик кадрларын кайра даярдоо институтунун директору Борочоров Жакшылык, КРнын эл артиститери, төкмө акындар  катышышты.

Пайгамбарыбыз Мухаммад (ﷺ) туулган айынын урматына карата уюштурулуп жаткан «Мавлид ан-Наби» кечесинде Пайгамбарыбызды (ﷺ) таанытуу, анын куттуу жолун өрнөк тутуу максатында дин аалымдары бир катар жакшы пикирлерин ортого салышып, адамзаты үчүн жасаган баа жеткис эмгектерин эскеришти. Муну менен катар «Мавлид ан-Наби» кечесинде театрлашкан чыгармалар коюлуп, ислам дининин баалуулуктары айтылды. Ошондой эле эки кишиге ажылык сапарына жолдомо жана баалуу белектер ойнотулду.








http://muftiyat.kg/

Отправить комментарий

Технологии Blogger.