Halloween party ideas 2015


Кыргызстанда 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт деп айтылат. Анан калса, мамлекетибиз демократия жолунда болгондуктан ар ким өзү каалагандай жашайт. Каалаган динин тутунат, каалаган китебин окуйт. Бирок, бул бардык нерсени кыла бер деген нерсеге жатпайт. Бул “өзүң каалаганды кыл, бирок башканын каалоосуна жолтоо болбо” дегенди билдирет...

Бишкек шаарынын №13 мектебинин мугалими Ирина Александровнанын үйүнө 3 жылдан бери дааватчылар келип, баласын мечитке чакырып, мажбурлап жатканын айтып, кооптонуп жүргөнүн жашырган жок. Ушундан улам дааватчылардын үймө-үй кыдырып мечитке чакырып, Ислам динин тааныткан туурабы? Дааватчылар үчүн кандайдыр бир эрежелер барбы деген суроонун айланасында изилдөө жүргүзүп көрүүнү туура көрдүк.



Туура эмес үгүттөп, Сирияга алып кетеби деп корком

Дааватчылардан жеке эле Ирина Александрованын гана үй-бүлөсү тажабастан, кошунанын баары чарчаганын мындайча билдирди: “Мени башка диндерге көз карашы жаман деп ойлоп калбагыла. Башка диндердин баарына эле нормалдуу жана түшүнүү менен карайм. Анткени мен да христиан динин карманам. Өзүм “Пригородный” айылындагы Космонавт көчөсүндө жашайм. Акыркы 3 жылдан бери жума сайын мусулман кийимин кийген сакалчан 4 киши үйдөгү эркек кишилердин баарын Пригородный айылындагы мечитке чакырып келет. Үйгө келген дааватчыларга балам чыккан. Дааватчылар ага мечитке кел, Куран окуйсуң, Ислам дини жөнүндө түшүнүк аласың деп айтышыптыр. Албетте, андай учурда мен аны үйгө алып кирип кетчүмүн. Мындан бир ай мурун мектептин тарбия завучу бардык мугалимдерди чакырып алып “дааватчылар үйгө келип, мечитке чакырганга акысы жок” деген эскерткич баракчасын берген. Акыркы жолу дааватчылар келгенде аларга лицензиясынан айрылып калышарын эскерткем. Анткени эскертме баракчасында экстремисттик уюмдар бар экени да жазылган. Мен билбейм алар эмнени айтып жатканын. Дайыма ишемби жана жекшемби күндөрү үймө-үй кыдырышат. Кошуналардын баары алардан чарчаганын айтууда. Менин балам 19да, Кыргыз-орус славян университетинде окуйт. Негизи мусулман кошуналарыбыз деле бар. Бирок алар “Пригородныйдагы” мечитке барышпайт. Менимче, үйлөрдү кыдырып мечитке чакырган бул туура эмес. Ошентип келип жүргөн дааватчылардын балким лицензияларын жоюшат. Мен дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга кайрылгам. Алар бул маселеге чара көрүшөрүн айтты. Дааватчылардын үйгө келбөөсүн суранат элем. Себеби алар уулумду Сирияга алып кетишеби деп корком.”

Ал эми Ирина Александровнанын уулу менен сүйлөшүп көргөнүбүздө ал мындай маалымат берди. “Алар дайыма биздин үйгө келип мени мечитке чакырат. Жок мечитке барбайм дегениме карабай жабыша берет. Акыры болбогон нерселерди айтып баштаганда мен үйгө кирип кетем. “Мечитке барып көр, балким сага жагып калаттыр” дешет. Жумасына эки жолу келишет. Бирок жума сайын башка-башка адамдар келет. Бирөөсүнө келбегиле десем, кийинки жумада башкасы келет. Аларга такыр түшүнбөй койдум. Келбе десең деле келе беришет экен.


Дааватчыларга үгүттөгөнгө жана насаат айтканга уруксат берилет

Ал эми Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын диний билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Замир Ракиев дааватка чыга турган адам КМДБнын даават бөлүмүнөн каттоодон өткөндөн кийин гана башка облустарга жолдомо берилерин айтты: “Дааватчылар даават учурунда бирөөгө бир нерсе үйрөтөм дебей, өздөрү бир нерсени үйрөнүп келем дешет. Дааватка чыга турган адам КМДБнын даават бөлүмүнөн каттоодон өтүп, жолдомо алат. Мисалы, Баткенге, же Нарынга барам дегендердин санын алышат. Андан кийин барган жериндеги имамдардын дагы уруксаты болушу керек. Ошонун негизинде дааватчыларга айтылган жерде үгүттөгөнгө жана насаат айтканга уруксат берилет. Бирок кээ бир тургундар арызданып жатышат. Аларга бул чакырык жакпашы мүмкүн. Анткени менен даават бөлүмүнөн уруксат алган дааватчылардын эч кандай көйгөйү жок.”

Дин комиссиясына расмий түрдө кайрылышса болот

Мамлекеттик дин комиссиясынын дин иштери боюнча кызматкери Нурбек Шамыралиев башка динди карманган адамга Ислам динин таңуулоо мыйзамсыз болуп эсептелерин айтты: “Кайсы бир динди тутунган адам өз динин жаюуга укуктуу. Биздин өлкөдө дин тутуу эркиндиги жөнүндө мыйзамдар бар. Ал мыйзамдын үчүнчү беренесинде “дин тутуу эркиндиги” жана “прозелитизм” деп жазылган. Дин тутуу эркиндиги - диний ынанымдарды тандап алуу, диний ишенимдерге ээ болуу, алмаштыруу, билдирүү жана жайылтуу болуп эсептелет. Ушуга ылайык тыюу салынбаган дин иштерине, ырым-жырымдарга, каадаларга укуктуу болуп саналат. Ал эми прозелитизм деген башка диндегилерди өз динине киргизүүгө умтулуу дегенди билдирет. Мисалы, мусулман адам мусулман эмес чөйрөгө Ислам динин жайылтат. Анткени менен башка дин кармангандарга Ислам динин таңуулоо мыйзамга жатпайт. КРнын жарандары өздөрүнүн ишенимине, же болбосо атеистик ынанымына карабай, саясий экономикалык, социалдык жана маданий турмуштун баардык тармактарында мыйзам алдында тең укуктуу. Бизде негизги маселе прозелитизм болууда. Бешинчи беренеде “мамлекет жана дин” деп айтылат. Бир конфессиянын жолдоочуларына башка конфессиядагы адамдарга мыйзамсыз миссионердик иш жүргүзүүгө тыюу салынып, эреже бузулса, күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартылат. Мындай мыйзамсыз иштер боюнча биздин коммисияга расмий түрдө кайрылышса болот.


“Өз диниңди таштап, биздин динге кел” деген болбойт

Ал эми Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын даават бөлүмүнүн жетекчиси Билал ажы Сайпиев: “Биздин динибизде башка дин өкүлүн “сенин диниңен биздики жакшы” деп мажбурлоого болбойт. Мыйзамда муну прозелитизм деп коёт. Башка китеп окуучулардан өзүнүкүн өйдө тутуу шариятта да, мыйзамда да туура эмес. Эгерде адам баласы өзү кызыгып келип, “мага диниңерди үйрөткүлө” десе анда важип болуп калат. Эгерде бир мусулман мусулман эмес адамды Ислам динине киргизсе, анда 5 нерсе динге чакырган мусулмандын мойнуна парз болуп калат. Биринчиден, мусулман эмес адам мусулман болушу менен үй-бүлөсүнөн ажырап калышы мүмкүн. Ошондуктан ал адамды кайра үйлөнтүү чакыргандын мойнундагы парз болуп калат. Экинчиден, ал бир короо чочко багып иштеши мүмкүн. Демек, мусулман болушу менен аны жумуштан кетирет. Андайда динге чакырган адам ага бир короо кой таап бериши керек. Үчүнчүдөн, ал туугандарынан ажырайт. Ага тууган болуп бериш керек. Ал жамаатынан ажырайт. Ага жамаат түзүп бериш керек. Ал илими жок, ортодо калышы мүмкүн. Ага устат болуп бериш керек. Ал аялынан ажырайт. Аны үйлөнтүш керек. Кыскасы, 5 нерсе мойнуна важип болуп калат. Ошондой эле кээ бир дааватчылардын айынан башка дааватчыларды бөлөк диндегилер жаман ойлоп калышы мүмкүн. Бирок, шариятта да, мамлекеттин мыйзамында да адам өз каалоосу менен башка динге өтүүгө уруксат берилет. Эч качан бирөөнү мажбурлоо же зордоо менен башка динге өткөрүүгө болбойт.

Эгерде энеси дагы, баласы дагы христиан болсо ага адамдык эле мамиле кылынат. “Сен диниңди таштап, биздикине кел” деген болбой калат. Азыр сыналгыдан жана башка жерлерден Сирияны көп айтышууда. Бирок бул деле токтойт, түбөлүктүү нерсе жок.


“Динде мажбурлоо жок”

Ал эми бул маселе тууралуу Чубак ажы Жалиловго кайрылганыбызда ал бизге төмөнкүдөй пикирин айтты. “Дааватчыларда башка бирөөнү мажбурлабай турган эрежелер бар. Болгону алар түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Азыр башка диндегилердин чакыруусу менен алардын динине кирген кыргыздардын саны 50 миңден ашкан. Мисалы, баптисттер. Алар деле биздин диндеги эркиндиктен пайдаланып жатышат. Алар деле үйгө чейин келишет. Мурда мусулман болгон жарандарды башка динге өткөрүп атышат. Ошондуктан башка диндегилердин “Бизди үгүттөп жатат” дегени туура эмес. Дааватчылар адатта мусулмандардын өздөрүн гана “диниңерге кайткыла, жаман көрүнүштү таштагыла, мечитке баргыла” деп чакырышат. Кээ бирөөлөр мусулман эместерге кайрылып “тозокко түшүп калбагыла” деп айткан болсо, бул мамлекеттин мыйзамына каршы келбейт деп ойлойм. Бизде бул нерсе туура деп табылат. Динде мажбурлоо жок. Биз мажбурлабайбыз, болгону аларга түшүндүрөбүз. Анткени өзүбүз жакшы көргөн нерсени, аларга ыраа көрүү бул биздин милдетибиз. Ошондуктан бул маселеден туура эмес нерсе көргөн жокмун. Эгер апасы коркуп жатса, анда үйгө жакын жердеги мечитке кайрылып “Биздин динибиз башка, биздин тынчыбызды алып дааватчыларды жөнөтпөгүлө” деп айтсын.”

Айпери Азатбек кызы, "Саресеп"



Отправить комментарий

Технологии Blogger.