Halloween party ideas 2015

Алла Таала момун-мусулман пенделерине эң жакшы, берекелүү жана пазилеттүү күн жана кечелерди тартуу кылган. Курандын Тообо сүрөөсүнүн 36-аятында бул айлардын ыйыктыгыжөнүндө төмөндөгүдөй баяндалган: «Чындыгында, асмандар менен жерди жараткандан бери Алланын өзүнүн китебинде айлардын саны – он эки. Булардын төртөөсү ыйык айлар. Мына ушул ислам бекем дин...»Бизди дагы бир ирет ушундай берекелүү айларга жеткиргендиги үчүн, Алла Таалага көп-көп шүгүрлөрдү айталы.

Ражаб, шаъбан жана рамазан айлары динибизде ыйык деп эсептеген куттуу айлар болуп эсептелет.  Ислам келе электен мурун араптардын арасында ражаб айы ыйык ай катары кабыл кылынып келген. Барыбызга мааалым болгондой эле үч айдын ичинде куттуу, берекелүү түндөр бар. Алар рагаиб, мираж, бараат, кадыр түн жана рамазан айы сыяктуу маанилүү күндөр жана түндөр. Ражаб айынын биринчи жумасына «Рагаиб түнү» аты берилген.

            Рагаибдин сөздүк мааниси «Сүйүлгөн, кадырлуу, каалоо, тилөө жана Алланын ырайымынан, жакшылыгынан сурануу» деген маанилерди туюнтат. Бул күн күнөөлөрдүн кечирилишине өбөлгө болот. Ааламдардын көсөмү жана ардактуусу Азиркти пайгамбарыбыз (с.а.в.) ражаб айына жеткенде, Жараткан Аллага мындай деп дуба кылган: «Аллахым ражаб жана шаъбан айын бизге берекелүү, маарек кыл жана бизди аман-эсен рамазан айына жеткизе көр», ал эми, башка бир хадисинде болсо: «Беш түн бар, ал түндө кылынган дубалар сөзсүз кабыл болот. Алар: ражаптын биринчи түнү, шаъбан айынын жарымындагы түн, жума түнү жана орозо айт менен курман айттын түндөрү»(Файзул кадир. 3-т. Хадис: 3952.), (Ибн Асакир. Мухтарул Ахадис. 73-б.).Сүйүктүү пайгамбарыбыздын (с.а.в.) Аллага шүгүр келтирүү максатында бул түнү он эки рекеттүү намаз окугандыгы жөнүндө кээ бир китептерде баяндалган(С. Аташ. Ислам Илмихалы. 216-б. Ө. Насухи. Ислам илмихалы. 205-б.). Жогорудагы хадиси шарифте баяндандалгандай, дубалар кабыл боло турган түндөрдүн башында ражаб айынын биринчи жумасы да бар. Рагаиб кечесинин Жаратканга жалбаруу менен биргеликте ибадат менен өткөрүү жакшы жөрөлгө катары маалым жана башкаларга да ошондой сунушталган. Баарыбыз – инсанбыз. Катачылык жана кемчилик кетиребиз. Күнөөлөргө тообо кылуу, бул – момундардын эң жакшы сыпаты. Анткени, Алла тообо кылуучуларды өтө жакшы көрөт. Андай болсо, биз бул айларда көп-көп тообо жана кечирим сурап Жаратканга жалбаралы. Биз бул үч айды бир мүмкүнчүлүк деп билип, Жаратканга карай бет алалы. Сүйүктүү пайгамбарыбыздын (с.а.в.) бул айда абдан көп ибадат кылгандыгын жана садака бергендигин унутпайлы. Анын үммөтү катары биз да анын жолун жолдоп, аткарган иштерин орундатсак өтө жакшы болот. Рагаиб кечесинде көп тообо кылып, каза намаздарбыз болсо, ошолорду толуктап аткаралы. Эгер парз намаздардан казабыз жок болсо, напил намаздарды окуйлу. Куран окуйлу, ар бир аят жөнүндө ой жүгүртөлү. Пайгамбарыбызга (с.а.в.) көп-көптөн салам жана салават айталы. Мечиттерди сап-сап кылып толтуруп, мамлекетибиз жана эли журтубуз үчүн дуба кылалы. Улууларды жана оорулууларды зыярат кылып, алардын жакшы дубаларын алалы. Өткөндөргө Куран хатым кылып, аларга багыштайлы. Колунда жок кембагалдарга керектүү азык-түлүк, кийим-кече алып берип, зыярат кылып, алардын көңүлдөрүн көтөрүп, жардам колун узаталы. Балдарыбызга болсо, бул үч айдын берекесинин, пазилетинин маани-мазмунун  айтып, аларды мечитке алып барып, туура маалымат берели. Аларга белек-бечкек алып, көңүлдөрүн көтөрөлү, исламга болгон сүйүүсүн күчөтөйлү. Кыскача айтканда, ар бир мусулман бул айларга кайдыргер карабастан колунан келишинче соопко умтулуп, бардык күч аракетин жумшоосу зарыл.

Жараткан Алла Таала ушундай улуу айларда мамлекетибизге тынчтык, ынтымак жана биримдик ата кылсын. Ар бир үйгө жакшылык ыроолосун. Дайыма  журтубузда жакшылыктар гана болсун. Аллахым асманыбызды ачык кылып, желегибизди дайыма көктө желбиреткин, эгемендүүлүгүбүздү эч качан жоготпо, асман тиреген мунараларыбыздан азан үнүн өчүрбө жана жүрөгүбүздү ыйман нуру менен дайыма толтургун.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.