Halloween party ideas 2015


Бүгүн, 19-апрелде М.Адышев атындагы Ош мамлекеттик университетиндеги студенттер жана окутуучулар менен Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана «Ыйман» фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков жолугушту.

Иш чара «Улуттук маданият, билим жана дин» аттуу билгеликтеги долбоорунун алкагында «Ыйман» фонду Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы менен биргеликте уюштурулууда. Жолугушууга аталган окуу жайдын проректору Урмат Аттокуров, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана студенттер катышышты.

Алгач «Ыйман» фондунун жетекчиси кыргыз журтчулугунун маданияты, анын сакталышы жана ислам дининин балуулуктары боюнча сөз сүйлөп, дин менен кыргыз элинин маданятын бөлүп карабоого чакырды.

Андан сон Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев исламдын баалуулуктары менен кыргыз элинин улуттук маданиятынын айкалышы жана маданият түшүнүгүнүн мааниси жөнүндө сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө «Маданият - бул дененин тазалыгынан, эки адамдын ортосундагы мамиленин тазалыгынан жана чөйрөнүн тазалыгынан башталаарын»- айтты. Мындан сырткары төмөнкулөргө өзгөчө токтолуп, “Маданият тазалыктан башталат, тазалык денеден башталат. Ошондуктан пайгамбарыбыз (с.а.в) тамактанаар алдында колунарды жуугула деген. Ал эми кыргыз элибизде ата-бабаларыбыз илгертен эле үйгө конок келсе дасторконго отураардан мурда конокторго оң жактан баштап жаш балдарды колго суу куйдурган. Эң негизгиси тазалык маданиятынан да маанилүү турган бул руханий маданият. Руханий маданияттуу адам эч кимге зыян келтирбейт. Исламда маданият билим алуудан башталат. Билим бул күн сайын үйрөнүү! Бир адамга пайда келтире албасан анда зыян келтирбе, бир адамдын коңүлүн көтөр, көңүлүң көтөрө албасан кыжаалат кылба. Мусулманды мактаныз көзү жогунда. Мактай албасаныз жамандабаныз. Бул сапаттар ынтымакты орнотуп биримдикти калыптандырат,-деп Азирети муфтий жаштарга наасатын айтты.

Жолугушуу соңунда студенттер тарабынан берилген кийинүү маданияты, жүрүм турум эрежелери, жаштыкта берилген убакытты туура пайдалануу жана ата-эне менен баланын ортосундагы мамилелерге байланыштуу суроолорго жооптор берилди. Жолугушуу тарых жана маданият жылына карата өтүп, жаштар арасындагы улуттук баалуулуктарды сактоо жана диний сабаттуулукту жогорулатуу максатында уюштурулду.

Эскерте кетсек, бүгүн кундүн экинчи жарымында Азирети Муфтий саат 14:00дө ОГПИнин, 16:00дө ОшМЮИнин студенттери менен жолугушмакчы.






















Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы

Отправить комментарий

Технологии Blogger.