Halloween party ideas 2015


Кечээ, 20-апрель күнү Бишкек шаарындагы Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда "Ислам-тынчтыктын жарчысы" аттуу китеп окуу конкурсу жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланышты.

Конкурс Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, Кыргызстан ислам университети жана "Адеп башаты" коомдук прогрессивдүү фонду уюштурган. Сынак  "Риядус Салихин", "Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в.) өмүр баяны" жана "Абу Ханифа и ханафитский мазхаб" китептери боюнча өткөрүлдү.

"Ислам-тынчтыктын жарчысы" аттуу китеп окуу конкурсунун жалпы жыйынтыгы төмөнкүчө:

1. "Абу ханифа жана Ханафий мазхабы" китеби боюнча: 

40 миң сом -  Кылычбекова Наргиза

30 миң сом - Кыдыр уулу Болот

25 миң сом - Абдисатар уулу Белес

15 миң сом - Динисламова Курманжан

10 миң сом - Максат Шайырбеков

Ал эми  Абурахманов Расул, Асилов Нурсултан жана Абдухамидов Элербек 2 миң сом жана печка менен сыйланышты.

2. Сүйүктүү пайхамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) өмүр баяны боюнча:  

Умра сапары - Мураталиев Жусупбек

40 миң сом - Эшмамбетов Жумабек

30 миң сом - Канболот кызы Бекзаада

25 миң сом - Миташев Халид

15 миң сом - Абибиллаев Нурмухаммад

10 миң сом - Орозали кызы Жазгүл

Ал эми Арзимамат кызы Гүлзина, Камбарова Айгүл, Камчыбеков Темирбек, Анаритдин кызы Азиза, Хидирова Гүлкайыр  2 миң сом жана печка менен сыйланышты.

3. Риядус Салихин боюнча: 

Ажылыкка жолдомо - Айтмаматова Айымкыз

Умрага жолдомо - Дыйканов Идирис

Умрага жолдомо - Кожоева Махабат

70 миң сом - Исаков Мурзали

40 миң сом - Ташмаматова Мукарам

30 миң сом - Малаева Айзирек

30 миң сом - Ражапова Кызжибек

15 миң сом - Маматалиева Алтынай

Ал эми Кыдыралиева Айзат, Умарахунова Анара, Алишов Руслан, Мадияров Акбарали, Тайырбек кызы Гүлбарчын, Абдуманап кызы Айгерим, Сейитказиева Аида, Батыралиева Балайым, Карабашев Акылбек, Саркулов Кубат, Рысбаев Эрали, Алмазбек уулу Сагынбек 5 миң сом менен сыйланышты.

Бул күндүн эң өзгөчөлүгү, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын Кыргызстандагы жетекчиси Саид Баюми көзү азиз Зулфия эжеге Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматовдун атынан ажылык сапарына жолдомо ыйгарды.

-Көзү көргөндөр, бирок, жүрөгү көрбөгөндөр бар. Ошондой Алла Таала берген жүрөктүн көрүүсү менен бул биздин конкурска катышты. Өтө жакшынакай болуп катышыптыр. Кыямат күнү Алла Таала бул карындашымды сыйласын,-деди Саид Баюми өз сөзүндө.

Ошентип, 2016-жылдагы "Ислам-тынчтыктын жарчысы" аттуу китеп окуу конкурсу жыйынтыкталып, натыйжасында 2 ажылык сапарына жана 3 умрага жолдомо берилди.

Эскерте кетсек, жеңүүчүлөр көрүүчүлөрдүн алдында чучукулак менен тандалды. 


Inter.kg

Отправить комментарий

Технологии Blogger.