Halloween party ideas 2015

     Абу Заар.ал -Гифри (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) Кудуреттүү.жана Улуу Эгесинин сөзүн мындайча айтып бергенин кабарлайт: (Аллахтын кулдарына кайрылуусу):

«О,Менин кулдарым,чындыгында,Мен Өзүмө адилетсиздикти тыюу салып,силерге да аны харам кылгам,ошондуктан бири -бириңерге зулумдук кылбагыла!

О,Менин кулдарым,Мен Туура жолду көрсөткөндөрдөн башкаларыңардын баарыңар адашуудасыңар,ошондуктан Туура Жолго салууну Менден гана тилегиле,анткени (силерди) Туура Жолго салуучу (бир гана) Менмин!

О,Менин кулдарым,Мен тойгузгандан башкаларыңардын баарыңар ачкасыңар,ошондуктан тойгозууну Менден гана сурагыла, анткени силерди тойгозуучу (бир гана) Менмин!

О,Менин кулдарым,Мен кийиндиргенден башкаларыңардын баарыңар жылаңачсыңар,ошондуктан кийиндирүүнү Менден гана сурангыла ,анткени,кийиндирүүчү (бир гана) Менмин!

О,Менин кулдарым,силер күнү -түнү күнөө кыласыңар,күнөөңөрдүн кечирилишин Менден нана сурангыла,анткени күнөөлөрдү кечирүүчү (бир гана) Менмин!

О, Менин кулдарым,чындыгында, силер Мага эч качан эч кандай зыян дагы,пайда дагы келтире албайсыңар!

О,Менин кулдарым,эгерде алгачкы жана акыркы адамдар менен жиндердин баары силердин араңардагы эң такыба адамдын жүрөгүндөй такыба болсо да,Менин Өкүмдарлыгыма эч нерсе кошо албайсыңар!

О,Менин кулдарым,эгерде алгачкы жана акыркы адамдар менен жиндердин баары силердин араңардагы бузукунун жүрөгүндөй бузуку болсо да,Менин Өкүмдарлыгымды эч кандай алсырата албайсыңар!

О,Менин кулдарым,эгерде алгачкы.жана акыркы жиндердин баары биригип келишип,Менден каалагандарын суранышса, Мен алар сурагандардын баарын берем,(ошондо да) Мендеги нерсени.ийнени деңизге малып алганчалык да азайта албайт!

О,Менин кулдарым,чындыгында,бул -Мен санаган нерселер силердин амалыңар,кийин Мен ал амалдар үчүн силерге кайтарым беремин,ошондо ким жакшылыкка жеткен болсо, ал Аллахты мактасын,а ким (азаптуу) башка нерсеге ээ болсо өзүнөн башка эч кимди жемелебесин! ». (Муслим)

   Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллах ырайы жана саламы болсун) мында дегенин кабарлайт : «Күчтүү мусулман Аллахтын алдында алсыз мусулманга караганда мыктыраак жана сүйкүмдүүрөөк, (бирок ал) экөөсүндө тең жакшылык бар. (Ошондуктан) өзүңө (акырктте) пайда алып келе турган нерселерге умтул,Аллахтан жардам сура, алсыздык (жалкоолук) кылба, эгер сага (кандайдыр)бии нерсе келсе, анда: "Эгерде тигиндей жасаган болсом,мындай болмок эмес "деп айтпагын.  Бирок "Бул Аллахтын тагдыры, Ал өзү каалаганын аткарды! "-деп айткын, анткени "эгерде "деген сөз шайтандын ишине жол ачат! »(Муслим) . (Бул дегени шек кылганга барабар болот дегени.
.
Ошондуктан баарын Аллахка тапшыруу керек.  Ага тообекел кылуу,Анын убадасына ишенүү,Ал берген нерсеге ыраазы болуу,Ал жөнүндө жакшы пикирлерде болуу,Андан жардам күтүү бул ыйман мөмөсүнүн эң жакшы белгиси жана момундардын бийик сыпаты, бир пенде ишинин аягы жакшы болооруна ишеничте болсо жана бардык иштеринде Аллахка гана таянса ошондо Аллахтан короону,колдонуу жана толук жардамды таба алат.
Пайнамбарыбыз (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) менен сахабаларына (алардан Аллах ыраазы болсун) каапырлар кол салганы келе жатат деп коркунучтуу кабарды айтышканда алар ушундай дешти: «Бизге Аллах жетиштүү! Ал эң жакшы колдоочу! Ошондуктан алар Аллахтын жакшылыгы жана айкөлдүгү менен эч бир жамандыкка кабылбастан, Аллахтын ыраазылыгына бөлөнүп кайтышты. Аллах- улуу берешендиктин ээси ».(3:173'174).

Албетте инсан жалгыз өзү ар түрдүү окуяларды,кыйынчылыктарды,кайгы капаларды жеңе албайт,анткени инсан алсыз күчсүз жаралган, бир гана Роббисине.таянып ага ишенип, бардык ишти ага тообокел кылып тапшырганда гана жеңе алат, адам баласы бир мусийбат каптаган кезде анын айласы бир гана Аллахка тапшыруу,

«Аллахка гана тообокел кылгыла, эгер момун болсоңор ».(5:23) .

Ошон үчүн бир гана Кудуреттүү жана бардык күчтүн ээси болгон Аллахка гана таяналы,бардык.кыйынчылыктан куткаруучу жалгыз Өзү,ал эми урааның ушул сөз болсун: «Бизге Аллах жетиштүү ал эң жакшы колдоочу »,эгерде мал -мүлкүң азайып карызың көбөйсө, кирешелериң тотоп жумушуң жүрбөй калса анда: «Аллах жетиштүү.Ал эң жакшы колдоочу»деп чакыргын.
Эгерде кандайдыр душмандан коркунуч болсо же заалым.инсандан коркунуч келсе, же болбосо бир кырсыкка кабылсаң анда: «бизге Аллах жетиштүү Ал эң жакшы колдоочу» деп чакыргын.
«Роббиңдин жетекчилиги жана жардамы жетиштүү». (25:31).

Баарын Билүүчү,баарын Угуучу,барын Көрүүчү ,баарын Сезүүчү,баарын Берүүчү,баарын Алуучу,баарын Чечүүчү  АЛЛАХ болгондон кийин дагы сен кимге кайрыласың?!

Эч качан Аллах каалаганынан ашык байып,кемип,көтөрүлүп,зыян тартпайсың,кыпынча жакшы болушуң,же жамандыкка учурашың да баары Аллахка таандык . Анткени бул аалам,сен жана мен,тирилүүктү,жансыз-жандууну бүт баарын Жалгыз Аллах Жараткан!

��Насиба Абдуллева.

��‍��‍��‍�� "Бактылуулук Формуласы ".

Отправить комментарий

Технологии Blogger.