Halloween party ideas 2015


Бул сапар Айылга катты Абдышүкүр ажы Нарматов жазып берди. Аалым айылды эстегенде эрксизден жүрөк сыйрылган, таң эртеден үн салган үпүптөрдү, "нан сурап калган" батинке менен чаңды бурт эттирип оюн салган учурларды эстеди. Жалпы айылга насаатын жолдоп, жакшылыгына сүйүнүп, жамандыгына күйүнгөн сезим менен келе жатканын айтты.
Бул адам мусулмандар, дегеле кыргыз коомчулугу арасында насааттары, ташка тамга баскандай таамай айтылган сөздөрү, бул дүйнөдө "жөн жашап, жөн кетпей ажат ача бил, жакшылыкка жол ач" деген нускамалары менен белгилүү. Анын 2010-жылы Апрель окуясынын катышуучуларынын сөөгүн "Ата-Бейит" мемориалдык-комплексинде коюп жатканда, аткаминерлердин даражасынын чоң-кичинесине карабай жерине жеткире айтып, каза болгондорду унутпоого, пенделик кылып көңүлдөн чыгарып койбоого чакырганы көптөрдүн көкүрөгүндө.

Жүрөк эмнеге "зырп" этет?..

Айыл. Төрт тамгадан турган бул сөздүн, уккан адамдын жүрөгүн бир жолу "зырп" эттирип, ой-кыялын чабыттатып, көз ачып жумганча, туулуп-өскөн жерине алып барып, балалыктын бактылуу элестерин көз алдыңа тарта койчу күчү бар. Ооба, айыл дегенде бирөөнүн көзүнө чыбык атка камчы уруп, тумшугу ачылып калган ботинкасы менен борпоң топуракты асманга сапыра чуркап, бирде озуп, бирде калып бара жаткан "аламан байгеге" түшкөн күнү тартылса, бирөөнүн кулагына таң эртеде дарактын кылда учуна конуп алып "үпүптөп" сайрап жаткан үпүптүн үнү угулат. Дагы бирөө тандырдан азыр эле сыйрылып алынган ысык нандын жытын сезсе, бирөөсү очокто быкшыган ным тезектин жытын искейт. Мындай, бир чети бакытка бөлөгөн, бир чети өкүндүргөн сезимдер айылдын муздак суусун жутуп, таза абасын кере-кере дем алган ар бир адамда болору бышык.


Имам Абдышүкүр Нарматов

Чындап эле, айылдыкындай таза аба, тунук суу, даамдуу тамак, ачык күн, караңгы түн, кең пейил эл башка жерден табылбайт. Айрыкча, ар кимдин киндик каны тамган айылы өзгөчө сезилет. Бактылуу балалыктын таза сезимдери калгандыктанбы же эс тарткандан аң-сезимге кошо сиңип, аралашып бирге өскөндүктөнбү, айтор, айылыңдын кемчилиги сага көрүнбөйт. Качан гана айылдан алыс, тагдыр сенин бешенеңе балпайта жазып койгон калаада же башка өлкөдө жашап, башка элдердин өнүгүп, жетишкенин көрүп калганыңда, айылыңа болгон сагынычың менен бирге андагы кемчиликтер да көзүңө тартылып: "Аттиң, эгер ушуну минтип койгондо, айыл тигинтип калмак" деген ойлор пайда боло берет.

20 жылдыкта шапар тепкенге жумшалган 1 950 000 сом… Ысык тамак көздөн учкан жетимдер

Мен дагы эл кыдырып, жер көрүп айылдарды аралаган сайын алардагы көйгөйлөрдү даана байкачу болдум. Мындай көйгөйлөр менин айылымда да, сенин айылыңда да жок эмес, урматтуу окурман. Ыраматылык союздан мурас калган суу түтүктөрү чирип суу чыкпай, сууга кезекке турган жаш балдарды, дубалдары жарылып куламакчы болуп турган мектептерди, чаңы асманга сапырылып, жамгыр жааса белчеден баткак болгон жолдорду ар бир айылдан кезиктирүүгө болот. Мындан сырткары да чечилбей жаткан маселелер толтура. Алардын баарын айтып отурбай, анын ордуна буларды кантип чечүүнүн жолун издегенибиз оң. Айылдын көйгөйүн айыл өзү чечет. Эч ким сырттан келип биздин көйгөйүбүздү чечип бербейт, ага кызыкдар да эмес. Айылдын учуру да, келечеги да андагы же анда туулуп-өскөн жаштардын колунда. Былтыркы жылы бир айылдагы мектепти бүтүргөнүнө жыйырма жыл толгон классташтар жыйырма жылдык маараке өткөрүү үчүн ар бири 30 миң сомдон акча чогултканын уктум. Кызыкчылык үчүн сурасам, жалпы 65 адам бар экен. Эми, чогулган 1 950 000 сом эмнеге жумшалганын билесиңби? Эки күн тоодо, бир күн ресторанда жеп-ичип, ырдап-бийлеп, ушунча акча асманга сапырылып кетиптир. Бул албетте, биздин руханий ачкалыгыбызды, кайсы бир деңгээлде маңкурттук абалга жакындап бара жатканыбызды айгинелеп тургансыйт. Эмне, ушулардын айылында эки айдан бери ысык тамакка оозу тие элек жетимдер жокпу? Болор-болбос ооруусуна дары алууга тыйын таппай түйшөлгөн бейтаптар жокпу? Эмне, булардын айылында мектеби, ооруканасы, маданият үйү, суусу, жолу, көпүрөсү баары оңдолуп калганбы? Жок, албетте, жок! Мындай көйгөйлөр толуп жатат, бирок булардын кээ бирин болсо да чечип коюу алардын оюна келген жок жана аларга акыл-эс болгон эч ким болбоду.

Абдышүкүр ажыдан агалык насаат 

Ошондуктан, мен бир гана өзүмдүн айылыма эмес, өлкөбүздөгү баардык айылдын атуулдарына насаат кылам. Айылыңардын келечеги силердин колуңарда. "Көп түкүрсө көл болот" деген сөз бекеринен айтылган эмес. Мектепти бүтүргөндө болобу, он жылдык болобу, жыйырма жылдык болобу, биз аны туура багыт менен өткөрүүбүз керек. Акчаны чогултуп, ичип-жеп, чачып-төгүп тарап кетүү ар кимдин колунан келет. Анын эч кимге пайдасы да жок. Анын ордуна айылдын кайсы бир көйгөйлүү маселесин чечүүнү жолго коюп алсак, өтө олуттуу иш жасаган болуп, элдин алкыш-батасына татыктуу болмокпуз. Мындай кылуу кыйын деле эмес, болгону баштоо керек. Ким бир жакшылыкты баштап койсо, андан кийин аны уланткандардын баарынын алкыш-сообу биринчи баштагандарга да жазыла берет. Ошондуктан, чогулган акчанын жарымын ушундай ишке жумшап, калганын тамак-ашка коротсоңор да жетиштүү болот. Ичкен тамак-ашыңдын барар жери белгилүү. Ал эми соопчулук үчүн аткарган ишиңдин барар жери да, сени алып барар жери да — бейиш.

Ушул жерден бир окуяга токтоло кетким келет. Пенсия жашындагы бир аксакал күндөлүгүнө минтип жазат: "Мен бала күнүмдө мектепке окууну үмүт кылдым, мектепти бүтүрдүм, жогорку окуу жайда окууну үмүт кылдым, аны да окудум, анан үйлөнүүнү үмүт кылдым, үйлөндүм. Балалуу болууну үмүт кылдым, бир канча балалуу болдум. Аларды үйлөөнү үмүт кылдым, баарын үйлөп-жайладым. Эми, ар кимиси өз жолу менен кетип, аңгыраган үйдө жалгыз отуруп калганымда бир аз болсо да Куран окуганды үмүт кылып, акырет үчүн ибадат кылууну самасам, Куранга тилим келбей, намазга белим бүгүлбөй айлам кетип отурат. Көрсө биз жаштыгыбыздан эле туура эмес багытты тандап алат экенбиз".
Аксакалдын бул эскерүүсү ар бир белинде күчү, көзүндө нуру бар жаштарга сабак болууга тийиш. Кыяматта ар бир пенде беш иш тууралуу суралбастан туруп бейишке кире албайт. Алардын бири жаштык тууралуу болот. Жаштыкты кандай өткөргөнүн тизмектеп айтып, жооп бермейинче бир кадам да алга жыла албайт. Ошондуктан, урматтуу жаштар, урматтуу айылдын ээлери, жаштыгыңарды бекер өткөрүп жибербегиле. Өзүңөрдүн келечегиңер, айылда өсүп келе жаткан кийинки муундун келечеги үчүн бүгүндөн баштап кам көрбөсөңөр, эртең кеч болуп калат. Бул дүйнөдө эртедир-кечтир ишке аша турган нерсени үмүт кылып, анын артынан сая түшпөгүлө. Силер өтүп кеткенден кийин да силерге алкыш-батасы жетип тура турган, силердин атыңарды өчүрбөй сактап кала турган иштердин артынан сая түшкүлө. Бул менин силерге агалык насаатым. Кийин өкүнүп калбоо үчүн, бүгүндөн баштоо керек. Эртең жакшы жашоо үчүн бүгүн эмгек кылуу керек. Акыретте азапка кабылбоо үчүн бул дүйнөдө татыктуу жашоо кечирүү керек. Жараткан Алла жүрөгүндө ыймандын нуру бар бардык пенделерге туура иш жасоого жардам берсин, адашуудан Өзү сактасын.

Саламым менен, Абдишүкүр Нарматов.
http://sputnik.kg/

Отправить комментарий

Технологии Blogger.