Halloween party ideas 2015


Күз айынын акыркы күндөрү. Аба-ырайы кыштын кыраан суугундай суук жол тоңголок. Дене боюңду үшүк алчуудай аяз. Жолдоо бара жаткан жолоочу.орто жашар жөнөкөй мугалим.  Ал кандай гана үшүк суук болбосун,баарын жеңип, үйдөгү атасыз калган балдарына оокат табуу үчүн ак мектепте иштеп, балдарына шаша -буша бара жаткан кези. Жолдун бурулушунан" энеңди урайын "ж.б сөгүштүн үнү угулуп, созолоңку ыр коштоп кетти.
Ар чырайлуу сүйүп алган жарымды,
Алдап кеттиң кашайтың го жанымды.
Ар чырайлуу кайнаттыңго канымды,
Апакелеп балдарың да сагынды.
Аңгыча болбой балдар ыйлап,«айланайын кызым кантип балдарыңды кыйдың ,кантип үй -бүлөөңдү таштадың,көзүңдүн агы менен айланган жароокер жарыңды таштадың. Эч качан мээримин жардамын ак сүтүн берип, алдейлеп баккан энеңди аясаң боло кызым»-деген сөздөр,ызуу -чуу сөздөр угулду. Мээримдүү эне неберелерин жөжөлүү тооктой бооруна кысып көзүнөн мочок -мончок жашы акты.  Жанында үстү башы ылай болгон,жүзүнөн нуру кеткен,оозунан сасыган арактын жыты аңкып, араң гана эки бутун шилтеп,колду бир силкип бир байкуш бара жатты. Аны көргөн жалоочу аял кыйа басып кете албай,аларды сооротуп ,жардам бергиси келип, жанына олтурду. Эненин башында миң санаа,көзүндө кетпес кайгы бар экенин дароо сезди. Жалоочу:
«Эне сизге эмне болду? »-деди. Эненин үнү кыргылданып,колу титиреп ой бутум деп, араң жылдырып, ичиндеги букту айта баштады.
«Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле »,демекчи окуяны төкпөй -чачпай айтып берди.
Кичинесинен алдейдеп багып, чоңойткон кызым, эми минтип бизди таштап кете берди. Анын үй -булөөсү,бала -чакасы, жан кадырына жеткен күйөөсү бар эле. Жашоо шарты орто,өзү ашканада идиш жууган, күйөөсү ашпозчу болуп иштеп,ак эмгек менен балдарын багып турчу. Күндөрдүн биринде, ал кудуңдап,көзү жайнам сүйүнүп,ак пейилдүү,ак жүздүү кызым үйүмө келип, балдары менен юир күн түнөп, сыр чечишип сырдашты.  Ошондо ал ушул сөздөрдү айтты: «Эне жашоо мынчалык татаал,мынчалык оор,балдардын келечегин түзүү,канчалык кыйын го. Азыр баарын акча чечип калган турбайбы?«Акчаң болсо уулусуң,акчаң болбосо кулсуң »-дегендей эле болуп калды. Сирияга барган адамдарга миллиондогон акчаларды берип,жашоо шартын өзгөртүп,балдарынын келечегин да түзүп берет экен. Ошол акчага жетсем сизди каалаганыңызды аткарып,күйөө балаңызга өзү каалаган темир тулпарын алып берээр элем». Ал аябагандай кубанып,кыялдын кемесинде калкып сүйлөп жатты.
   Кызымды акчага кызыгып,оңой акча таап алаары мага жаккан жок. Бирк,анын сөзүн аягын күтүп жаткам. Кызым сөзүн бүтүрүп,бир чекитти карап, көпкө ойлонуп турду. Мен болсо сөздү кантип айтаарымды билбей,анан сүйлөй баштадым:
«Айланайын кызым, сен акылдуу,эстүү боорукер жансың. Сенин жашооң элдикиндей эле.«Аркаңа карап шүгүр кыл,алдыңа карап сабыр кыл»,-кызым. Биз атаң экөөбүз, согуш мезгилинде бир нан үчүн эртеден кечке балдардын курсагы үчүн буудай оргонбуз.
Мурунку жашоого караганда, азыркы жашоо гүл болот. Антип оңой оокатты ойлосоң жашооң талкаланат.«Бекерчиден -кудай безиптир»,-дегендей, беерчи жалкоо адамды кудай сүйбөйт. Эч качан мындай жолду ойлобо? Ичимди кандайдыр караңгылык туңгуюк кара туман каптагандай сезилип кетти. Бирок кайра -кайра айтым го деп өзүмдү алаксыттым. Ушул түндөн кийин бир жума өтүп -өтпөй кызым Сириядан званок кылып,ал жакта жашоо- шарты жакшы болгонун,балдарын,күйөөсүн,мени да чакырып жатканы зээнимди кейитти. Көз-ачып жумганча үч күн өткөндөн кийин,смс жазып,алданып калганын,башкалар үчүн да сабак болоорун жазып,ушул ырды кошо жазып жибериптир.

Көрбөстөн карегиңди агын дагын,
Сагынып кайгы менен калыңдадым.
Бир тамчы тамган ырымды кабыл алгын.
Кызым кетти, балдары калды. Күйөөсү арака берилип,артынан кууп ичмей болду,үй -бүлөөсү талкаланды. Кызымды мен,балдары,күйөөсү,жакын адамдары аябай күтүп жатабыз.
Турганымда терезеңде тигилип,бара жаткансыйт кылым өтүп,арадан. Бара жаткансыйт мезгил мени шимирип».

   Аны уккан жалоочу аял аң таң болуп. Эмне кылаарын билбей турганда,обочоорок жерде аксап келе жаткан карыя келип,энеге көңүл айтып,аны сооротуп сабыр кылуусун өтүндү.
   Баяттан бери бук болгон жаратылыш да,бугун төгүп алгысы келдиби,шатырап жаап жиберди.
Сирия биздин канчалаган бир туугандырыбыздын көз жашын агызып курмандыгына айлантты. Туура мусулман мусулман бир тууганына жардам берүү керек,бирок миңдеген калкы көп мамлекетке,кичинекей кыргызстандан баргандардын жардамы тийип калат беле. Ал жерде сен бир чекитсиң, заматта өчүрүлүп күл болосуң. Эмне десе жихадка чыгуу керек Аллах жолунда. Биричи Аллах жолунда өзүңдүн үй -бүлөөң,туугандарыңа,болбой эле ашып ташып кете жатсаң кыргызстанды айланып жихад мына сага сооп. 
Экинчи маселе ал.жерге сизди бизди чагыргандар алар эмес,өз кызыкчылыгын ойлоп алдап чакырып,кыз -келиндерди бузукулук кулга,жигиттерибиз,агаларыбызды өлүмгө түртүп жатышат. Кандай акыл менен ал жака барасың,кандай бала чакаңдын келечегин кура аласың,кандай бактылуу болуп жашай аласың?! Ал жакта турушу өлүм болуп жатса,акылга сыйбаган көрүнүш. Ошон үчүн туугандар өз мекенибизде,өз элибизде,өз үй -бүлөөбүздө жихад кылаалы жана туура жол, адашуудан этият бололу. Жогорудагы окуя сизге,бизге сабак болсун!

Отправить комментарий

Технологии Blogger.