Halloween party ideas 2015


«Кыйкырба сен эле төрөп жаткандай, эмне болуп атасын»,- деп врач аял төрөтканада жаткан келинди урушуп баштады. Толгоосу толуп, эже келип калды окшойт карап коюнузчу, деген врачсөзүн укпай эшикти жаап койду. Ан сайын бели күчөп, алдан тайып турган келин, турууга дарманы келбей кыйкыра баштады. Эки саат мурун келген келинди, толгооң  жетиле элек деп, бир бөлмөгө камап койгон эле. Врач  төрөт үйүнөн эртен чыга турган келиндин жентегин жеп, ары жакта аялдар менен отуруп алды. Өмүрүндө мындай ооруну көрбөгөн келин, «жардам бергиле!» деп кыйкырып жатты. Бир убакта баланын башы, көрүнгөнсүп калды эле, дагы кыйкырды. Эжэээ? Жооп жок. шарактап отурган  алар келинди укпайт да болчу. Кызуурак болуп калгандыктан, баары шарактап отурушат бала жууп. Бир убакта чыдамы кетип, кроваттан тура баштады эле кан шаар эткенден кийин эле, болк деп бир нерсе чыккансыды. Турган абалында, карай албай, алы кетип, эси ооп муздак полго тарс этип жыгылып түштү. Канча убакыт өткөнүн билбейт, көзүн ачса, капелница сайып жаткырып коюшуптур. Көзүн ачканда эле, «балам кана? Ал жакшыбы деп сурап кирди. Баардыгы унчугушпайт. Бир нерсе болду да ээ? Эмне болду? Эмне унчукпайсынар»,- деп бакырып кирди. Сага кыжалат болгонго болбойт, деп сооротуп жатышты. Жүрөгү сезгендей, тыбырчылап кыйналып чыкты. Бул анын тун баласы эле. Канчалап күткөнүн ойлогондо жүрөгү жарылып кете жаздады. Кичине эс алсын, деп уйку дары сайдыртып, дагы жаткырып койду. Чындыгында ал келиндин бар экенин да унутуп калышкан эле. Үнү чыкпай калганына андан сайын, унутушту. Качан гана саат алты болуп калганда, кичине соолукканда эсине келди да, бир нерсени эстегендей чуркап жөнөдү. Келсе бала чыгып, канга боёлуп эчаак муздап калыптыр муздак полдо. Келин өзүн жоготуп жерге кулап жатып калды. Эркек уул болгондуктан, көлөмү чоң болуп төрөлгөн экен. Тез арада, баарын арчып, баланы ак кепинге ороп, келинди тазалап жаткырып коюшту. Келген келиндин күйөөсүнө, кечиргиле балаңар өлүк төрөлдү  деп калп айтып жашырып ташташты. Кантип? Кече эле узиден кыймылдап жатпады беле? деген ойлор менен жолдошу үйгө кайтты. Бул күндү, үй бүлөсү   аябай чыдамсыздык менен күтүп жаткан эле. Анткени, бул тун небереси боло турган. Келин өзүнө келгенде, күйөөсү жанында отуруптур. Балам дегенде эле, башын кучактап жолдошу ыйлап кирди. Аллахым берерин унутпасын, балабыз өлүк төрөлүптүр. Суук кабарды укканда, андар бетер жаман болду келин. Алдаба? Мен билем ал тирүү болчу. Кантип? Качан? деп жатып аран өзүнө келди. Ооруканадан чыккандан кийин, ымыркайды жайга берип отуруп калышты. Келин баарын баштан өткөрдү толготуп жатканда бала, тирүү эле кантип анан? Жооп таба албай көпкө турду.Ал врачты эч ким кетире албай койгон. Анткени, бул ушул орукананын башчысынын карындашы боло турган. Буга чейин да канча келинди ыйлатты эле эсепсиз. Айылда төрөт үйү жок болгондуктан, баары районго келер эле. Бул жерде, сен кандай болсоң, айлананда ошондой адамдар чогулат, деген сыяктуу баары окшош эле. Арыз жазып, майнап чыкпаганын билген келин, жолдошуна окууга барам деди. Айтканынан кайтпаган келинди жолдошу жакшы биле турган. Макул, өзүң билесин. Эртеси эле борборго келип, окууга тапшырды. Врач кесибин жети жыл окуп, ийгиликтүү  аяктады. Анын ортосунда эки балалуу болуга жетишти. Келинде бир эле максат болоор эле. Мен жетишим керек, мен жеңишим керек. Канчалаган наристелер өлүп кетип жатат. Мен сөзсүз жардам беришим керек деген. Ошентип окууну бүтүп районго врач болуп иштеп калды. Баягы адамдар жок, баардыгы жаңыланып калыптыр. Күн алыс төрөт үйүнө жаны келиндер келишет. Төрөткөнүнө кубанып ыраазы. Мурда быша элек деп карабай койсо, азыр тез тез кабар алып турат. Чочутуп албайын деп, сылык сүйлөп көпчүлүгүн төрөттү. Канча наристенин киндик энеси болду ким билет. Ар бир бала дени сак төрөлгөнү үчүн кубанычында чек жок эле.  Аллахка жашырынып ыраазы болуп ыйлап да жүрдү. Бир күнү «апакемди куткарып калыңыз эже»,- деп бөлмөгө бир жаш келин кирип келди. Ыйлап көзү шишип да бүтүптүр. Шашылып жанындагыларды эрчитип сыртка чыкса, мындан көп жыл мурун, биринчи төрөтүн кабыл алган аял туруптур. Бети башы кан өзүн билбей , машинеде жатат. Жол кырсыка учураган го. Шашылып тез арада реанимация бөлүмүнө алып киришти. Кан көп кетип калгандыктан, убакыт аз эле. Шашылыш капелницаларды катарынан сайып жатып, канды аран токтотушту. Катуу темирге башы тийип чайпалгандыктан, каны токтобой жатты эле. Шаарда тааныштарына чалып, тез арада дары дармегин да алдыртты. Жакшы иштегендиктен, таанышы да көбөйүп калган эле. Бир ай өзү карап, дарылап жүрүп, жыйырма сегиз күндө комадан көзүн ачты жанагы аял. Кызынын кубанычында чек жок эле. Эже кантип, сизге сөз айтаарымды да билбей турам. Аллах ыраазы болсун деп, колунан өөп ыйлап жиберди. Эки-үч кун өткөндөн кийин, аял эми жакшы тааныды ким экенин. Туруга дарманы келбесе да, кечир кызым кечир мени. Мен айыптуумун биринчи балаңдын өлүмүнө. Акыйкатты айтпаганым үчүн кечир деп, көзүнөн жашы, басылбай куюлуп жатты. Колдорундан сенин, жүрөгүңдөн сенин кек сактабаган. Өлүп калышым мүмкүн эле, сен жок болгонуңда. Муну экөөнөн башка эч ким түшүнбөйт эле. Кызы да эч нерсеге түшүнбөй карап турду. Болду эже өткөн иш өттү, кайра аны эстей бербең. Эртерээк жакшы болуп чыгың. Баарыбыз эле кек сактай берсек, бул дүйнөнү жалаң булганыч адамдар ээлеп албайбы. Анан кантип Пайгамбарыбыз (Салалоху Алейхи Вассаламдын) үммөтүбүз деп айтабыз. Колуңдан келсе жакшылык кыл деген, аны сиз да жакшы билесиз деп, мандайынан өөп жылмайып чыгып кетти. Мына бүгүн да, бирөөнүн жанын аман алып калды. Качанкы болуп өткөн, кайгысын унутуп, Аллахка ыраазылыгын билдиргени эшике чыкты. Оо Аллахым биздин кетирген күнөөлөрдү кечире көр. Жүрөгүбүздөгү мерездикти алып чык. Өзүң кудуреттүүсүң өзүң мээримдүүсүң деп алаканын жайып дуа кылды. Жүрөгүндө кыпындай текебердик болсо, бейиштин жытын дагы жыттабайт дейт. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө  Ыйман болуп, жакшы ишти кыла билели туугандар.

(Улукбү)

Отправить комментарий

Технологии Blogger.