Halloween party ideas 2015


1) Жайнамазда Каабанын сүрөтү болсо, ага намаз окуу макрух болобу?
Жооп: Жайнамаздагы Каабанын сүрөтү намазга эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Деги эле, жайнамаздагы оюу-чиймелер адамдын көңүлүн өзүнө бурбай турган болсо, алагды кылбай турган болсо жакшыраак болот. Эркектерге жибек кездемеден жайнамаз колдонууга болбойт. Жандуулардын сүрөтү түшүрүлгөн жайнамаздарга намаз окуу макрух. А эгерде жайнамазда башка диндегилердин диний ырым-жырымдары, же белгилери тартылган болсо, андай жайнамазда намаз окуу таптакыр жакшы эмес. Уурдалып, же тартылып алынган жайнамаздарда намаз окуган да намаздын сообун кемитет.
2) Жездем кичине эле туура эмес иш болсо, тескери дуба кылат. Бул кылганы туурабы?
Жооп: Анын дубасы эле жапырт кабыл болуп жатыптыр деп ким айтыптыр? Дубанын кабыл болуусунун шарттары бар. Чын ниеттен чыккан, ордун тапкан дуба кабыл болот. Дуба кылуу менен зулумдук ишке ашпайт.
3) Жаңы төрөлгөн наристе тиши менен төрөлсө, шариатта эмне кылуу керек?
Жооп: Бул боюнча менде кандайдыр бир маалымат жок. Айтайын дегеним, андай таризде туулган балага өзгөчө мамиле кылуу милдеттүү эмес. Ошондой эле сүннөткө олтургузулган таризде төрөлгөн балдар бар. Аларга да өзгөчө мамиле арналбайт.
4) Агам өлгөндөргө куран окубайт, даават жолун жактыра бербейт. Бактияр ажынын баяндарын угууга тыюу салат. Бирок экөөбүз тең намаз окуйбуз. Арабызда келишпестиктер да чыга турган болду. Агамдын кылгандары туурабы?
Жооп: Агаңыз, Куран окуп, анын сообун маркумдарга багыштабай турган жамааттан экен. Ал жамаат дааватты да, дааватчыны да жакшы көрө бербейт. Бактыяр дамла дааватчы дамла эмеспи?! Ал эле эмес, кээ бирлери мени да жактыра бербейт. Бардык адамдарга жагуу кыйын. Кээ бир адамдарга жагуунун өзү жагымсыз маанай жаратат.
Менин сизге кеңешим: агаңыз менен диний темада баарлашпаңыз. Жөн гана бир туугандык сый мамиледе болгула! А, Бактыяр дамланы уксаңыз илиминен пайдалангандан башка зыян таппайсыз.
5) Жолдошум менен ажырашып кеткениме 3 жыл болду, ортодо 2 балабыз бар. Ал башкага үйлөнүп 1 баласы бар. Ата-энем мени каржылап турат. Сурайын дегеним, жолдошум мени, балдарымды каржылоосу керекпи?
Жооп: Сизди каржылоого милдеттүү эмес. А балдарды каржылоого милдеттүү. Балдардын бардык чыгымдары атасына милдеттүү. Эгерде сиз балдарды жуунтуп-тарантып, аларды тарбиялап жаткан болсоңуз, анда, сиздин убакытка төлөп берүүгө милдеттүү болот.
6) Банктын акча которуу бөлүмүндө иштесе да күнөөбү?
Жооп: Акча которуу жаатында иштеген күнөө эмес. Пенсияны, айлыктарды берген жаатта иштеген да күнөө эмес. Кудай Таалам адал ырыскы насип этсин, омийиин!.
7) Эгер бир аял өзүмдү-өзүм камсыз кылам, мага акчанын кереги жок десе, аны экинчи аялдыкка алууга болобу?
Жооп: Болот. Ыраазы болгон болсо болот. Бирок, мен, ушундай бакытты өзүмө ыраа көрбөс элем. Анткени аялдын акчасы менен курсагын тойгузган үй-бүлөдө адатта аялдын үнү үстөмдүк менен чыгат. Аны көргөн балдар туура эмес тарбия алышат. Аз да болсо эркектин таап келгенинде береке болот. Аял канча бай болсо да, анын байлыгы өзүнө буйрусун. Эркек аялды өзү бакканы ариет менен шариятка туура келет.
8) Өлгөн адамдын оозунан тынымсыз кан кете берсе эмне кылуу керек?
Жооп: Кебез тыгып койсо боло берет. Маркумду жуугандан кийин да кан кетсе, канды жөн эле сүртүп койсо да жарай берет. Жаңыдан кайра жуумак шарт эмес.
9) Дүйнөлүк аалымдар шахмат ойноону арам деп чыгышыптыр. Бул нерсенин канчалык чындыгы бар?
Жооп: Аны билбейт экенмин. Шахмат маселеси бүгүн жаңы чыгып калган жери жок. Илгертеден эле бар. Андыктан, аалымдардын ушул маселе үчүн чогулуусу шарт эмес. Шахмат маселеси төмөндөгүдөй таризде жоромолдонот:
Эгерде кумар катары, эки тараптын бири байге сайып ойной турган болсо, же намаз сыяктуу ибаадаттан тосо турган болсо, же бала-чаканы багуудан, адал эмгек менен ырыскы табуудан тосо турган болсо, же жалган кошула турган болсо, же кимдир бирөөнү алдай турган болсо, анда шахмат оюну арам экендигине мусулман аалымдарынын “Ижмаасы” бар. Жогорудагы учурлар болбогон учурда, шахмат оюну туурасында аалымдарда бир канча пикирлер бар.
Мааликийлер менен Ханбалийлердин мазхабында, о.э. Шаафийлерден Хулеймий жана Рувейяанийдин тандоосунда шахмат оюну таптакыр дурус эмес, арам. Бул маселе Азирети Алийден, Ибну Умардан, Ибну Аббастан ж.б.лардан риваят кылынат.
Шаафийлер менен Ханафийлердин мазхабында (биз кыргызстандыктар Ханафий мазхабын кармануучуларбыз), Маалийикий мазхабындагы бир риваятта шахмат оюну макрух.
Ханафийлерден Абу Юсуф азиреттердин пикиринде, Шаафийлердин бир риваятында, жана Мааликийлердин дагы башка бир риваятында мубах (уруксат берилген) оюн. Шахмат оюнун мубах экендиги Азирети Абу Хурайрадан, Саьид б. Мусаййибтен, Саьиид б. Жубейрден, Мухаммад б. Мункадирден, Мухаммад б. Сиириинден, Урва б. Зубейрден, Хишаам б. Урвадан, Сулайман б. Ясаардан, Шаьбийден, Хасан Басрийден, Рабииьадан, Атаадан риваят кылынат.
Шахматтын арам экендиги туурасында ачык жана сахих хадис жок. Куран аяттарында айтылган эмес. Арам дегендер сахабалардан келген “ижтихаадий” фатваларды карманышат.
Азыркы учурда Абу Юсуфтун риваятына амал кылуу ишке ашкандыгын кадыресе баамдоого болот. Валлооху аьлам.
10) Жубайым иштеген жеринен уурулук кылып, колго түшүптүр. Аны билип калып мен смс аркылуу 3 талак бердим. Ушул туурабы?
Жооп: Какаганга муштаган кылган турбайсыңбы? Териштирсең болмок экен. Мамлекетти уурдагандар деле жүрбөйбү? Мамлекеттин байлыгын катары менен уурдагандар азыр кадырлуу бизнесменге айланганын билбейсиңби? Албетте, анын кылганы туура эмес. Бирок, сенин кылганың жакшыбы? Анын уурулук кылганына сен күнөөлүүсүң! Биринчиден, аны багуу сенин милдетиң, ал иштебей эле сен таап келгенди жегенди билүүсү керек эле. Сен бакпаган үчүн, ал иштеди. Экинчиден, аны кызганбай, көчөгө ээн-эркин коё бергениң үчүн күнөөкөрсүң. Шариатта эркек киши менен аял кишинин уурулугу бирдей эмес. Эркектин шермендеси көбүрөөк деп эсептелет. Анткени, эркек табиятынан алдуу келет. Аялзаты назик. Анын назиктиги кээ бир нерселердин одонолугун жууп кетет.
11) Намаз окуганда башка эле нерселерди ойлой берем. Бул намазымды бузбайбы?
Жооп: Жок, берекем! Бузбайт. Шайтандын иши ошол. Сени бузсам дейт, сен ага моюн сунба.
12) Тишке пломба койсо, гусул толук болбойбу?
Жооп: Гусул толук боло берет. Ал сөзгө маани бербе!
13) Бишкекте жинди чыгаруу боюнча күчтүү молдо керек болуп жатат. Дарегин, номерин берип коюңузду көптөн-көп суранам, устаз.
Жооп: Борбордук мечитте Качкын аба, КАСИ мечитте Нурмухаммад каары, Дордой мечитте Жумалы ажы бар.
14) Мышыкты аябай жакшы көрөм. Бирок мышык бир адамды жакшы көрүп калса, аны балалуу болбой калсын деп тилейт экен. Ушул туурабы?
Жооп: Андай кеп жок. Мышыктын тилегин ким окуптур. Кээде өмүр бою жашаган аялынын тилегин таппай калат эркек кургуруң, анан мышыктыкын кантип билмек эле?
15) “Аяна” деп ысым ыйгаруу туурабы? “Аянанын” ачык мааниси кандай?
Жооп: Аян кыргыз тилинде “Боло турган иш, окуя жөнүндө алдын-ала билинген белги, жышаан”. Түшүнө аян берүү деп да айтылат. Истихаара окуганда Кудай Таалам түшүнө аян берет деген мына ушул. Бул ысымды койгондо ата-эне Кудайдын бере турган жакшылыгынан аян болсун деп койгон эмеспи. Бул нукура кыргызча жакшы ысым. Анан, артындагы “а” тамгасы орусташып кеткенибиздин белгиси. Анткени, орустарда кыздардын аты адатта а жана я тамгалары менен бүтөт эмеспи. А, кыргыздарда андай адат милдеттүү эмес. Мисалы: Уруят, Гүлжамал, Гүлшайыр, Гүлназ, Гүлайым, Камкаян ж.б. .
16) Мен карыган кемпир багып иштеп жатам. Намаз окууга мүмкүнчүлүк аз. Бир эле маал окусам болобу?
Жооп: Бир кемпирди карасаң эле убактың жок болуп калса, анда сени караганга да бир адам керек болуп калат ко, бир тууганым, ыя!!? Анчалык бошошпо. Намазды калтырба! Миң кемпир карасаң да, аларга абышкаларын кошуп карасаң да намазды калтырба!
17) Жубайым такыр баш ийбей турган болду. Колуна кичине акча тийсе эле, адам тааныбай калат. Ажырашып кетейин дейм, бирок ортодо 3 балабыз бар. Мурун андай эмес болчу, балдарды төрөгөндөн кийин кыйын болуп чыга келди. Эмне кылсам болот, устаз? (Устаз суроону толук окуду)
Жооп: Сен дааватка чык, берекем. Мастуурат жамаат деген берекелүү жамаат бар. Ошого аялың менен чыксаң, аялың жакшы жагына өзгөрөт. Дубадан калба. Жаман айтпа!
18) Зынаа кылуудан тыйылуунун жолдорун айтып өтсөңүз, устаз?
Жооп: Орозо тут, а болбосо, үйлөн. Бир аял алып тыйылбасаң, экинчи аял ал. Илим ал. Жакшыларга шерик бол, жамандардан кач.
19) Бала итий болуп баратканда аттын шыйрагына киринтүү, баланын 40 чыгаруу деген нерселерге ишенсе болобу?
Жооп: Аттын шыйрагында, сөөктө пайдалуу заттар бар болушу ыктымал. Бардык нерсени ширкке чыгара берген болбойт. Баланын кыркы деген жок, баланын апасынын кыркы деген бар. Кыргыз эли сөздү тандап сүйлөгөн ак сөөк-мырза эл болгондуктан, аялдын кыркы дебестен, баланын кыркы деп тергеп айткан. Садага кетсе болот ушундай улуу элден.
20) Намаз окуймун, атам мечитке эле бара бересиң десе, апам сакалың ал деп урушат. Эмне кылсам, устаз?
Жооп: Ата-энеңди капа кылба! Аларды ыраазы кыл. Баары ордуна келет.
21) Жолдошумдан 4 жаш улуумун. 1 жашта балам жана 7 айлык боюмда бар. Баланын апасы элден уялып мени кабыл албай койду. Аны менен жашасаң каргышыма каласың дейт. Ошого сиздин кеңешиңизди уксак дегенбиз?
Жооп: Кызга бергис жубан бар, атка бергис кунан бар. Жашка бергис, жашы улуу бар. Ортоңордо сүйүү болсо, акырындап баары ордуна келет. Сиз аны жаман көрбөңүз. Кийин кектебеңиз. Аны түшүнүңүз. Балаңызды жасантып, атасына жетелетип, белек-бечкек менен жибере бериңиз. Эне эмеспи, жүрөгү жибийт. А сиз, бактылуу болуңуз. Күйөөңүздү сүйүңүз. Намазды калтырбаңыз. Кудайдан калбагандарды, Кудайым кур калтырбайт.
22) Жолдошумдун астмасы бар. Орозо учурунда чачма дары сепсе, оозу ачылбайбы?
Жооп: Ин шаа Аллах, ачылбайт. Орозо кармасын.
23) Жаш баланын башына жол түшүп калса эмне кылыш керек?
Жооп: Доктурга баруу керек...
http://saresep.kg

Отправить комментарий

Технологии Blogger.